Экинчи тарап

Эркин Исраилов,
"Мейлин Ресурс" компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү:
"Изилдөө иштери бери дегенде 5-6 жылды алат"
Барыбызга белгилүү болгондой Кыргызстан жер байлыктарга бай. Алардын эң чоңдорунун бири - Жетим-Тоо. Бул кенде темир рудаларынын эң чоң запасы бар. Тилекке каршы, темир рудасынын канча запасы бардыгын мамлекет билбейт. Муну аныктоо үчүн чоң, оор иш жасоо керек. Ага жогорку класстагы адистерди алып келүү чоң суммаларды талап кылат. Муну өз күчү менен иштетүүгө мамлекеттин чамасы жетпейт экен. Ушундан улам инвестор тартууга туура келүүдө. Албетте инвестор азыр бар экен. Ал "Мэйлин Ресурсу" деген компания. Бул Кыргызстанда катталыптыр. Анын артында Кытайдын чоң холдинги турат.
Албетте, коомчулук Жетим-Тоодогу жер иштетүү, изилдөө иштерине күмөндүү карашат. Бир четинен аталган проект ийгиликтүү ишке кирсе Нарын облусунда жумуш орундары көбөйүп, салыктын көлөмү өсүп, социалдык жашоо оңолмок дегендер бар. Чындап эле эгерде ошол проект ишке кирсе бийик тоодо жашаган элге көптөгөн жакшы жагдайлар жаралат. Бирок, ага каршы болгондор да көп. Геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөндө химикаттарды колдонуп, жардыруу иштерин жүргүзөт ж.б. деп. Мына ушуга байланыштуу "Мэйлин Ресурс" компаниясынын жетекчиси Эркин Исраиловду кепке тартып, суроолорго жооп алдык.


- Эркин мырза! "Мейлин Ресурс" компаниясынын планы жөнүндө жана проект боюнча айтсаңыз?
- Биздин компания аталган жерди иштетүү боюнча КРнын жаратылыш ресурстары министрлигинен лицензия алган. Проекти бүтүрүп, эксперттик комиссиянын жыйынтыгын чыгарып, ишти баштаганы турабыз. Бул жерде баса айтып кетерим, андан кен казып алуу боюнча сөз да болбошу керек. Биз изилдөө иштерин гана жүргүзөбүз. Изилдөө ишине кеминде 5-7 жыл талап кылынып, ага чоң сумма сарпталат. Изилдөө бүткөнгө чейин эч нерсе алынбайт. Ошондой эле геологиялык изилдөө ишинде эч кандай химикаттар, жардыруучу заттар, жалпылап айтканда уулануучу нерселер колдонулбайт. Ток этээрин айтканда компания элдин макулдугу менен иштейт. Сүйлөшүүгө даярбыз.
- Эркин мырза, эл менен сүйлөшөбүз деген сөз жүзүндө калбайбы?
- Жок. Коомчулук бизден талап кылганга толук акысы бар. Конституцияда жазылгандай бийликтин булагы бул - эл. Мен ушул компанияда иштейм, жетекчисимин. Бирок, мен алгач Кыргызстандын жаранымын. Кыргыз элинин патриоту, кыргыз элинин уулу, эң негизгиси кыргызмын. Эч качан өз элимдин кызыкчылыгын сатпайм. Кызыкчылыктар элдин кызыкчылыгынан сырткары жүргүзүлбөсүн деген ишеним бизде да бар. Ошол себептен компания темир кен запасына изилдөө иштерин жүргүзүш үчүн эң алгач эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү алдыңкы планга коюп жатабыз. Болбосо ушул күндөргө чейин "Жетим-Тоо" маселеси саясатка айланып калган жайы бар. Кай бир саясатчылар Жетим-Тоону сатып жатат, ыйык жерлерибиз сатылууда дешип бийликти көөлөш үчүн аны аргумент кылып алышкан. Чын-чынына келгенде эч кандай тоо сатылган жок. Ал жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес.
Компания азырынча бул запасты тек гана изилдөөнү максат коюп турат. Ал изилдөө иштери бери дегенде 5-6 жылды алат. Аны иштетсе запасы канча, чыгымы, кирешеси деген аргументтер изилденет. Ошол эле учурда экологиялык таасири, эгерде ал адам затынын өмүрүнө коркунуч келтирсе бул жагы толук изилдениш керек. Мына ушуларды изилдөөнүн так эсебине жогоруда атагандай 5-6 жыл сарпталат. Ал эми ар кандай изилдөө иштери да жергиликтүү элдин эрки менен ишке ашат. Ошондуктан биз жергиликтүү калк менен кызматташуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү максат кылуудабыз. Атай кете турган нерсе изилдөө иштеринде экологияга жана өмүргө коркунуч келтирүүчү кооптуу көрүнүштөр болбойт. Аны өндүрүүнүн эң жөнөкөй жолу магниттик лента. Алтын кенин иштетүү менен бул өндүрүштү бир катар карабаш керек. Алтын кенин бөлүүдө цианид ж.б. химиялык заттар колдонулаары бышык. Ал эми темирди бөлүүдө бул заттар таптакыр колдонулбайт. Мына ушуну калың эл текши билбегендиктен түшүнбөстүктөр чыгып жатат. Ушул багытта жергиликтүү элге түшүндүрүү, окутуу иштерин жүргүзсөк деп турабыз. Ырас, мен жогоруда өзүмдү элимдин патриотумун деп атап кеттим. Эгерде, бул өндүрүштүн зыяндуу шарттары болсо, биринчиден өлкөбүздүн жараны катарында мындай аракеттерди колдонбойт элем да. Керектүү кен жалпы элдин байлыгы, ал жалпы элге кызмат кылсын. Экономикалык арыштар болсун, анын пайдасы элге тийсин, жумушсуздук кыскарсын, мекендештерибиз жумуш орундары менен камсыз болсун деп жүрөбүз да. Керек болсо компания изилдөө иштери менен бирге социалдык шарттарды б.а. жергиликтүү элге жардамдарды көрсөтүүнү да пландап турат. Булар эмне жаман нерсе бекен.
- Ал кандай жардамдар. Алар кимге жана кандай өлчөмдө берилет. Балким толук эле түшүндүрө кетээрсиз?
- Жардам десе эле, албетте, ар бир жаранга акча бөлүштүрүү деп түшүнбөш керек. Жардам берилет. Ошол эле учурда аны кен запасы менен соодалашуу иретинде кабылдоо туура эмес. Бул маселелерди жалпы эл менен кеңешип достук кызматташтык максатында ишке ашырсак деген ойлор бар.

