Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Өлүмгө ыраа көрчү жан эмес эле…

40 күндүн азасы
Сөз башы: Белгилүү коомдук ишмер, мамлекеттик кызматкер, Накен Касиевдин жубайы, Марипа Абакированын мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына бүгүн 40 күн болду. Марипа Абакировна бирөөгө жаркын жар, бирөөгө жашоо берген табылгыс эне, бирөөгө жөлөк болчу бир тууган, бирөөгө асыл жеңе, бирөөгө курдаш-сырдаш, замандаш, курсташ, кесиптеш, катыш эле.
Аттиң арман, бүгүн маркумду колубуздан учурган элесин көзгө ысык жаш алып, көкүрөгүбүзгө жоготуунун азасын салып эстеп олтурабыз. Маркумдун жакындары 40 күн ичинде анын чырактай жанган караанын издеп, аскар -тоо арка белден ажырагандай, өлүмгө дале ыраа көрүшө элек. Марипа айым да, өлүмгө ыраа көрчү асылзат эмес эле го чиркин. Не дейбиз, эс тутумга салуу , куран окутуу деген гана тирүүлүктүн вазийпасына баарыбыз баш ийет экенбиз. Марипа Абакированын жылдыздай жанган жаркын элеси, ар кимибиздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталып калмакчы. Анын жаркын элеси эч качан унутулбайт!


Канышай Саякбаева , кудагыйы:
"Жанда жок асылзат болчу"
- Марипаны 1991- жылдан бери жакындан тааныйм. Кудагыйлыгыбыз курбулукка, андан ашып сырдашчылыкка жеткен. Киндиктеш жакынымдай болуп калган десем да болот. Нарктуу инсанат катары ага урматоом жана чын дилдеги сыйым бар эле. Бул жоготуу бир бөйрөгүмдү бөксөрткөндөй болду. Марипанын эшигинин босогосун аттаганда, ырыс-куттун илеби, мейманчылыктын жылуу аурасы уруп тураар эле. Баардык жагынан төп келген кыргыздын мыкты бир айымы деп баа берээр элем. Марипанын кыска өмүрү көпчүлүккө өрнөк болот деген менин ишенимим бар, анткени ал өрнөк болчу инсан. Мен Марипаны үй-бүлөөсүнө кам урган жубай, балдарына мээрман эне , достукка бекем турган жолдош , колунан көөрү төгүлгөн ууз чебер , мыкты биолог, иштерман катары тааныйм. Марипа теке- бер болгон жат мүнөздөрдөн өтө алыс эле. Кызматчынын жубайымын деп төрө пейил күткөн жок. Анын карапайым, кичи пейил мүнөзү кайда болбосун көзгө урунат эле. Гүлдү сүйгөн жан экенине, экөөбүз Данияга барганда ынандым. Гүл өстүрөм деп, ошол жактан самолет менен гүлдөрдүн түрүн алып келгенине өтө таң бергем. Үйүндө гүлдүн төрт жүз түрүн өстүрчү, мына ошол гүлдөр анын жан дүйнөсүн айтып тураар эле. Оорунун азабын тартып жатса да, бир кабак кашым дебей үмүттүү күлгөнү менин көкүрөгүмдө калды. Өлөөрүнө үч күн калганда телефон аркылуу ал жай сурашканбыз. Анын жумшак үнүн көрсө, акыркы жолу уккан турбайымбы. Эмнеге ушундай асылдуу адамдар аз жашайт? Кош бол Марипа! Жаткан жерин жайлуу, топурагың торко болсун. Мен сендей асылзатты эми жолуктурбайм го, Сенин ордуңду эч ким толуктай албайт!


Туратбек Мүсүралиев, биология илимдеринин кандитаты, кесиптеши:
"Өз кесибин сүйгөн
жан эле"
- Марипа Абакирова менен 20 жыл чогуу кесиптеш болуп иштеп калдым. 1988-жылы "Госкомприрода" жаңы түптөлгөндө Марипа Абакировна кадр бөлүмүн жетектеген. Жаңы түптөлгөн тармактын ишин жөнгө салу өтө кыйындыкка турат. Бирок, Марипа Абакировна ишкердүүлүгү менен жаратылышты коргоо тармагына иргектүү , алгылуктуу иштерди жасай алды. Кадрларды тандоодо биринчи кезекте профессионалдуулукка өтө маани берээр эле. Анын жаратылышка, ишине, үй-бүлөөсүнө жасаган аяр мамилеси менин көңүлүмдүн түпкүрүмдө калды. Ал ар качан да жаратылышка болобу, коомчулукка болобу энелик баё жүрөгү менен мамиле жасайт эле. Марипа Абакированын жаркын элеси, басып өткөн жолу кесиптештеринин эс тутумунда түбөлүк сакталат деген ойдомун. Анкени ал өз кесибин аздектеп суйгөн жан болчу.


Жамал Касиева Марипа Абакированын
бир тууган кайын сиңдиси:
"Жеңе эмес, эне болуп калган"

- Бул шум ажал, эне ордуна эне туткан жеңемди колдон жулуп кетти.
Аттиң дүйнө, сизди жоктогон кырк күн ичинде апамдай караан болгонуңузду сезип, азыр ыйлап олтурам. Жеңе деп айтканга да оозум барбайт. 19 жашынан биздин үй-бүлөөгө кошулган жеңем 41 жыл биз менен чогуу жашады. 7 бир туугандын тойлорунда, жакшылыктарында ападай тирек болуп туруп берди. Кандай кыйынчылык болбосун , кабак- каш салбаган жан элеңиз. Алтындай болгон жеңекем, сизди жоктоп чыркырап кала бердик. Дагы да жашап, жакшылыгыбызды көрсөңүз болмок эле. Сырыбызды айтып, эми кимден кеңеш сурайбыз деп жетимсиреп калдык. Кош бол менин алтын жеңекем!

Каныбек Сатындиев курсташы:
"Бул жоготуу- чоң жоготуу болду"
- Мен үчүн Марипа, дегиле баарыбыз үчүн жандай көргөн курсташыбыз эле. Окуп жүргөн кезинде эле үлгү болчу көп сапаттарды алып жүрчү. Жакшы окуп, барыбызды алга сүрөчү десем да жаңылышпайм. Өзгөчө анын уюштургуч жөндөмдүүлүгүн баса белгилеп коюш керек. Кандай иш чара болбосун өтө жоопкерчилик менен мамиле жасайт эле. Ош пединститутун бүткөндүгүбүздүн 30-жылдыгын уюштуруп , өткөрүүдө өзүнүн чоң салымын кошту. Ушул убакка чейин курсташтары менен кол үзбөй катышып турганыны өзү эле көп нерсени айгинелеп турат. Үйүнө барсаң дасторкону кенен жайылып, барган кишини сыйга чумкап коёт эле. Анын адамдык касиеттеринин баалап, анан да тамшануу менен карайт элек. Үйүндөгү кышкы бакча , ал жок томсоруп турганын көрүп, кантип көз жаш албайсың. Накен Касиевичке өмүрлүк жубай гана болбостон, эң жакшы кеңешчи болду. Марипанын бул дүйнөдөн кайтканына эч кимибиз ишенгибиз келбейт. Кайсы бир күнү болбосун "курсташтар кайдасыңар ? " деп телефон чалып калчудай туюлат. Марипа, сенин элесиң курсташтарыңдын арасында жылуу маанай менен эскерилип турат. Бул жоготуу- чоң жоготуу….


Даярдаган
Жеңишгүл Шабданбекова








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??