"Айгай" ала жазда эле айткан

"Хотдог" жеген ким?
Редакциядан: Учурда саяк менен бугу уруусун тирештирип, бирин ылдый, бирин өйдө коюп, бугу уруусун мазактап жазган И.Осмонов дегендин "Кайран эл" деген китебинин айланасындагы чуу бүгүн өз апогейине жетип, ортого чок салган ал китеп боюнча нааразычылык тынчыбай келет. Ал жөнүндө "Айгай" гезити тээ ала жазда эле жазып чыккан. Учурдагы удургуп жаткан ойлордон улам, андагы айтылган ойлорду кайрадан окурмандарга сунуштоону эп көрдүк. Эл тараза, кимдин ким экенин өздөрү аңдап алаар.

Акылы менен башкара албаган башчы, элди калп айтып алдап, коркутуп-үркүтүп, баш көтөргөнүн жок кылып, анан колунун келишинче элди уруу-уруу кылып бөлүп-жарып, бири-бирине тукуруп, кайраштырып башкарып, өзү менен кошо жан-жөөкөрлөрүн да жинди кылып, элге жек көрсөтүп кетет тура. Мындай башкаруу мамлекеттүүлүгүбүздүн 2200 жылдык тарыхында Бакиевдин тушунда айрыкча күч алып, туу чокусуна жетти. Алгач тезек жактырган жылы элдин алдына чыгып, бети чымырабай туруп эле, суу сактагычтагы суунун азайганын "глобальное потеплениеге" шылтап койду. Эгерде, ал айткандай "глобальное потепление" болсо, мөңгүлөр жок калгыча суулар тескерисинче көбөйөөрүнө анын башы жеткен жок. Элди да өзүндөй макоо деп ойлоду. Бийликке келгендин эртеси эле өзүн бийлике алып келген "басмачыларына" Бишкектин айланасындагы жерлерди элдешкис душмандардын жеринен бетер талата баштады. Шаарыбыздын дүкөндөрүн талкалап, күлүн көккө сапыргандар деле анын колдоосусуз болгон жок деп айтууга болбойт.
Бакиевдин эң кечирилгис күнөөсү, кыргыз элине кылган чыккынчылыгы, биздин 2200 жылдан бери элин артка тартып келаткан "жердешчилик", "уруучулук" деген өнөкөт дартыбызды кайра козгоп, ырбатып кеткендигинде болду. Ал дарттын залакасы айрыкча чүйлүктөр менен көлдүктөргө тийди.
Алсак, маркум А.Стамовдун (жер жамандап барбасын) "Хан Тейиш" деген китебинде эч бир тарыхый фактыларга, илимий булактарга таянбай эле өткөн тарыхты оюу келгендей чалмекей чалып, кээ бир тарыхый инсандарды, бүтүндөй бугу уруусун ой-боорунча жамандаган. Автор китебин баштан аяк мамлекеттик резиденцияда отуруп жазгандай жана китептин баш сөзүндө эч ким сурай электе эле, "бул эч кимдин заказы эмес" деп актанып жибергени бар жана бүтүндөй урууну, тарыхый инсандарды эч негизсиз мазактап (орусча айтканда безпордонно), урууларды бири-бирине кайраштырганы үчүн соттолуп кетүүчү кылмыш кодексинен эч коркпой жазганына караганда, албетте жогору жактын заказы экени айдан ачык болуп турбайбы. Максаты эмне болгон? Максаты - эзелтеден бери көл айланасын жердеп, "көлдүк" деген гана бир уруу менен жашап сыймыктанып келишкен элди бөлүп -жарып, араздаштырыш керек болчу... Көлдөгү чоң уруулар бугу менен саяк. Анан бугудан бирөө жооп кылып жазып чыкмак, "эмне, бугуну жамандайсың, сенин саягың мындай, тигиндей" деп. Ошентип, бир тууган эки эл араздашып, Бакиевге даттанып барып турса, шайлоолордо биринен чыккан чыгаандарды экинчиси колдобой, "сенден көрө Бакиевди эле шайлайм" деп турушса, бийликти түбөлүккө сактап калууга өбөлгө болмок. Тилекке каршы, ал заказ бергендердин тилегин таш капты. Чыгарма эч кимди козуткан жок. Болгону мен жооп жазып алып далай редакциянын эшигин жырттым. Бирок баардык жерде эле кеңешип алгандай бир жооп, "ой, ошого да теригесиңби, жамандабай жүргөн киши беле (жер жамандап барбасын) ага сыймыктанышың керек, ал киши кыргызда баш көтөргөн Айтматовдон баштап, Усубалиев, Жайыл баатыр, Атаке баатыр баарын жамандап чыккан" деген жоопту уктум. Эми өткөн өттү, кеткен кетти. Бирок, кеп Бакиев быкшытып кеткен сасык аба али тазаланбай келатканында болуп атпайбы.
