Кераркан

Жогорку Кеңештеги 2 күндүк талкуу
эл үчүн эмне пайда, натыйжа берди?
Бул окуя бийликтеги топтордун жеке кызыкчылык үчүн элдешүүсүн жаратканы менен калк ичинде зор нааразычылыкты жаратат. Ушул айдыңда бийлик элге биротоло суук тумшук көрүнүп калган кырдаалды табигый түрдө күчөтүү менен оппозицияны да жаратып алышы толук мүмкүн. Азыркы бийликке чексиз нааразы болгон эл жаңы оппозицияны эргитет. Ырас, бакиевчилерге сурак берип жаткан Убактылуу өкмөттүн айрымдары кыргыз элинин алдында кечирим сурагандай болушту. Ошол эле учурда кечирим сурагандардын көбү бейкүнөө өзбек элин унутуп коюшту же атайлап кечирим сурагылары келген жок. Бул барып турган түркөйлүк. Эки күндүк жыйында сүйлөгөндөрдүн баары акылман, даанышман, телегейи тегиз, эч бир арамдыгы жок, эл үчүн жанын берчү болуп көрүнүүгө аракет жасашты. Айтор, "эшек эшектен калса төрт аягы тыпырайт" дегендей элес калтырды, баамдаган жанга.


Чокудагы "жомок"
"Жээренче чечен" десе эле...
2011-жылдын 2-июнь күнү А.Келдибеков: "ЕККунун полицияларын Кыргызстанга киргизүүгө ким уруксаат берген?" - деп суроо койду. Бул суроого ТИМ Р.Казакбаев: "Өткөн жылы ЕККунун полициясынын келишине эл каршы чыккандан, Кыргызстанга эч кандай полиция келген эмес" деп жооп берди. Ошондой болсо да бул ишти иликтеш үчүн дагы бир депутаттык комиссия түзүлдү.
Министр мырзанын спикерге берген жообу чын-чынында туура. Бийликтин бир бутагынын башында турган А.Келдибековдун эсинен депутаттык мандат чыкпай жүргөндө, эптеп парламентке келип Бакиевдин тушундагы салык кызматындагы курмандуу иштерин жаап калыш үчүн далбас уруп калганда, ЕККунун 52 полициясына каршы түштүктө да кары-жаш каршы болгонун, ошол себептен сөз болгон 52 полиция чогулуп келүүдөн баш тартканын билбесе керек. Бул иш боюнча бир эле депутаттык корпустун такыр маалыматы жоктугу да белгилүү болуп калды. Эгер билишсе эмнеге кайра комиссия түзүшөт? Деги эле Европа полициясынын бар же жок экендигин Т.Мамытовдун комиссиясы эмнеге иликтебейт? Эми, ЕККунун полициясынын иликтейт элем дешип казнанын акчасына зыян келтирип далай депутат "командировачный" алышып, түштүккө чабагандай берээри бышык.


Омей...
Келдибеков Тербишалиевди бурчка такап
Өткөн жумадагы ошол июнь окуяларын иликтеген депутаттык комиссиянын жыйыны тигинтип талкууланып, Убактылуу өкмөткө катуу сындар айтылган эле. Мындай мамиле адилетсиздик болот деп , социал-декмораттар партиясынын депутаты Данияр Тербишалиев "анда бакиевдин учурунда иштегендердин баарын бул жерге чакыралы" деген демилге көтөргөн. Буга спикер Акматбек Келдибеков катуу териккен окшойт, танапис учурунда Тербишалиевди бурчка катуу такады. "Сен кайда жүрдүң эле ошол кезде? Эмне Кыргызстанда жок белең" дегенге чейин катуу сөздөрдү айтты дейт. Акырында "бул кебиң туура эмес" деп далыга нукуганына да күбө болдук, спикердин жаш депутатты.


  Ак чүч!

Же Жогорку Кеңештеги 2011-жылдын 3-июнь күнү сүйлөгөндөрдүн
пикирлерине пикирлер жана суроолор:

Болот кантип
"мокоду"?
Б.Шер Жогорку Кеңештеги "кара сүргүндүн" биринчи күнү эле Р.Отунбаевадан генерал-лейтенант наамын алып салуусун, А.Келдибековдон депутат катары убактылуу кол тийбестик укугун алып салууну, Ө.Текебаевден "Ата Мекен" партиясындагы ишмердигин убактылуу токтото турууну өтүнүп арызын берди. Бирок, анын бул 3 арызы тең эч бир жоопсуз, аракетсиз калды.
Депутат Б.Шер бул кадамы менен эл көзүнө Шер көрүнгүсү келди. Эгер чындап эле шердиги болсо өткөн жылы эле ага генералдык наам ыйгарылып жатканда бул наамдан баш тартыш керек эле. Бул көрүнүштү биттин ичегисине суу куйган саясий серепчилер. Болот Шер өзү жакшы билип туруп, эл көзүнө бир көрүнүш үчүн жогорудагы кадамга барып жатат деген "аныктамаларын" ошол эле күнү далайлары айтып чыгышты. Трюк өтө кооз, бирок жасалма экени көрүнүп калды. Мыйзам боюнча эми генералдык наамын Р.Отунбаева кайра ала албайт. Генералдык наам соттун чечими менен гана алынат, эгер Б.Шер кандайдыр бир кылмыш жасаган болсо. Б.Шердин бул аракети кадыр эсе эле популизмге эле окшошуп калгандай болду. Калыстык үчүн айтчу сөз, генералдык наам демекчи, жанагы чурулдаган "комиссиячылар" ушул тапта 1 жылдан бери түштүктө жүргөн президенттин түштүк аймактар боюнча кеңешчиси отставкадагы милициянын полковниги Виктор Черноморец татыктуу деп таап чыгыш керек эле. Ал 120 депутатка караганда бир жыл ичинде эл менен болуп, опол тоодой иш жасады, жасап да жүрөт.
Эң кызыгыШердин "Ата Мекенинен" чыгып кеткени болду. Жакшы үмүттүү күндөрү Ө.Текебаевдин ар дайым оң тарабында отуруп, "биз эч качан ажырабайбыз" деген сыяктуу алтын шилекейин чачыратып жүрбөдү беле?
Шер минтип бир ок менен үч коен "аткан" менен, "Ата Мекенди", Ө.Текебаевди "шерменде" кылып кеткенин туяр бекен. Же 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо маркум М.Садыркулов менен "соодалашуу" жүргүзгөндөй, бул ириет да анысын карматтыбы?



