Андирчик - Мундирчик Терикпечи Текебаев… "Кара сүргүндө" Ө.Текебаев сурактан кутулуп турду. Себеби, ал "мен Конституциянын долбоору менен иштеп жаткам" деп чыга бермек. Бирок, ал сөз алып сүйлөп: "өткөн жылкы июнь окуясына К.Бакиев, сеператисттер, реваншистер күнөөлүү. Ошентсе да, шайлоо ачык-айкын өтүп, түрмөдө чирүүчүлөр бул жерде отурасыңар" деген оюн айтты. Ө.Текебаевдин бул сөзүнө карата да суроо туулат. Убактылуу өкмөт ушунчалык эле гениалдуу адамдар болсо, анда алар өзү айтып жаткан түрмөдө чирүүчүлөрдүн бийликке келишине эмнеге жол беришти? Түрмөдө чирүүчүлөрдүн сулуу көздөрү үчүнбү же арбын акчасы үчүнбү? Чыккынчылык менен Бакиевдер өлкөдөн чыгарылгандан кийин, июнь окуясы тынчып калгандан кийин деле Бакиевдик реваншистерди бийликке кайра келтирбеске мүмкүнчүлүк бар болчу, бирок бул ишти аткарууга Убактылуу өкмөттүн акылы, духтары жеткен жок. Баса, Ө.Текебаев "Бакиевдин жанында 500 аткыч бар эле. Ал бийликти кайра алууга аракет кылган, ошон үчүн үч өлкөнүн жардамы менен (Казакстан, Россия, АКШ) Бакиев сырка чыгарылып кетти" - дей салды. Бул эч бир ишенээрлик сөз эмес. 7-апрель күнү Акүйдүн ичинде, сыртында тишине чейин куралданган УКК (ГКНБ), Мамлекеттик күзөт кызматы (СГО), армиянын өкүлдөрү, баардыгы 2000 куралчан адам элге каршылык көрсөтүп турганда да канкор Бакиев Жалал-Абадка качкан. "Качкан жоону катын саят" дейт кыргыз макалы. Убактылуулардын эркектери ушул макалда айтылгандай аялзатка теңеле албай коюшкан. (Мындайда алар Отунбаеваны сындагандан уялышы керек-ред.) 2011-жылы 8-апрелде армия элге өткөн соң Бакиев Тейит айылына туруп алып бийликти эч качан ала албайт болчу. Канкордун 500 куралчанына танка же пушканын 2 снаряды эле жетиштүү болмок. Убактылуулар ириде АКШ президенти Б.Обамага, анан Д.Медведевге, Н.Назарбаевге жагыныш үчүн алар айтканды аткарышкан. Ким ишенет, 500 куралчан менен Бакиев Жалал -Абаддан Бишкеке кайтып келет эле деп. Бул сөз кадырэсе жөөлүгөндүк. Айтмакчы, Бакиев өзүнүн үй-бүлөөсү менен самолет менен чыгып кеткеден кийин 500 куралчандын бирөөсү кармалдыбы? Же алар Эртөштүкчө жер алдына түшүп кетиштиби? Бул иш боюнча бийлик эч бир маалымат бере элек, бир жылдан ашса да. Ж.Жолдошева: "Мен өзүмдүн атымдан А.Акаевдин, К.Бакиевдин атынан элден кечирим сурайм" - деди. "Айгай-пресс" - мыйзамдуу суроо туулат. Бул депутат өзү кемчилдик кетирсе кечирим сурасын, бирок А.Акаев, К.Бакиев үчүн эмнеге кечирим сурайт? Же А.Акаев, К.Бакиев: Сиз биздин атыбыздан элден кечирим сураңыз деп телефон чалдыбы? Адата А.Акаев Кыргызстанда тигил же бул окуя жөнүндө оюн ММК аркылуу өзү билдирчү эле. Элди да майрамы менен куттуктап койчу, бирөөлөрдү ортого салбай эле. Ж.Жолдошеванын жоругу жомокко окшоп турат го. Кильюнен. Акыркы аккорд. Топчукеден "тоо буурчак" Жогорку Кеңештин депутаттары июнь окуясы боюнча Эл аралык комиссиянын отчетун сынга алып, анда комиссия жетекчиси К.Кильюненди өлкөгө киргизбөөгө чечим кабыл алгандыгы белгилүү. Бирок, "Жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат" дегендей, эл аралык комиссия Кыргызстанда элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн бийлик жок экендигине, бийлик өз кызыкчылыктары үчүн бөлүшүп алган кландык гана топтор бар экендигин жакшы билгендиктен, чыныгы фактыны бурмалаган отчетун каалагандай жазган. Эгерде элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн бийлик болсо, алар отчет жазмак турсун өлкөгө киргенге ынтызаар болмок эмес. Эл аралык комиссия Кыргызстандын бийлиги жок экенин, жер ээн экенин жакшы билишкен. Жогоруда айтылгандай июнь окуясын көзүткөн, бирок бийлик өкүлдөрү оозу күйчүдөй атын ачык айта албай жаткан үчүнчү сырткы күчтөр ушул эл аралык комиссияны түзүшкөн мамлекеттер. (Россияны кошпогондо). Айтмакчы, Т.Тургуналиев Жогорку Кеңештин жыйынында июнь окуясын иликтеген эл аралык комиссиянын жетекчиси К.Кильюнен Б.Батыровдон көп акча алганын кайсы бир Финляндия газетасы жазып чыгыптыр деп айтып чыкты. Т.