Шайлоо сандыгынан

Санаа же Абдылдаев, Ташиев, Мадумаров келсе эле майкөл-сүткөл болобу?
Катаал мезгилде кыргызга кандай президент керек? Албетте жакшы президент керек. Ал жакшыны кайдан табабыз, алгач азыркы учурдагы мен болом дегендердин тизмегине кайрылалы: Мадумаров, Ташиев, Келдибеков, Абдылдаев жана башкалары… Ооба тизмегине, ал эми кыргыз өлкөсүнө чыныгы тарыхый революциялык өзгөрүү жасай турган журт атасын мезгил өзү тандап алып келүүсү керек эле го, же тарыхка карабай эле азыркы мен болом дегендердин бири болуп калабы? Жогорудагы аты аталгандардын кошоматчылары шашылбай кое тургула. Кожосун колдоп, калыстыктан кеткен гезиттерге бул макаланы сунуш кылбасымды айта кетейин. Шашылып шайлай коебуз деп эки жолу эмне болдук, өзүңөр билесиңер. Андай болсо тигил тизмектегилердин кимиси Ата Түрк дагы, кимиси Темирчи. Бакиевдин жанында жүрүп, адамдар атылып, саясаттын курамы менен өнөктөшүн өрттөп жатканын, балдарын, инилерин чалчаңдатып Конституцияны тебелеп тепсегенин билмексен болуп, алардын бирине "алтын шилекей" чачырата ак тоюн башкарып жүргөнүн эстен чыгарып, Акаев кезинде "бакылдаган текени суу кечкенде маараганын" кантип кыргыз унутта калтыраар болду экен. Көрсө, бул көрүнүш кандай болсо дагы "өзүбүздүкүлөр" болсун деген эле кеп (гап) экен да. Эркекче болбой калды го деген аялдардын сөзүнө теригип, азыр машинеме түшкүлө, кандай "эркекэкендигимди жолду карай көрсөтөйүн" деп элдин көзүнчө ооздон жыгылган Ада болгур Адаханбы же зөөкүр президенттин таламын талашып бүткүл кыргыз парламентине каршы кыйкырык салып, кол шилтегилесе этика түгүл эч нерседен түшүнүгү жоктугун билдирип, таш муштумун шилтегилеген Ташиевби? А балким өлкөдө саясий өлүм көбөйгөндө мөө дебеген, дегеле оозуна талкан толтуруп алгандай оош-кыйыш окуяларга лям деп ооз ачканга жарабаган момун Абдылдаев Ата Түрк боло алабы? Ооба, кайран кыргыз бекеринен "ар кимдин көкүрөгү падыша" деген сөздү айтып калтырбагандыр… Азыр кыргызга Ата Түрк боло албаса да, жок дегенде оруска оомат алып келе алган, өз өз өлкөсүндө оор ахыбалды оңдой алган мырза Путиндей адам келиши керек, ансыз баягы эле таз кейпибизди кийип калабыз… Муну да кыргыздын төл сөзү менен айтсам "бөркүңөрдөй" эле көргүлө…
Улуу Манас кырк уруунун биримдигин айкөлдүгү менен сактай алган көрүнөт. Ата Түрк элинин тагдырын ойлогондугунан үй-бүлөлүү болуудан кечиптир. Чынгызхан керей, тангут, татар, кыпчак, монгол, төөлөс, найман дагы көптөгөн көчмөндөрдүн башын калыстыгы менен гана бириктирип, акыры деңизге карай жортуулда болуп, аяк-биягы 300 жыл евразияга (анын ичинде орусияда) Алтын Ордонун бийлигин орноткон эле. Демек, эл башына келүүчүнүн эң жогорку сапаттары болуу керек. Ошондо гана элдин иши оңолоор. Ал эми жогорку