Ташиевди торго түшүрүү планы таш капты
"Ата Журт" фракциясынын лидери К.Ташиев партиялашы Б.Сулеймановдон кечирим сурап, эркекче элдешкени аны камоого белсенген бийлик билермандарына оор тийиптир. Камайбыз деп үстөкө-босток күпүлдөп жаткандар жер чапчып эле жатат дейт. Айрымдары актанууга киришти. Көрсө, Ташиевдин кол тийбестигин алуу, камоо идеясынын ана башында премьер-министр А.Атамбаевдин идеологу Фарид Ниязовдун турганы кеп болууда. Негизи эле бийликке келгендердин башын ушуга окшогондор айландырып, кыргыздын патриот жигиттеринин башын жутуп келгени анык. Баяман, Рысбек, Раатбек деген азаматтарды эстегенде, ар бир кыргыздын ичи азыркыга дейре чок болот. Ошолор бу Алмаз мырзага сабак болгон эмес го. Болбосо эртең четөлкөгө куйругун түйчү тили буруу "азаматтардын" акылын укмак турсун, жанына жакын жолотмок эмес. Деги бийлик башындагылар ушундай шектүү адамдардан оолак болуп, кыргызга качан күйөр экен?


Эки тоонун чөбүн эңсеген Келдибеков эмне болот?
Жыйырма жылдан бери жылма саясаттын арты менен Акаев, Бакиев, Атамбаев айтор, ким бийликке келбесин тилин таап, майлуу кызматтардын май талканын чайнаган А.Келдибеков деген агабыз бар. Бийлик, байлык дегенде эт-бетинен кетерин, керек болсо досун да "сатарын" уккан элек. Жакында көрдүк. (Спикер болору менен үзөңгүлөшү К.Ташиевди жанынан оолактатып, анысы бир дуңгандын артынан жакшы эле жүдөдү. Кой-ай дегенге жарабай, кол тийбестигинен ажыратуу комиссиясын түзүп, тымпыйып отурду го чиркин). Аны менен токтободу. Ахмат мырза коалиция куроодо да канатына калкалаган досторун жакында эле сызга отургузуп кеткени айтылып жатат. Учурда болсо казак баурдаштардын колдогонуна компоюп, президенттикке жутунууда. Албетте, акыркы иштердин жүрүшүндө Ахмат агабыз кутургандай эле болуптур. Эгер чын болсо "Мегакомдун" соттук ишинде жеңишке жетишип, сокур ит бок жалагыча Камчы Көлбаевди сууруп чыгыптыр дейт. Бирок, өз кылган иши өзүнө муш болуп, бу эргулдун жүрүшү көпкө созулчудай эмес дегендер арбын. Алдангандар, чекеге сүрүлгөндөр, Келдибековго кекенгендер жөн жатпайт өңдөнөт. Албуутанган Атамбаев жакын арада аны төрагалыктан сүрүп түшүп, энесин "үч коргондон" көрсөткөнү жатыптыр дешет. Спикерлик менен эле "куйругун" кыспай, президент болуу амбициясынын айынан бу Келдибеков эми бардыгынан кур жалак калбаса болгону. Сагызган сактыгынан эмес, суктугунан дегендей болуп…


Эжекебиз эмнени эңседи?
"Акылсыз болсо кеңешчиң, айлаңдын алты кеткени" дегендей, Президент Роза Отунбаева БШК төрагасы А.Сариевдин мээси менен интрига жүргүзө койом деп, чоң балээге кабылганы калды өңдөнөт. Майда нерселерге шылтоолоп, БШКнын эски курамын сактоо айласында шайлоо мыйзамын артка кайрыган болчу. Жыйынтыгы күткөндөй болбоду. Алардын тилегин таш каптырып, парламент БШКнын 8 мүчөсүн шайлап жиберишти. Икир-чикирге комментарий берип, пресса аркылуу акыйлашып көнгөн Р.Отунбаева жөн калбай: "БШКнын 8 мүчөсүн 2008-жылы кабыл алынган мыйзамдын негизинде шайлап, коомчулуктун башын адаштырып жатат" деген кыйкырык салды. Ошол мыйзамдын негизинде референдум өтүп, парламент куралып, өзүңүз президент болуп шайланбадыңыз беле? Же сизге керектүү кезде закондор мыйзамдуу болуп, кереги жокто мыйзамсыз болуп калабы дегендерге не дээр экен?