Суроо салган
Бермет
Картайганова




Эл билүүгө акылуу
Кечээ түнү аян берген түш көрдүм. Түшүмдө өлкөбүз жапырт чоң экрандын маңдайында отуруп алып, Өкмөттүн жыйналышын тиктийе карап, Өкмөт башчынын кол алдындагы министрлеринен отчет алып жатканына көз салып отурган болот. Кайсы бир аткаминер өзүнүн жакшы жагын көрсөткөнгө жан-алакетке түшүп жатканын эл көрүп отурат. Бир маалда партиялардын бири сунуштаган министр ошол партиядагы бизнесмендердин кызыкчылыгы үчүн аракеттене баштайт. Анын бул аракети талаш-тартышты жаратат. Талаш-тартышка карап олтурган эл дагы телефон чалып, жапа тырмак талкууга катыша баштайт. Айылдардан чалышып, министрлер менен түз байланыша баштаганда саатым чырылдап, баягы талаш-тартыш чарт үзүлүп, ойгонуп кеттим. Эки жагымды карап, түшүм экенинен ишенип-ишене бербей отуруп калдым. Түшүм эмес өңүм болуп калса кандай сонун болоор эле. Канча суроолордун жообуна алат элек…

Ошол сындуу, маселен, парламент кайсы бир инвестициялык макулдашууну карап жатат дейли. Кыргызстан экономикасын алга сүйрөбөй, аңга түртүү үчүн пара алып койгон чиновник кантип карандай калпты ышкыртып жатканына эл күбө болот. Чоң экрандын жардамы менен эл чоңдордун керт баштарынын кызыкчылыгы үчүн иштешине жол бербейт эле да. Ушундай болсо кандай сонун болор эле. Ар бир аткаминердин кабинетине видеокамераларды орнотуп коюу да ашыктык кылбас эле. Бу чоңдорду эл багып жатпайбы. Салык төлөйбүз, соцфонд төлөйбүз. Төлөгөн акчаларыбыз чоңдордун айлыктарына жумшалат экен, анда эмне үчүн аларды көзөмөлдөй албайбыз? Эл көзөмөл жүргүзсө өлкөдө дароо тартип орномок. Баардыгы абийир, ар-намыс жөнүндө ойлонуп калышмак. Эх, атаңгөрүү, түшүм болбой эле өңүм болуп калсачы. Көп жакшы иштерди жасабайт белек. Маселен, ошол эле ири инвесторлор катышкан инвестициялык келишимдерди кайра-кайра кароого тыюу салат элек. Ошол эле Кумтөрдүн тынч, ачык, айкын иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берип, "Манас" аэропортуна заманбап терминалды курууга уруксат берет элек. Мунун баары куру кыял эмес, аткарса боло турган эле иштер го.
Эмне үчүн Өкмөттүн кабыл алган чечимдерин кезектеги чыр-чатактан кийин гана билип калабыз. Чиновниктер өз ара пара бөлүшө албай убарабы? Же өз чарбасында тартип орното албаган бир мажирөөбү? Иши кылып, кандай болгон күндө дагы бир нерсени көкүрөгүбүзгө түйүп алганыбыз оң. Мамлекеттик органдардан айкын маалымат алуу укугубуз Башмыйзамда жазылган. Ошондуктан, чоңдордон ачыктыкты, айкындуулукту талап кылууга мезгил келип жетти. Качанга чейин башыбызды айлантып, оозубузду куру чөп менен аарчытууга жол беребиз. Өзүмдүн санаалаштарым менен чогулуп, Өкмөт баштаган мамлекеттик органдарга биздин маалымат алуу укугубуз жөнүндө билдирүүнүн мыйзамдуу, ыңгайлуу жолдорун издөөнү сунуштайын деп жатам. Инвесторлорду мындан ары алдоого болбойт. Эларалык рынокто Кыргызстан акчалары менен кошо абыроюн жоготуп жатат. Элдин жаркын келечегин ким кандайча куруп жаткандыгын эл өзү билүүгө акылуу. Мен Кыргызстандагы инвестицияларды коргоо коргоо клубун түзөм, буюрса. Бир үй-бүлөнүн же бир партиянын кызыкчылыгын көздөп, "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча канадалыктар менен болгон келишимди кайра кароого эч кимге жол бербейбиз. Анткени, бул келишим эгемендикке жетишкенден берки чет өлкөлүк инвесторлор менен түзүлгөн эң ири жана жемиштүү келишим болуп саналат. Эл баарын билет жана эмне кылышты өзү чечет.

Асан Кайгы