Ислам элдик салтка каршыбы?

"Шарият эрежелери кыргыздардын көөнө каада-салтына, карманган маданиятына тыюу салабы? Ислам менен кыргыз салты бири-бирине каршыбы?" деген суроолор менен "Азаттык" композитор, журналист Түгөлбай Казаков менен Бишкектеги Ислам университетинин ректору, Абдышүкүр ажы Нарматов жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин тарых факультетинин деканы, тарых илимдеринин доктору, профессор Бектемир Жумабаевди маекке тартыптыр. Андагы урунттуу сөздөрдү айрым кыскартуу менен сунуш эттик.


Түгөлбай Казаков: - Диндин өзүнүн эрежеси бар, илгерки арабдар жазган эрежеси да бар, "Курандын" англисчеден которулган варианты менен азыркы учурдагы "Курандын" айырмасы асман менен жер болуп кетти. Ошонун баарын Мухаммед пайгамбар келип өзгөртүп берип аткан жок да. Бул ойлоно турган маселе. Экинчиден, шариатта "Алладан башка Алла жок" деп айтылат; кыргыздарга келгенде "Алладан башка Теңир жок" деп айтышат. Ушундай саясат жүргүзгөнгө болобу?
Абдышүкүр ажы Нарматов: - Биринчиден, үрп-адат шариатка баш ийет, бирок дин эч качан шариатка баш ийбейт. Албетте дин бир. "Курандын" бир тамгасы да, үтүрү да өзгөргөн эмес. Ал "Куранды" түшүргөн Алла, кыргыздын, же арабдын "Куранды" бурмалоого укугу жок. Бирок Кыргызстанда "арабдын мыйзамы башка бекен" дегени менен, кечээ эле жазуучулар, манасчылар өттү, бардыгы шариаттын жол-жобосу менен жерге коюлуп атат. Кыргыз элибиздин жакшынакай үрп-адаттары, салттары бар. Бирок, бул үрп-адаттар "Курандагы" Алла-Тааланын аятына, же пайгамбардын көрсөткөн жол жобосуна каршы келбеген кезде, ал аткарылат, ага эч каршылык болбойт.
Түгөлбай Казаков: - Ислам дини кайсы жылы негизделген?
Абдышүкүр ажы Нарматов: - 571-жылы Пайгамбар төрөлгөн. Пайгамбар 40 жашта болгондо ыйык, кереметтүү Куран Алла Тааладан жөнөтүлгөн. Дин арабга, түрккө, же башкага таандык эмес.
- Бектемир мырза, сиз цивилизациянын жетишкендиктерине таянып, ушул эки көз карашка кандай түшүндүрмө бересиз?
Бектемир Жумабаев: - Кыргыз эли байыртадан келген эл, мусулманчылыкты кабыл алганга чейин бир топ диндерди тутуп келгендиги, динчилер талашабы-талашпайбы, тарыхта белгилүү нерсе. Бүгүнкү күндө биз мусулманбыз деп кыргыздар көз жумгандан кийин мусулман жол-жобосу менен коюлуп, үрп-адатына кирип аткандан кийин шариатты да, кыргыздын нукура үрп-адатын да кармашыбыз керек.
- "Замандаш" партиясынын негиздөөчүсү, кыргыздын көрүнүктүү азаматтарынын бири Муктар Өмүракуновду Бишкекте акыркы сапарга узатуу төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин кошогу менен коштолуп турду. "Кыргыз руху" гезитинин кабарчысы Назира Салиеванын жазышынча, маркумду Ат-Башынын Калинин айылынан узатуу маалында молдо тыйып койгондуктан аялдар кошок айтышкан эмес, эркектерге өкүргөнгө уруксат берилген эмеспи?
Абдышүкүр ажы Нарматов: - Пайгамбар өзүнүн сөзүндө өкүрүүгө, ыйлаганга тыюу салат эле. Бирок күндөрдүн биринде өзүнүн баласы кичинекей Ибрагим көз жумгандан кийин пайгамбар наристени мүрзөгө коюп ыйлаган кезде, "сен бизди ыйлагандан тыюу салат элең, эмне үчүн ыйлап жатасың?" деп сурашат. Ошондо Пайгамбар өзүнүн хадисинде "көз жаш агызат, жүрөк кайгырат, бирок тилимде Кудайдын тагдырына каршы болгон сөздү сүйлөбөйм" деп жооп берет. Мунун мааниси, кээде аялдар кошок айтып жатканда "эмнеге жаш алып кеттиң, балдарымды кимге калтырдың" дегени Кудайдын тагдырына каршы. Антпестен, көкүрөгүн жыртып, бетин аймабастан, кичине ыйлаганга болот. Эң негизги маселе ыйлап жаткан кезде тилде каршы сөздөр болбош керек. Мисалы, жакында белгилүү жазуучуну узатып жаткан кезде Элмирбек "шум ажалдын боору таш экен" деп айтты. Ушуга окшогон сөздө туура эмес маани бар. Бизди бул дүйнөгө берген Алла убакыт келген кезде өзү алат. Бергенине кубанабыз, алганында дагы. Алланын тагдырына каршы сөз чыкпаш керек.
