Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Селде чок

Каптагаевдер жазаланабы?!
Былтыркы ажылык сапарды коррупция каптаганы боюнча чуу чыгып, анын башында Президенттин админстрация башчысы Эмил Каптагаев менен уулу Кыбанычбек Каптагаев турганы айтылган. Ортодо бир канча адамдар сабалып, тепкиленип кетти. Парламент куралгандан кийин депутаттык комиссия тыкыр иликтеп, Э.Каптагаевдин миллиондогон долларларды сологону туурасында аныкташкан өңдөнөт, жакында токтом кабыл алды. Анда Э.Каптагаевдин ажылык иштери боюнча саясий, моралдык, укуктук жоопкерчилиги такталуусу талап кылынат.


1. 2010-жылда Кыргыз Республикасынын жарандарын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштурган жана жүзөгө ашырган бардык министрликтер менен ведомстволордун жүргүзгөн иштери, өзгөчө Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлиги канаатандырарлык эмес деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Э.Каптагаевдин ажылык иштери боюнча саясий, моралдык, укуктук жоопкерчилиги такталып, тийиштүү чаралар мыйзам чегинде көрүлүүсү суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте тез арада такталган маалыматтардын негизинде К.Каптагаевке тергөө амалдары жүргүзүлүп, мыйзам алкагында чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз 2010-жылы Кыргыз Республикасынын жарандарын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) даярдоо жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы А.Муралиевдин, анын орун басары, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын мурдагы директору Б.Абдрахмановдун жоопкерчилик деңгээли такталып, калыс териштирүү жүргүзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун мурдагы орун басары К.Мурзахалиловко козголгон кылмыш ишинин негизин туура эмес деп таап, иште айрым бир саясий боектун изи бар деп эсептелсин.
6. Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тез арада Сауд Араб Падышачылыгынын тийешелүү мамлекеттик органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргыз Республикасында Сауд Араб Падышачылыгынын Элчилигин же Генералдык консулдугун ачуу маселесин чечсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башчысы А.Атамбаев Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясын жоюу жана анын ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине өткөрүп берүү маселесин карап чыксын.
8. 2010-жылдагы ажылыкты уюштурууда кетирилген кемчиликтер боюнча кылмыш иштерин иликтеген тиешелүү укук коргоо органдарынан маселени акырына чейин жеткирүү жагы суралсын.
9. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 4-февралындагы №151-V токтомунун 2-пункттун аткарууну көзөмөлгө алсын.
10. Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңеши ажылык сапарды уюштуруу иштерин КМДБ га туура жүктөлгөн жана Кыргыз Республикасынын ажылык ишине тиешеси бар министрликтер жана ведомстволор Кыргызстан мусулмандарынын дин Башкармалыгына 2011-жылдагы ажылыкты уюштуруу иштерине ар тараптан көмөктөшүп, бул процессти жөндөөчү Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн чечимдерин даярдоого тез арада жардам берүү жагы милдеттендирилсин.
11. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2011-жылдагы ажылык сапарын уюштурганда 2010-жылы ажылыкты уюштурган жана ишке ашырган ажы башчылардын кызматынан баш тартуу, аларды бул ыйык ишке аралаштырбоосу сунушталсын.
12. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын алдында ажы сапарын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу иштеринде коррупциянын жана мамлекеттик кызматкерлердин кийлигишүүсүн жокко чыгаруу үчүн Коомдук байкоочу кеңеш түзүү жагы сунушталсын.
13. Бул токтомдун аткарылышын акырына чейин көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин билим берүү, илим, маданият, маалымат жана дин саясаттары комитетине жүктөлсүн.





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«