Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Өлкөң үчүн өжөр болсоң…

"Ата Мекен"
жүзүңдү ач?
Элден куулган эки президенттин үйбүлөлүк диктатурасына чөгөлөбөй каршы туруп, аларга кошомат кылбастан, тайманбай акыр аягына чейин күрөшкөндүгү үчүн "Ата Мекен" партиясы эл колдоосуна арзып келгени талашсыз. Апрель революциясынын идеялык мотору да ушул партия болгону чындык. Бирок, канчалык абройлуу экенине карабай калк арасындагы кадыры чукул арада төмөндөп, парламентке өткөндө болсо элдин куйругунда араң илешип кирди. Мындай жыйынтыкталышына айрым серепчилер өлкө ичиндеги кандуу окуялар, бакиевчилер тараткан ушактар жана эң негизгиси Россиянын тескери "реакциясы" себеп болду деген бүтүм чыгарышканы бар. Албетте, аталган нерселер элди иренжиткенге, көңүлүн калтырганга шыкакчы болсо болгондур. Бирок, иш жүзүндө элди тескери түкүрткөн нерсе бөлөк эле. Маселен, жыйырма жыл ичинде өлкөдөгү бийликтен коркпогон, чындыкты бетке айткан, эр жүрөк адамдар катарга тизилген партия парламенттик шайлоого аттанганда эле тизмесинин алдыңкы сабына суу жүрөк, эл кыйналганда Американы көздөй сызган адамдар туруп калганы акылга сыйбай калган. Экинчиси, "кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын, нарк-насилин түшүнбөгөн, жада калса эне тилин билбеген же такыр бөлөк улуттагы адамдар үгүт компаниясын жетектегени, атактуу партиянын кадырын кескин кулатты. Эгер мына ушуну туура түшүнүп, "Ата Мекен" партиясы саясатын тезинен туура багытка оодурбаса, жакын арада булардын быт-чыты чыгып кетиши толук ыктымал" дегендер да жок эмес. Анан калса, мурунку бийликтин учурунда мамлекетти тоногон, байлыгын сактоо үчүн сыртка качкан адамдар мандатка ээ болгон соң оозуна келгенди оттой баштады.
Мисалдасак, Бакиевдер Кыргызстанды талап-тоноп, кыргыздын башына кыйын күн түшүп, патриот жигиттер атылып жаткан маалда эл менен бирге болалбай, кара жанын Америкага корголой качкан "Ата Мекендин" Өмүрбек Абдрахманов деген ардактуу, бай депутатынын жүрүшү туурасында калк арасында козголгон кызуу кеп эмдигиче басаңдабай, тескерисинче албуутанууда. Жалпы кыргыздын сыймыгы болгон Манас атабызды "бандитке", 7-апрель баатырларын "жарма патриотторго", "калпак кийген кыргыздын башын кесиш керек" дептир дегендери айылдан-айылга, кыштактан-кыштакка чейин айтылып, улут намысын бийик туткандардын катары коюлуп турган кез. Ал тургай эл арасында Абдрахмановго чара көрүү, өзү сүйгөн Америкасына кетирүү демилгелери, сунуштары да айтылууда. Бул туурасында редакциябызга да каттар түшүп, ал каттардын бирөөсүнө иликтөө жүргүзүп, андагы айтылган ойлор боюнча Абдрахмановдун кичи мекенине барсак, Манас атабызды "бандит" деген эргулдун "аптарикаты" чын эле нөлдө экен. Анын атын укканда эле айылдаштарынын чекеси тырыша түшкөнү бизди шектендирди. Акырындан сурап отурсак, Абдрахманов өз айылында тууган-уругун, айылдаштарын жер каратып, кыргыздын салтына сыйбаган, төбө чачын тик тургузган нерселерди жасаптыр.
Бир мисал, Ө.Абдрахмановдун бир тууган агасы менен жеңеси каза таап, анын чиедей кыздары жетим калганда, бирөөсүн үйүнө апкелиптир. Айылдаштары азамат деген экен ошондо. Бирок, демократ Абдрахманов көп өтпөй өлгөн агасынын кызын, өз карындашын дейинчи ууру тутуп, каматып жибериптир. Байкуш жетим кыз көрбөгөнү көр болуп, эки жылда араң чыкты дешет. Өкүнүчтүүсү, бир тууганынын кызына, тууган болбосо да томолой жетимге, жок эле дегенде үйүндө жүргөн адамга ушундай мамиле жасоо жөнөкөй айтканда адамкерчиликке туура келеби?..
Суусамырдын Кызыл-Ой айылынынын тургундары ЖК депутаты Рысбаев Кожобек, "Байтур" фирмасынын жетекчиси Конушбаев Тынчтыкбек, "Шоронун" чоңу Табылды Эгембердиев, журналист-акын кызы Махабат Молдалиев деген кыргызга башы көрүнгөндөр менен сыймыктанышат экен. Алардын айылга жасаган салымы чоң дешет. Шайлоодо эң көп добушту "Акшумкарга" беришиптир. "Ата Мекенге" салгандар саналуу гана болду дешет. Анан айылынан колдоо таппаган адам кантип парламентке чыгып алганы Текебаевден башкага түшүнүксүз.
Абдрахманов шайлоо учурунда айылына барбаптыр. Суусамырга гана баш багып, анда да Талант аттуу жигиттин суроосуна теригип, тапанчасын көрсөтүп кеткени гана айтылат. Көрсө, өз айылына баш бага албагандыгынын себебеи бар тура. Бир канча жыл мурун, кызылойлуктар таза суу чыгаруу максатында мыктычыкма уулдарына кайрылып, сууга болгон таңсыктыкты чечкен экен. Ошондо айылдан келген өкүлдөр чоң үмүт менен бизнесмен Абдрахмановго керишсе, бешенесин ташка чапкандай кылганы айылдаштарынын оозунда алиге чейин аңыз кеп болуп айтылып келет. (Окуяны гезит бетине жазгандан айбыгасың).
Абдрахманов Манас атабызга акаарат келтиргени боюнча ачык айткан журналист Адилет Айтикеевге басым-кысым көрсөтүп, депутат Р.Жээнбековдун жардамы аркылуу кечирим суратканга далалат жасаса, намысы бийик Адилет айтканын кайтпай көгөрүп туруп алат. Айласы кеткен Абдрахманов журналист Адилет Айтикеев балалуу болгондо сүйүнчүсүнө-көрүндүгүнө деп берген акчасын доолап, кайра өндүрүп алыптыр. Не шумдук бул. Кыргыздын салтында, наркында мындай жок эле, го?
Мына ушундай адам азыр "Ата Мекендин" ардактуу депутаты. Ал туурасында маселе көтөрүлүп, региондо, борбордо митинг-пикет өтсө да эмнегедир партиянын кадырын көкөлөткөн "ум, честь, совестер" үн катпайт. Арасында сөз менен күпүлдөгөн улутчулдар отурат. Манасты туу туткан эрендер жүрөт. Бирок, бирөөсү да Ө.Абдрахмановду партиядан чыгаруу, мандатын алуу жөнүндө сөз козгой албайт келет. Улутту, каада-салтты, аң-сезимди "талкалап" жаткан адамды коргогон "атамекенчилерди" анан кантип реформатор дейбиз? Же булар тымызын Абдрахмановду көкүтүп, океяндын ары жагындагылардын заказын аткарып жатабы?

Керим Мурас







кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«