Сот канткенде сонун болот?
Кимбиз дейсиңерби?
Эч кимбиз?
Алар жүзү менен куруп калышсын. Дүйнө мамлекеттеринде алардын жүзү көрүнбөгөнү жокко эсе. Айырмасы эле биринде азыраак, биринде көбүрөөк. Кыргызстан өтө көбүрөөгүнө жетишип калдык окшойт. "Окшойт" деп күмөн айтканым алардын санын так билип, эсебин чыгарган адис бизде табыла элек. Ири чиновниктеринин, майда чиновниктеринин - баарынын эле жүзү окшош ошолорго. Байкуш элдин турмушун кедери кетиргендер, көңүлүн кыраакы кылгандар да ошолор. Ошолордон арылуунун жолун ойлонуп, издеп таппай келебиз. Кимбиз дебейсиңерби? Эчкимбиз. Анткени издөөдөчүлөрдүн да издөөчүлөрдүн да жүздөрү опокшош. Бир гана карапайым элдин жүзү башкача. Гөртиричилик, жашоо деп жүрүп алардын да эпчилирээктери жүзү окшошторго жүгүнүп салам айтып, алды мүдөөсүнө жетип, таза жүзүн киргилдентип тигилердин жүзүнө окшотуп алгандары бар.
Кадырман окуучум, айта турган оюм сизге түшүнүктүү болсун үчүн алдын ала эскертейин. Мен "коррупционер" деген сөздүн маанисин кыйла кеңирирээк карап жатам. Ожегов сөздүгүндө бул термин пара алуу, мамлекеттик чиновниктердин, саясатчылардын парага саткынчылыгы катары гана түшүндүрүлөт. Чынында пара бергендер аны алгандар, өкмөт казынасына, эл байлыгына өз кызыкчылыгы үчүн зыян келтиргендер, өзүнүн саясий мүдөөсүнө, ой-максаттарына жетиш үчүн башкалар менен таза эмес байланышка баруу, жакындарын акчанын, бийликтин же тааныштыктын күчү менен кызматка көтөрүү же кандайдыр бир жоопкерчиликтен куткаруу, жакынынын мүдөөсүнө жардам кылып кайчы ойдогуларды жектөө, баары эле коррупциялык жол эмеспи. Аны жасап жаткандардын баарынын жүздөрү окшош, киргил. Аларды тобунан эле коррупционерлер десек туура болот го. Эми ойлонуп көрүңүзчү, эгер менин оюма макул болсоңуз, жүзү коррупционердикине окшошпогон чиновник таба аласызбы? Менимче өтө кыйын, сиз көпкө кыйналасыз го. Мага болсо баары эле жашоонун коррупциялык ыкмасына түшүп кеткендей сезилет. Байкаңызчы, ЖОЖдордун мугалимдери менен МАИнин кызматкерлеринин ичинен тазасын табуу өтө кыйын, көпчүлүк ишенбейт. Жогорку окуу жайынын эшигин бир да жолу аттабай туруп анын дипломун чөнтөккө салган эргулдардан мен да жолуктургам. Алардагы экзамен, зачет, тестирлөө деген сыноолор чөнтөгү жука студенттердин далайынын өңүн бозортоорун билбеген деле адам жокко.
Алардан айырмаланып, МАИ кызматкерлеринин олжосу сезондуу эмес, күн сайын жолдон эле табылат. Жол эрежесинин көзөмөлдөрү кайып каскагынан аны бузуп алсаң алар өмүрү сага капа болушпайт, сүйүнүшөт, менчик сарбашылын көргөндөй. Анткени чөнтөккө күткөн акча түшөт. Ал жолдун "жолборстору" ошол акча үчүн көздөрүн кызартып, далдоодо мергенчи сымал жашынып турушат. Кээде аларды деле түшүнгүң келет. Өз жетекчилеринин алаканын жылытып турушпаса жумуштан айдалуу оңой эле иш дешет. Эл арасында алар жөнүн мындай анекдот жүрөт:
ГАИге жаңы орношкон жигит жолдун четине отуруп алып кагазга бир нерсени чиймелеп жатканын көргөн начальниги "сержант эмнени эле чиймелеп жатасың жолду карабай" десе ыргып тура калып, "жолдош майор, кызык, экиге экини кошсо төрт, экини экиге көбөйтсө да төрт, ал эми үчкө үчтү кошсо алты да, үчтү үчкө көбөйтсө тогуз болот экен, түшүнбөй жатам" дейт. Анда майор "эй, келесоо, мен сени бул жерге алуу менен бөлүүнү үйрөнсүн деп койгом, түшүндүңбү эми"дептир.
