Кесиптеш

"Советский" журналист
Садырбек Чериков деген ачакей тилдүү, кыргызча-орусча аралаш түш жоручу журналист бар. Өзү ушундай ыскыромный киши дейсиң, эч бир жутунбайт да төш какпайт. Акыры-ын, калеминин учун шилекейлеп алып жаза берет, жаза берет. Бир карасаң кыргыз гезиттерде жүрөт, дагы бир кейпин орус басылмаларынан, интернет-сайттарынан, Москванын, Американын маалымат каражаттарынан көрүп калабыз. Өзүнчөле бир кейипкер неме, жарыктык Садыкебиз. Жеке өзүнө тиешеси жок нерсеге деле кейий бермейи бар. Кулк-мүнөзү баеороок, советский тарбияланып калган киши. Ташы ылдый кулап, алапайын таппай калгандар жанына баткан жалганга жооп бердиргенге Чериковду күндүз чырак менен издеп калышат дешет, билгендер. Себеби, Садыкең өзү арам иштерге аралашпай таза жүргөндөктөн, сөзү да өтүмдүү, кыргыз-орус маалымат айдыңында кадыры да бир топ.
Былтыркыле апрель ыңкылабынан кийин, анан Ош коогалаңынан үрөйлөрү учкан кошуналар кыргыздарды туш тарабынан чектерин бекитип, туюкка кептеп салганда айласы куруган Убактылуу өкмөт окшошконго мушташкан болуп, маалымат соккусунун алдында калбады беле. Кыргыздарды тимеле желмогузудай кылып салышты го, өзүбүздүнеле тили буруулар жана четтиктер. Шондо Отунбаева баш болуп, Атамбаев төш болуп, жардамчыларына Чериковду таптырып: "Өзүң кол кабыш кылбасаң болбой калды, өлдүк", деп арманын айттырып ийишиптир. Анда Сакең калемин адатынча шашпай колго алып туруп, Нуракенин эсине кыргыз-казак жаралгандан эле эгиз болуп туулганын, нечен душманга каршы чогуу турганын эсине салып, казактын Эр Көкчөсү Манастын ишенген досу болгонун, анан кечээ жакындале отузунчу жылдарда казактар ачкадан ичтери көөп карарып кеткенде кыргыздар акыркы нанын бөлүшүп жешкенин, а бүгүн минтип касыңызды тигип калганыңызга жол болсун деп, ой-да бир орусчасынан одураңдап койбоспу. Сакебиздин шол макаласы "Центразия" сайтынан чыккандын эртесиле казак баурдастар "Кордайын" кошуп, дагы эки-үч чек ара постун ачып беришпедиби.
Кеп соңунда каалаганыбыз - кыргыз үчүн ар дайым кыргызчасынан да, орусчасынан да тик туруп берген Садыкебиз шул калыбынан жазбасын, калеминен бал таамп турсун демекчибиз.