Өткөн жылы Ишенбек Осмоновдун "Кайран эл" деген китеби чыгыптыр. Өзүнүн айтымында ал жазбай эле Эмил Каптагаев жазып келип, Осмоновго кол койдуруп автор кылып койгон имиш. Бирок, бул экөөнүн кимисин бугу уруусу тынч уктатпай жатат билбейм… Кыргыз элинин бир да санжырасында, бир дагы тарых булактарында кездешпеген окуяларды бугунун бир таарынтып койгон жигитинен өч алыш үчүн оюнан чыгарып жазып койгон ушактарына таянып алып, жалпы бугу элин дагы бир сыйра шыбап өтүптүр. Эгерде Ишенбек Осмонов Ход-дог жеген "бедериаз" болбосо, ооздон чыккан ушакты баса калып, айылчы катындан бетер бирди эки кылып таратууга ашыкпай, бир аз серп салып, анча мынча тарыхый булактарды деле карап көрөт эле го. Ишенбек Осмонов сыяктуу бугу эли түн уйкусун бузуп, ичин күйгүзүп, өрттөп аткандарга бугу эли эч качан чыккынчы болбогодугун күндүн чыкканы менен батканындай эле ишендире турган башка дагы жагдайларды эсине салып коёюн:
Биринчи: Манас - кыргыз элин дүйнөгө тааныткан сыймыгы. Ал укумдан-тукумга тукум кууп, аян аркылуу гана өтүп келген чоң касиети бар руханий баалуулуктун туу чокусу. Мындай руханий баалуулукту, эпостогу окуяларды өз керт башынан өткөрүп, согуштун эң оор түйшүгү, азап-тозогуна батып, эркиндикке, жеңишке таңдайы ката суусап, эли-жери үчүн жан-дили менен күйүп-бышкан, пейли, ниети, дили таза, аруу элге гана аян аркылуу келет. Ошондуктан, манасчылардын 80-90%ы жалаң бугу элинен чыккан. Башка уруулардагы манасчылардын көпчүлүгү бугудан чыккан манасчылардан таалим алгандыгы белгилүү. Мисалы, улуу манасчы Сагымбай, Тоголок Молдо, Багыш Сазанов сыяктуу чоң манасчылар бугу уруусунан чыккан Тыныбек Манасчыдан таалим алышкан. Ал эми Шапак Рысмендеев, Тыныбектин шакирти Сагымбайдан жана Акылбектен таалим алгандыгы белгилүү. Сагымбайдын вариантын кагаз бетине түшүргөн Ы.Абдырахманов сыяктуу алгачкы "Манас" изилдөөчүлөр элибиздин мекенчил уулдары, бугу уруусунан чыккан. З.Бектенов, Т.Байжиевдер "Чоң Казатты"орусчага которгондугу үчүн бийликтегилерге жакпай "буржуазные националисты, пантюркисты, панисламисты" аталышып, 10 жылдан кесилип кеткендиги белгилүү.
Экинчиден: Атам замандардан бери эле бейиштей болгон Ысык-Көлдү "менин жерим болсо" деп, КӨЗ АРТЫП АК ЭТКЕНДЕН ТАК ЭТИП, ТАМШАНГАНДАР, ТЕ МОГОЛДОРДОН БЕРИ ЭЛЕ ИЧТЕН ДА, СЫРТТАН ДА КӨП БОЛГОН. АЛАРДЫН КЭЭСИН КүЧ МЕНЕН ЖЕҢСЕ, КЭЭСИН АЙЛА-АМАЛ, ДИПЛОМАТИЯЛЫК СҮЙЛӨШҮҮЛӨР МЕНЕН жеңип келген. ОШЕНТИП, кыргыз элинин экинчи бир сыймыгы болгон БЕРМЕТТЕЙ Ысык-Көлдү кыргыз элине түбөлүккө сактап берген.
