Ал - алтын!

Кыргыз жеринин кен байлыктарын иштетүү боюнча маселелер кыргыз элинин талкуулоосу жана макулдугу менен гана чечилсин

Кыргыз Республикасынын президенти Р.И.Отунбаевага
Кыргыз Өкмөтүнүн премьер - министри А.Ш.Атамбаевге
Жогорку Кеңештин төрагасы А.Келдибековго

1993-жылдан баштап Кумтөр кенин көз боемочулук жана коррупциялык жол менен түзүлгөн келишимдердин негизинде иштеп жаткан чет өлкөлүк компаниялардын арам иштеринин бетин ачкан элдик коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана жеке адамдардын катышуусу менен Ысыккөл облусунун Жетиөгүз районундагы Тамга айылында жана Бишкек шаарында өткөн жыйындардын чечиминен улам Сиздер тараптан баа берилип, тийиштүү иш чаралар кабыл алынат деген чоң ишеним артабыз.

1. 1993-жылдан берки Кумтөр кенин иштетүү боюнча түзүлгөн келишимдер кыргыз элинин жана мамлекетинин кызыкчылыгын эске албаган келишимдер деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 5-пунктуна ылайык өлкөбүздөгү тоо-кен, жер-суу, токой байлыктарыбызды иштетип жаткан чет элдик жана республикалык ишканалар улутташтырылсын.
3. Кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келген келишимдердин долбоорун даярдаган жумушчу топторго, жана келишимдерге кол койгон мамлекеттик чиновниктерге кылмыш иши козголсун.
4. Кумтөр кени иштетилгенден бери кеткен чыгымдар кайра тастыкталып, мурдагы жана азыркы бийликтегилер тарабынан компанияга берилген атайын жеңилдиктер толук алынып салынып, 1993-жылдан берки бажы, салык жана башка төлөмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайра эсептелсин жана өндүрүлсүн.
5. Келишимдеги үлүш-төр кимге таандык экени жана анын өлчөмү, андан алган пайдасы элге жарыяланып, мыйзамдуулугу тастыкталсын. Биринчи келишимде 740 га жөнүндө сөз болуп жанындагы бөлөк алтын кендери ээлеп алып, азыр ал территориясы 26,0миң га жетти.
6. 2008-жылкы кылмыштуу (коррупциялык) келишим жокко чыгарылып, 2007-жылкы генералдык келишимдин негизинде Кумтөр кени Кыргыз Республикасына өткөндүгүн эске алып, өндүрүлгөн алтындын баары кыргыз элине таандык деп таанылсын жана өлкөбүзгө кайтарылсын.
7. Кен иштетүүгө кеткен таза суунун көлөмү эсептелинип, баасы аныкталсын.
8. Кен иштетүүдөн калган уулу калдыктарды жана экологияга келтирилген зыяндарды аныктап, эл аралык эрежелерге ылайык жаратылышты, жерди калыбына келтирүүгө (рекультивация) жана ууланган элге (мал, жанга) компенсация 1993-жылдан бери төлөнүп берилсин.
9. Улуттун келечеги үчүн Кумтөр кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыяндарды, мөңгүлөргө, сууларга тийгизген кесепеттерин, пайда болуп жаткан оору, малда пайда болгон ылаңдарды ж.б. табигатка тийгизилип жаткан терс таасирин, мүчүлүштөрдү элдик, коомдук көз карандысыз өкүлдөрдөн иликтөө жана алардан арылуу боюнча иш жүргүзүш үчүн Улуттук комиссия кайра түзүлсүн. Улуттук комиссиянын тыянактары жана чечимдери кыргыз коомчулугуна ачык жана так билдирилсин.
10. Улуттук комиссиянын чечими толук чыкмайынча, "Центерра Голд инк." компаниясынын Кыргызстанга киргизилген товарларына, жабдууларына, сырьесуна коомчулук катышкан бажы көзөмөлү коюлсун. Өндүрүлгөн алтынды жана бөлөк заттарды өлкөдөн чыгарууга бөгөт коюлсун.
11. Кыргыз жеринин Кен байлыктарын иштетүү боюнча маселелер кыргыз элинин талкуулоосу жана макулдугу менен гана чечилсин.
12. Кабыл алынган чечим (резолюция) бир айлык мөөнөттө карап чыгуу өтүнүч менен өлкө башчысы Президентке, Жогорку Кеңешке, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карап чыгууга, аткарууга бир айлык мөөнөт менен жөнөтүлсүн жана массалык маалымат кызматы аркылуу кыргыз элине билдирилсин.






