Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Он тогузунчу сессия, "тойус" он тогузунчу кылымбы?

Жогорку Кеңеш Ахматбектин үйүбү?...
Депутаттар алты ай иштеп чарчап, чаалыгып эс алууга кетээрден бир күн мурун 2011-жылдын 30-июнунда өткөөл мезгилдин президенти Р.Отунбаева Жогорку Кеңешке келип "башы менен жер казып" иштеп, жедеп жүрбөй калышкан депутаттарга кайрылуу жасоого аргасыз болду. Депутаттар канчалык чарчашса да, муундары бекемделип, президенттин көздөрү умачтай ачыла түшүштү. Буга чейин айрым депутаттардын "ичтеринде ит өлүп" караниеттиктери кармап, күздө болуучу президенттик шайлоого карата мыйзамды кабыл албоо аракетин көрүштү. Алардын негизги максаты - өлкөнүн башкы мыйзамынын бузулушуна кол салганы турушкан. Бирок, президенттин андай коомчулуктан колдоо издээрин сезишкенде шайлоо жөнүндө мыйзамды да кабыл алышып, шайлоо күнү 2011-жылдын 30-октябрында деп жарыя кылып жиберишти.

Сөз чындыктан бузулбайт эмеспи, ал күнү президент ЖКга келбегенде жогорудагы мыйзамды кабыл алганга, шайлоо күнүн жарыялоого депутаттар ал күнү бармак эмес. Ууру мышыктай болушуп тымпыйышып, эч нерсени билмексен көрмөксөн болуп тарап кетишмек.
Р.Отунбаева А.Келдибековдун жарасын жарганга жаны кейий түшкөнбү, ошол күнкү 30-июндагы жыйында акыйкатчы Турсунбек Акундун ишмердүүлүгү боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы каралып жатканда ортодо талаш маселе болуп кетип, мыйзам сакталбай жатканына күйө түшкөн Т.Акун адатынча жеңилдик кылып төрага сын айта салды эле, анда А.Келдибеков: "Сиздин колуңуздан сүйрөп чыгарып коюш керек" деп, кароол чакырды. "Керек болсо сизди иштен четтетүү жөнүндө маселени өзүм коем" деп күпүлдөдү. Турсунбек Акун депутаттардан кечирим сурап, сыртка чыгууга жөнөгөндө Келдибековдун сакчылары аны колдон бутан алып киришпеспи, кудум байдын жасоолдорундай болушуп.
Төрага ал күнү экинчи ирет сакчы-жасоол чакырды. "Ата-Журт" фракциясынын депутаты К.Осмонов сөз алып, 2008-жылы Жогорку Соттун төрагалыгынан Бакиевдин атайын уюштурган кутумчулдугунун курмандыгы катары баалап "мени актап бергиле эл алдында жүзүм жарык болсун" деп депутаттарга кайрылат. Буга негедир ичи тырчып, фракциялаш депутат К.Абдиев каяша сөз айтат. Ачуулана түшкөн К.Осмонов ага карата: "Сен менин аркам менен депутат болуп креслодо отурасың" дейт. Бул сөзгө чычалап К.Абдиев ордунан туруп жакалаша түшөт. Ушул алка - жакадан алышкан эпизоддо да Келдибеков "караул" деп үн салат. Эски диктатордук авторитардык, бийликти талкалап, башкаруунун демократиялык системасында турсак А.Келдибековдун кылыгы ушундай. Эки депутат жакалашса, сакчы чакырбай эле ошол жердеги депутаттарга ажыраштырып койгулачы" деп суранса болбойт беле?
