Так талаш рубрикасынан

Тиреш
Дүйнөлүк державалардын бири болгон, Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү деп эсептелген (айрыкча акыркы мезгилде бардык маселелер алар кийлигишмейин чечилбей калган) Россияда да жаңы президентин шайлоо мезгилине чукулдап барат.

Аламанга ат коюу жакындаган сайын ал жакта да боло келген интригалар, божомол-имиштер, ушак-айыңдар күчүнө кирди. Айрыкча, тандемдеш Путин менен Медведев ортосундагы мамиле өзгөчө кеп болууда. Албетте, алардын ажырымын каалаган, бөлүнүп кетсе экен деген күчтөр Орусиянын ичинде да, сыртында дагы арбын. Айтор, экөөсүнүн сүйлөгөн сөздөрүнө, билдирүүлөрүнө, кыймыл аракетине карай кулак түргөндөр көбөйгөн кези.
Баам салгандардын көпчүлүгү Путин бу саам Медведевди колдобостугун, шайлоого өзү барарын кыйытышууда. Негизи эле, тамаша иретинде "Медведев президент, Путин царь" дегендей эле болуп, жүрүштөр ошого бараткандай. Анткени, Медведевдин жакында журналисттер менен болгон жолугушуусу жашырылган ушул кутучанын чекесин ачкандай болду. АКШнын "Times" басылмасы премьер-министр В.Путин кийинки шайлоого аттанарын ачык жазып, "учурда ал ойлонууда" деген божомолдору чындыкка дал келбестигин билдирди. "Times" баяндамачысы өзүнүн Кремлдеги булагына шилтеме жасап, Путин Медведевдин ийилчээктигинен тажаганын, ал эми Медведев четөлкөдө "аксак өрдөктөй" кабылдангандан тажаганын айтыптыр. Албетте, бул океандын ары жагындагы сем байкелердин жасаган кезектеги интригасыдыр.
Кызыгы, Дмитрий Медведев дагы президенттикке аттанары туурасында Москвада сөздөр жүрүүдө. Аны шайлоодо чоң-чоң олигархтар колдогону турганы жөнүндө кептер күрү күү. Медведев өзү да муну маалымат жыйынында танган жок. Таянары саясий күчтөр болорун кыйытып, кайсы бир партияга мүчө болуп каларын жашырбады. Кайсы партиялар 2008-жылы президенттикке сүрөсө, ошолорго ишенерин билдирди. Алар "Единая Россия", "Справедливая Россия", Агрардык партия жана "Гражданская сила" партиялары болгон. Демек, Медведевдин президент болор каалоосу бар.
Ушул жана башка өңүттөрдөн улам, кандай жагынан караса да (бир кезде Кремлдин алдына өзү ээрчитип келген) М.П. ортосундагы мамиле солгун тартканы байкалып барат. Путин "бирдиктүү фронт" түзүп, өз командасына старт бердиртти. Медведев өз алдынча аракетин көрүүдө. Бизге билинбегени менен Россиянын чоң саясатында да үлкөн оюндар жүрүүдө. Анын жандандыруучулары болгон тиги экөө бир болгондо, алдыдагы максаты түз болгондо элдин башын эки анжы кылып маалкатпай так айтышмак. Андай учурда кээ бир өлкөлөрдүн көктөн издегени жерден табылып, экөөсүнүн ортосунда чындап кара мышык араласа экен дегендер толтура.
Эгер шайлоодо эки дөө өз өзүнчө чыга турган болсо, талаш-тыртыш, ызы-чуу чоң болорун бөркүңүздөй көрсөңүз болот. (Бийликтин даамын татып калган немелер жөн эле туруп бербес). Анүстүнө көкүтүп, акчаны самандай сапырчулар чекеден чыгары турган иш. Окуя мындай багытта кетсе, Орусияда улутчулдук маселеси курчушу ыктымал дешүүдө. Анткени, еврей улутундагы олигархтар бир тарапка, орус чиновниктери экинчи багытка ажырашы мүмкүн дегендер да бар. Айтор, алдыдагы президенттик такты үчүн шайлоо орус туугандар үчүн да ызгаардуу болуп калышы болжолдонууда. Бирок, саясий маданияты жогору, жеке кызыкчылыктан мамлекеттикин өйдө койгон Россиянын элитасы, саясий интеллигенциясы акылсыз кадамдарга барбайт чыгаар. Биз да тынч болушун тилейбиз.

Памир Манас