Дүр дүйнөлүү спорт дүйнө
Мариянын себи кымбат
Дүйнөдө эң көп каражат тапкан 50 спортчунун катарына теннисчи Мария Шарапова экинчи жылы удаа кошулду деп билдирди Forbes журналы өткөн шаршембиде.
Мария - бул абыройлуу тизмеге кирген Россиянын жана жалпы эле аялзатынын жалгыз өкүлү. 24 жашар жылдыздуу кыздын жылдык кирешеси 24,2 миллион долларды түзүп, эң таанымал 50 спортчу эр азаматтардын арасында 29-орунду ээлеп турат.
Россиялык теннисчинин негизги кирешеси Nike жана Cole Haan сындуу фирмалар менен түзүлгөн жарнак келишимдерден улам куралган. Асыресе, Мария бутуна кийип жүрчү Cole Haan фирмасынын балеткалары кыз-келиндер талашып сатып алчу моделге айланган.
Спорттук быйылкы сезон 75 миллион доллар тапкан гольфчу Тайгер Вудс үчүн өзгөчө жемиштүү болду. Тайгерден соң баскетболчулар Коуб Брайант 54 миллион, Леброн Джеймс 48 миллион доллар табышкан.
Эң кымбат себи бар селки Мария Шарапова кайсы жигиттин бактысына туш келер экен?


Зепп Блаттер кайра шайланды
Цюрихте ФИФАнын 61-конгрессинде Зепп Блаттер бул уюмдун президенти болуп кайрадан шайланды. Дүйнөлүк футбол федерациясынын башына 1998-жылы келген швейцариялык ишмер кадырлуу орунга катарынан 4-мөөнөткө шайланып, өз бийлигин дагы 4 жылга узартты. Ал 203 делегатттын 186 добушун алууга жетишкен.
Шайлоо алдындагы кампания коррупциялык чыр-чатак менен коштолгонун эскерте кетүү оң. Блаттерге оңбогондой катуу айып тагылса да, 75 жашар ишмер шайлоого жападан-жалгыз талапкер катары катыша алды. Демек, президенттик тактыга талпынган негизги атаандаштарды жолдон четтетип, үмүтүн жалп өчүрдү.
ФИФАнын аткаруу комитетинин мүчөсү, Азия футбол конфедерациясынын төрагасы Мохаммед Бин Хаммам, 29 жылдан бери аткаруу комитетининин туруктуу мүчөсү болуп жүргөн Джек Уорнер паракорлор катары айыпталып, футбол ишмердигинен четтетилди. Блаттердин өзү дагы текшерүүдөн өтүп, шайлоого бир күн калганда гана этика боюнча комитет аны толук актап чыккан.
Кыйчалыш кырдаалдан улам англис өкүлчүлүгү шайлоону кийинкиге калтыруу демилгесин сунуш кылган, бирок бул сунушту ишке ашыруу мүмкүн болбоду.
Адис-эксперттер бул чыр-чатакка ФИФАнын 100 жылдан ашуун тарыхындагы эң оор кризис катары баа беришүүдө. Улуттук футбол федерациялары тең экиге бөлүнүүдө.
ФИФА тарабынан 2018-жылы дүйнөлүк чемпионат өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алган Россия, албетте, бул шайлоонун чечимдерин колдоп чыгууда. Премьер-министр В.Путин куттуктоо кат жиберип, ФИФАдагы өкүлү В.Колосков "англистердин сасык саясаты ойрон болгонун" жар салууда.
Европа, Америка, алтургай Азиядагы футбол ишмерлери Зепп Блаттерди курч сынга алууда. Айтылуу футболчу Диего Марадона "ФИФАнын динозавры өз эрки менен кетпесе, өзгөчө жол табабыз" деген ой билдирди. Европа футбол клубдары Ассоциация башчысы Карл-Хайнц Румменигге андан да кескин айтты: "Биз менен алдын-ала макулдашылбай, жең ичинен кабылданчу чечимдерге Европа клубдары мындан ары чыдай албайт. Эгерде ФИФАнын өнүгүүсүндө эч кандай өзгөрүү болбосо, биз тийиштүү чечим кабылдайбыз. Бул - менин акыркы эскертүүм!"




Криштиану тизмеге кирбеди
Чемпиондор лигасынын 2010/11-жылдагы символикалык курама командасын түзгөн мыкты оюнчулардын тизмеси аныкталды. УЕФАнын чечимине ылайык, ага төмөнкүлөр кирди: Эдвин ван дер Сар ("Манчестер Юнайтед"), Жерард Пике, ("Барселона"), Неманья Видич ("Манчестер Юнайтед"), Марсело ("Реал"), Месут Озил ("Реал"), Андрес Иньеста ("Барселона"), Райан Гиггз ("Манчестер Юнайтед"), Гарет Бейл ("Тоттенхэм"), Лионель Месси ("Барселона") жана Рауль Гонсалес ("Шальке").
Сиздер баамдап тургандай, бул тизмеге "Барселонадан" 3, "Манчестерден" 3, "Реалдан" 2 футболчу кошулган.
Бирок, УЕФАнын расмий сайты жарыялаган тизмеде "Реалдын" чабуулчусу Криштиану Роналдунун ысымы аталбай калганы кызык. Аттиң, быйылкы сезондо Испания чемпионатында 40, жалпысы 53 гол салган, Европа Чемпиондор лигасында дагы мыкты чеберлик көрсөткөн Роналду эмнеге унутта калат?!