Ал эми Т.Акунду колуңан жетелеп чыгарып коем" дегенге кандай акысы бар Келдибековдун? Кантсе да Т.Акун Келдибеков сыяктуу эле Конституциялык жогорку кызматты ээлеп турат. Т.Акунду колунан кармап чыгаргыдай Жогорку Кеңеш Келдибековдун үйү эмес. Эгер ал ошончолук эле кайраттуу экен, 2010-жылы жердеши И.Исаков камалып жатканда канкор Бакиевдерге айтпайбы, силерди Ак үйдөн сүйрөп чыгарам деп. Эң кур дегенде А.Келдибеков төрага "Акыйкатчы" деген кызматты сыйлаш керек эле. Бу жорукту башка мамлекеттин жетекчилери укса кыргыздардын бийлиги 19 кылымдын деңгээлинен көтөрүлө элек деп айтаары бышык. Адамда сыпайкерчилик (деликатность) деген улуу сапат бар. Жогорудагы окуялардан кийин А.Келдибековдо сыпайкерчилик сапаты жок экени даана билинди.
Кыргызда: "Жаманды чоң койсоң жалгыз баласынын көзүн чыгара чабат" деген мааниси терең макал бар эмеспи. Ушул макалдын Келдибековго тиешеси барбы же жокпу өзүңөр талдап көргүлөчү окурмандар. Калысттык силерде. А.Келдибеков мындай мүнөзү менен кимдир бирөөөлөрдү билектен алып сүйрөп чыгарам дегиче, өзү отурган креслосунан күздө сүйрөлүп түшө тургандай болду окшойт. Анан калса учурда ар кандай жаштардын кыймылдары баштарын бириктирип "Жогорку Кеңеш тарасын" деп чыгышууда. Сыягы бул сигнал менен президенттик шайлоо өтүп, болочок президенттин Жогорку Кеңештеги антынан кийин парламентти таркатууга бел байлап жатышкан өңдүү. Айтмакчы, ошол күнкү жыйындын акырында А.Келдибеков алты ай ичинде 219 мыйзам каралганын ыраазы болгондой айтты.
Байыркы Римдик Укук тануучу жана атагы таш жарган чечен М.Цицерон: "Баардык мыйзамыңдан адамдын жашоосу артык" деген канаттуу сөзү 2000 жыл бою жашап келе жатат.
Жакында КР Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда беш жашка чейинки балдардын өлүмүнүн 22%ы жетиштүү тамак-аш жебегенден болууда деп билдиришти. Наристелердин ачкадан болгон мындай көз жумуулары мындан жарым кылым илгери болгон. Жаш наристелер бул жарык дүйнөгө келээрин келип бирок тамак-аштын жетишсиздигинен көз жуумп жатса, Келдибеков көкүрөк керип айткан мыйзамдардын кимге кереги бар. Антип эл дегиси келсе, Жогорку Кеңешке кеткен чыгымды эки эсе азайтып, алар жетишсиз үй-бүлөөлөргө берилсе, көз жарып кыйноодо беш жыл бул жарыкты көрүп кайрадан көз жумушкан наристелер тирүү калаар беле. Бир жылда 5 жашка чейинки каза болгон миң баланын 220сы ачкадан көз жуумп жатпайбы, атаганат. Келдибеков мактанган, эч иштебей турган өлүү 219 мыйзам артыкпы же 220 баланын өмүрү артыкпы?

