АЗГЫРЫК СЕЗИМ (Уландысы. Башы өткөн санда) - Бирок... мен сизден он жашка улуу эмесминби? Ушуну эске алдыңызбы? - Сүйүү - кары-жашка карабайт! Жаш курак мааниге деле ээ эмес. Эң башкысы - сезимде! Ал эми мен сизди кандай сүйөөрүмдү жогоруда айтпадымбы! Шайыр санын чапкылай күлүп жиберди: - Ха-ха, бул көнүмүш эле сөз. Эркектердин баары эле аялдарга ушинтип жагынышат. Эптеп өз максаттарына жетүү керек да! А, биз аялдар ага ишенип, алдына төшөлүп жатып калабыз. Өз максатына жеткенден кийин... Эркек сөрөй болсо сени карагысы да келбейт. Мындайдын көбүнө күбө болбодукпу! - Мен андай арамза, митаам эмесмин. Сизди талаага түк таштабайм! Жигиттик сөзүм! - А кокус, экөөбүздүн... байланышыбыз... элге билинип калсачы?! - деди Шайыр аны сынагандай. - Бир адамга сыр ачсам жигит өлөйүн! - деп Талантбек карганып ийди. - Билбейм, кайним, билбейм... - Өз сөзүмө толук жооп беле аламын! - Абийирим айрандай төгүлбөсө эле болду да! Негедир коркуп жатамын... Санаам тынч эмес... - Кудай сактасын, жеңе! Шайырдын оюна койсо, тескери жолго жүрмөк деле эмес. Бирок, Адылдын жүрөнөөктүгү жөнүндөгү сөз ага катуу тийген эле. Жүрөгүнө ийнедей сайылганы да ырас. Күйөөсүнө болгон кекенүү, өчөшүү сокур сезими жанын жай алдырбай жатты... Бирок... Келин бир жөнөкөй немени эске алган жок! Адылдын катынпоздугу чынбы же калппы? Балким, бул ойдон чыгарылган эле сөз болуп жүрбөсүн?! Ушуну териштириши керек болучу... ...Бир оокумда келиндин кулак астынан Талантбектин дем алганы угулду. Ал Шайырдын кабыргасын капшыра кучагына кысты. Жүзүнөн аймалап өпкүлөй баштады. Келиндин кебездей жумшак денеси өрттөнүп турган экен. Аз жерден жигит анын жалынына куйкаланып кете жаздабадыбы, чиркин! Шайырдын муундары калтырап, жүрөгү желеге байланган кулундай туйлады. Тулку боюн жылуу сезим бийлеп, башы эңги-деңги болду. Көздөрү аңтарылды. Көгүчкөн тумшук кош мамагы үйлөнгөн шардай чыңалып чыкты. Жер астын-үстүн болуп, солкулдап кеткендей туюлду. Асман тегирмендин ташындай тынымсыз тегеренип жаткансыды... Талантбек асте гана Шайырды көрпөчө үстүнө жаткырды. Көйнөгүн жогору көздөй түрө баштады. Колдору безгек болгондой калтырап жатты. Сүттөй аппак денесинин чолоо жерин койбой өпкүлөп кирди. Келиндин тулку бою сууга салган кайыштай жибиди... "Ии, өлүгүңдү көрөйүн, эмне болсо ошо болсунчу! Короп же түгөнүп калчу буюм беле! Мен эмнени жоготмок элем? - Ах, жеңе! Сандарыңыз укмуш го! Шайыр бырс күлүп ийди. - Мындан да сонун жер бар эмеспи! - Билем, жеңекебай. Ошол жайга жетейин деп калдым бейм! - деп ал кийимдерин шашыла чечине баштады... Келин энеден туума. Суналган денеси көз уялтат. Жигит да дырдай жылаңач. Ээн табийгат кучагында экөө гана. Айкалыша кучакташып, лаззат деңизинде чабак урушууда... - Ой, ий, жеңекебай! Мындай жыргалды көрө элек болчумун. Бейиштин өзү тура! Ага удаа эле Шайырдын акыштуу добушу алда кайда жаңырып жатты... Табийгат да мемиреп, көшүлүп турду... * * * ...Ар кандай нерсе башталышында кыйын эле болот. Мейли ал жумуш болобу же башкабы. Мына Талантбек менен Шайырдын ымаласын эле алып көрөлү. Экөөнүн байланышы капысынан башталып кетпедиби. Эгерде экөө ээн талаада жолугушпаганда эч нерсе болмок эмес. Сый гана мамиледе жүрө беришмек. "Көңүлдөш болобуз" - деген ой экөөнүн түң түшүнө да кирбеген. Буга ортодо далай тоскоолдуктар жатканы чындык... ...Бирок, буйрук экен, экөө ысык мамиле түзүп алышты. Эми бул көнүмүш гана адатка айланып калды. Талантбек менен Шайыр бири-бирисиз жашай алышпоочудай абалга жетишти. Бир жума көрүшпөй калышса, бул убакыт экөө үчүн кылымга тете болгонсуду. Экөөнөн жакын, кыйышпас эч ким жоктой. Кадимкидей бири-бирин самашып, күтүшүп, куса боло түшүшөт. Табиттери тартылып, тамагынан аш өтпөй калганычы. |