Кыска.Нуска
* * *
Ушул күндөрү 2012-жылдагы Европа чемпионатына ылгап алуу матчтары өткөрүлүп, Украина менен Польшага жолдомонун баркы мурдагыдан жогорулай түштү.
Голланд Дик Адвокаат баштаган Россия курама кошууну Санкт-Петербургда Арменияны 3:1 эсебинде утту. Маанилүү үч топту тең торго Англиянын "Тоттенхэминде" ойногон Роман Павлюченко түшүрдү. Эскерте кетчү нерсе, бул эки кошуундун Еревандагы таймашында эсеп ачылган эмес.
Россия курама командасы эки күн мурда Австриянын Зальцбург шаарында Камерун менен жолдоштук беттешүү өткөрүп, 90 мүнөттө топ киргизе албай, Москвага кайрадан жайдак кайтты.

* * *
Казакстан курама командасы Евро-2012 чемпионатына ылгап алуу таймаштарында эң алгачкы жеңишке жетти. Алгачкы үч упай акжолтой болсун, баурдастар!
Казактар Астанада карылуу европалык каршылашын эмес, өз тууганы, каспийлик Азербайжанды 2:1 эсебинде утууга жарады. Эки топту тең торго Серик эмес, Сергей Гридин түшүрдү.
Калыстык үчүн кабарлап коюуга тийишпиз, Азербайжан курамасынын башкы устаты немис Берти Фогтс өз маегинде казак оюнчуларынын даярдыгына, деңгээлине жогору баа берди.

* * *
Швеция өз кошунасы Финдляндия курама командасын 5:0 эсебинде жер каратып, үч топту "Миландын" чабуулчусу Златан Ибрагимович салды.
Скандинавдар эми топ баштап келаткан Голландияга жетүү үчүн дагы үч упай топтошу зарыл.

* * *
Эстония курама командасы мейманда Фарьер аралдарынын футболчуларына күтүүсүз белек тартуулады. Анткени, торго эки топ түшүргөн "аралдыктар" континенттеги эң алгачкы жеңишине жетип отурат. 57-мүнөттө эстондордун жарым коргоочусу С.Пури жашыл талаадан айдалган.

* * *
2011/12-жылдардагы сезондо Россиянын 8 клубуна УЕФАнын атайын лицензиялары ыйгарылды. Анын ичинен "Зенит", ЦСКА жана "Рубин" Чемпиондор лигасында ат салышса, Москванын "Спартагы", "Локомотив" жана "Алания" Европа лигасында таймашат.


"Ролан Гаррос" жылдыздары
Франциянын чоң теннис боюнча ачык чемпионаты жекшемби күнү Рафаэль Надалдын жеңиши менен аяктады. Испандык оюнчу финалда Рожер Федерерди төрт партияда утту.
Аялдар арасында кытайлык Ли На финалда Франческа Скьявониден артыкчылык таанытты.
Испан Р.Надаль "Ролан Гарростун" баш байгесин алтынчы ирет ээлесе, кытайлык Ли На бул бийиктикти алгач ирет багындырган азиялык спортчу болуп калды.
Албетте, жеңиш жеңил келбеди. Ли На турнирдик сапарда улам чыйралып, намыстанып турду. Сегизден бир финалда П.Квитованы жер караткандан кийин эч бир атаандашына эч бир сетти уттурбай, ишенимдүү илгерилей берди.
Ал эми анын атаандаштары өтө күчтүү эле! В.Азаренко, М.Шарапова, Ф.Скьявоне сындуу теннисчилерди тизе бүктүрүүгө канча кубат зарыл!
Рафаэль Надал дагы бул ирет айрыкча шерденип ойноду. Алгачкы айлампада Джон Иснерди беш партияда уткан сон, швед Р.Сөдөрлинг, шотланд Э.Маррей жана швейцариялык Р.Федерерди ат жалынан оодара тартуу оңойго турган жок, бирок ошолордун баары партиянын соңунда Надалдын колун кысып куттуктоого аргасыз болушту.
"Ролан Гарростун" алтынчы жолку королу атанган Рафаэль Надал швед Бьорн Боргдун тарыхый рекордун кайталады.


Урматтуу окурмандар, "Айгай-пресс" гезитинин келээрки саны 23-июнда чыгат.