Ташиевдин жалгыз көзүрү
К.Ташиев мындай ой айтат: "Июнь окуясына күнөөлүлөр Убактылуу өкмөт, сеператистер жана бийлик талашкан күчтөр" - деп.
"Айгай-пресс" - Ташиевсиз эле жалпы эл жакшы билет бул окуяга кимдер күнөөлү экенин. Бирок, бийлик талашкандар кимдер? Сыягы, бийлик талашкандар Бакиев, бакиевчилер экенин оозу барып ачык айта албай жатат. Минтип ачык айтайын десе, анда комиссиянын отчетуна моюн сунуп калат эле. Ошентип так пикири, ою жок, кайып качып дагы эле түштүк окуясын көзүр кылганга далалат кылууда.

Социал-демократчыл депутат И.Карамушкина:
"Ким күнөөлүү деп отурбай бул "сидилищени" токтотолу".
7-апрелдеги окуя үчүн депутат Н.Тюлеев эмне жоопко тартылбайт?

"Айгай-пресс" - Депутат "терисин жамынган" бул депутаттын аракети кандай болсо да Р.Отунбаевага, А.Атамбаевге сөз тийгизбөө. (Кыргыз кырылып жатса да ага баары бир белем, Н.Тюлеевдин 7-апрелге тиешеси бар деп ага иш козголуп, бирок Баш прокуратура өткөн жылы эле иликтеп Н.Тюлеевдин күнөөсүз экендигине юридикалык баа бергени бар). Ошол "баатыр" айым 7-апрель күнү эртең менен Форум имаратынын алдында милиция менен эл ортосунда кагылыш болгондо эле көздөн кайым болуп, 9-майда Билим берүү министринин орун басары болуп чыга келген. И.Карамушкинанын 7-апрелге эч тиешеси, салымы да жок. Ошентсе да өзүн революционер сезип жүрсө керек. Бул депутатка караганда 7-апрелде карапайым аялдар, азамат жигиттер, эркин журналисттер менен катар Форум имаратынан Акүйгө чогуу келишкен.И.Карамушкина өткөн шайлоодо КСДПКнын тизмесинен ордун бошотуп, 7-апрелдин чыныгы каармандарынын бирөөнө бошотуп берсе, парламенттеги "ач кыйкырык, куу чирен" депутаттарды ооздуктап турмак.

Ой, Азике...
А.Бекназаров өзбек диаспорасынын жетекчиси Ж.Салахудиновдун өлкөдөн чыгарылышы жөнүндөгү талкууга келгенде тымпыйып эч нерсени билмексен болуп үн катпай отурду. Анан да ал Жалал-Абаддагы апрелдеги бийлик талашта губернатор Б.Асановду актап: Б.Асановдун жанында 4-5 милиция, ал эми К.Батыровдун жанында миңдеген адамдар курчап турса анан кантип ошолорго туруштук берет? дегенге токтолду.
"Айгай-пресс" - Жалал-Абадда 4-5 милицияга араң кадыры бар Б.Асановду эмнеге губернатор кылып дайындашты, Убактылуу өкмөт? Эмне үчүн Б.Асановдон артык, элге кадыры бар Жалал-Абаддык жигиттерден бирөөнү тандашкан жок? 2011-жылдын 14-апрелинде Б.Асанов элден токмок жеп жатса да Убактылуулар бул жигитке жабышып калышканында бир сыр бар.
А.Бекназаров түштүктөгү май, июнь окуясына себепкерлеринин бири бул НПО, Укук коргоочулар деп айтты. Кандайдыр бир деңгээлде анын бул сөзүндө чындык бар. НПОлор сырткы күчтөрдүн куралы экенин эл билет. Бирок, ушул сырткы күчтөрдүн ким экенин ачык айтканга А.Бекназаровдун оозу барбай койду. Жылаанды чала өлтүрүп койду. Чала өлгөн жыландар эми Азикенин эле эмес бүтүндөй мамлекетти катуу чакпас бекен…

Генералдар кейиткенде…
Генерал К.Дуйшебаев "мени токтомго киргизип, чара колдонсун" деп жазгыла дейт да, "өзүм күнөөлөрүмдү моюнга алам, бирок моралдык жаза тартам" - дебеспи. Моралдык жазаны кыргыз өзбек элдери небак эле берип койгон, Жогорку Кеңештин токтомусуз эле. Дагы бир генерал Ф.Кулов өзүнүн сунушунда токтомго "июнь окуясына кыргыз элинин күнөөсү жок" - деп жазуу керек дейт. Токтомсуз деле чыгып сүйлөгөндөрдүн баары сеператистик күчтөрдү күнөөлөп жатышты. Демек, сөз кыргыз улуту эмес, өзбек сеператтык күчтөрү жөнүндө эки күн бою айтылып жатканын Кулов түшүнбөй калган го?