тизмектегилерди карагыла, буларда андай улуу сапаттар барбы, көрөңгөсү кандай? Жок, аларда уурулук менен уруучулуктун, байлык менен бийликке кызыгуучулуктун жыты да жок деп так кесе айта алабызбы? Ушуну унутпайлы, ансыз кыргызда азаптын келээрки мезгили башталат…. Баягы эле "ак көңүлдүн аты арыбайт, аты арыса дагы өзү жарыбайт" болуп жүрө (үрө) берүүнүн кимге кереги бар. Андан көрөкчө жалпы кыргыз биримдикте болуп, жаны ачып, калыстыкты талап кылаар мезгил келди, келмек турсун накта кези. Татыктуу адам табылбаса шайлоону жыйыштыруу керек. Же болбосо жалпы элдик курултай чакырылып, эл тагдырын эл өзү чечкидей шарт түзүлүшү абзел. Ансыз кезектеги жаңылышуунун кедергиси кыйын болот. Эл байлыгынын эсеби алынып, темирдей катуу тартип (репрессия эмес) орноосу зарыл. Алар кайсылар. Кумтөр он жылдай өз байлыгынан болгону өзү 13% алып келишти. Тамеки тармагында кыргыздардын үлүшү 0,3%. Мурунку завод-фабрикалардын Бишкек боюнча 29, Республика боюнча 132си кимге тиешелүү жана пайда келтирүүдөбү же кандайча таланып тонолгон? Кыргыз кен-байлыктарын классификациялык анализден өткөрүү жана аларды кайрадан бюджеттик салымга кирешелүүлүгүн жогорулатуу. Мына ушуларды биринчи ирээтте тартипке келтирбей туруп эч убакта экономиканы оңдоого болбосун азыркы өкмөттө түшүнгөн адам жоктой.
Эмне үчүн таланып-тонолгон кыргыз элинин байлыктары үчүн бир дагы өзүбүздүн же чет элдин бир дагы жараны алигүнчө сот жообуна тартылган жок. Маркестин "В нашем городе воров нет" дегендей эле аңгеме айтып келе жатышат. Менимче азыркы бийликтегилер стратегиялык планда ой жүгүртө албай эле, эптеп бийликти алуу жана кармап калуу жөнүндө эле кам көрүп калгандай сезилет. Мындай жол эртең эле картондон курулган үйлөрдөй кулап калаарына шек жок экендигин билбей жатышкансыйт. Кармап калса бийликти Бакиев кармап кала алат эле го, элин атканга чейин барса да… Дегеним, бийликти жалаң эле эңсөө жана амал менен эч ким көпкө кармап тура албасына ишенгидей эле болдук эле го. Бакиевдин бийлигине толук жана калыс сөзүн айта албагандар (Мадумаров, Ташиев, Абдылдаев) кантип кийинки бийликке барганы жатышат. Демек, алар деле эл башкарууда Бакиевдик ыкмаларга баргысы келип жатышат. Падышалыкка жетип калса булардын кимиси дагы канча жаранды аттыраар экен деп божомолдоого болот экен да… Болбосо элди аткан адам эң жогорку күнөөлүү деп эмне үчүн айта алышкан жок… Элди ошончолук эле апендидей алдап, Алдар көсөөлөнүүнүн да чеги болуш керектир. Баары бир эл калыс дагы, баарына акыл тараза. Ушу жолу улуу эл жаңылууга укугуң жок. Эгер ушул жолу калыстыкты туу тута албасаң анда өзүңдүн шоруң элим. Ансыз да "башы жок балапан, көзү жок көгөн" дегенчелик абалда турасың… Абайла, абайлагын элим.
Ахунбай Кошой,
юрист





