Дүбүрөйт, дүбүрөйт... Чоң казат (Уландысы. Башы 2-бетте) Адахан Мадумаров Алдыдагы чон казаттын кайгуулун жаз алды менен жанына бир канча сарбоздорду (сарбоз - атчан жоокер) алып, өзү кимдир бирөөлөр "тартуулаган" кара-кашка аргымакты теминип, Анжиян тараптагы Баткен өрөөнүн кыдырып анан Алабел, Төө Ашууну ашып Бишкекти өргүү кылып бу Бугу, Саяк эли кандай абалда экен деп Кимсанбай уулу Адахан Ысыкккөлдү бир айланып чыккан. Адахан мырза өткөн жылкы кичи казатка артынан 200 миң атчан жөө аскер ээрчисе да (200 миң шайлоочу) Кыргыздын уюшкан топтору "ар кайсы" уруулардын мыктылары аны хан сарайга жолотпой коюшкан. Анын себеби, качып кеткен канкор хан менен жакындыгы болгон. Ошол канкор хандын тушунда ордону бүт ичкилик жааты ээлеп турушкан. Бийликти башка кыргыздарга тарттырып жибергенине Адахан мырзанын ичи "өрттөнүп" ошол өрт алигиче өчпөй келет. Анан калса Анжиян тарапта Адахан мырзанын ичкилик жааты арбын экен, бирок аркалыктарда анын найза саяр, кылыч шилтээр кошуну азыраак өңдөнөт. Башкы такка болчу чоң казатта Адаханды ушул кемчилдик санаага бастырып турат. "Атаңдын көрү бири кем дүйнө" же бир алганым аркалыктын кызы болсочу, эң кур дегенде бир уруу кайын-журтум чоң казатта бел болуп бербейт беле деп кейисе да керек. А бирок, кандай болсо да, "Алла, ата арбагы колдо, жигит пири шаймерден колдо" деп чоң казатка аттанчунун бири ушул Адахан мырза экенин тана албайбыз. Камчыбек Ташиев Кимсанбай акенин уулу кайгуулда жүргөнүн угуп Камчыбек Ташиев ордо шаар Бишкектин бир чоң кафесине үч эли казы чыккан бир боз бээнин этин астырып, ал жерге Бишкекте жашаган уруулаштары үч багыштан тараган Ожубак, Төбөй, Чокмордун уул кыздарын чакырып меймандады. Ошол жерде Камчыбек датканын (датка - депутат деген маани - авт.) бир акасы: "Туугандар бизден деле президент чыгышы керек, мына Камчы укабызды президенттикке көтөрөбүз" деп айткан эле. Ошондон кийин эле Камчыбек датка жанына тандалма жигиттерди алып ал дагы кайгуулда жүрүп келди. Камчыбек датка бул саам кайгуулда кыйла күн жүрүп, кайтып келээри менен ордодо былтыркы түштүк коогалаңынын сурагы жүрүп, ал жерден "былтыркы кыргыз өзбек согушуна ким күнөөлү?" деп бир топ күпүлдөп алды. Анын бул күпүлдөшү: "мен чоң казатка аттанам" деген ишараты эле. "Диванда" (парламент - авт.) Камчыбек датканы колдой турган Садыр датка (Жапаров), Мыктыбек датка (Абдылдаев) сыяктуулары бар. Сыягы Мыктыбек Абдылдаев чоң казатта акыл берип "Ата Журттун" туусунун түбүндө отурат окшойт. (буурул чачын сеңселтип) Баса, Камчыбек датка ала жазда дунган тайпасынын даткасы Бахадыр Сулаймановго кол көтөргөн жайы бар экен, ошону кектешип Алманбеттей кара кытайдан качып келген дунган тайпасы "Камчыбек датканын колуна кирбейбиз, билгенин кылып алсын, керек болсо түпкү ажого (БУУ) даттанабыз" - деп жатышат дейт. Марат Султанов Камчыбек датка чоң казатта жеңишке жетишиши өтө күмөндүү дегендер да толтура. "Ата Журт" кошунунан Марат Султанов деген датка да чоң казатка аттанганы турат, Камчыбек даткадан кыйла күчтүү кошундуу болуп кетип. Анан да чоң казатта Мараттын колуна кошулчу сакадай бою бар, салмактуу делген Нариман Тюлеев датка кошулмакчы болуп турат. (Марат датканын эли Алайда. Ошол жакта Нойгут журту Акбалта, Чубактын тукумдары Адигине аталышат азыр). Айтмакчы өткөндө Бугу айылындагы Адигине