Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Саясатта жай дүйнө

Тогузунда такталып, анан тапталчу талапкерлер
Шайлоо мөөнөтү такталгандан бери амбициясы айды чапчыгандар жер-жерде жыйын куруп, тууган-уругун түгөлдөп, каткан-куткан капчыктарын кагып, бүбү-бакшыларга төлгө ачтырып, кээсинин түн уйкусу бузулуп, көзү илинсе түшүндө ак кийизге отуруп… айтор саясаттын сасык тумоосуна кабылгандар жаны жай албай, көөдөнү тынчытпай, көкүрөгү уктатпай жаткан кези. Арасында "ат дарбыса кошо дарбыгандар", "атың чыкпаса жер өрттө" дегендер, "бөйрөктөн шыйрак чыгарып", "учкундан жалын тутантып", ушул шайлоодо өлбөгөн жерде калчу өлөрмандар көп болчудай. Айтор, өлкөнүн ичи күрү-гүү, баркан-шаркан. Анткичекти, бүрсүгүнү, 9-июлда "Ата-Журт" партиясы чоң жыйын кураары, талапкерин тактары маалым болду. Узун кулактардын айтымына ишенсек, "единный" кандидаты Камчыбек Ташиев болот дешүүдө. Ошол эле күнү "Ата Мекен" социалистик партиясы да курултай өткөрүп, өз талапкерин көрсөтөөрү күтүлүп жатат. Атамекенчилер кимге токтолору азырынча белгисиз. "Сюрприз" кылып жашырып жатканына караганда, бирөөгө токтоло албай, талашып жаткан өңдөнөт. Анткени, акыркы учурда аталган партиянын ичинде интрига күчөп, "мен кыйынмын" сыңарында билегин түрүнгөндөр өтө көбөйдү. Эмнеси болсо да, кимдин ким экенин алдыдагы "аралашмадан" көрөбүз. Азырынча алынын жетишинче "адыраңдай" беришсин.




  санжырада

Атамбаев ичкиликке кошулду?
Атадан калган салт боюнча кыргыз экениңди далилдеш үчүн жети атаңды, урууңду билишиң керек. Орустарга колония болгон маалда аталган салт унутулганы менен, теги "такталбаган" эки президенттин чыккынчы саясатынан кийин уруу сүрүштүрмөй, тактамай өтө курчуду. Азыр мамлекеттин бийик бутагында туруп, президенттик шайлоого камынган Чүйдүн кулуну Алмаз Шаршеновичтин кайсы уруудан экени териштирилүүдө. Буга чейин Таластагы эң чоң уруулардын бири болгон кытай уруусунан экендиги айтылып келген. Бирок, санжырачылар жакында Атамбаев ичкилик уруусунан экенин тактап чыгышты дейт. Ошол эле маалда Алмаз мырза түпкү аталары боюнча ооз ачып, Кокон хандыгынын өкүмдарларынан болгондугун айтыптыр. Эгер эсиңиздерде болсо Бакиев менен президенттик орунду талашканда, бул кишини "башкача" абалында теледен көрсөткөн. Ошондо дагы жогорудагы сөзүн расмий айткан жайы бар. Демек, Алмаз агабыз бул жүрүшү менен баткендиктерди да колго алып, Адахандын добушун Исхак "үкасы" экөө бөлө жыгылаар бекен?





  курсалып

Абдрахманов Таласка аттанат
Элге жакшы эмес, "жаман" жагынан таанылган Ө.Абдрахманов деген депутат эртең Таласка аттанганы турат. Манаска жаман сөз тийгизип алган эргул таластыктарга кантип жагынарын билбей, миң алакетке түшүп жаткан маалы. Бирок, сыртынан билгизбегени менен ичинен ызырынып турган Талас эли Абдрахмановду жакшы тосуп алар бекен? Намысты ыйык туткандардын бирөөсү катуу айтып же башка нерселерди жасап ийсе эмне болот, ыя! Андайга эч ким кепилдик бералбайт да.

(Абдрахманов жөнүндө 5-бетте)


  Эки кочкордун эле эмес…

Эки кулжанын башы бир казанда кайнабайт
ЖоКедеги "Ата-Журттун" депутаттары, Кара-Кулжанын кыйындары Курмантай Абдиев менен Курманбек Осмонов парламенттин ичинде жулунуп, кызыл чеке боло жаздашканын барыбыз көрдүк. Талашы эмнеде болду экен десек, баягы эле кыргыздын эски кесели, көралбастык, атандаандаштыкка такалат экен. Бийликтен көңүлү калбаган К.Осмонов өзүн реабилитация кылуу максатында (Бакиевдин адамы дегенден кутулуу үчүн) токтом долбоорун депутаттардын сынына коюп, добушка бергенде өтпөй калат. Маанайы нөлгө түшкөн Осмонов кимдер добуш бербегенин тактаса, К.Абдиев өзүнүкүн гана эмес, жанында жок депутатардыкын да "каршы" басып коюптур. "Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" деген накыл кептей, К.Абдиев Осмоновдун тазаланышын жактырбайт өңдөнөт. Логикага таянсак туура экен, эгер Баш прокурорлук же Соттун төрагалыгы деген үлкөн кызматтар "Ата-Журттун" энчисине тийсе атаандаштын кереги не десең?


  Ой-й-оо…

Каптагаев штаб башчы болобу?
Парламенттик өлдөгү эң чоң премьерлик крослону чанып, укугу чектелген президенттин ордун ээлегенге камынган Атамбаевдин жүрүшү көпчүлүккө түшүнүксүз. Же жыл аягында бюджетти аткара албай уят болгонго чейин башка орунга өтө качуу амалыбы дегендер да жок эмес. Неси болсо да, Алмаз мырза президенттик жарышка түшөрү анык болуп калды окшойт. Кызыгы, анын штаб башчысы Э.Каптагаев болоору айтылууда.


  Только раз в году…

Топчукенин туулган күнү
Акаевге ак калпак кийгизип такка мингизген, Бакиевди коргоп анти-митинг өткөрүп жүргөн Топчуке (Т.Тургуналив) 70 жашын белгилеп, туулган күндүн урматына чоңдорго чоң той берди. Тойго Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү чакырылыптыр. Таң каласың. Миллиондорду сугунган, өлкөдө кандуу тополоңго жол берген, сепаратистер менен коюн-колтук алышкан, бакиевчилер менен жытташкан "ошол" өкмөт дале барбы? Кызыгы, чакырылган адамдардын үлкөндөрү, Убактылуу өкмөттүн ардактуу мүчөлөрү делген Р.Отунбаева, Э.Каптагаев, А.Атамбаев келбептир. Эми Топчуке эски адатын карматып, тоюна келбегендерди "кет" деп чыкпас бекен.







кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«