АЗГЫРЫК СЕЗИМ (Уландысы. Башы өткөн санда) "Ойнош оттон ыссык" - деп жөн-жай айтылбаган экен. Экөөнүн тең көзүнө эч нерсе көрүнбөй, туман басып калгансыды. Бөтөнчө Шайырды айтсаң. Төшөк оюнунда күйөөсү Адылга алымсынбай койсо болобу. Ой-дити бүт - Талантбекте! Ал гана эмес балдарына да көңүл бурбай калбадыбы. Баарына кол шилтеп салды. Экөөнүн баягы... ээн талаада эзилишкени көз алдынан кетпейт дейсиз... Аялдын ою бузулуп, напсиси бир агылса ага тыюу салуу кыйын эле болот тура. Көзүн май басып, эч нерсе көрүнбөй калганычы. Уят ар-намыс жана абийир дегенди уруп да койбойт экен го. Бу ойноштук маселеси өтө эле азгырыктуу, алдамчы сезимдерге бекем чырмалып алат турбайбы. Бизге тааныш Шайырдын кулк-мүнөзү, жүрүш-турушу кескин өзгөрбөдүбү. Кечээги Шайыр менен бүгүнкү Шайырдын айырмасы асман менен жердей. Үй тиричилигине көңүл кош. Акыл-эси кирди-чыкты адамдай. Унутчаак да болуп кетти. Ойлуу, кабагы караманча ачылбайт. Жасаган тамак-ашы даамсиз. Палоо деп мастава жасап коёт. Сорпосунун аталадан айырмасы жок. Тузу бирде кем болсо, кээде шор. Ичкенге таптакыр жарабайт. Бөлмөлөр ачылып-чачылып жатат. Көрүнгөн жерде кир-коктор үйүлүп, дөбө-дөбө болгонун айтсаң. Ал эми өзү күзгүнүн алдынан чыксачы. Кашы-көзүн боёп, эринине эндик сүйкөп... Бир көйнөгүн чечсе, экинчисин жонуна илүүгө ашыгат. Кырк жаштагы токтолуп калган, акыл-эстүү келин эмей эле, желпилдеген секелек кыздай... Балдары апасынын жоругуна түшүнүшпөй, баштары маң. Адылдын да акылы айран... - Шайыр, деги сага эмне болуп жатат? - деп Адыл ага канча жолу суроо салды. Тигинин жообу белен: - Сага тиешеси жок! Ишиң болбосун! - Өткөн күндөрүңдү унутуп койгонсуң го? - Жаш кезде кимдер гана жаңылбайт? Аны неге эске салып жатасың?! - Мейли, анда жаш экенсиң. Кечиримдүү дейли. Азырчы? Кырк жаштын кырына келдиң. Балдарың бар... Акылыңды жыйсаңчы! - Мен эмне болупмун? - Үй-жайга, балдарга карасаң, ой! Өзүңдүн аялдык, энелик милдетиңди таптакыр эле унутуп койгонуң кандай?! - Мунун баарына... өзүң күнөөлүүсүң! - Менби? Эмне себептен? - Өзүңдүн "башыңдагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрүпсүң да, ээ?". - Бул сөзүңдү кандай түшүнсөм болот? Деги сенин не билгениң бар? - деп Адыл жанын сабай, күйүп-жанып сүйлөдү. - Сенин караманча күнөөң жокпу?.. Былтыр Бишкекке иштегени барганыңда эмне кылып жүрдүң, ыя? - Жумуш менен алек болдум. Курулушта. Дагы башка не жасамак элем? - Сайракан аттуу көлдүк келин менен сайраңдаганыңчы! - деди Шайыр эки колун бөйрөгүнө таяп, кекээр менен. - Мени билбейт дедиң беле?! Адылдын көзү чанагына чыкчудай алайды. Таң калганын айтпа, чалкасынан кулап түшөөрүнө аз эле калбадыбы, бечаранын! - Бул жөнүндө сен кимден уктуң?! - Элдин баары эле айтып жүрүшөт. Эч ким билбейт деген белең? "Шибегени капка ката албайсың!" - Мында эч кандай деле кылмыш же күнөө жок! - деди Адыл токтоо гана. - Эмне?! Ай, бети жок десе! Сайракан менен ойнош болгонуң айып эмеспи?! Акмак! Иштеп тапкан акчаңдын жарымын ошого таштап келген турбайсыңбы! Капысынан Адыл аба жарып каткырып күлүп жиберсе болобу. Жинди адамдай көпкө тынбай күлө берди... * * * ...Бир кезде ал күлкүсүн тык токтотту. Дароо олуттуу боло калды. Желкесин кашыганча бир тынымга ойго батты... Анан сөзгө кирди: - Биздин бригадада ашпозчу болуп Сайракан деген келин иштегени чын. Көлдүк экени да ырас. Бирок, биз, ал экөөбүз эч качан көңүлдөш болбогонбуз. Анткен менен ага акчалай жардам бергенимди жашырбаймын. Көп эмес, албетте. Колуман келгенин аябагам... Анын жеке өзүнүн айтымында турмушу оор жана азаптуу болгон экен. Аралашып же чогуу жашабаган соң муну мен карандай калп же кашкайган чындык деп айтуудан оолакмын. "Уккан кулакта жазык жок" - дейт. Ага боорум ооруп, аяп акчалай жардам бергенимдин эмнеси жаман? |