элинен жоон топ адам Бишкеке келишип "кыргыз ажолугуна татыктуу биздин Марат даткабыз деп, Нариман Тюлеев датка болсо, ордо шаарды кайра колуна алсын. Чоң казатка бүт журтубуз менен аттанып беребиз" - деп кетишкен жайы бар. Алайдан дабыраган даткалары парламентте көп. Исмаил датка, (Исаков), Нурлан датка (Сулайманов), сыяктуу 14 датка жүрөт. Төрүндө даткаларды тейлеп Акматбек датка (Келдибеков - авт.) отурат. Бу киши Марат датка менен таяке - жээн болот. Акматбек датка тууганын же шилекей алышкан досу Камчыбек датканы колдойбу азырынча белгисиз. Бирок, Алайдын журтунун жарымы ичкилик, Адахан мырзанын туугандары. Демек, чоң казат башталса парламенттеги ичкилик даткалар, ал жактагы элдер да "Адахан! Адахан!" - деп ураан чакырып, капталдан Мараттын колуна капыстан кол салып ийиши да мүмкүн. Марат датка муну жакшы билет. Азыр көп маселелердин бирден бири болгон ушул маселенин амалын таба албай жатса керек , сыягы. Бирок, чоң казат алдында Марат датка Камчыбек даткадай "ач айкырык" салбай турат негедир, өзүнүн бир билгени бар өңдөнөт. Мараттын ишенген жоросу, жолдошу Нариман датка өзүнүн Теңир-Тоодогу Тынымсейит тайпасына улам киши чаптырып, кошундун камын, жоо камын, жол азыгын көрүп, баатырлар согушка минүүчү аргымактардын терин алып, таңашырып аткан кези дейт. Аликбек Жекшенкулов Былтыркы кичи казатта жеңилгендин ээсин эми берем, чоң казатта жеңишке жетишип ордого салтанат менен түшүп, "Акыйкаттын көк туусун ордонун 7-кабатына илем" - деп Аликбек Жекшенкулов да бирдемени баштаган турат окшойт… Акылга бай агаларынын, ителгидей зуулдаган, бүркүттөй алгыр инилеринин кеңешин укса, ата - бабасынын ураанын чакырып, "коррупционерлерди бүт чабам, катуудан казанын, жумшактан күлүн сапырам" - деп үнүн бийик чыгарып өктөм болсо, түлкү болуп бүткөн саясатчы сөрөйлөрдүн, илгерки атка минерлердин сөзүнөн, кеңешинен оолак болсо, "кайран кеменгер Абдрахман уулу Жусуптун түптөгөн ордосун өңгөй "каргалар" уялап алды, элимди тентитти" - деп ачуу сөзүн айтса, чоң казаттагы жеңиш Аликбек элчиге жакындамак. Эгер анте албаса азаматтардын күчү, аргымактардын туягы бекер кетээр, жыртылаар. Аликбек элчи кезинде акыйкат орнотом деп зулум хандын каарына калып, 6 ай зынданда жатып, андан соң алтын теңгеси жок, жоо жарагы да кемчил болуп былтыркы кичи казатта жеңилип калган. Эми чоң казат алдында камды башкача баштады. Тээ алыскы жердеги дини башка каапырлар Американын Ала-Тоодогу авиабазасын эл макул болсо, кайра артка учуруп жибериш керек деп айтты дейт, жакында. Манас бабабыз менен үзөнгүлөш болгон Эркөкчөнүн тукуму казак журтунун ханы Нурсултанга кат жазып: "Борбор Азиянын чөлкөмүндө түрк атанын балдарына, фарен (Таджикистан - авт.) элине ажо болуп бериңиз" - деди, ызаат менен. Бул мырза бир эле Нурсултан ханга кат жибербестен, (Американын алп кара куштарын учуруп жиберүү керек) дегенине караганда Батыштагы коңкогой мурун, чуңкур көз, князь Игордун урпактары орустар менен жакшы болом дегендей да ишараат жасады. Алмазбек Атамбаев Ачкалыктан эли ыргалып турса да, азыркы ордонун башкы вазири Шаршендин уулу Алмазбек да чоң казатка аттана турган болду окшойт. Улам аргымактарды, буудандарды алмаштырып минип ал да өзүнчө кайгуул сала баштады, 3 күндүк жолду чай кайнамда басып өтүп. Анан эмне экен, ордонун алтын, күмүш акчасы, айтуяктары