Көөдөн караңгы, намыс караңгы…

Белгисиз жол…
… Тилекке каршы, сүрөтү оң жагымда турган ушул улуу инсан жөнүндө өйдөкүлөрдүн бирөөсүнүн оозунан сөз чыкпай келет. Быйылкы жылды болсо билермандар Курманжан Датка жылы деп атады. Буга эч ким каршы эмес. Ырас, Курманжан Датканын кыргыз тарыхында өчүрүлгүс орду бар. Аны эч ким тана да албайт. Бирок, эгемендигибизге 20 жыл толо турган быйылкы жылы, акыркы жылдары ынтымагыбыз ыдырап, акылы бары, жогу деле бийликке жулунуп жаткан кезде, "сен куйрук, мен куйрук" болуп бөлүнүп турган абалда, өлкөбүздө болуп жаткан оор учурда, ошол эгемендиктин негизги түптөөчүсү болгон Жусуптун эмгегин эстеп "Ж.Абдрахманов жылы" деп атасак жарашпайт беле, атаганат...?
Өз өлкөсүн терең сүйгөн, ал үчүн өмүрүн да аябаган андай улуттук лидерлер жүздөгөн жылдарда бир жаралаарын келечек муундарга аңыз кылып айтып, чоңдорубуз анын басып өткөн өмүр жолуна, иштеген ишине түздөнсө, балким бүгүнкү оор абалдан эртерээк чыгып кетет белек. Балким, ошол улуу инсандын өмүр жолу бүгүн биз тыгылып жаткан абалга өрнөк болуп, андан сууруп чыкчу улуттук идеологиянын уңгусу болмок беле дейсиң.
Улуттук кеменгер жөнүндө, анын быйыл 110 жылдыгы экен, маселе көтөрбөйсүңөрбү деп далай аттуу-баштууларга, акылдуубуз деген айрым интеллигенция өкүлдөрүнө кайрылдым. Абдрахмановдун ысымына жамынып, өзүнчө фонд ачып күпүлдөп жүргөн анын көлдүк жердештерине да бардым. Беш манжага толбогон эки-үчөөсүн айтпаганда, дээрлиги унчугушпады. "Улуу сөздө уят жок" дейт, кур дегенде баланын чочогундай болгон эки сап эскерүүсүн жазып койгонго кудуреттери жетпеди. Андан көрө алар алты жылкы сойсо, андайды аке көтөрүп, ошол жерден уча жегендерине курсант болуп жүргөндөрү артык окшойт деп калдым. Же "улуттук" деген түшүнүк аларга мокочо көрүнөбү, түшүнө албадым. Балким, Жусуп улутчул болгон деп көлөкөлөрүнөн коркушуп жаткан чыгаар.
Мурда да жазганбыз, жаза да беребиз, эгер андай ойлогондорго - улутчул болуу бул кылмыш эмес. Керек болсо дүйнөнүн мен деген адамдары улутчул болушкан. Бүгүн баарыбыз окуп-билген Пушкин, Лермонтов, Достоевский, Ломоносов, Шолоховдор улутчул болгон эмеспи? Алардын ар бир жазганында өз улуту алдыңкы саптарда турган. Керек болсо бир кезде Путин (анда Россиянын президенти болчу-авт.) дал ушул орус классиктеринин адабияттарынын 50 томдугун далайлаган нускада мамлекет эсебинен чыгарып, аны бекер тараттырган. Мунун өзү В.Путин мырзанын улуу орус эли өз маданиятын билсин деген камкордугу эмей эмне? Керек болсо апрель революциясында курман болгондордун дээрлик баардыгы кыргызын берилип сүйгөн, жөнөкөй, карапайым үй-бүлөөнүн уулдары болгон. Мекенин чексиз сүйгөн ошол азаматтарга миң мертебе таазим!
Улутчул десе эле ашкере жагымпоздукка баткан айрым аткаминерлерибиздин көз алдына Прибалтика өлкөлөрү тартылат окшобойбу? Кыргыз табиятынан меймандос эл. Эч качан башка улутту кемсинтип көргөн эмес. Азыр да алты кыргыз чогулуп, арасында бир орус отурса тигида түшүнсүн дегенчилик кылып анын тилинде сүйлөшөт.
Өткөндө "Ата-Мекенчил" Ө.Абдрахманов деген депутат кабинетине чакырып алып, "сага эмне батыштын идеологиясы жакпайбы, эмне эле Батышты жамандайсыңар" деп ызырынып атпайбы. Батышыңды жамандаганыбыз жок, бирок, ар улуттун улуттук идеологиясы болмоюн ал өлкө өнүгүп өспөйт десем, укчу түрү жок. Бир кезде Хрущевчосунан батинкесин чече калып үстөлүнүн үстүн чапкылап кирсе болобу… Мына, элита сөрөйүбүздүн жүзү.
Эгер андайлар арданбай укса, чынында эле саясат менен бийликке "кул" болгон бүгүнкү эрендерибиз учурда абдан жүдөштү, элди да жүдөттү. Бүгүн ошол эрендерибизде лидерликтин башкы сапаты болгон айкөлдүк, жоомарттык, мекенчилдик барбы деги? Кусейин агайым айткандай бүгүнкүдөй оор учурда бүгүнкү жол башчыларыбыз "эл журтунун, жеринин бүтүндүгүн жана анын кемибестиги үчүн такай кам көргөн" улуу саясий жана мамлекеттик ишмер, улуттун лидери Ж.Абдрахмановдой инсандардын басып өткөн жолуна түздөнмөйүн, бүгүнкү балчык жолдон чыгып кетүү мүмкүн эмес окшойт...

Кенжебек Арыкбаев




  Үн кошуңуз!

Улуттук лидериң барбы, кыргызым?
Чынында эле кыргыз көчү кайда баратат? Балким ал, Батыштын идеологиясына тумчугуп тургандыр? Балким чындап эле тазалануунун улуу максаттарга умтулуп бараткан чыгаар? Бирок, "Жаңы жашоого багыт алабыз, бактылуу мамлекет курабыз" деген азыркы эрендерибиздин сөз жүзүндө гана ур-ээ-леген чакырыктары болбосо, андан бери бир жылга жакын убакыт өттү, өлкөгө не жылуулук кирди. Ошол чоңдорубуз мамлекеттүүлүк деген ыйык жоопкерчиликти өздөрү туйбай, өйдө жакта алиге чейин байлык, бийлик талашып тытышууда.
Ушул көрүнүштөрдү карап отуруп, кылым карыткан кыргыз эли бүгүн акыйкатты сүйлөгөн Бакайын таппай, колдогон Кошойун жоктоп, көкүрөктө улут деген намысы мокоп, ата-бабанын ыйык салты сакталбай, мажирөө болуп бараткан жокпузбу деген да ой келет.
Абийир үчүн намыстанып уу жуткан, Алмустактан Ата-Журтун коргогон азаматтар, жол көрсөтүүчү уулдарың бүгүн жокпу? деген муздак суроо оркойот. А чынында эле бүгүн кыргызга эл, жери үчүн башын сайган улуттук лидер аба менен суудай керектигин мезгил талап кылып жаткан жокпу? Анда ошондой азаматтарыбыз ким? Улуттун лидери болчу уулуң барбы? Ушундай оор мезгилде улуттун уулу болчу уулуң барбы деги, кыргызым? Ушул туурасында ой талкуулап көрбөйлүбү? Анда, үн кошуңуз окурман.
Электрондук дарегибиз:
a.kg-press@mail. Ru