Андирчиткен, мундирчик эй…

Элибиз ХХI кылымда, бийлигибиз феодализм доорундабы?
Алар, бүгүн...
Өткөн жылы 7-апрелден кийин канкордун кадрлары кара баштарынын коопсуздугу үчүн жан арга кылышып, Тажик тоолоруна, Көлдөгү, Чүйдөгү мал кашарларына, Москвага, Алма-Атага, дагы койчу кайсы бир жердеги үңкүргө чейин кире качып, азып-тозуп жүрүшкөндө Убактылуу өкмөттүн ашыкча "айкөлдүктөрү" менен кайрадан бийликке келишип, калктын кымбатчылыкка кептелип, ыргалып тургандары менен анча баштарын оорутпай, жашоонун убайын көрүшүп, самолет жалдап кайдадыр бир жактарга учушуп, балдарына 100 миң долларга үйлөнүү тоюн өткөзүшүп, "күндүк өмүрүң болсо түштүгүнө жорго мин" деген накыл сөздү так аткарып жатышат.

Айрым депутаттар "5-канал" телестудиясын парламенттик канал кылабыз дешип, ошол эле учурда "кокуй, түштүктө өзбек телеберүүсү басып кетти, кыргыздар бир эле теле каналды, УТРКны араң көрүп калды" деп анткорлонушуп, эл көзүнө көрүнүш үчүн түрлөнүшөт, чиркин. Түрлөнүшөт. Парламентте болгону 120 депутат. Кыргызстандыктар 5 миллион калк. Эл мамлекетти түзөт, 120 депутат эмес. Ушул жөнөкөй нерсени түшүнүшпөйт. Бизди эл көрсүн деген тейде 5-каналга жулунуп жатышат. Жогорку Кеңеш ал эмес, УТРКны да жөөлөп жатат, ушул тапта. Р.Отунбаева депутаттардын бул жоругуна катуу силкинди. Туура кылат, президент. Калыстык үчүн айым президенттин бул кадамына кол чабуу керек. УТРКны "5-каналдын" үстүнөн көзөмөл кылуунун артында президенттик такка жулунгандардын мүдөөлөрү турат.

"Чөп эмес, "төө"
Атаганат дейт экенсиң, арга кеткенде. Президенттик такка же бир абийири таза, элге күйгөн акылман адам аттана турган болсочу. Болжолдуу талапкерлер баягы эле алды 15 жыл арты 10 жыл бою элдин ырыскысын шимиришип, ошонусу менен журтка суук тумшук болуп бүтүшкөндөр. Бир экисин эске албаганда. Аларды жулкунтуп, элиртип жаткан арам акча, элдин ырыскысынан топтолгон ыплас көмүскө дүйнө. Буларыңдын ошол жүздөрүн өткөндө киреше жөнүндө декларация толтурушканда көрдүк го, "көчө шыпыргычтын" тапкан айлыгындай кирешени көрсөтүшкөнүн. Анан кантип ушулар мамлекеттин башчысы болуп элге кызмат кылат деп ишенесиң?




  Эмне үчүн?

"Жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат"
Эл аралык деп аталган, бирок НАТО мамлекеттеринин камчысын чапкан "Хюман Ройтс Войг" деген уюм өткөн жылы түштүктөгү окуяга дароо тумшугун салып, Кыргызстан жөнүндө ойду-тоону айтышып кеткен. Бул уюм кечээ жакында эле Киммо Кильюнен баштаган эл аралык комиссиянын киришине жол ачып берген. Ушул Хюман Ройтс Войг уюмунун ишмердүүлүнө бир апта мурда Өзбекстан Жогорку Соту Өзбекстанда өз "өнөрлөрүн" көргөзүүгө таптакыр тыйюу салып койду. "Жер ээн болсо доңуз дөбөгө чыгат" демекчи, Кыргызстанда болсо эл аралык уюмдар мамлекеттик бийликтин бир бутагына небак айланган. Бул уюмдардын айтканын айткандай, дегенин дегендей аткарып келишет, Кыргызстандын бийлиги.
2011-жылдын 17-июнунда адам укугу үчүн эл аралык федерация деген уюм (FIDH) чет элден акча алыппы, Кыргызстанда "ишмердүүлүгүн" жүргүзүп келе жаткан "Граждандык коом коррупцияга каршы", "Кылым шамы", "Адилет" деген сыяктуу укук коргоо уюмдарын учкаштырып Киммо Кильюнендин сунуштарын аткарышыңыз керек" деп, президент Р.Отунбаевага ачык кат менен кайрылышыптыр. Эмне үчүн улут аралык ынтымакка доо кетирген, эл аралык деген атка конгон уюмдун жазгандарын Кыргызстандын бийлиги аткарыш керек? Же Киммо Кильюнен биздин башкы президентпи? Бул уюм ЕККУнун алкагында келген, түштүккө.
Германияда Патрик Годвальд аттуу мыкаачы Кундуз Турсунова аттуу жердешибизди өлтүрүп, Кыргызстандын борбору болгон Бишкекте Түркиянын жараны Чолпон Орунбаева аттуу кыргыз кызын сабап жатса, кыргыз укук коргоочулары Т.Исмаилова, А.Абдрасулова, Ч.Жакуповалар үн катышпайт да, анан К.Кильюнендин камчысын чабышат.
Кыргыз бийлиги чет элден каржылаган Бей өкмөт жана жөнсүз эл аралык уюмдарды тез аранын ичинде өзбек туугандар сыяктуу жабуу керек. Таң калуучу жагдай, укук коргоочу сөрөйлөрдү Кыргызстандыктардан кимдер "крышовать" этип жатат десең? Сыягы бийликтегилердин өзүлөрү эле болсо керек. Депутаттар өздөрүнчө эле курулай күпүлдөшүп, дүпүлдөшпөй ушул маселеге көңүл бөлүүсү зарыл, тезинен.

