Жусуп

Улут кеменгери

XX кылымдагы караңгы кыргызды жарыкка жетелеп туңгуюктан ачык айдыңга сууруп чыккан кеменгер Жусуп Абдрахмановдун кыска өмүрү асмандан абаны жарып түшүп, жерге сиңип кеткен чагылгандай элес берет. Чагылган жерге түшүп келе жатканда айланасына укмуштуудай жарык берет. Ошол сыңары Жусуптун кыска өмүрү кыргызга жарык чачып кеткен экен.

Кыргыздын көбү анда кылымдап көчмөн жашоодо жүрүп, тамга таанып, жазганды окуганды билген эмес. Өткөн XX кылымдын башында сабаттуу кыргыз манжа менен гана саналган. Мына ушундай элдин билимсиздигине Жусуптун каңырыгы түтөп абдан кейиген.

Жусуп жана Алай эли

Жусуптун ошол жаны кейигенин анын өлбөс-өчпөс эскерүү күндөлүгүдө турат. Мисалы, бул сапаттар:
"Только что вернулся из Гульчи. Попал под дождь и прозябь, что даже не хочется писать, но … надо. Алай сегодня выполнил свой посевной план и очень рад я за это. Но только за это, за выполнение посевного плана, а в остальном… руки опускается. 40000 населения ни одного врача. Около 2000, 600 голов скота ни одного вет врача. 22,000 га зерновых культур и ни одного агронома. 10 школ и 12 учителей и только один из них со средним образованием, 95% населения неграмотны, 5% грамотных, в большой своей части только умеют читать по арабски , о том чтоб они писали, и думать нечего. А в одном сельсовете только 2 грамотных человека один учитель, один секретарь сельсовета. Обещал им дать денег для строительства. Предложил Гульчу сделать Киргизским городом. За счет оседания киргиз в Гульче же. Богатый район, красивая природа, но убогая культура.
01.05.1931г. Ош."

Жогорудагы саптар кеменгер Жусуптун элдин караңгылыгына кейип жазганы билинип турат. Ж.Абдрахманов кыргыздын тунгуч агартуучулары Ишенаалы Арабаев, Касым Тыныстанов менен ар дайым кеңештеш, тилектеш болгон экен.
Дагы эле Жусуптун күндөлүгүн барактасак: Каскем (К.Тыныстанов) айтмакчы "Калктын көзү ачылмайын караңгылыкка жарык чачылбайт. Эски адаты жоготмойунча элден азап кетпейт. Эл таалайсыз болот" деген саптарды кездештиребиз. Бул айтылган сөздөр Касым Тыныстанов менен Жусуп Абдрахмановдун кыргызды караңгылыктан сууруп чыгарууга болгон ой санаалары, асыл тилектери болгонун тана албайбыз.

"Эркин Тоо" жарык көрдү

1924-жылы Ж.Абдрахманов менен К.Тыныстановдун жетекчилиги астында тунгуч газета "Эркин Тоо" жарык көргөн. Бул газетанын 4 - санында кеменгер Жусуп макала жазып, элге кайрылуу узатыптыр. Ал макалада: "Бүгүнкү күндөн тарта газетага жазылуунун бир айлыгы жарыланып олтурат. "Эркин Тоонун" саны канчалык көп болсо, ал кедей-кембагалдарга ошончолук көп пайда келтирет. Элди туура жолго баштайт. Бир айдын аралыгында "Эркин Тоонун" санын он миңге жеткирүү - баарыбыздын мойнубуздагы чоң милдет" деп жазат. Пролетарлардын улуу жол башчысы Ленин элдерди падышалык Россияны жарыкка жетелөөдө "Искра" баракча газетасынан баштаса, Жусуп кыргызды агартып көгөрткөнгө кадамды азыркыга чейин басылып келе жаткан "Эркин Тоо" газетасынан баштаптыр.
Даанышман адам билимсиздик элдин тушоосу болоорун жакшы түшүнүп эл сабатсыз болсо да "тамга таанып окуганга, жазганга өзүлөрү умтулаар" деген максатта 1928-жылы элет эли үчүн "Дыйкандар", мугалимдер үчүн "Жаңы маданият" газетасын, ал эми 1930-жылы "Сабаттуу бол" газетасын, "Чабуул" (Ала-Тоо) журналын бастырып чыгарат.
Жусуп Абдрахмановдун табигый акылмандыгы анын жан дүйнөсү рухий байлык менен азыктанып экөө бири-бирин толуктап жуурулушуп турган экен. Анын асыл мурасы болгон күндөлүгүн кайрадан барактасак:
"Чоң театрга кирдим. Хованицина операсын көрүп чыгып Б.Кушнердикине бардым. Кандай бийик адамдар. Алар менен отурганда өзүңдү ушунчалык жеңил сезип сергек отурасың. (1928-ж. 31-сентябрь)" деген ой түрмөктөрүн окуйбуз. Борис Кушнер орус поэзиясынын "күмүш кылым" деп аталган мезгилин көрүнүктүү өкүлү болгон. Б.Кушнер ошондой эле В.Маяковский, А.Ахматова, С.Есениндин замандашы калемдеши болгон. Кеменгер Жусуп мына ушул чөйрөдө аралашып, өзү жазгандай жан-дүйнөсүн байытып андан чексиз ырахат алган экен кайран, кеменгер Жусуп.

Жолдошбек Токоев