  Кат куржундан:

Сөз сурайм, сөз бергиле:
Эл жүгүн көтөрчүлөр барбы, чыккыла!

Урматтуу Кыргызстандыктар, мына биздин Кыргызстанда эмнелер болуп жатканын өзүңүздөр көрүп-билип турасыңар. Кыргызстан оңолобу? Экономикабыз өсөбү? Өнүгүп кете алабызбы? Алдыга карай жыла алабызбы же жокпу, муну баарыңыздар байкап турасыздар. Кыргызстанды алдыга карай жылдырып, өнүктүрө ала турган, таза инсандар жокпу? Качанга чейин ушинтип чабышып, бийликке асылышып, ырылдашып, чырылдашып, жаштарды курал катары колдонушуп келе беребиз?

Азыркы учурда Кыргызстан өнүгүп кетишине караганда, бөлүнүп кетиши коркунучтуу болуп барат. Мен өзүмчө туруп өкүнүп кетем, эмне үчүн биздин Кыргызстандын ичинде чыныгы бычакка сап таза адам жокпу?
Азыр Кыргызстан абдан оор кырдаалда бизге бир таза суудай тунук, сүттөй аппак, саясаттын арам оюндарына аралашпаган, тазалыгына кыргыз эли ишенген, алысты бир көрө билген эң бир таза, элин - жерин сүйгөн, дүнүйөгө - байлыкка кызыкпаган, өлүп кетсем артымда байлыгым калсын дебестен, кайра баскан изим тарыхта касын деген, таза ишмер адамдардан керек.
Кыргызстанга президенттик башкаруунун, парламенттик башкаруунун жана сот, прокуратура бийликтеринин кенедей дагы кереги жок. Биздин Кыргызстан жаңы системага өтүүсү зарыл, бул бизге жел менен суудай керек. Мурдагы кабыл алынган мыйзамдардын бирөөсүнүн дагы кереги жок.
Биз Кыргызстанга чыныгы лидерди шайлашыбыз керек. Мурдагы кабыл алынган мыйзамдар менен жаңы кабыл алына турган мыйзамдардын айырмасы асман менен жердей болушу керек. Себеби, мурдагы кабыл алынган мыйзамдар, карапайым элдерге абдан катуу иштеген, чиновниктерге келгенде таптакыр иштебеген, кол тийбестик, бут тийбестик кылып, өздөрүнүн байлыктарын коргоп калуу максатында, соттолсо дагы түрмөгө отурбай акча менен кутулуп кетүү жолдору менен кабыл алынган андай мыйзамдардын элдерге эч кандай кереги жок.
Улут лидерин шайлоодон соң, 7 областтан 5 кишиден болгон 35 киши аксакалдардан шайланышы керек. Аксакалдардын жашы 60-70 жашка чейинки аралыкта, абдан эстүү, акылдуу, алысты көрө билген таза инсандар болуш керек. Мурда чоң-чоң кызматтарда иштеген эски "карышкырдын" болбошу абзел. Ал аксакалдарды телевизор аркылуу коомчулук менен жүзмө-жүз сүйлөшүп, эл каршы болбогондой кылып, анан кабыл алынышы керек. Керек болсо алар элдин кыжырына тийишип, эшектин тушоосун чече алышпаган 120 депутаттын кызматтарын ошол 35 аксакал эле аткара алышат.
Кыскасы, мыйзам абдан күчтүү, тартип болмоюн эл оңолбойт.. элибиз оңолбосо экономика дагы көтөрүлүп алдыга жылбайт.
Жаңы система менен иштеген жаңы жетекчи өзү абдан таза киши болсо, анын аткарган кызматтары бардыгы алдыга жылат, экономика өсөт, коррупция жоюлат, Кыргызстан оңолот. Эл башкарган адам өзү таза болбосо аны элдер дароо эле билип коюшат. "Жеген ооз уялат" дегендей, таза эмес адамдын сөзү мокок, көзү коркок болот. Сүйлөгөн сөздөрү бири-бирине дал келбейт. Кыргызда макал бар "уурунун көчүгү кууш" деген.
Эгер журт жүгүн көтөрөм деген мыктылар болсо, бар болсоңор чыккыла! Биргелешип пикир алмашалы, Кыргызстандын экономикасын көтөрүп алдыга карай жылдыралы. Эгер эч ким чыкпаса, анда мына мен чыгамын.

Мактымбаев
Тажибай,
Кочкор-Ата шаары, Учительская
көчөсү №1