Куйручуктун 145 жылдыгына карата

Кудай сүйгөн Куйручук
Жалпыга маалым болгондой, быйыл айтылуу олуя, куудул, манасчы, акын, чечен, балбан, айтор көп таланттын ээси болгон Куйручук Өмүрзак уулунун 145 -жылдыгы июль айынын 21, 22синде Жумгал өөрөнүндө жана айтылуу Сөң-Көлдө мамлекеттик деңгээлде белгиленгенүү алдында. Биз ошол маарекени уутурлап, жазуучу Эркалы Өскөналынын эл оозунан 13 жыл бою жыйнап жазган "Кудай сүйгөн Куйручук" аттуу китебинен үзүндү берип турмакчыбыз. Жарыя катары айта кетсек, бул 600 беттен турган китеп жакында 3000 миң нуска менен жарык көргөнү турат.

Дүкөнчүдөн карызга кездеме алганда
Кудай сүйгөн Куйручук рамазан айында орозо кармаган жети абышканы үйүнө чакырды. Дасторкону жазылды. Ооз ачырды. Карыялар сөзгө сөз аштады. Орозалы карыя күмүш сакалын сылап, жайбаракат сүйлөй баштады:
Куйручугум! Эртеги байларга салык салчу элең, алардан дайыма алым алчу элең... Мал болобу, эгин-тегинби, же акча болобу, ошолорду бей-бечараларга таратып берчү элең... Эл-журтка жарыгыңды чачтың! Багышанда үйүрүнөн адашкан кулжага окшоп, ушу жети абышка калдык. Жетөөбүз тең коёндой окшош чепкен кийип, аш-тойлорго баралы... Бизге жаңыдан чепкен кийгизбейсиңби, чалдарга деле жарыгыңды тийгизбейсиңби? - Ушинтип, Орозалы карыя күмүш сакалын сылады.
Берки карыялар да бул такилипти жаалап кетишти. Карыянын жүйөөлүү сөзү жүрөгүнө конду, Куйручук макул болду.
Ал эртеси отарабага түшүп, Жумгал районунун борборуна каттады. Чаектеги жалгыз дүкөндүн эшигин ачып, босого аттады. Дүкөнчүгө атайы арзып келген жумушун айтты.
О кокуй, Куке! Сизге кантип бербейин! Акчасын өтө кечиктирбей эле, берсеңиз болду... - деди Абдыразак дүкөнчү жалпаңдап.
Өкмөттүкү эмеспи, дептериңе жазып кой! Көп кечиктирбей, беремин! - деди Куйручук.
Бир чепкенге үч жарым метир кездеме кетет. Ошондо, жети чепкенге жыйырма беш метир кездеме жумшалат. Өөн-сөөн чыгат. Бир метир кездеме он сом, жыйырма беш метир кездеме баасы - эки жүз элүү сом! - Дүкөнчү чотун шарактата кагып, кездеме баасынын эсебин чыгарды.
Куйручук Абдыразак дүкөнчүгө ыраазылыгын билдирди. Жол тосуп, отарабага түштү. Ушул эле күнү жети чепкендик кездемени Уулбүбү узга алпарып берди. Уз айча олуянын өтүнүмүн орундатты. Он эки күндө карыялардын чепкени бычылып, тигилип бүттү. Олуя колу ойногон узга акбатасын арнады. Кичинекей уулуна бир тай энчиледи.
Кудай сүйгөн Куйручук рамазан айында орозо кармаган жети абышканы үйүнө чакырды. Дасторкону жазылды. Абышкаларды ооз ачырды. Жети абышкага жети окшош чепкен жапты.
Арадан үч апта убакыт акты. Куйручук кушуйку салмакка кыйшайып жатты. Көзү илинип, түш көрдү. Түшүндө кызык иш көрдү. Баягы Абдыразак дүкөнчү Куйручукту издеп, Багышанга келиптир... "Куке, кездеменин акчасын берсеңиз боло?" деп жалооруп сүйлөп туруптур... Олуя ойгонуп кетти. Ыргып турду. Чаекке жөнөмөкчү болуп, карбаластап калды.
Капырай, алдыңда атың жок, калтаңда акчаң жок!.. Кете бересиңби? - деди байбичеси таңыркап.
Кызарттын белинде бир машийне келатат!... Ошону менен Чаекке кетем, Абдыразакка жетем... Акча жолдон табылат! - деди абышкасы. - Атка чөп салып койгула?
Куйручук жол боюнда турду. Ойкуп-кайкып, бир отараба - машийне келатты. Машийне ичиндеги обкомдун катчысы жол тоскон абышканы илгиртпей тааныды. Машийнени дароо токтотту. Жарыктык киши, канаттуу сөзү дайыма оозунда белен эмеспи. Жолдуката машийне ичиндеги төрт кишинин жүрөгүнө күлкү чачты. Алардын боорун эзди. Ал райборборго жакындаганда, обулустун чоңдорунан алым чогулта баштады:
Кан-Ачуунун кара кундузундай жылтылдаган кара жигитим! Келе мага жүз сом! - Обкомдун катчысы шашкалактап, төш чөнтөгүнөн жүз сом сууруду. Көзүндө жылдыздар жайнады.
Ак-Сайдын ак калтарындай кылтылдаган акжуумал жигитим! Мага сен да жүз сом бересиң! - Обулаткомдун төрагасы жылмайып, олуяга ал дагы жүз сом сунду. Көзүндө жылдыздар жайнады.
Суусамырдын суусарындай ойноктогон сур жигитим! Сен эмине бересиң? - деди Куйручук обулсотту тиктеп. Обулсот карбаластап, чөнтөгүн аңтарып, ал дагы жүз сом карматты. Тигилерден сот куру калмак беле?.. Көзүндө жылдыздар жайнады.
Тянь-Шань обулусунун чоңдору Куйручукка акча бергендерине ичтери ачышмак түгүл, көңүлдөрү көтөрүлүп, энелери эркек төрөгөндөй кубанышты. Олуя бу чоңдорго акбатасын арнады. "Олуянын батасын алдык!" дешип, чоңдор кереметтүү кишиге жолуккандарын жакшылыкка жорушту.
Куйручук Чаектеги жалгыз дүкөндүн эшигин ачып, босого аттады. Дүкөнчүнүн колуна баягы кездеменин акчасын тапшырды.

Эркалы Өскөналы