Ак үй менен көк үйдө
не болуп жатат?
Шайлоо. Күтүүсүз вето. БШК башчысы. Президенттин "оюну", ушул жана башка бүгүнкү болуп жаткан аксарай жүрүштөрү тууралуу ойлордун негизинде жаралган суроолорубузга, Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Равшан Жээнбеков жооп берет.


- Равшан Бабырбекович, Президент БШКга сунуштачу төрт мүчөнү көрсөтпөй жатканы эмнеден болууда?
- Ички маалыматтар боюнча бизге 4 мүчөнүн тизмеси келген. БШКда иштеп жаткан адамдар, анын арасында азыркы төрага А.Сариев бар болчу. Бирок, бир күн калганда эмнени ойлогону белгисиз кайра талапкерлердин тизмесин алып кетишти. Ушул маселеде эки тарап талашууда. Президентти жактагандар кечээ шайланган БШКнын 8 мүчөсү мыйзамсыз десе, экинчи тарап мыйзамдуу дешүүдө. Кандай болгон күндө да муну чечишибиз керек. Бир күн калды. Эгер ушул күнү чечилбесе эки айга чейин каралбай калат. Күзүндө төрт айлык мөөнөт сакталбай, шайлоо кийинки жылга калып кетет. Эгер Президент мүчөлөрдү сунуштабаса, шайлоо быйыл болбой калуу коркунучу бар. Негизи эле менин баамымда Президенттин тегерегинде жаңы көз караштар пайда боло баштады. Алардын максаты эмнеде экени азырынча түшүнүксүз.
- Роза Отунбаева шайлоо мөөнөтүн атайын узартып жаткан жокпу?
- Шайлоо кийинки жылга кала турган болсо Президенттин кызыкчылыгына жооп бербейт. Себеби, референдумдун жыйынтыгы менен Роза Отунбаева ушул жылдын 31-декабрында кызматынан кетүүгө туура келет. Ошол күнү полномочиеси бүтөт. Эгер күзүндө шайлоо болбой калса, ошол күндөн баштап убактылуу президенттин милдетин аткаруу Жогорку Кеңештн төрагасына өтөт. Мисалы, азыр Молдовада ушундай болуп жатат. Президентти шайланбагандыктан Парламенттин төрагасы эки жылдан бери Президенттин милдетин аткарып келе жатат ит тытыш болуп. Бизде да ошондой болушу ыктымал.
- Балким, мындай интриганы Президенттин кеңешчилери кылып жаткандыр…
- Мен Президенттин оюнда жаман нерсе бар деп айта албайм. Алардын пикирине туура келбеген бир проблема чыгып калды окшойт. Мисалы, азыр бир маселеде абдан чатак жагдай жаралды. БШКнын төрагасын ким шайлары талаш жаратууда. Парламент тарабынан бекиген 12 мүчө шайлайбы же Президент бекитеби деген маселе чыкты. Админстрация жетекчилери Президент бекитиши керек дешүүдө, ал эми айрым депутаттар менен Текебаев өздөрү шайлашы керек дешүүө. Менин көз карашымча, эгер логикага, мыйзамга таяна турган болсок БШКнын башчысын Президент шайлашы керек. Анткени, Президентти арбитр деп айтып жатабыз. Экинчиден, анын өлкөдөгү таасири болуш керектигин ойлосок, БШКнын башчысын шайланган мүчөлөрдүн арасынан бекитиши керек.
- Мыйзам боюнча ким бекитиши керек экен?
- Мыйзамда так айтылбай калыптыр. Ошондуктан, эки тарап эки башка чечмелөөдө. Мындайда логикага таянышыбыз керек. Салтка карасак анда БШК башчысын Президенттин бекиткени туура болот.