"Айгай-пресс"
гезити




  Саясереп

Улуттук аң сезим ойгонсо, өнүгүү башталат
Чындыгында мурдагы ыраматалык СССР эки континентте жайгашканы, ага жараша Союзга кирген республикалар Москванын аркасы менен европача өөрчүп-өнүгүп келгени бүгүн шыбага болуп жатат десек болот. Эгерде орус падышасы бизди койнуна катып калбаганда, көчмөнчүлүктөн мамлекетте жашаганды аз да болсо үйрөтпөгөндө, ал эми коммунисттер темирдей тартипке салып кетпегенде, илгертен уруу-урукка бөлүнө салгылашып чабышкан, биринин малын экинчиси чаап алганды, дагы хан, манап тукумдарын, эр-азаматтарын барымтага алганды эрдик катары санап келген кыкеңдер гана эмес, Борбор Азия чөлкөмүндө отурукташып калган башка элдер да азыркы Оогандын так эле өзү болуп калмак экенбиз. Айырмасы, Ооганда пушту, урду, дарий, хазарей, вазирий, белуджи болуп чабышып келсе, кыргыздар бугу, солто, сарыбагыш, саяк, черик, кушчу, саруу, ага кошуп, ичкилик-аркалык болуп, акркы кыргыз калгыча кырылышмак. Себеби, өлүп баратсак да курулай намыстанган, кек кууган бир укмуш эл экенбиз. Аныбыз азыркыга дейре билинип жүрбөйбү. Коалиция, оппозиция, акаевчи, бакиевчи деп ыркырашып келатканыбыз, алакандай мамлекетибизге эмдигиче толук ээ боло албай келгенибиз, улам бир державанын оозун карап калган оома саясатыбыз буга акйкын күбө.
Ошентип, Орусиянын аркасы менен түзүлгөн Советтер Союзунун бир бучкагы болсок да, дүйнө маданиятына, тарыхына, экономикасына аралашып келген Кыргызстаныбыз эгемендик алгандан бери бутуна оңураак тура албай, өз алдынча мамлекет катары тушоосу кесилгени менен бир мүдүрүлүп, кайра басып, айтор там-туң келатабыз. Көрсө, эгемендик алыш бир башка, ал эми ошол эгемендикти түптөп, ага кан жүгүртүш таптакыр башка тура. Бул жерде "акаевчил", "бакиевчил", отунбаевачыл" деген сыяктуу ар кандай "чылыктардан" бийик туруп, мамлекеттин, элдин таламдарында мындан аркыбызга ой жүгүртсөк, укмуштай кызыктуу башатта турабыз.
Кызыктуу дегенибиз, биринчиден, 20 жылга жакын эгемен жашообузда эми, апрель ыңкылабынан кийин гана эл аралык аброюубуз, улут катары кадыр-баркыбыз, ар-намысыбыздын наркы чындап баалана баштады. Ал эми башкаларды селт эттиргени: кыргыз деген эл, ал намыска жаралганын, октон да кайра тартпаган эр-азаматтары бар экендигин былтыркы накта элдик ыңкылап, анан, канчалык кесир угулса да, түштүктөгү коогалуу жаңжал ташка тамга баскандай дааналап койгонун айтууга тийишпиз. Анткени, дал ошол Ош окуяларында бытырап, чачырап качпастан, кайра чыйралып, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгара катылгандын катыгын берген түштүктөгү бир боорлорубуздун эрдигин байкап-баамдаган четтиктер албетте, буга баары эле кубанбаганы айдан ачык. Койнуна котур ташын каткандар жаалдана бүт дүйнөгө айкырып-кыйкырып, "кыргыздар жырткыч, айбан, киши өлтүргүч!" деп жарыялагыча шашты.
Кыргыздардын жек көрүндү бийликти адегенде ыңкылап аркылуу талкалап, анабашыларын өлкөдөн кууп чыкканы, анан, эзелки кегин алууну көксөп, түштүгүбүзгө кыргын салгандардын сазайын колуна бергени, биринчиден, айрым арам санаган кошуналарды эсине келтирсе, экинчиден, тыштан көз салып турган ири да, чакан да мамлекеттерди терең ойлонткону анык. Былтыркы бийлик алмашкандагы дагы бир маанилүү жагдай: Кыргызстанда ар кандай кызыкчылыктары бар ири мамлекеттердин биздеги саясий абалдын олку-солкулугуна, жаңы бийликтин бошоңдугуна, экономиканын мышык ыйлатаар абалына да карабастан, өз ара жарышып, улам бири биз менен алака түзгөнгө ашыкканы дал ошол кыргыздын улуттук аң-сезиминин ойгонгонуна таң бергенинен улам болууда. Муну терең ойлонгондор, саясий сабаты, табити бийик тараптар гана чындап байкай