Жолдошбек Токоев




  Революциянын "чудосу"

Ширшов, Чудинов.
Келдибеков. Менчиктештирүү...
Акаевдин үйбүлөсү жана жакындары текейден арзан баага менчиктештирип, он беш жыл пайдасын көрүп келген ири обьектилер 24-март ыңкылабынан кийин мамлекетке кайтарылбай, Бакиевдердин үйбүлөсү басып алган эле. 7-апрель революциясынан соң ал обьектилер Убактылуу өкмөт тарабынан улутташтырылып, бир жерге топтолуп, мамлекет тарабына өткөрүү декрети кабыл алынган. Аны эл тарабынан шайланган парламент мыйзамдын негизинде мамлекеттин карамагына өткөрүү иши гана калган болчу. Бирок, баарына белгилүү болгондой былтыркы башаламан болгон парламенттик шайлоодо эски бийликтин камчысын катыра чапкан эргулдар, эл душманы аталган Бакиевдин куйруктары, Максимдин "достору" ЖоКени каптаганы, коалициялык өкмөт куралганда бийликти ээлегени барына белгилүү. Мына ошол күчтөр кайрадан биригип, мамлекет карамагына өтөт делген обьектилердин эң кирешелүү, пайдалуу тармактарын соттун кароосуна жөнөтүп, Максимге кайра кайтарганы турушат. (Биздин "адилеттүү" соттор кандай чечери белгилүү).
Дегенибиз менен. биз мисалдаган эски күчтөр Жогорку Кеңеш каникулга чыкканга чейин Максимдин пайдасын көздөгөн, коррупция жыттанган алакандай токтом токутканга жетишип калды. Аны кабыл алып жатканда депутаттардын көпчүлүгү түшүнбөй калганын азыр айтышууда. Себеби, токтомдун үлгүсү таратылбастан, спикердин окуп бергени боюнча эле добушка коюлуптур. Токтомдо улутташтырылган обьектилер үчкө бөлүнгөн:
1-си, кыргыз өкмөтүнүн чечими чыкканга чейин мамлекеттин менчиги катары калган обьектилер.
2-си, соттун кароосуна берилүүчү обьектилер.
3-сү, менчиктештирүүгө берилүүчү обьектилер.
Көрүп турганыңыздай улутташтырылган обьектилер мамлекеттин карамагына бүкүлү бойдон өткөрүлбөй, парламенттеги эски күчтөр сотко жылдырган бөлүкчө киргизип, тизмесин тизиптир. Ага жалаң Ширшов менен Чудиновдин ээлигинде турган обьектилер киргизилгенин көрүүгө болот. Айтып да жатышат. Тастыктачу далилдер турганына карабай сот аркылуу Максимге кайтарууга жанталашкан эл өкүлдөрү, айрым министрлер элден уялышаар түрү көрүнбөйт. Эртең ачыкка чыкса шерменде болобуз дегенди ойлошпойт өңдөнөт. Албетте, алардын ана башында төрага А.Келдибеков турганы белгилүү болууда. Бул жигиттин акыркы таскагын көрүп, элди келесоо ойлоп жатабы деген ойго келесиң. Же "Мегакомду" Максимге өткөргөнүнө эрдемсий түшкөн неме, эми барын "ээсине" кайрыйм деп турабы? Болбосо, эки революцияны баштан кечирген элди ойлогон азамат мындай кадамга бармак эмес. Элдин энчисине тийчү байлыкты артка кайтаруу, Максимдин көздөй адамдарына кайтаруу адилеттикке жатпастыр. Коомчулук буга чечкиндүү каршы турбаса, уурулардын колуна чаап, тезинен токтот дебесе, мамлекетти талап-тоноп көнгөн немелер кечээкилерден сабак алчудай түрү жок. Эгер булардын кылыгына ишенбей жатсаңыз, сотко өткөрүлгөн обьектилердин тизмесине көз багып көрүңүз.
1. "Аврора плюс" эс алуу борбору жана Булан-Сөгөттү айылындагы 10 гектар жер. (50% Ширшовго тиешелүү 50% Максимге)
2. "Аврора грин" туристик борбору 31 коттеджи жана мейман үйү менен. (Ширшовго тиешелүү)
3. 91 кыймылсыз обьектиси менен Чок-Тал айылындагы 9.32 гектар жер. (Ширшовго тиешелүү)
4. Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы айылчарбасына ылайыкталган кыймылсыз обьектилер.
5. "Нарынгидроэнергострой" ААКсынын 90% акциясы. (Ширшовго тиешелүү)
6. "Нарынгидроспецэнергомонтаж" АКсынын 71.4 % акциясы. (Ширшовго тиешелүү 50%, Максим - 40%)
7. "Континент принт" басма комплексинин 65% акциясы.
8. ЯК-40 самолету. (Ширшовго тиешелүү)
9. "Чакан ГЭСтин" 100% акциясы. (50% Максимге, 50% Ширшовго тиешелүү)
10. "Каприз" ЖЧКсынын 34% акциясы. (Чудиновго тиешелүү)
11. "Ресурс" ЖЧКсынын 35% акциясы. (Чудиновго тиешелүү)
12. "Ресурс" ЖЧКсынын 35% акциясы. (Чудиновго тиешелүү)
13. "Таш-Көмүр" ЖЧКсынын 97.03 % акциясы. (А.Келдибеков)
Биздин иликтөө боюнча жогоруда тизмектелген майлуу обьектилердин көпчүлүгү Ширшов менен Чудиновго таандык экен. Муну ошол кезде улутташтыруунун башында турган, учурда Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү А.Бекназаров да тастыктоодо. Маселен, "Аврора грин" туристик борбору менен "Континент принт" басма комплекси Бакиевдин чоң уулунун аялы Инна Меняловага, ал эми "Чакан ГЭС", "Нарынгидроэнергострой" жана 91 коттеджи менен "Витяз" комплекси Ширшов менен Максимге тиешелүү экенин айтып чыкты.
Көрсө, Бакиевдерден кутулбапбыз. Кыргыздар аларды үй-бүлөөсүн кубалаганы менен, Максимдин куйруктары, шакирттери дагы далай оюндарын көрсөтчүдөй. Жогорудагыдай кадамдары, жүрүштөрү менен өлкөнү өргө эмес көргө сүйрөп, дагы далай жылга аксатышы ыктымал. Ошондуктан, бүгүн ойлонбосок, эртең кеч болоор замандаш. Буларга алакан жайып карап отурбастан, коомчулук үн катаар мезгил жетти.

Памир Манас








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«