- БШК мыйзамына Президент вето койгонун кантип түшүндүрө аласыз, адилеттүү болдубу?
- Бул жерде Президентке кошула албайм. Койгон веталары маанилүү эмес эле. Бармагы жок болсо маркировканы кайсы жерге койобуз, шайлоо участокторундагы адамдардын бары айлык алабы же экөөсүнө эле берилеби дегендей нерселер. Муну иш деңгээлинде гана чечип койо турган маселелер болчу. Буларды вето коюп создуктурбастан чогулуп гана чече койгондо Президентке да, парламентке да, эң негизгиси мамлекет үчүн жакшы болмок. Шайлоону өз убагында өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк.
- "Ата Мекен" партиясы буга чейин бирдиктүү көрүнүп келген эле, эмнегедир азыр ичинде тирешүүлөр, тартышуулар көбөйгөнү байкала баштады, кандай себептерден улам болууда же бөлүшө албаган нерселер көбөйдүбү?
- Бир партияда болгонубуз менен ар кимибиз өз өзүнчө "личноспуз". Ар кимибиздин өз өзүнчө көз карашыбыз бар. Жалпысынан айтканда бекембиз. Бири бирибизди сыйлайган фракциялардын бирибиз. Бирок, биздин ортобузда дагы талаш-тартыштар болот. Иштин кызыкчылыгында ар кандай пикирде болуп жатабыз. Мунун болуп турганы жакшы көрүнүш, тирүүлүктүн белгиси. Маселен, Япониянын бийликте турган либералдык же демократиялык партиялары өз ичинде коррупциялык гана маселелерди көтөрбөстөн керек болсо лидерлерине ишеним көрсөтпөй, "кетсин" деген талаптарды коюшууда. Бул жаман нерсе эмес, тескерисинче партиялардын ичиндеги демократиялык процесстердин өсүшүнүн көрсөткүчү болуп эсептелинет. Биз жаңы системага эми түшкөндүктөн, партиялардын калыптануусундагы майда нерселер элге чоң көрүнүүдө. Чындыгында булар күнүмдүк нерселер. Тескерисинче, партиялар ичиндеги демократиянын өнүгүшү.
- Алдыдагы президенттик шайлоодо "Ата Мекенден" эки, үч талапкер чыгышы ыктымалдыгы айтылууда. Сиздерде амбициялуу адамдар көппү?
- Партиядан ким чыгарын курултай чечет. Анда делегаттар кимди колдорун айтуу кыйын. Албетте, биздеги негизги талапкер Ө.Текебаев. Аны эч ким тана албайт. Текебаевден сырткары амбициялуу, перспективалуу, президенттикке татыктуу үч- төрт лидерибиз бар. Алар да өз өзүнчө чыгышы мүмкүн.
- Мүмкүн демекчи, Президенттик шайлоодон кийин Башмыйзамды өзгөртүү маселеси көтөрүлүп калсачы?
- Бизде күчтүү президенттикке басым жасаган, диктатураны туу туткан бир топ саясатчылар бар. Алардын оюнда президенттикке жетсе эле Конституцияны алмаштырып, каалаганын жасайм деген тилекте жүрүшөт. Мен бир нерсени айта алам. Президент болгон адам бат эле Конституцияны алмаштыра коюга мүмкүнчүлүгү, ресурсу, күчү да жок. Андайга президент институтунун алы жетпейт. Эгер президент күчтөнөм, парламентти же өкмөттү алсыратам дей турган болсо, анда өкмөт жана парламенттен саясий душмандарды табат. Алар президент менен сөзсүз салгылашат. 120 адамды таратам деген президенттин өзү саясий өлүккө айланып калышы мүмкүн.

