Эркин пикир

Эң идеалдуу
"вариант"?
Акылсыз адамды арам дүйнө дөөгүрсүнтүп, көптүртүп, жексур, жандилин кылаарын мен эмес адамзат генийлери Омар Хаям, Саади, Руми, Ибн Сина, Ж.Баласагын көзгө сайып көрсөткөн эмеспи. Арам дүйнө, ачкөздүктүн айынан нечендеген падыша, хан, шах, королдор бей күнөө адамдын канын төгүшүп, шаарлар кыйрап, өрттөнүп кеткени адамзат тарыхында турат, жазылып. Өткөндө "Учур" газетасынын 2011-жылдын 9-июнундагы санына сымаптай кылтылдап турчу Мелис Эшимканов алты канат боз үйдүн үзүгүндөй маек куруптур. Макала башында сөз кылынган өткөн 7-апрель элдик көтөрүлүштөн кийин үйүндө дем тартпай, айланага кулак түрүп жатып калгандардын арасында ушул жигит да бар эле. Эми президенттик шайлоо алдында чээнден чыгып, философия, спорт, саясаттан кеп уруп гезит беттерине тумшук салып турган кези.

М.Эшимканов "мамлекет башчысы болууга К.Байболов, Ө.Текебаев, А.Атамбаев, М.Султанов, Т.Сариев, Ө.Субаналиев, А.Мадумаров татыктуу дептир, ошол маегинде. Булардын эл ичинде аброю бар дептир". Мелистин көз карашы ушундай экен, кудум кудум Шаршендин ырындай. Калкка суук тумшук болуп бүткөн адамдар кайра эле бийликке келиш керек экен, Мелис Эшимкановдун ою боюнча. Албетте, шайлоодо кимдир бирөө көп добушка ээ болот, жеңет. Орустар айтмакчы "Святое место пуста не бывает" маегин андан ары улап М.Эшимканов - Эшимкановдук көз караш менен кадр саясатын мындай чечмелептир:
"Эң идеалдуу вариант Атамбаев же Султанов президент, Кулов премьер-министр, Текебаев спикер" болушу. "Биринчи вице-премьер министрликке Т.Сариевден өткөн татыктуу адам жок деп ойлойм. ИИМ Субаналиевди күтүп" турганы, "К.Байболов сот-укук коргоо органдарын реформалоо боюнча Шамил Атахановдон жүз эссе мыкты" экени. "Юстиция же дагы бир ушундай структурага керек болсо Чолпон Жакупова эң принципиалдуу кадр" экени. А.Жапаров даяр финансы министри жана да андан аркы "анализинде" "Түндүк - түштүк балансын сактоо Бекназаров, Улукбек Ормонов, Азиз Турсунбаев, Турусбек Мамашев, Бегалы Наргозиев, Элмурза Сатыбалдиев, Бакыт Торобаевден эмнеге кызмат кызганабыз? Бай деп башка деп Нариман Тюлеевди кодулап келишет. И.Өмүркулов капа болбосун ал күчтүү кризистик - менеджер" деп бүтүрүптүр кадр маселесин.
Баракелде, М.Эшимкановдун даанышмандыгына. Кыргыз көрсө билбей жүргөн турбайбы, кимди кайсы кызматка алып барышты. Баракелде, М.Эшимкановдун Шаршендин ырын кайрадан иштеп чыгып "аранжиловкалаганына".
Тээ, Союз мезгилинде бирге окуган, азыр Россиянын бийлигинин таасирдүү журналисти болгон досума, кантсе да Оруссиянын борборунда, турбайбы, өзү да саясат чордонунда деген ой менен телефон чалып, биздеги президенттик шайлоо жөнүндө суроо салсам, ал мындай дейт, "Кыргыз эли эркиндикти жаңы жашоону каалаган күчтүү эл. Ага талаш жок. Бийлик системасын реформа кылдыңар. Бирок, силер ошол системаны жөнгө салып кетүүчү жаңы адамдар менен алмаштырганыңар жок. Кандай башкаруу системасы болбосун мейли монархиялык башкаруу, президенттик башкаруу же парламенттик башкаруу болобу баары бир ал адам факторуна байланышкан.
Азыр силерде бийликте стеоретипке өнөкөткө айланган кландардын гана күрөшү жүрүп жатат. Элиңер ХХI кылымда, бийлигиңер феодализм доорунда. Ушундай феодалдык көз караштыгы кландык саясатчыларыңар кайрадан эле бийликке келет. Ошону менен кыргыз эли эч бир прогресске жете албайт. Силердин прессаларда Россия тигил же бул саясатчыны колдоп жатыптыр деген маанайда макалалар жарык көрөт экен. Бул таптакыр чындыкка туура келбейт. Айрымдар өздөрү эле аброюн көкөлөтүш үчүн ошентишсе керек. Россия бийлиги эч кимди эч качан шайлоодо колдобойт. Россияда акчалуу бизнесмендер арбын эмеспи. Ошолор силердин кен байлыктардын үлүшүнө ээ болуш үчүн потенциалдуу жеңишке жетүүчү кандидатка акча бериши мүмкүн. Бирок, ал бат эле билинип калат. Алар да биздин коопсуздук кызматынын көзөмөлүндө болот деп атпайбы. Бул дүйнө авантюристтерден кур эмес, мына, орус журналистти Кыргызстандагы ахвалды ушундайча түшүнүп, кыргыз бийлиги менен коомдун табиятын чын дилден айтып жатат. Ал эми Эшимканов болсо алды түрмөдө отурчу, эң эле тазамын дегени мүлкүнөн ажырап, саясаттан биротоло сүрүп таштоочуларды тигил же бул кызматка идеалдуу деп жатат. Ар кимдин өз пикири бар дечи. Бирок, адилет сөз айтуу адамдын абийиринен. М.Эшимканов арсыз адамдарды аппак деп маек куруп, баягысын дагы бир ирээт далилдеди бейм. Мындайда "Горбатого могила исправить" деген орус макалын айтуу кыязы келди окшойт. 2007-жылы М.Эшимканов досу К.Карабеков менен Конституциялык сотко арыз жолдошуп, ал арызы 2006-жылы 50 миңдеген адамдардын кысымы менен кабыл алынган Конституцияны жокко чыгартып, Бакиевдик Конституцияга, "Ак-Жол" партиясын түзүүгө жол ачып берип, арызынын гонорарына УТРКнын директордук кызматын алганда кимдир бирөөлөр тарабынан Эшимканов "Злой гений" атка конгону бар. Мындай лакап кыргызда жок эле, бул кайдан келген?