Тургуналиевдин бул айтканы ишенимсиз. Комиссия кайдагы бир качкындан акча алам деп өз аброюн булгабайт. Комиссиянын артында ири державалар турат. Комиссия ошол мамлекеттердин кызматынын көзөмөлүндө иштешет. Отчет К.Батыровдун эрки менен эмес, комиссиянын курамын түзгөн мамлекеттин тышкы саясатынын алкагында даярдалат. Т.Тургуналиев түндүктөгү Финляндия мамлекетинин белгисиз бир газетасын оозго албай, ушул жерде Ж.Салахудинов кимге акча берип Кыргызстандан чыгып кеткен? - деген сөздү оозго алса болмок. Сунуш суурулганда Өткөн жылкы Кыргызстандын түштүк аймагындагы кандуу окуя боюнча Жогорку Кеңештин комиссиясынын сунушу боюнча моюндарына сыйыртмак салынуучу Борбордук жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлери төмөндөгүлөр: Кызматынан четтетилсин дегендер: К.Дүйшебаев - УКМК төрагасы Б.Алымбеков - ИИМ орун басары М.Бекенов - өткөн жылы УКМКнын биринчи орун басары, азыр өкмөттүн аппаратынын бөлүм башчысы К.Мусаев - өткөн жылы УКМК ага оперативдик кызматынын начальниги, азыр УКМКнын орун басары. М.Турганбаев - ИИМ орун басары С.Өмүрзаков - өткөн жылы ИИМ орун басары, азыр ИИМдин Москвадагы өкүлү А.Кудайбердиев - азыр Коргоо министри, өткөн жылы коргоо министринин биринчи орун басары Т.Өмүралиев - Коргоо министринин биринчи орун басары Р.Мырзакматов - чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Тоо томкоруп... Мөжүн-өө, карап көрөсүзбү? Парламенттик комиссия президентке, өкмөт башчысына төмөндөгүлөрдү ээлеген кызматына ылайыктуулугун карап көрүүнү жана жаза колдонууну сунуш этти: 1. Э.Каптагаев - Президенттин аппарат жетекчиси 2. Б.Табалдиев - Президенттин аппаратынын бөлүм башчысы 3. Б.Асанов - Жалал-Абад областынын губернатору 4. С.Жээнбеков - Ош областынын губернатору Парламенттик комиссия президентке жана өкмөт башчысына Ош шаарынын мэри М.Мырзакматовдун өткөн жылкы кандуу окуяны токтотууга көргөн аракетин эске алып, ошого жараша чара колдонууну сунуштады. Жогорудагы кызматынан кетүүчүлөр менен ордунда калуучуларга бир саамга үңүлө карасак комиссия президент, премьер-министр менен кеңешип президенттик шайлоо алдында керектүү адамдардын ордуна калтырып, шайлоонун жүрүшүндө добуш алып бергенге чамасы жокторду кызматынан кетирүүгө багытталгандай. Калдыр - кулдур… Оюнбу же чоюнбу? 2011-жылдагы 2-3-июнь күндөрүндөгү Жогорку Кеңештеги Ош окуясы боюнча отчетто, отчету талкууда, жооп айтууда өткөн жылкы кандуу окуянын себепкерлери сеператистер, Бакиевдер, наркобизнес, криминалдар, үчүнчү күчтөр деген ойлор айтылды. Элге сеператистер, Бакиевдер деп айтылганы түшүнүктүү, ал эми наркобизнес, криминалдар, үчүнчү күчтөр дегени кимдер? Антимиш эткени менен наркобизнес, криминалдардын өкүлдөрүнүн биринин да аты аталбады, конкреттештирбеди. Ыйык Куранда деле көзгө көрүнбөгөн периштелердин: Жебреил, Азреил, Исрафил, Менреил деген аттары айтылат. Бирок кандуу окуянын чыгышына себепкер болгон наркобизнес, криминалдардын, үчүнчү күчтөрдүн аттары негедир айтылбайт. Мунун себеби, ошол июнь окуясындагы наркобизнес, криминалдардын өкүлдөрү өткөн жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен бийликтен орун алышып, бийликтин башкы өкүлдөрү менен чырмалышып калышкан. Ошондон улам бул кылмыш чөйрөсүнүн ысымдары тергелип келет. Ошол жыйында УКМК төрагасы К.Дүйшебаев: "Биз өткөн июнь окуясына тиешеси бар кылмышкерлерди кармап жатабыз" деп, бирок анысы деле алардын аттарын атай албай "тергеп" келет. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Ө.Абдрахманов мындан 2 апта мурда УКМК, ИИМден кармалып жаткан уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн тизмесин бергиле деп, ала албай жатабыз деп айтып чыккан. Чындап эле чыныгы кылмышкерлер кармалып жатышса, күч органдары ал маалыматты эмне үчүн депутаттарга берүүдөн баш тартышат болду экен? Күмөндүү, сырлуу, шойкумдуу ээ, ыя? 2011-жылдын 2-3-июнь күндөрүндөгү "кара сүргүн" эпопеясынын кыскача сюжети ушундай. Бул окуянын акыркы аккорду бүгүн 2011-жылы 9-июнда угулат. Беттерди даярдаган Токо Мамбетов |