Кыргызстаным, ийгилигим, арманым…

Сандыгымды бергиче...
Кыргызды калың Кытай каптап келе жатат. Бишкектин базарларында Кытайлар бутка чалынса, Бишкек - Торугарт жолунун курулушу башталгандан бери алар дагы арбый баштады. Илгери Борбордук Азия элдери кездемеге муктаж болуп турганда "Кытай жибеги менен мууздайт" деген макал чыгыптыр. Анда Кытайлар арбын малга арзыбаган жибегин сатуучу экен. Эми бул эл өнүгүп, көбөйүп, кыргыздын күчүн арзанга баалай баштады. Дегеним, биздин кандаштар Бишкек-Торугарт жолунда жумасына 6 күн 12 саат иштешип алган маяналары бир айда 6-7 миң сом экен. Ушул эле жерде кыргыз жигиттер аткарган жумушту жасашкан Кытайлар айына 500 доллардан кем эмес алышат дейт. Бул жорук кыргыз бийлигинин өз жарандарынын укуктары эбегейсиз тепселип, кордолуп жаткандыгына көңүл бурбагандыгынын кесепети. Эки жыл илгери Кытай Теңир-Тоого киришип, Торугарттагы бажы терминалын 60км чакырым ичкери жылдырышып жатканда, ошол эле учурда Нарындагы темир кени Жетим Тоону аңтартып баштаганда жергиликтүү эл тарабынан сүрүлүп чыккан. Анда бийлик Бакиевдердин колунда эле. Канкорлор качып жоголсо деле азыркы бийлик Кытайды кыргызга кайра каптаганына ниет кыла баштады. Сөз мааниси мындай.


Кыргыз-Кытай бийликтеринин сүйлөшүүлөрү боюнча кара таандай Кытайлар жабалакташып, узундугу 268 чакырымдагы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курушат экен. Бул курулуштун баасы 2,5 миллиард АКШ долларын түзүп, чыгымды Кытайлар көтөрүшөт дейт . Бирок, жолго кеткен чыгымды кайтарып алыш үчүн Кытайлар Жетим-Тоо темир кенин, Жумгалдагы Сандык калай кенин, Терек, Тереккан, ашуу (перевальное) алтын кендерин сурашууда. Кыргыз бийлиги буга макул экенин билдиришти. Бул долбоорду техникалык - экономикалык негиздебей эле, жөнөкөй арифметика менен эсептеп көрүңүз, өзүңүз:
Дүйнө жүзүндө темир жолдун бир чакырымын куруш эл аралык стандарт боюнча 3 миллион доллардан ашпайт. Демек, жогорудагы айтылган 268 чакырым темир жол 2,5 миллиард доллар эмес, 704 миллион доллар менен эле курулмак. Демек, темир жолдун баасы өтө ашыкча көтөрүлгөнү күмөн жаратат. Жетим-Тоонун жер алдындагы темиринин баасы 3 миллиард, Сандык калайы 15 миллиард, Терек, Тереккан перевальное алтындары 3,3 миллиард долларга барабар. Бул кендердин жалпы баасы 21,3 миллиард АКШ долларын түзгөн байлыкты Кытай үчүн Кыргызстан үчүн караманча кереги жок темир жол үчүн аларга кармата берген турабы? Албетте, Жетим-Тоодон, Сандык калай кенинен Кыргызстан өз үлүшүн алат экен. Кандай үлүш десеңиз, жылына 210 миллион доллар гана биздин казынага түшөт. Бул акча кыргыздын жетим баласына Кытайдын бир байы бир үзүм нан карматкандай эле кеп. Балким,тигил же бул долбоордон "шапке" алып, жедеп маш болуп калган "ум,честь, совесттер" авантюралык кадамдарга барып, өз чөнтөгүнө көк акча түшкөнүнө маашырланып, кыргыздын ата-бабадан калган байлыгын Кытайларга бергенге жүткүнүшкөнүбү?. Ата журттун бул Кен байлыгына бир эле Кытай республикасы көз арткан жери жок.
2011-жылдын 8-июнунда Кыргызстанга Дүйнөлүк Банктын экс-президенти Пол Вульфович деген жөөт келип, бийлик менен жабык сүйлөшүп Жумгалдагы Сандык калай кенин иштетүүгө фабрика кура турган болуптур.
Кыргызстанга келген жөөттөрдүн баскан жерлерине чөп чыкчу эмес экенин жалпы эл билет. Ошентсе да, бийлик Пол Вульфовичтин айтканына, сураганына макул болуп жатышат. Тизгинди артка буруп, өткөн тарыхка кайрылып көрөлүчү. Тээ, совет мезгилинде (1970-жылдары) Москванын көрсөтмөсү менен Сандык калай кенин ачып иштетүүгө ниеттенишкен. Бирок, калай кенин ачууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Себеби, кенди иштетүүдө химиялык реагенттер колдонулат, кен казууда сөзсүз көп өлчөмдөгү радиоактивдүү табигый заттар айлана - чөйрөгө тарайт. Сандык тоосунун этегинде калк жашайт. Элдин саламаттыгына өлчөөсүз доо кетирбес үчүн Жумгал тарабындагы 7 айылды, Кочкор тараптан 4 айылды башка өрөөнгө көчүрүү зарылдыгы келип чыккан. Бул албетте көп каражатты талап кылган. Анын үстүнөн 20 миңден ашуун адамды башка жака көчүүгө көндүрүү ишке ашпас маселе болгон. Ушундай тоскоолдордон Сандык кенин ачуу маселеси ошол бойдон жабылып калган эле. Азыркы бийликтегилер бул эң олуттуу жагдайды эске албастан "эл үстүнөн тон бычып" жатышат. Бийликтегилердин Сандык боюнча жоругу мындай бир нерсени элестейт. Маселен мен сыркоолоп бейтапканага барып калдым дейин. Врачтар мени бейтапкананын коридоруна отургузуп коюп, менин оорумдун симптомдорун билбей туруп, анализ албай туруп, кабинетинде отуруп алып эле мага операция жасоо керек дегендей эле кеп. Бул биздин бийликтегилерге карата мисал. Ал эми Кытайларга, Пол Вульфовичке эмне, кыргыз кырылып калса да баштары оорубайт.
Маселенин дагы бир жагы башка өрөөндөргө салыштырмалуу Жумгал өрөөнүндө радиациялык фон өтө жогору. Себеби, 15-жыл бою уран казып алынган Муң-Куш айлында уран калдыктары (хвостохранилищя) 50 миллиард кубометрди түзөт. Бул радиоактивдүү зат сакталып турган жер 1992-жылкы жер титирөөдөн ачыла баштап, абага тарап жатат. Ошонун кесепетинен өрөөндөгү ондогон түбөлүктүү мөңгүлөр жок боло баштады. 18 жылдын аралыгында Миң-Куштагы радиоактивдүү заттар жаткан жерде коопсуздоо же иштетүү үчүн чет элдик донорлордон миллиондогон доллар келип, бирок ал акчалар максатына жеткен эмес, кара жемсөөлөрдүн ашказанына кеткен.

(Уландысы 11-бетте)