даяр турса. Алмазбек баш вазирдин колу арбын. Ордодо өзүнө баш ийген даяр жүз башы, миң башылары турат. Талас тарапта Кытай тайпасы, Сары-Өзөн Чүйдө Солто тайпалары турат, шайма - шай болушуп. Өйдөкү - ылдыйкыларга салыштырмалуу Алмазбек вазирдин жоо жарагы даяр. Ооруктар Анжиян, аркада камсыз. Согушта жарат алчу баатырларды дарылоочу жайлар да түгөлү менен. Айтмакчы, Ханыша РИО "вазириме казатта өзүнчө кол болсун" дедиби жакында Ала-Тоодо байыр алып калган дини башка орус, өзбек, уйгур, казак, украин, таджик, дунган деги койчу башка тайпалардын жүз башыларынын курултайын чакырып кеңеш кура турган болду. Бул тайпалардын жүз башы, миң башылары "Хоп, хорошо, майли, хома" - деп макул болуп туру, (аларың кандай бийик болсо да ошентип келишкен. Деген менен казаттын өз да мыйзамы бар. Эгер Алмазбек вазир күчкө салып күрөштүн эрежесин бузуп жиберсе кыргыз тайпаларынын ичинде башка казат башталып кетиши да мүмкүн, астапыр Алла, Кудай өзүң сактай көр!.. Акылбек Жапаров Кадимки Ормон хандын элинен Үмөтаалы өктөмдүн жеринен чыккан миллиондогон сандарды жаңгактай чаккан, бою бир карыш, сөзү миң карыш Акылбек датка (Жапаров) да чоң казатка аттана турган болуптур. "Желмогуздун чоңунан кичинеси жаман" дегендей мындан 6 жыл илгери Акылбек Кара Кочкордо кыргызга 25 жыл ажо болгон Турдакундан даткалыкты талашып, чырдашып, ак келте, кара келте мылтык көтөрө чуркашып, караңгыда жаш балдарды чырылдатып, бөкчөңдөгөн кемпир-чалды кырылдатып үшүн алып, ошол кылыгы 6 жылдан кийин чоң казатка аттанаарда эсине түшүп, атасы Турдакунга ак кементай жаап, башына сеңселген суусар тебетей кийгизип, чөгөлөбөсө да кечирим сурап койгон, бир ай мурун. Ал анын эл алдында, камчысын мойнуна салганы болгон. "Алдыңа түшсө атаңдын кунун кеч" деп, 93 жаштагы Турдакун карыя да Акылбек датканы кечирген эле. Акылбек датка учурда Теңир-Тоого кароол коюп өзү акмалап, дагы кайсы жерге кароол кое берсем болот деп турат. Сыягы, башка жерлерге кароолду нөөкөрлөрү коет, сыяктанат. Акылбек датка 2005-жылкы ак келте, кара келтелердин атылбай калган окторун ушул чоң казатта жаадырат окшойт. Лайлаху иллала! Темирбек Асанбеков Күздө, чоң казатта ат туягынан кара жер эзилип, азаматтардын жонунан кара тер кетип, таноолорунан көк түтүн чыкмай болду. Себеби, күздөгү чоң казатка жаштыгы, белинде күчү, билегинде каруусу бар Асанбек уулу Темирбек деген жаш баатыр да катыша турган болуптур, билегине бүлдүркөн илип, наркескен кылычты уучтай кармап. Темирбектин темингени тулпар ат, үстүндөгү зоотусу кош кабат экен. Жандагандары жалаң кайкашка жаш баатырлар дейт. Өзү кыйла жыл Оруссия тарапта жүрүп жаа атканды, кылыч шилтегенди, найза сайганды үйрөнүп, алтын, күмүш теңгени үйүптүр. Өткөн жылкы кичи казатта жалаң карт баатырлар менен кармашып жеңилип калган. Бирок, кыргыз жеринде согуш өнөрүн өздөштүрүп калган жайы бар. Ошондо мертинип калганбы андан бери жортуулга чыга элек. Ордодо "кара сүргүн" болуп жатса да үн катпайт. Бала баатыр Темирбектин ишенген кошундары көлдүн эли, анан да жаш жоокерлер дейт. Орус тараптан кезинде Акбар али деген да бир баатыр эки ирээт чоң казатка катышкан, Путин берген грамотасын көтөрүп алып. Кыргызга азаттык алып берем деп. Анан жеңилгенден кийин эле дайны чыкпай кетет. Темирбек баатыр да ошонун түгөйү болбосо болду. Жолдошбек Токоев |