  Кожокөрсүн

Байболов менен Бекназаров "көргөзгөн" снайперлер кайда?
Былтыркы Ош жана Жалал-Абаддагы коогалаңга бир жыл толуп, экинчи жылга аяк басты. Жүздөгөн адамдардын өмүрүн кыйган кандуу окуяны ичтен жана сырттан түзүлгөн бир канча комиссиялар иликтеп, түрдүүчө божомолдорун, жоромолдорун чыгарды. Аягы парламенттин талаш-тартышы, аткаминерлердин шоусуна менен бүттү. Илгеркилер айтмакчы "бээ көрдүңбү жок, төө көрдүңбү жок" дегениндей, күнөөнү бири бирине жаба салып, кийинкисине төңкөрүп, ит жыгылыш кылып коюшту. Таризинде дале болсо 90-жылдардагыдай күнөөлүүлөр жазаланбай, күнөөкөрлөр аныкталбай калат сыңары.

Мындай жыйынтык болорун мурда эле түшүнгөн карапайым кыргыз журту жыйырма жылдан бери ак терек-көк терек ойноп келаткан аткаминерлердин жүзүнө түкүрүп, баарынан биротоло түңүлгөнүн көрүп отурабыз. Өлкөнүн кайсы аймагына барбагын, азыркыларды ашатып сөгүүдө. Биздин төбөлдөрдө бычакка сап болору калбады деген эле немени көрөсүң. Бирок, караламан канча какшаганы менен булардан жакын арада кутулчудай эмес. Бири оппозиция, экинчиси бийликке секирип, душмандашып кайра жытташып, орошон "таланттардын" оромпой тепмей оюндары басылмак тургай кызычудай. Эл-жер деген түшүнүк түккө турбай, бийлик-байлык бөлүштүрүү субхатында саясий интриганын отун жагышууда.
Түштүк коогалаңы дегенде элдин дене бою дүркүрөгөнү менен бийликтегилер чымын чакканчалык көрбөгөнүнө күбө болдук. Биринин да кылы кыйшайбады. Демек, окуя кайсы бир күнү кайра тутанышы ыктымал. Анткенибиз, бир топ нерселер жашырылып, ачык айтылбай жатканы бүдөмүк ойлорду жаратууда. Маселен, Ошто от албуутанып жатканда К.Байболов жана А.Бекназаров снайперлер туурасында сөз кылган. Шаардын ар кайсы аймагында адамдардын кимдигине, улутуна карабай күм-жам кылган көзгө атарлар кармалганын да билдиришкен эле. Окуяны тутанткан ошолор дегендер да болгон. Бирок, эмнегедир кагылышууну күчөткөн деп айтылган жалданма снайперлердин сыры жабылуу бойдон калып, жиги билинбей кетти. Кимдер экенин, кайда кеткенин азыр эч ким билбейт.

Албетте, азыр кээ бирөөлөр караманча танышы мүмкүн. Бирок, снайперлер болгондугун аралаш жүргөн адамдар ачык эле тастыкоодо. Мисалы, Ички иштер министринин орун басары, ошол кезде отту өчүргөнгө орду толгус салым кошкон Курсан Асанов кармалган шектүү чет элдик адамдар учурунда улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилгендигин ырастаган билдирүүсүн ММКлардан ачыкка чыгарды. Ал, "Ош шаарында былтыркы июнь коогасы учурунда шектүү чет элдик жарандар жергиликтүү элдин жардамы менен кармалышкан. Бул боюнча бардык материалдарды чогултуп туруп, Улуттук коопсуздук кызматына өткөрүп бергенбиз" - десе, аталган окуяда чоң күч жумшап, четөлкөдөн каржыланган укук коргоочулардын тепкисинде калган Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов: "Чындыгында эле шектүү, көзгө атар чагымчылар кармалышкан, тиешелүү тартип коргоо органдарына өткөрүлүп берилген. Бирок, бардыгы көрүнүп тургандыгына карабастан айрым бир бийлик өкүлдөрү тарабынан июнь окуясына башкача бир боёк берүү аракеттери байкалат. Бул эми ички-тышкы күчтөрдүн өздөрүнүн каалоолорун таңуулап жаткандагысы деп ойлоого негиз берет. Бирок, ушул окуяларды баштан кечирген эл бул кагылышуунун башында ким тургандыгын, көзгө атарлар кимге тиешелүү болгондугун жана кармалган адамдарды кимдер акча алып туруп, чыгарып жиберишкендигин жакшы түшүнүп турат" - дегенин жалпыбыз эшиттик.
Көрүп турганыңыздай Июнь окуясына байланышкан табышмактуу жагдайлардын түйүнү Улуттук коопсуздук кызматына т.а. Отунбаева менен Атамбаевдин көздөй адамы Кеңешбек Дүйшөбаевге барып такалат. Ошол учурда колго түшүрүлгөн снайперлердин же болбосо чагымчыл диверсанттар аталган мекемеге өткөрүлүп берилгендиги боюнча бир тобу айтышууда. Коопсуздук кызматы болсо мындай маалыматтарга ишенимдүү жооп таба элекпи, айтор ак же көк дебей отуру.
Дүйшөбаевди Ош шаардык соттук-медициналык экспертиза борборунун тандырбаса керек дейбиз. Анткени, 108 адам алыскы аралыктан атылган октон каза болгонун далилдешкен. Ошол эле учурда Ош шаарындагы арак заводунун үстүнөн "Драгунов" снайпердик мылтыгы менен атып жаткан көзгө атардын алыс аралыктан тартылган тасмасы жергиликтүү тергөө органдарынын колуна түшкөнү маалым болду. Учурда бул боюнча иликтөө амалдары жүргүзүлүп жаткандыгын уктук. Бирок, мына ушуларга окшогон далилдер, тасмалар болгондугуна карабастан, күч түзүмдөрү июнь окуясындагы диверсиялык иштер менен алектенишкен снайперлер тобу болгондугу боюнча толук маалымат берүүдөн жалтайлап турушат. Эмне себептен экени азырынча белгисиз.

Памир Манас