Жапар
Эшенкулов,
Кант шаары




  Жокенин жоруктары ай…

"Оо, эврика!"
Өткөндө Жогорку Кеңеш президенттин резиденциясын Ош шаарына көчүрүү жөнүндөгү токтомун кабыл алды го. Жок жерден пайда болгон бул жорукка көпчүлүк түшүнбөй калды. Сыягы, бул саясий чечимдин артында сасык саясат жаткандай. Анжияндык депутаттар президенттин резиденциясын Ошко көчүрсөк эле президенттике аркалык талапкерлер баш тартышы мүмкүн деп ойлошсо ойлосо керек. Роза кызым азамат экен, парламенттин бул токтомун четке кагып, "президент өзү билет, кай жерде иштээрин" деп кесе жооп берди.
Болуптур, президенттин резиденциясы Ошто болсун. Бирок, Президенттин маселесинин баары борбор шаар Бишкекте. Ал өлкө башчысы катары күнүнө эл аралык уюмдардын жетекчилерин, элчилерди кабыл алат. Ал эми эл аралык уюмдардын офистери, чет элдик элчилдиктер да Бишкекте. Эгер алар президент менен жолугушкусу келишсе Ошко эч качан барбайт. Дүйнөлүк мамлекеттердин баарында президенттин резиденциясы ошол өлкөнүн борбор шаарында жайгалышат. Дүйнөлүк 2-согуш учурунда Германиянын армиясы Москвага мурду кирип калганда да өлкө башчысы И.Сталин Кремлден качкан эмес. Дүйнөлүк 1-согуш учурунда орус императору Николай II түбүнө чейин душмандары келсе да Санкт-Петергбургдан резиденциясын Уралга же Новгородго көчүргөн эмес. Ал эми айрым ведомстволорду Ошко көчүрүү деле Анжияндык депутаттардын арам амалы. Ведомства, министерстволор Ошко көчүрүлсө аркалык кадрлар ал жакка барышпайт. Алардын ордун өзүбүздүн адамдар ээлеп калат деген максат. Бул ачуу чындыктын бир жагы. Экиничиси, Өкмөт Бишкекте болгон соң министерство, ведомстволордун жетекчилери, жогорку звенодогу адистери Бишкеке чакырылат. Алардын Бишкеке келиши үчүн канча деген каражат сарпталат. Көп учурда айрым маселелерди шашылыш түрдө министерство, ведомстволор бири-бири менен өз ара макулдашуу зарылдыгы келип чыгат. Бул да ашыкча чыгым. Кокус эки же үч сутка аба ырайы бузулуп, самолет учканга мүмкүндүк жок болсо, сөзсүз иш үзгүлтүккө учурайт. Мындай чаржайыттык менен өлкө эч качан алдыга жылбайт. Тескерисинче Жогорку Кеңешти эски имаратка көчүрүп, Ак үйгө өкмөттү, бүт министерстволорду алып келгенде иш алда канча эффективдүү болмок. Ал эми президенттин аппаратын, иш башкармасын Ала-Арча резиденциясына жайгаштыруу максатка ылайыктуу.
Айтор, депутаттар бул жолу да "бөксөлүгүн" дагы бир ирээт далилдеди окшойт...

Назарбек Касымов,
Бишкек шаары


  Үтүр

БШКнын жаңы курамы төрөлдүбү?
Ырынан чыры көбөйгөн Жогорку Кеңеш өткөн аптада БШК мүчөлөрүнүн шайлады. Депутаттар берилген бюллетендердин 14үн жараксыз кылып, 16сын керектен чыгарган. (Кимдин тапшырмасы менен, кайсы фракциянын депутаттары бут тосконун түшүнүп турган чыгарсыз) Бирок, бут тосууларга карабай сунушталган талапкерлер 87 добуш менен бары өттү. "Ар-Намыстан" Туйгунаалы Абдраимов, Абдыжапар Баялинов, "Ата Мекенден" Гульнара Джурабаева, Канатбек Абдукадыров, КСДПдан Рашид Бекбасаров, "Республикадан" Айнура Шаимкулова, "Ата Журттан" Нурмамат Ашимов жана Ишенбай Кадырбеков БШКнын мүчөсү болуп бекиди. Эми президент 4 мүчөсүн парламентке сунушташы кажет.