Учур ой

Баатыр намыс үчүн төрөлүп, намыс үчүн өлөт
Азыркы муун элибиздин чыныгы абалын туюп, калк катары калыбына келтирүүгө чечкиндүү жана жигердүү чараларды көрө алабы? Маселенин түйүнү ушунда жатат. Бул үчүн менимче ар бир атуул жок дегенде эки суроого толук жана илимий жактан ар тараптан негизделген жооп алышы керек. Биринчиси, биз ким элек, ким болдук? Кайда кантип барабыз? Экинчиси, канткенде жана эмнелердин негизинде элибиз кошуна калк менен тең ата өнөк болуп, азыркы цивилизацияланган, ааламдашкан доордун деңгээлинде эркин, акыйкаттуу жана тууганчылык турмушта өмүр сүрө алат?
Албетте, бул суроолор жөнөкөй угулганы менен татаал, көп жактуу жана узун. Буларга жооп берем деш, биз тараптан бечелдик болоор.

Кантип,
кайда баратабыз?
Кыргыз эли карт тарыхтын ар бир барагын кызыктуу жана баатырлык окуялар менен толтура тургандай татыктуу өмүр сүрүп келген. Кеп анын өзүнүн мамлекеттүүлүгү, көз каранды эместиги, азаттыгы, турмуштагы эркиндик, адилеттик үчүн тынымсыз күрөшү жөнүндө болуп жатат. Элдин эрдик, баатырдык өмүрү, жазмасын жоготуп койгондон кийин, жипке шуру тизгендей тизмектештирип санжыра, жомок, эпос жана макал-лакап түрүндө муундан-муунга осуят катары оозеки өтүп келген эмеспи. Бирок, акыркы 80 жыл элдин руханий дүйнөсүнө чоң, калыбына келтиргис зыян тийгизди. "А" деген арипти үйрөнүп, жалпы баарыбыз окуганды үйрөнгөнүбүз менен руханий деңгээлибиз, акыл-эсибиз жана адеп-ахлахыбыз абдан бөксөрдү.