- Түгөлбай мырза, сиз ушундай пикирге кошуласызбы?
Түгөлбай Казаков: - Кыргыз эли ислам дини түптөлгөнгө чейин эле жашап келген, Орто Азиядагы эң байыркы эл. 1850-жылдарда Чокан Валиханов Кыргызстанга келгенде "ислам ибадаттарынан кыргыздардын түшүнүгү жок экен, азыр гана татар, өзбек молдолор пайда боло баштаптыр" деп жазат. Бул тарых, бул китепте жазылып турат, муну эч ким танган жок. Бүгүнкү күндө исламчылар агрессивдүү болуп атат. Сүйлөшө келгенде кагып-силкип, келесоо тутушат. Ислам дининде башка элдердин башка өлкөгө барып ошолордун каада-салтын, үрп-адатын өзгөрткөнгө укуктуу деген жери барбы? Эгер Мухаммед пайгамбар ошондой деп айтып кеткен болсо, анда ойлонолу. Кудай динден, саясаттан эркин жаратат, андан кийин барып башы байланат адамдын. Ошондон улам кыргыздар илгертеден өзүнүн эркиндиги үчүн жанын сайып келген эл. Бүгүнкү күндө кыргыздын каада-салтын өзгөртүп жиберебиз деген жакшы саясат эмес. Мисалы кыргыздар барып арабдардын жашоо-турумушун өзгөртөбүз деп аткан жок да. Эмне үчүн бул жердеги кыргыздардын турмушун арабдардын турмушуна тууралап өзгөртүш керек?
- Кыргыздын салт-адаттарын исламга ылайыктоо аракети Борбор Азия үчүн салттуу ханафийлер мектебинин Сауд Аравияда мамлекеттик идеология болгон ваххабизмге орун бошотуп жаткандай таасир эткен жокпу сизге?
Бектемир Жумабаев: - Бул бүткүл дүйнөдө байкалып жаткан процесс. Мусулман дининдеги ички агымдарды карасак: азыр Сауд Аравиясында ваххабизмдин үстөмдүгү келип атат, Пакистанда башка нерсе өкүм сүрүп атат. Ал эми Кыргыздарда бүгүн абдан өкүнүчтүү нерсе болуп атат. Себеби кыргыздардын көпчүлүгү башка диндерге кирип кетип атат. Бизге миссионерлер келип кыргыздарды башка нукка буруп атат. Ал эми даабатчылардын билим деңгээли, жүрүм-туруму адамдарды мусулман дининен кеткенге аргасыз кылып атат, үркүтүп атат.
Түгөлбай Казаков: - Мен даабатчыларды көп көрдүм, же кечээки аракечтер, же билими жок, самтыраган дамбалды кийип алган, башы бопбош балдар. Жалпы дин миссионерлери, даабатчыларды карап отуруп, алардын ичинен эң начар иштегени исламчылар экен деп койдум. Азыр ар бир той берген кыргыз, тойго эч кимди чакырбай, Абдышүкүр мырзаны, же Максат ажыны чакырып лекция окутуп атканын элестетип көргүлө. Ислам дининин аброю калат бекен, калбайт бекен бир айдан кийин? Ушундай да пропаганда болобу?
- Абдышүкүр ажы, исламдын жол-жоболору кыргыздын улуттук каада-салтына тыюу салабы деп суроо коюу мыйзамдуубу, же Сиз мындай суроого макул эмессизби?
Абдышүкүр ажы Нарматов: - Үрп-адат шариятка баш ийет, шарият үрп-адатка баш ийбейт. Кыргыздын бардык үрп-адаты, шарты туура эмес деген болбойт. Шариятка каршы эмес кээ бир жакшы салт-санааларыбыз бар. Аларды аткарыш керек.
Түгөлбай Казаков: - Башка диндин эрежелери менен келип кыргыздын каада-салтын өзгөрткөнгө эч кимдин акысы жок. Себеби бул байыркы эл, өзүнүн каада-салты, үрп-адаттары бар, ошону менен аягына чейин жашаш керек.
Бектемир Жумабаев: - Кыргыз - кыргыз менен өзүнүн тарыхын, каада-салтын сактап келген эл. Бүгүн башка элге өзүбүздү кор кылбай, өзүбүздүн байыркы салтыбызды, тарыхыбызды сактап келсек, ошондо кыргыз болуп калабыз.