Үчүнчүдөн: Көлдө тескерисинче, оруспу, өзбекпи, казак, уйгур, дуңган, татар, кавказдыктар бардыгы кыргызча таптак сүйлөшүп, кыргыздын үрп-адаттарын да кабыл алып алышкан. Улуту орус болсо да, кыргыз тилин эң жогорку деңгээлде так сүйлөп, Кыргыз элинин таламын талашып жүрүшкөн Ю.Бобков, А.В.Костюк, Славян университетинин тил кафедра башчысы (атын унутуп калдым, татынакай орус аял), төкмө акын маркум Майра Керим кызын кимдер гана билбейт. Ал эми армиянын генералы Н. Г. Лященко канча жылдар бою Кыргызстандан сыртта аскер кызматында жүрсө да, кыргызчаны нукура эле айылдык чалдардай таптак сүйлөөр эле.
Бугу эли жана көлдүктөр эч качан уруучул же улутчул болгон эмес,болгону ар дайым өз элин, тилин терең сүйүп, сыйлай билген жана башкаларды да сыйлай билген акылман, айкөл эл. Ошондуктан башка улуттар да аларды сыйлап, тилин, дилин үйрөнүп, кээси кыргыздашып кеткен. Чыныгы патриоттук деген ушу.
Төртүнчү: ар дайым илим, билим, адабият, маданиятка жакын болуп келишкен.
Элестетиңиз. 1918-жыл. Совет өкмөтү жаңы орногон. В.И.Ленин бардык Түркстан элдерине бир убакта "билим алгыла" деп старт берди.
Бирок, шарт ар башка эле. Ал кездеги Түркстан Автономиялык Республикасынын борбору Ташкент шаарынан эң алыс жайгашкан бугу эли жана көлдүктөр болгон. Үркүндөн кийинки ачарчылык. Ак гвардиячылар жана үркүн убагында кек сактап калган мужуктар, кыргыздарга кадимкидей ууга чыгышып, жарым жартылай жүргөндөрүн, кээде топ-тобу менен атып салып турушкан. Бирок, ошол кыйынчылыктарга карабастан Ташкентке жөө-жалаңдап жетишип эң көп билим алган бугу эли ж.б. көлдүктөр болду. Кийин алардан кыргыздан эң биринчи чыккан илимпоздор, адабият, маданият кызматкерлери, дипломаттар, аскер кызматчылары ж.б.кесип ээлери чыкты. Илим менен алектенбегендери өлкөбүздүн булуң-бурчтарына барышып, билим беришип, эл чарбасын көтөрүштү. Азыр түштүк жергесинде бир кезде көлдүктөр окутпаган бир да мектеп, жетектебеген бир да чарба жок болуш керек. Убагында медициналык жана политехникалык институттардын мугалимдеринин 80%ы көлдүктөр болуп турганда, бул ЖОЖдор союздагы эң мыкты ЖОЖдордун катарына киргендиги баарыга маалим. "Эмнеге көлдүк кадрларды куугунтуктайсыңар", "эмнеге мамлекеттик жогорку кызматтарга татыктуу болсо да көлдүктөр аз" деп догурунушпастан, өз мамлекетинин чыныгы ээси катары, өз тушоолорун өздөрү кесип, жалпы кыргыз элинин таламын талашып жүрүшөт.
Бешинчи: Бугу эли ж.б. көлдүктөр кеп билги, сөздү баалай билген акылманды айрыкча сыйлаган эл. Кара кылды как жарган калыс, акылмандарынын уруусуна карабастан, эл өздөрү түбөлүккө өлбөс, өчпөс "Аке" деген наам ыйгарышкан .Ал наамга татыктуу болушкан саяк Садыр аке, мундуз Сарт аке, бугу Мойт аке, Тилекмат аке, Кыдыр аке ж.б.
Алтынчы: Ошондой эле бугу эли ж.б. көлдүктөрдүн ар дайым эркиндикти сүйгөн баатыр эл болгондугун айта кетпесем болбос. Көлдүктөр Кокон хандыгына эң акыркы болуп баш ийип. (1831-ж) эң биринчи болуп көлдөгү чептерин талкалап, кууп чыгышкан (1841-ж). Ал жеңишке быйыл 150 жыл толот.
Көлдүктөрдүн 1941-1945-жылдагы Ата Мекендик согушта да баарынан көп Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болушкан.
Албетте, кыргыз элинин эл болуп сакталып калуусунда ар бир аймактын, ар бир уруунун элдеринин салымы опол тоодой. Бул туурасында мурда "Солто эли жана Кененсары" деген китебимде да кеңири айтып кетем. Айтайын дегеним, Ишенбек Осмонов жана анын "терисин" жамынгандарга эскертип коёюн деген кеп. Бүтүндөй элди ушактаган, уруу аралык араздашууга түрткү болгон, провокациялык ушагы үчүн жооп бериши керек.

Кадырбек
Жекшелаев