алышты. Себеби, кандай гана чарбалык өнүгүү болбосун, адегенде жалпы элдин улуттук, жарандык аң-сезиминин ойгонушунан, анын улам өөрчүшүнөн, ошол улуттук угуттан башаттанган эмгектенүү жигеринен башталаары тарыхтан белгилүү. Мисалы, саясаттан тышкары алып, кубаттуу мамлекет катары кайра жаралыш жагынан карасак, дүйнөлүк биринчи согушта утулгандан кийин бытырап бөлүнүп, мамлекеттигинен ажырап, мүңкүрөп калган Германиянын кайра жанданышы, өнөр жайынын дүркүрөп өнүгүшү, анан, кубаттуу милитаристтик өлкөгө айланышы дал немистердин улуттук аң-сезимин ойготуудан, дүркүрөп өнүктүрүүдөн башталганы жалпыга маалым. Ушунун баарынын башында Германиянын улуттук-социалисттик партиясы жана аны түптөгөн Мартин Борман турган.
Ошол партия кийин "нацисттик", "фашисттик" деген жаман атка кабылып, адамзатка каршы саясаты үчүн Нюрнберг трибуналында соттолуп, түп-тамырынан жоюлбадыбы. Кыскасы, тарыхтан өз энчисин алды. Бирок, биринчи дүйнөлүк согуштан кийин дал биздеги уруу-урукка, ичкилик-аркалыкка, түндүк-түштүккө бөлүнгөндөй Саксония, Эльзас-Лотарингия, Рейн-Вестфалия, Бавария, Чыгыш Пруссия жерликтерине бытырап кеткен немистерди кайрадан бир мамлекетке бириктирүүдөгү тарыхый милдетин аткарып кетти.
Ал эми Кыргызстандагы соңку окуяларды калыс, адилет байкагандар жана пейили түздөр чын баасын берүүдө. Атап айтканда, жердешибиз, техника илимдеринин доктору Наталья Калинина былтыркы Ош коогалаңынын изи сууй электе "Центразия.ру" сайтына жазган "Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларга карата - революция эволюциялык жүрүштүн учуру " аттуу макаласында мындай дейт: "Айрым ичи тар байкоочулар өлкө түштүгүндөгү денени дүркүрөткөн кырдаалга карата коомдо келип чыккан жагымдуу жылыштарды негедир, байкагылары келишпейт. Атап айтканда, жагымдуу жылыштар булар: өз алдынча уюша билүүнүн ар кандай көрүнүштөрүнөн келип чыккан кубаттуу атуулдук кыймыл; жаштардын улуттук айырмалыктарына карабастан жигердүү аракеттенген кошундарга биригиши; жапа чеккен аймактарга гуманитардык жардам берүүдөгү жалпы элдик кыймыл; көздөрүнөн өз ара күйүмдүүлүк нуру чачыраган адамдардын ажарлуу жүздөрү; бул - карапайым жарандардын жигердүү турмуштук турум-тутумунун ойгонушу жана биздин жалпы келечекке карата оң жылыштарга карай жанган үмүттөрү".
Улуту башка болсо да, "Кыргызстан - жалпы үйүбүз" эмес, "Кыргызстан - Мекенибиз" деген мекендеш, дилдеш, пейилдеш-санаалаш адал жердештерибиздин ою, турум-тутуму ушундай болуп турганда, өзүбүз ич ара ыркырашып, саясатташып, бөлүнүп-жарылып атканыбыз акылга сыйбаган иш болууда. Ушуну биздеги саясий партиялар эстерине бекем түйүп, тири суук трайбализмди мындан ары колдонгонду унутушса, өзүлөрүнүн өсөөрүнө жакшы болоор эле. Себеби, карапайым эл да чыныгы көрөңгөлүү саясат кандай болоорун билип, сезип калды.
Биздеги окуяларга калыс караган илимпоздун жогорудагы тыянактарын чечмелесек, кыргыз элинин улуттук аң-сезимин башкаларды кырып-жоюу, эптеп эле кууп чыгуу жагына эмес, адегенде ички дүйнөбүздү жаңыртып, тазартуу, мындайча айтканда адалдантуу зарыл. Же Топчукенин топук тилине салсак, ар бирибиз "люстрацияланышыбыз" керек. Дагы жалпагыраак тилге салганда, өзүбүздү башкалар суктангыдай, "капырай, кыргыз деген ушундай кыйын да, маданияттуу да эл тура!" дегидей алып жүргөнгө үйрөнсөк. Анан немистей так, айтканыбызды айткандай болтурсак. Ошондо, дүйнө күркүлдөрү бизге чакыртпастан келип, инвестицияларын төгүп салат. Азырынча андай болбой жатат. Бирок, үмүтсүз шайтан гана жашай алат. Андыктан, кантсе да алгалообуздун алгачкы чыйыры салынды десек болот. Ал чыйыр - улуттук аң-сезимдин, ар-намыстын ойгоно башташы.

Садырбек Чериков