Кара сүргүн эпогеясы
же Жогорку Кеңештеги эки күн
Трагедия!!!
Бул "кара сүргүнгө" катышкандардын жеңүүчүсү болгон жок. Айланып келип эле өткөн жылдагы "кызыл кыргында" карапайым кыргыз, өзбек жеңилди. Жогорку Кеңеште болгон бул күнкү окуяларды ички маани-мааңызын анын шөкөттөлгөн көркөмдүгүн эске алсак кудум адабий чыгармадагы трагикомедия.
Бирок, чынында өткөн жылдагы каран түн түшкөн кыргыз менен өзбектин тагдыры бийликтеги бир ууч адамдардын колунда чүкөдөй калчанып калышы, бул мамлекеттик масштабындагы трагедия.
7-апрелдеги түштүктөгү май, июнь айларында журт кан ичип, муңга батып турганда, ошол төгүлгөн кан , көз жаш үстүндө дагы эле бир ууч адамдардын шылуундук менен дүнүйө топтоп жатышы бул эл үчүн зор кайгы. 2005-жылдан бери бийликке келип, кайра кетип, кайра келип, жаткан ушул эле азыркы бир ууч адамдардын мансап, байлык үчүн болгон кытмыр, арамза, эки жүздүүлүгүнүн кесепетинен, атка минерлердин бузукулугунан бир улут түндүк, түштүк болуп бөлүнүшүп, ал жарака тереңдеп бара жатышы бул улуттук трагедия.
Эки жүздүүлүк демекчи, өткөн жылдын ноябрь айында УТРКнын "Эркин микрофон" берүүсүндө Ош шаарын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын директорунун орун басары Каданбай Бактыгуловго : "Айтыңызчы, шаарларды калыбына келтирүүгө парламенттик шайлоого катышкан саясий партиялардан кайсы партия кандай салым кошуп жатат?" деген суроого ал: "Шайлоого катышкан 29 партиядан бирөө да бир сом берген жок" деп так кесе жооп берген эле. Кезинде мансаптын күчү менен арам акчаларды кайра эле шайлоодо мансап үчүн жумшап, элдин добушун сатып алышып миллиондогон долларларды сарптагандар эми, "күйбөстүн күйүтү күчтүү" дегендей эки жүздүүлөнүп, бей күнөө шейит кеткендердин мүрзөсүнө кошо жатып алчудай түр көрсөтүп жатышат куру намыс, акча, алдамчылыкка жол берип; … Ошол эки жүздүүлөргө добуштарын беришкен бул - элдин улуу трагедиясы.


Толгой тарткан кыларкан
Мурда эле болжолдонуп, коомчулук анча ишене бербей турган былтыркы түштүктөгү июнь "Кызыл кыргын" окуясын иликтеген депутаттык комиссиянын отчету 2001-жылы 2-3-июнь күндөрү талкууга алынып, "эл багаарлар" "кара сүргүн болушуп" Акүйдө кудум "Манас" дастанында
"Көбү жалган, көбү чын,
Көпчүлүктүн көөнү үчүн.
Жарымы жалган, жарымы чын,
Жалпы журттун көөнү үчүн" - деп айтылгандай жарым жыл иликтенип жасалган отчет да, талкуу да, суроо-жооптордун да көбү (андагы чындык көз алдында турса да) көркөм чыгармадай "көбү жалган, көбү чын", "жарымы жалган, жарымы чын" болду. "Манас" дастаны көпчүлүктүн көөнү үчүн көркөм сөздөр менен жаралса, отчет, талкуу бийликтегилердин өз кызыкчылыктары үчүн гана кооздолуп турду.


Бир чокойдогу үч баш, төө үстүнөн ит кабат…
Түштүктөгү июнь окуясын иликтөө үчүн депутаттардан турган комиссия жыйынтык чыгараарда үчкө бөлүнүшүп, депутаттар И.Исаков, Ж.Жолдошева өзүлөрүнүн отчетун даярдап алып чыгышы күлкүлүү эмей эмне? "Аталган эки депутат өзүлөрүнчө иликтешип, өзүлөрүнүн маалыматы даярдалсын" - өңдүү Жогорку Кеңештин токтому болсочу, кур дегенде, Ошентсе да, депутаттар Исаков, Жолдошевалардын "өздүк" отчетторун жыйындын күн тартибине киргизишиптир, "жөн эле эрмек үчүнбү" же айтор, дегендей.
***
Өткөн жылы 7-апрелди баатыр элдин каны, эрдиги менен 14 адам өзүлөрүн Убактылуу өкмөтпүз деп жарыялашып, ишти жөндөп кете алышпай, анын кесепетинен кандуу окуяга жол беришип, канкор Бакиевдин тиректери болушкандарды кайра бийликке алып келишип, кайра эле ошол бакиевчилердин алдында сурак берип жатышы көп адамдын боорун "эзет" -экен, эй...




  Күлбө дейсиң...

Ким күлбөй кое алат?
Өзүн кыргыздын саясий элитасынын өкүлү сезип, бирок жөнөкөй мамилени, маданиятты тепсеп "Ата Мекенчи" А.Сасыкбаеваны: "Сасыкбаева дайым сасып турат" деп Ж.Жолдошева жулунуп жатса ким күлбөй кое алат?
Дагы бир кыргыздын саясий элита өкүлү "республикачыл" кадимки А.Сулайманов Жалал-Абад областынын губернатору Б.Асановду "Кыргызнефтегаздын акчасын жеп жатып, жарыла турган болуптурсуз" деп, атасы Коргоол акындай куюлуштуруп төгүп жатса күлкүлүү эмей эмне?
Премьер - министр А.Атамбаев: "К.Батыров менен сүйлөшкөнүм чын болсо мени атып таштагыла" деп опулдаганы да комедиялуу эпизод болду. Анан да айрым "эл багаарлар", (буга чейин ушинтип безилдеп элди ээрчиткен "көчмө туалеттер") дегеним жыныстары эркек болгон менен 2005-жылы пайда болгон "Обон" группасынын кантордогу мүчөсүнүн деңгээлинен төмөн түшүп турушту. Кебете-кепшири эркек болгон менен аялдын сөзүн сүйлөп отурса ким күлбөйт?
Бул бир эле комедия болгон менен трагедиялуу да көрүнүш. Трагедиялуулугу - кыргыз бийлиги ажаан болуп ажылдашып, анан караламан калкка мораль окушат. Бул коомдогу өтө өкүнүчтүү жагдай. Эл менен бийликтин ортосундагы трагедия ушул жерде турат.