Милиция кызматкерлери деле ошолор менен эгиздин жарындай. Тырмактай шылтоо болсо эле болду сени жетелеп өз пунктуна жөнөйт. Жаныңда акчаң болсо тез кутуласың, жок болсо айлаңды алты кетирет. Чөнтөк бошоп, айла кеткенде шылтоону алар өздөрү эле уюштуруша коюшат экен. Кайсы бир жылы Сокулуктун Новопавловкасында көчөдө бочкадан пиво сатып жаткан таанышымдын жанына эки милиция жигит шалдыраган УАЗын кое коюп, бир аздан кийин келишип ал жигитти сен машинадан акча уурдадың деп алып жөнөп, аны 500 сомго түшүрүшкөндө алардан көңүлүм калган.
Эми соттор жөнүндө кеп кылбай койсок деле болмок. Алардын кызарбаган жүзүнүн азабын тарткандар толуп жатат. Чынында эң балит иштер, коррупциянын гүлдөп жеткен жери ушул системада. Акаевдин тушунда эле ал киши президент башы менен элдин 80% пайызы сотторго ишенбейт дебеди беле. Азырчы? Ойлошубузча андан көбүрөөк пайызы ишенбейт. Булардын кылык-жоруктарынан элге белгилүү эле бир эки мисалды келтирейин. Окудук. Ысык-Ата районунда болгон окуя үчүн адам өлтүргөн аңгиге райондук сот 9 жыл берсе, анын жакындары Чүй облустук соту менен тил табышып, чечимин өзгөртүп, сот залынан бошотуп алышса, жогорку сот кайра биринчи чечимди калыбына келтирген.
Сузак районунун Бекназаров деген соту оор кылмыш кылган Аблазовду үй камагына алып, анан бошотуп жиберген. Кийин ал ишти караган сот аны кайра камакка алып, 25 жылга эркинен ажыраткан. Буга окшогон бири-бирине коошпогон сот чечимдерине бутуң чалынат.
"Дело№" газетасы жакында эле жазып жатпайбы "Кыргыз соту дүйнөдөгү эң гумандуу сот, ал баарын кечирет, кимди болсо да актайт" деп. Бул жагынан Бишкек шаардык сотун алдына жорго чыгарбайт дешет экен.
Эмне үчүн мындай? Алар ар түрдүү кодексти пайдаланышабы? Жок. Иштин баары адам бузар арам акчаларды болуп жатканы түшүнүктүү эмеспи. Экс-генералдык прокурор Кубатбек Байболов мындай ачык айтканга оозу барбай, "сотторду жогору жактан болгон көзкарандылыктан ажыраталы деп, аларды намыс, уят, мыйзамдан ажыратып койдук. Алар оор кылмыштууларды, жада калса өмүр бою түрмөгө кесилгендерди да бошотуп жатышат" деп, өкүнүч менен айткан жери бар. Соттордун адилеттиктен эчак тайып калгандыгын сезбеген, билбеген кыргыз жараны аз эле болсо керек. Бирок, эмне кылуу керектигин билбей келишет. Кээ бири сот реформасын жүргүзүү зарыл десе, көбү жумуштан айдаш керек дешет. Республикада түзүлгөн соттор кеңешинин сот системасына тийгизген таасири дегеле сезилбейт.
Коррупционерлерди жазалоодо акыркы точканы кое турган ушу сот эмеспи. Ал эми бут тырмагынан чачына чейин коррупция баткагына булганган соттордун тизгинин ким тартат, ким жазалайт? Алардын эмне кылып жатканы менен эч кимдин иши жок. Байкуш прокурорлор көрүп билип турушса да санкция, каяша (протест) жазгандан башка колдорунан келбейт. Алардын санкциясын да соттор кээде уруп ойнобойт экен. Мына жакында эле Барктабасов өзүнүн Бишкек штабынан координатору Акыл Акунов менен телефондо сүйлөшкөн сөздөрүн тыңшоого санкцияны республиканын аскер прокуратурасы берген экен, сот аны жаратпай, ал санкция сот тарабынан берилген эмес деп оор кылмышты тескөөгө (производствого) албай коюп, күнөлүүнүн ишин жеңилдетип жатпайбы.
Мындай акыбалдан чыгуунун жолу катары реформачылар соттордун маянасын көтөрүүнү сөз кылып жатышат. Алар адамдын аппетитин айрыкча кыргыздыкын билишпейт окшойт. Ошолордун байлыкка тойгонун байкаган киши жок сыяктуу. Маянасын көбөйтсө эле соттор канааттанып, коррупциялык жолго баспай калат деген күлкү келтирет.