Зулпукаар Сапанов




 "Тараза такмаза эмес" рубрикасынан

Каалоо болсо кардан шаар курулат…
Алдыда ажого ат салышуу мааракеси турат. Тактала элек болсо да талапкерлердин саны күндөн күнгө артып баратканы байкалат. Кооз сүйлөгөндөн башка колунан коко тыйынчалык пайда келбегендери да жулунуп жүрөт. Деген менен өлкөнүн биринчи адамы зор жоопкерчилик. Өлкө ошол инсанга карата түздөлөт. Жегичи келсе жемирип, ачкөзү келсе кемирип кетээрин кыргыз эли жакшы эле түшүнгөндөй болду.
Учурда өлкөнүн тагдыры оор кырдаалда экендигин тана албайбыз. Бюджеттин дефицити 21 миллиард сомдон ашып кетти. Көрүнгөн мамлекетке барып кайыр сураган өлкө болдук. Тышкы карызыбыз 3 миллиард долларды чапчып турат. Карыздын айынан теңата сүйлөшө албаган күңкор эл болдук. Ири мамлекеттер ички турмушубузга чейин кийлигишип, кашайта кадр маселесинен өөдө чечип турат. Стратегиялык маанилүү объектилерибиз, асыл жерлерибизден өөдө сатыкка коюлду. Бул көрүнүштөр өлкөнүн туңгуюкка чөгүп баратканын айтып жатат.
Ал эми биздин жетекчилер эмне кылып жатышат? Кайсы бир мамлекетке барып карыз сурап келгенин айтып мактанышат. Болбосо конок тосмой, же конокко бармай. Тоюнуп кетсе той беришип, марып баратышса мараке өткөрүп жатып калмай. Арадай ишин чарадай жыйын кылышат. Саясат жана популизм. Натыйжасы, кургак саясат курсак тойгузганын көрбөдүк. Анын сасык оюндары элин бакырчаак, журтун жакыр чак кылды.
Демек, өлкөгө чыныгы кожоюн керек. Жыртылганын жамаган, кетилгенин бүтөгөн, бирин эки кылып, колдо барын асырай алган бүйрө үнөмгүл, өндүрүшчү, уюштургуч зарыл. Биз уучу куру калк эмеспиз. Уул кыздар жок десек жаңылабыз. Калоо болсо кардан шаар курагандар чыгат.
Баса, каалоо демекчи. Аз аралык Бишкек шаарын Н.Тюлеев башкарып калган учуру бар. Төгүн эмес, бул инсаныбыз бүйрө экен. Ой кырынан төгүлүп, таштандыга чөмүлүп калган шаарды алеки заматта кандай деңгээлге алып келди. Ат араба жүрө албай калган көчөлөр ирээттелди, таштандыдан арылдык, көрктөлүп, жашылданып, гүлзарлуу шаар болуп чыга келди. Ушунчалык эмгек кылса да Тюлеевдин мен ушинтип койдум деп, же саясатка салып алабармандыкка алдырганын баамдаган жокпуз. Тилекке каршы шаардын чыныгы кожоюнун жайына тек коюшпады. Мындан да кыйын кылам дегендер, азырынча кыйраткандан башкага жараша элек экенин төгүн эместир.
Учурда айрым басылмалар Н.Тюлеев президенттик ат салышка барат дегендей жазып жатышат. Ошол эле учурда ал адам туурасында опсуз сындагандарга да күбө болуп жатабыз. Көр сокур болбошубуз керек. Дагы деле кургак саясатчылардын куру убадасына алдансак өлгөнүбүз ошо. Ачык сөздүн айыбы жок. Бизге учурда саясатчы керек эмес. Бизге дал ушул Тюлеевдей өндүрүшчү, экономист, уюштургуч нак кожоюн зарыл.
Ал эми Нариман мырзага айтаарыбыз, кыргыз кыйналып турганда кырчындай жигиттери уктабайт. Барам же барбайм деген эки анжылык болбойт. Демек, сиз өлкөнүн келечеги үчүн, Ата-Мекен, артыңдагы элиң үчүн белди бекем буушуң керек. Сизди колдоочулар четтен чыгат. Анткени, сиздин эмгегиңиз өткөн, аны эл билет. Баш каланы оңдогон жетекчи, башканы да оңдойт. Ал эмесе, ак жол! Биз сиздин президент болушуңузду каалайбыз. Тизгинди чойсоңуз тизмеден чыгасыз, ошондуктан арсар болбой ачык иш кылат деп күтөлү.

Аттокур Жусупов,
Кемел Ашыров,
Саадат Жээналиева,
Бишкек шаарынын
тургундары