Эл тарыхындагы доо же бүтөлгөн булак.
Өзгөчө элдин тарыхына кеткен доону толук элестетүү кыйын. Ал абдан жылмаланып, "таптык көз караштын" калыбына салынып, жалган идеологияга баш ийдирилген, тамтыгы кеткенче тебеленген. Натыйжада тарыхтан жандуу баатырлар кетип, абдан идеологиялаштырылган партиялык кызматкерлер сөрөйлөрдүн тар жана догматикалык кызыкчылыгына кызмат өтөп калган. Мисалы, 1980-жылдарда даярдалып басылган "Кыргыз тарыхынын" экинчи томун алып көрүңүзчү. Бир канча жүз жыл душман ээлеп жаткан жерин кыргыздар бошоткондугу жөнүндө бир да баатырдын ысымы келтирилген эмес. Бул туурабы? Туура эмес. Кыргыздардын XII-XIII кылымдагы тарыхы бүт бойдон басып алуучуларга каршы күрөшкө толгон.
Кыргыз эли миңдеген жылдар бою жоокерчилик заманда жашашып (санжырачы-тарыхчы Тоголок Молдонун (Байымбеттин) жазгандарына караганда) Алтайда турганда үч жүз жыл хандык доорун сүрүп өткөргөн. Хандары мамлекеттен мамлекетке өкүм жүргүзгөн. Бул элден хандык өксө болгон эмес. Бул үч жүз жылдын ичинде кыргыз душманын басып алган, бастырган эмес.
Азыр "Манас" баш болгон эпостордон баштап, бир кайрак макал-лакаптарга, оймо-чиймелерге, комуз күүлөргө чейин кыргыз элинин бүтүндөй бүкүлү эл тагдыры, нарк-насили, дүйнө таанымы, таалим-тарбиясы сиңирилип, чагылдырылып уюп калган. Биз өзүбүздүн рух башатыбызды, тарых булагыбызды, каада-салтыбызда мына ошол көркөм дүйнөдөн табарыбыз бышык. Айтылгандын баары кыргыздын баатырларды тарбиялоо, сактоо салтына толук тиешелүү.
Кыргыздын философиясында: "Баатыр алтоо, бай төртөө, кедей сегиз, бий жалгыз, кул тогуз" - деген макал Белек Солтоноевдин "Кызыл кыргыз тарыхы" деген китебинде берилген, ошондой эле баатыр жөнүндөгү макал кыргызча-орусча сөздүктө да жарыяланган. Мен макаланын максатына ылайык кыргыздын "баатыр" жөнүндөгү ой-толгоосуна жана макалдарына окурмандардын көңүлүн бурмакчымын.
Биринчи баатыр - "адамдын шери". Октон-чоктон кайтпастан, алды-арты, аз-көбүнө карабастан, жоо миң киши болсо да жалтанбастан тоодон кулаган таштай чимирилип жалгыз качырып, күндүз менен түн болсун, тоо улуусу, аң-кемерди көзгө илбестен жоого тийип, жоону кайта аралап, сайышып, быты-чытын чыгарып качырат же өзү талкаланат. Мындай баатырларды "Адам шери" деп атаган. Мындай баатырлар кыргыздын баатырлык замандарында боло келген. Мисалы, Манастын өзү жана анын кырк чоросу, Курманбек баатыр болушкан.
2006-жылы жарык көргөн Магзуиинин (Зиябидин Максым) "Фархана хандарынын тарыхы" деген 1842-1875-жылдардагы кандуу окуяларга арналып жазылган китебинде далай кыргыз баатырларына мүнөздөмө берилген. Ошолордун арасында "адам шери" баатыр болушу толук ыктымал. Санжырачы Элебай Турганбаев "Болот бийдин баяны" деген көп тарыхый булактарга, элдик санжыраларга таянып жазылган мазмундуу китебинде да кыргыз элинин XVII-XVIII кылымдардагы кыргын согуштардагы далай кыргыз баатырларга мүнөздөмө берген. Ошолордун арасынан автор баатыр Эсенкулду - "адамдын шери" деп ачык сүрөттөйт.
Ушундай "адамдын шери" баатырларынын катарына көп санжыраларда жана академик Я.Р. Винниновдун изилдөөлөрүндө Бостери атанын чоң атасы Жалдуу Кабаны жана анын тукуму болгон Түнкатардын небереси Садыр баатырды кошуп жүрүшөт! Кыргыздарда негизинен "баатыр" - деп адамдын кара күчүн гана айтпастан, анын "арстандын жүрөгүндөй", "бүркүттүн көзүндөй" баатырлык жүрүм-турумун, "октон-чоктон коркпостон, алды-арты, аздыр-көптүр карабастан, жоо миң киши болсо да, тоодон кулаган таштай чимирилип" качырган, жана да сүйлөгөн сөздөрүнө, баскан-турганы төп келишкенде гана аны "адам шери" деген баатырлыгына моюн сунушкан. Адатта, мындай баатырлар негизинен өз уруусу үчүн эле эмес, жалпы кыргыздардын же бир чөлкөмдө кошуна жашашкан бир канча уруулардын намысы үчүн күрөшкөндөр.
Экинчи баатыр - "кара көк баатыр" же "көк жал баатыр". Жоодо жаралуу болуп калса да, колу сынса мойнуна тагып асып коюп, буту сынса канжыгасына байлап коюп урушка кирген. Жарага өтө чыдамдуу болуп көтөргөн, башынан аккан кан көзүнө көрсөтпөй каптаса шыпырып коюп согуша берген. Суусап кетсе атынын терин жалап жүргөн. Анткени, "Баатырдын баш ийгени - өлгөнү", "Баатыр өлсө да куралын таштабайт", "Баатыр жараксыз болбойт" - дейт элдик накыл-лакаптар. Ушундай макал-лакаптар менен "кара көк" же "көк жал" баатырларды ар бир үй-бүлө, уруу жана жалпы кыргыз эли тарбиялап, алпестеп өстүргөн. Ошентип, кыргыздын узун жоокерлик жашоосунда "Баатыр намыс үчүн туулуп, намыс үчүн өлөт" эмеспи!
Кыргыз баатырларынын үчүнчү түрү - "шекер баатыр". "Шекер" деген түшүнүк сөздүктөрдө, К. Карасаевдин китептеринде жок экен. "Илек" деген түшүнүк эски, жүз-миң дегенди түшүндүрөт. "Жетимиш илек кол келсе, жеке кирип кол салган, Арстан Манас Чубагы" деген ыр сабы "Манас" эпосунда бар же кыргыз ооз эки жомокторунда "жетимиш илек жоо келсе, жоо аралап кол салган" - деген түшүнүк бар. "Шекер" арап-иран сөзү, айлакер, амалдуу, эптүү дегенди түшүндүрөт. Демек, "шекер баатыр" - жоонун ыгына жараша урушуп, ыгы келген жерде жалгандан качымыш болуп, жоонун аты талып, өздөрү чарчагансып, бириндеп калган чакта кайта качырып сайып алат. Жоонун аз-көбүн билмекке качырткы салат. Жоо качырып, чарчатар жагын көздөйт. Эгер жоодон чындап качып калса, аты чабал жолдошторун алдына, тандамал жигиттерин артына коюп, анын соңунан өзү түшүп, жоону жолдошторуна аралатпастан улам-улам тосуп, согушуп, илгери жибербейт. Мындай баатырлардын жолдошторуна чоң пайдасы болгондуктан, согушка мындай баатырларга карамалап, аскер көп пааналайт. Макталуу "душмандан качпаган", "жол баштаган", "жоодо таанылган", "жоодо макталган" - мына ушул "илекор баатыр".
Баатырлардын төртүнчү түрү - "жеке баатыр". Жанына жолдош албастан, алыс-жакынга жеке өзү жүрүп, жылкы алат, жоосун жоолойт, туткун түшүрөт.
Баатырлардын бешинчи түрү - "ээрчиме баатыр". өзүнөн башка жолдоштору баатыр жана теңтуш болсо, алар менен бирге жүрүп, өзү жоодон коркуп, качайын десе да жолдошторунан уялып, качпастан уялып жүрүп, ошого дагдыланып, үйрөнүп, кийин баатырлыкка чыгат.
Баатырлардын алтынчы түрү - "опсуз баатыр". "Мен деле элдей эмесминби, тигилерден кантип кем болоюн" деп атынын баатырларды туурап, жоону качырымыш болуп жүрүп, туткунга түшөт же жарадар болот.

