Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Таш күзгү

Президенттик шайлоо. Эгемендик. "Негр" ж.б. ж.б.
Өткөн кылымдын 60-жылдарына чейин бизге акыл айтып, үйрөтүп жатышкан Батыш мамлекеттери бүтүндөй Африка материгиндеги негр элдерин кул кылышып, плантацияларда, курулушта, завод, фабрикаларда алардын улуу күчүн арзанга пайдаланып келишкен. Адамдын арзан эмгек күчү экономиканын эң кирешелүү булагы экенин Европалыктар менен Америкалыктар жакшы билишкен. Африкалык негр калкынын арзан эмгек күчү Европа, АКШнын экономикасын гүлдөө дооруна жеткизген.


СССР деген улуу держава Африка элдерине саясий, финансылык жардамынын таасиринде кара континенттеги бул элдер колониалдыктын чынжырын үзүшүп, өзүлөрүнүн эмгек күчүнүн кадырын баалай билишет. Европа, АКШ негрлердин арзан күчүн гана пайдаланбастан жер байлыктарын каалагандай пайдаланышканын тарых билет.
Бүгүнкү күндө шордуу кыргыздын ахвалы өткөн кылымдардагы негр элдериндей. Кымбат алтыныбыз арзанга бааланып, чет жакка ташылууда. Кыргыз жарандарынын зор күчү Россиянын шаарларындагы курулуштарда арзанга бааланып жатат. Биздин бийлик эмгек мигранттары деп жылмалап айткан менен, Россиянын эли Борбордук Азиядан барып иштеп жүргөндөрдү "черные" деп аташат. Демек, бул сөз "негр" деген сөз. Кыргыздын кубаттуу күчтөрү казактын шаарларында, кызылча плантацияларында арзанга, көп учурда бекерге пайдаланып жатат. Өз жеринде деле жыргап кетишкен жок. Иневстор деп аталган чет элдик шылуундардын компанияларында кыргыз күчү ит бекер. "Кумтөр" компаниясында кыргыз жигити айына 15 миң сом алса, Канадалыктар айына 4,5 миң доллар алышат. Боомдун жолун оңдоп-түзөп жатышкан Кытайлар айына 500 доллар алышса, кыргыз бечара аргасыздыктан өзүнүн бир айлык күчүн 6-7 миң сомго баалап жатат. Жакында Талдыбулак деп аталган алтын казуу кенинде 2011-жылдын 27-июнунда Тураткан Арыкбаев аттуу азамат ишканага профсоюздар уюмун түзөм деп демилге көтөрсө, ЖЧК "Алтын" деп аталган инвесторлор аны иштен айдап таштайт.
Европа, АКШ колонизаторлору да өткөн кылымдарда Африка калкын эзип турганда негр адамдарынын профсоюздук уюмун түзүүгө жол беришкен эмес. Кыргызстанда инвесторлордун кол алдында иштеп жаткандардын ахвалы дал ошондой. Өлкөдөгү экспорттук товарлардын флагманы болгон тигүү цехтеринде иштешкен кыз-келиндердин эмгек күчү арзанга бааланат. Кыз-келиндер ыңгайсыз жерлерде суук, ным, желдетилбеген жайларда кожоюундун байышы үчүн өздөрү эптеп жан багыш үчүн иштеп жүрүшөт. Алар дем алуу дегенди билишпейт. Бул жерде "эмгек кодекси", "профсоюздук уюм" дегендерден караманча түшүнүктөрү жок. Бир кездеги он миңдеген ВЛКСМ, Октябрдын 40 жылдыгы, "Чолпон" фабрикаларынын цехтери, бүгүнкү күнү склад, дүкөн, сауна, мончо жана башка жеке менчик жайларга айланып кеткен. Акыйкатта жогоруда аталган фабрикалар бүгүнкү тигүү цехтеринде иштеп жаткан кыз келиндердин ата-энелеринин маңдай тер, адал мээнети менен курулду эле го. Ушундай көрүнүштөн улам Укуктук мамлекет, социалдык маселе - деген сөздөрдү айтууга кантип ооздору батат бийликтегилердин. Европалык, Америкалык саясий, финансылык миссионерлер негрлерге көрсөткөн тажрыйбасын бизге, кыргыздарга жасап жатат, ачык айтканда.
Бир кездеги улут катары сакталып келген дөөлөтүү, бай рухий дүйнөсү бар сөөлөттүү кайран элди негр ахвалына жеткизген саткын, караөзгөй, акыркы 20-жылдагы бийлик. Дүйнөдө бир да эч кыргыздын рухий асыл баалуулуктарына жете албас. Мындай рухий байлыкты канында акылмандык жүрүп турган эл, анын урпактары гана жарата алат. Ошентсе да бийлик аталган бир ууч топтун алдамчылыгына калчанып мүңкүрөп турган учуру. Бирок, бүгүнкү күндүн азабын түшүнгөн эл эртедир кечтир күнкөрсүз, адилет бийлик орнотоору шексиз. Эки айдан кийин кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгы деп бийлик азыр дүпүрөгөнсүп жатат. Эгемендигибиз ушулбу, кыргыздын 30%ы башка элдерде адал күчүн арзанга сатып жүрүшсө? Эгемендигибиз ушулбу, сырткы өлкөлөргө дагы эле күнкор болуп, улуттун бүгүнкү тагдырын ошол чет элдер чечип жатса?

Күлчоро
Кабылов





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«