Акмат+Камчы= ирип

Акмат+Алмаз=клип
Бир өрөөндүн кыйын чыкмалары Акмат Келдибеков менен Камчы Ташиевдин тандемине таң бергендер четтен чыкчу. Биринин кебин бири бектеп, катылгандарды катар кектеп арабага чегилген кош аргымактын элесин берчү.
Бирок, саясатта түбөлүк достук болбойт деген кептин төгүнү жок белем. Айрыкча Акмат дос спикерлик кызматты кыйшайткандан бери Камчы доско далысын салууда дешет, спикерликке салып. Тымызын кебин үзүп, жылма какшыгын сунуп, ылайыктап тизгинге чаап, кагып да койгон учурлары депутаттык жыйындарда байкалып туру.
Анын башкы себеби, достукту кресло кызыкчылыгы жеңип Акмат+Алмаз тандеми орноп, "Келдибеков президенттик ат салышта Атамбаевдин штабын башкарат, сүт акысына премьерлик кызматты чапчыйт экен" - деген жылуу имиштер таркоодо. "Досум дос элек коон үзгөндө" дегендей, Камчы мырза менен кайрадан бир огороддо кездешип калса не болмокчу деген эле кеп…
Ногойбай Султанов




  Толкунга "төшүн" тосо албай

Парламенттин кризиси башталдыбы?
2010-жылдын июнь окуялары жана түштүк коогалаңы боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгы соңуна чыгып барат. Өткөн жуманын бейшембисиндеги парламенттик отурум учурунда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болушкан бир катар чиновниктердин жүрөктөрүн түрсүл кактырып, азыр "бомба" жарам деп демиткендери менен эсте калды.
Күндүн жумасына оодарылган жыйындын уландысында жыйынга катышуучулардын жели чыктыбы же деми суудубу бир аз жумшактыгына тартып жарылуучу "бомбалар" жарылган жок. Жарам деген "бомбасын" Жалал-Абад губернатору Б.Асанов да жарууга батынбады. Ошентип, сеператистик кыймылдын көзүрлөрү К.Батыровду, Ж.Салахудиновду качырып, жардам бергендер табылган жок. Ал эми УӨнүн мурдагы өкүлдөрүнө зиректиги, акылман-айкөлдүгүнө карата абройлуу "сыйлыктарды" бөлүштүрүү жыйынтыгы гана калды шекил. Бул жүрүшү менен маселени көтөрүп, бирок, аягына чыгара албаган соң Жогорку Кеңеш бул саам да эл ишениминен калчудай болуп калды. Же бул көрүнүштү парламенттик кризис десек болобу?

Күлчоро Кабылов




  Теңир - Тоо кабарларынан

Мугалимдер биригип…
Кечээ Нарын шаарында мугалимдердин нааразычылык митинги болуп өттү. Алар учу жок убадалар, "соска соргузган" алдамайларга мындан ары түк эле ишенбейбиз. Премьер - министр: "май айынан бери эмгек маянасына кошумча төлөмдөр кирбесе, бүткүл министрликтерди кызматтан кетирем" деген. "Ушул күндөргө чейин кошумча төлөмдөр кирген жок, эми убадасына туруп, өзү баштап кызматынан кетсин, биз бул демилгени республиканын бүткүл мугалимдерине жеткирүүү менен акциябызды улантабыз" дешет.
"Ойлонулбай айтылган убада онтотпой оорутат" - деген сөздүн төгүнү жоктур. Эмнеси болсо да, алдыда президенттик ат салышта Алмаз Шаршеновичке мугалимдер катмары, катык жазасын берчүүдөй болуп турат.


Маяна, маянаңды аяба…
Бюджеттен маяна алган катмар анчалык деле көп эмес, анан калса маяна күнүмдүк зарылдыкты толук жаппасы деле белгилүү, себеби көлөмү өтө эле пас. Ошондой болсо да, Теңир - Тоодо маяна алган катмардан тегиз бир күндүк эмгек акысын кармоо буйругу областтын губернатору тарабынан киргизилген. Ал акча каражаты 2010-жылдын 7-апрелинде набыт болушкан баатырларга эстелик курууга колдонулмакчы.
Мындай өкүмзордук маянада отургандардын "мозгисине" урулган ток болдубу же шок болдубу нааразы топ митингисин өткөзүштү. Эстеликти куруп берейин деген Н.Тюлеевдин сунушунан баш тартышканды билишкен өйдө жактагы эрендер өкмөт эсебинен өздөрү эмнеге ал эстеликти тургузбайт. Аны "керек болсо өз чөнтөгүмдөн өзүм куруп берем" - деген Атамбаев азыр кайда деген суроолор бүгүн жоопсуз турат, жоонойуп барат.
Табылды Акунов,
Нарын шаары




  Дүбүрөйт, дүбүрөйт...

Чоң казат
Алдыдагы президенттик шайлоонун жарыяланышына бир аз апта калганын президент Р.Отунбаева 2011-жылы 2-июнда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө айтты. Ушул эле Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ж.Жолдошева: "айрымдар Ошко барышып өзбек туугандардын жаш лидерлери менен жолугушуп президенттик шайлоодо добушуңарды бизге бергиле" - деп жүрүшөт деген сөзүн жарыя кылды. Бирок бул депутат айым өзбек туугандарга барган кайсы күчтөр экенин тактабады. Ошентип, Кыргызстандагы башкы так үчүн тымызын күрөш азыртадан башталды белем, жарлыкты күтүп отурбай эле...

(Уландысы 8-бетте)




  Аттиң, десең…

Соолуган гүл, сокур табышкерлик
Акыркы күндөрү премьер-министр А.Атамбаевден жана коомчулуктун калың катмарынан ачуу сынын алган Бишкек шаарынын мэри И.Өмүркулов шаардын борбордук көчөлөрүн бойлой отургузулган темир тосмолорго темир кутучаларды чаптай салып жаңылык ачты. Угушубузга караганда ар бир кутучанын жасалыш наркы 1200 сомду түзүптүр. Кутучаларга отургузулган гүлдөр, арийне,көчөлөрдүн ажарын арттыраары турган иш. Бирок, отургузулган гүлдөр эки күнгө жетпей же сугатынан кеттиби же өмүрү жеттиби какшып, соолуп тек гана кара сөңгөккө айланып баратканы өкүнүчтүү. Аркасынан, аттиң, ушуга корогон кайран эмгек, солонгон сомдор, сокур табышкерлик дебеске айла жок.