Баатыр...
Албетте, тубаса баатыр жаралбайт. Баатырды согуш жаратат. Кыргыз эли урууларга бөлүнүп жашаганы менен, чет элдик душмандан коркунучу болгон шарттарда дайыма биримдикте болушкан. Ал эми ал коркунуч жоголгон учурларда, уруулар өз ара согушуп келгени карт тарыхта турат. Ошого жараша ар бир уруунун жана жалпы элдин баатырлары болушу толук ыктымал. Согушчан калк болгондуктан, кыргыз эли эр жүрөктүүлүктү, баатырдуулукту эң жогору баалашкан, баатырларын алпештеп өстүрүп, аны менен сыймыктанып, туу катары тутушкан. Алардын өрнөгүндө өсүп келе жаткан жаш муундарын калыптандырышкан. Көчмөн кыргыздардын алтынга сатылбай, байлыкка манчыркабай, сулуулукка алданбай, ар-намысын барынан жогору койгондугу ушул күндө да цивилизацияланган элдерди таң калтырууда.

Рух... Дух...
Чынында, учурда өтө жооптуу жана татаал жол турат. Ар бир атуул кулчулук, маңкурттук, кош көңүлдүк психологиядан арылып, намыстанып, Кыргыз мамлекетинин нагыз гүлдөшү үчүн күрөшүүгө шарт түзүлүүдө. Мында өткөн доорлордогу баатырлардын, эрлердин жаркын элестери бизге жардамдашат.

Улуу суроо?
Кыргыз элинин башка элдерге эч окшобогон өзгөчөлүгү - анын уруулук түзүлүшү. Бул жүздөгөн жылдарда калыптанган жана аны зордук менен (80 жыл бою тебелеп-тепседик го) жок кыла албайбыз. Албетте, 80 жылдагы жалган идеологиянын таасири күчтүү. Акыл-эсти, ойлонууну кайра жаратуу эң кыйын жумуштардан. Азыркы тарыхый шартта жалпы элдин биримдигин чыңдап, атуулдарга адамкерчилик улуу сапаттардын калыптанышына өбөлгө түзүү жана жардамдашуу керек. Астыдагы Президенттик шайлоодо-нагыз улуттук лидерди тандай алабызбы? Чын-чынына келгенде кыргыз мамлекетинин эртеңки тагдыры өнүгүү жолу жана Азиянын чок ортосундагы татыктуу орду-коюлган суроого так жана туура жоопту тарых талаптайт. Ушул улуу суроо турат алдыбызда.Бул да тарыхтын мыйзамы!

Кусеин Исаев,
мударис