Жай аптабындагы жаңы коалиция
Ана урайт, мына урайт болгон коалициянын өмүрүн өткөндө "Ар-Намыстын" он "сойкусу" сактап калган эле. Бирок, ал көпкө созулбачудай өңдөнөт. Тиреш, тарынычтар кайра күчөп, башбакан менен спикердин ортосунда от тутанчудай болуп туру. Анткени, казак өкмөт башчысы Карим Масимовдун Кыргызстанга болжонгон иш сапары токтоп, Парижге учуп кетиптир. Ал эми Алмаз Атамбаевдин Астанага жасай турган иш сапарын казак жетекчилери "отмена" кылыптыр. Анан эле күтүүсүз жерден Ахматбек Келдибеков Казакстанга чакырылып, ишемби күнү барып келди. Премьердин "аблому" жана спикердин ийгиликтүү сапары туурасында Акүй-Көкүйдө кызуу кеп жүрүүдө. Кээ бирлери А.Атамбаевден көңүлү калган Нураке эми А.Келдибековго ставка жасай турган болуптур десе, жок "Мегаком" казактардын "Серпеус" компаниясынын пайдасына чечилгенине ыраазылыктарын билдирүү максатында чакырышыптыр дешүүдө. Кандай болгон күндө да Ахмат мырза баурдаштарды өзүнө карай бурдурганы анык болду. Ал эми үзүлгөн алаканы жаңы гана улаганы турган А.Атамбаев оозунан жулдурган баладай болуп "көчүгүн" ташка тарс уруп, "бөрү баласы ит болбосун" эми сезгендей, коалициядан "Ата-Журтту" чыгаруу амалына кызуу киришиптир. Өзү кол куушуруп Феликске келип, бир чабарманын болсо "Ата Мекенге" жөнөткөнү айтылууда. Ошентип, жай мезгилиндеги Жогорку Кеңештин "экстренный" жыйынында "Ата-Журтсуз" же КСДПсы жок жаңы коалиция куралуу коркунучу чындыкка жакындай баштады.


Осмонакундан бет ачаар
Сизди профессор, филология илимдеринин доктору, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, мурунку элчи жана мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов эртең жаңы китебинин бет ачарына чакырат.

Бет ачар "Бета-Гурнет" ресторанында саат 11.00дө өтөт.
"Кыргызская Одиссея: до и после империи" аттуу кыргыз тарыхындагы урунттуу окуялар, эсселер, публистикалар, анда үч жолку көтөрүлүш (1916, 2005, 2010ж.ж). Китептеги негизги каармандар болуп Захруддин Бабур, Ч.Айтматов, А.Акаев, Т.Сыдыкбеков ж.б. камтылган.


"Без Бабанов" дейби?
Коалициядагы партиялар ыңгайлуу учурду күтүп, чыга качуу айласын таппай турганы ачык айтыла баштады. Бирок, жаназасын биринчи болуп окууга батына албай турушкандай. Айтымдарга караганда бардыгы Бабановдон түңүлүшүптүр. Атамбаевдин азыр ал жигитти көрөйүн деген көзү жок дейт. Атургай "Республика" партиясынын ичинде да ит тытыш күчөптүр эй! К.Исаев менен Ө.Бабанов ортосундагы тиреш чоң жараңкага айланып, жакшы жакка оодурганга болбой калыптыр. Жакында партиянын саясий кеңеши чогулуп, "Республика" партиясынын бир эмес, төрт адамдан турган тең төрагасын шайлаганы жатыптыр, албетте "без Бабанов".