Соттор өзүлөрүнүн кабыл алган натура чечимдери үчүн жоопко тартылыш керек, бирок андай болбойт. "Карга карганын көзүн чукубайт" дейт эмеспи. Кээ бир учурда соттолмок турсун бийлик менен сөз табышып, колдоо таап көтөрүлүп кетишет. Мисалга жогоруда айтылган Сузак районунун Бекназаров деген сотун келтирсек болот. Аны соттор кеңеши иштен четтетилсин деген сунушун токуп, президентке берсе ажо өз буйругу менен тескерисинче тигини чоңойтуп, Ысык-Ата райондук сотуна бекиткен. Мына.
Соттор көзкарандысыз болуш керек дешет. Бул деле бир жагынан туура. Бийлик курал катары пайдалануусун азайтат. Бирок, алар жүгөнсүз аттай болбошу абзел. Алардын тизгинин тартып турган бирөө болушу да зарыл. Ушул милдетти жаңыча түзүлгөн республикалык соттор кеңеши аркаласа туура болот беле деген да ой кетет. Бул жерде орчундуу маселе Кеңештин курамы, укугу, иштөө мөөнөтү, чечимдерди кабыл алуу, аны бекитүү тартиби, жобосу же уставы, маяна өлчөмү болуп турат. Ушулардын баары Жогорку Кеңеш түзгөн атайын комиссия иштеп чыккан сунуш боюнча чечилсе алар Ак үйдүн үлкөндөрүнөн көзкаранды болбойт.
Соттор Кеңешинин мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгү беш жылда бир жолу өздөрүнүн жабык добушу менен бааланып, эң аз упай алган үчөө Кеңеш чечими менен жумуштан четтетилип, алардын орду ошондой эле жол менен талапкерлерден толукталып турса талапка ылайык болмок.
Реформачылар эптекейден качып, ушундай таталыраак жолун карап чыгышса, сот системасын коррупциядан биртоп алыстайт беле деген ой.
Байкасаңар. Бизде коррупционерден жүзү көрүнбөгөн системаны табыш кыйын. Бул жагынан көч башында Ак үй, Көк үйгө жакын чиновниктердин караандары мурунураак көзгө урунат экен. Ушуну байкаган Кадыр Маликов Дагестанда жана бизде коррупциянын укмуш экенин, ал президенттерден башталып төмөндөшүн айтып жатпайбы быйыл жыл башында. Мамлекет башчыбыз жөнүндө эл арасында айтылып жүргөн далай сөздөрдүн бир тобу чындыктан чыгып жаткансыйт. Алсак айтылган Ыссык-Ата райондук соту, чуулгандуу Түркиядангы Эйдельман, Атай Бекболотовдун жолугушуусу, Бекболотовдун майлуу-сүттүү кызматка келип калышы, "Кабар" агенттигинин аты элге белгилүү, жогорку деңгээлдеги жетекчиси, мыкты журналист Нарын Айыпты себепсиз эле жумуштан шыпырып, анын ордуна компетенциясы төмөн, бирок өз кадыры Жыргалбек Турдукожоевди дайындашы, анысын ал жердин коллевтиви начар адис экен деп чанып таштаганы, айта берсе бир топ эле.
Убактылуу президентке аппарат жетекчи болуп тандалган Эмил Каптагаевдин коррупциялык кадамдары боюнча массалык маалымат каражаттары айта берип чарчашты окшойт.
Баягы ячейкадан чыккан бекер акчадан эки жолкусу биригип 53 000 доллар алган экен, эмне кылганын өзү гана билет. Аны эч ким сураган жок, даашпады.
Бул чиновниктин ТИМде иштеген уулунун да арам тамактыгы газета беттерине чыгып кетти. Бир кездерде өзү дин иштери боюнча өкмөт курамында иштеп тургандагы тажрыйбасын баласына дагы үйрөтсө керек. Балам таза, сотко берем деп күпүлдөп көрдү эле Бакыт Нурдинов мырза коркпосо береберсин деп койду. Эми сот созулууда. Азырынча Каптагаевди күнөөгө жыга турган сот чыкпайт го. Кожоюну буларды билсе да билмексен болуп көз жуумп келет. Болбосо аялы МегаКомго кыймылсыз мүлк саткандыгы үчүн Байболовду жумуштан айдашпады беле.
(Уландысы кийинки санда)

Кашкабай Алишеров,
Сокулук району.