Суроом бар

К.Кильюнендин ишин Кыргызстанда ким улантып жатат?
"24kg" деп аталган маалымат агенттигинин башкы директоруна тиешелүү чара көрө турган мамлекеттик кызмат барбы?
Аталаган маалымат агенттиги "Кабар" 4-майдагы пресс-конференцияда, К.Кильюнен тарабынан жарыяланган Кыргызстандын Түштүгүндөгү июнь окуялары боюнча эл аралык комиссиясынын жыйынтыгына карай берилген менин билдирүүмдү атайын бурмалап жарыялаган.
"Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй анда 74 процент өзбек улутундагылар өлгөн, бирок биринчи күндөрү өлгөндөрдүн көпчүлүгү кыргыздар болушкан" - деп Салмоорбек Дыйканов түшүндүрдү" деп айтылат.
//URL: http://www.24kg.org/community/99460-salmoorbek-dyjkanov-mezhdunarodnaya-komissiya-po.html
Бул маалымат жарыялангандан кийин Кыргызстандан гана эмес, чет өлкөдөн да мага кайрылышып, эмне үчүн антип айттың?, эмне үчүн кыргыздарды жамандап жатасың?, - деген суроолор жаады. Менин журналистер ката кетирген деген сөзүмө ишенишкен жок.
Алар жарыялаган мындай маалыматтар эл аралык ынтымакты бекемдемек турсун кайра улут аралык жаңжалды күчөтөт жана кыргыз элинин ичин ыдыратат деп эсептейм. Бул маалымат интернетте бүгүнкү күнгө чейин сакталып турат, дүйнөдөгү көптөгөн адамдар окуп жатышат. Башка маалымат сайттары да көчүрмө кылып жарыялашты.
"24kg" агенттиги кылган күнөөсүн мойнуна алып, жарыя кылган кабары үчүн кечирим сурап (16/05/11 09:45) "Каталардын үстүнөн иштөө" (Работа над ошибками) деген темада төгүндөө (төгүндөө тексти тиркемеде) берди. Бирок, анда биз техникалык гана ката кетирдик, бир гана сөз (частица "не") түшүп калып текст маанисин жоготту деген шылтоо айтылган. "Кабардагы" пресс-конференцияда айтылган предлог (не) колдонулган эмес. Муну ошол пресс-конференциянын тартылып алынган видеоматериалдарынан да көрсө болот.
Жарыяланган текст маанисинен көрүнүп тургандай, ал "74 процент өзбек улутундагылар өлгөн", - деген маалыматка С.Дыйканов макул дегендей мазмунда түзүлгөн. Бул кыска маалыматтын жазылышы, структурасы атайын ойлонуп даярдалган. Бир гана сөздөн кеткен ката эмес.
Мындан мурун бир нече жолу "Асаба" партиясынын атынан туура эмес жана такталбаган маалымат тараткандыгына байланыштуу бул маалымат агенттигинин жетекчилиги ооз эки эскертилген. Тилеке каршы колуңардан эч нерсе келбейт дешкендей, ошол адатын дагы кайталашууда.
11-майда, майрамдардан кийин, биз аталган агенттиктин жетекчиси А.Оторбаевага барып ордунан таба албадык. Экинчи жолу да, макулдашылгандай 14-майда бардык. Бирок, кездешип түшүндүрүү берип, эл аралык жаңжалды ырбатпаган туура чечимге келүү аталган агенттиктин жетекчилеринин планында жок окшойт. А.Оторбаева өз кызматкерлерин колдонуп, каршылашкан абалды түзүп, мурдатан даярдалып коюлган видеокамераларга биздин ар бир аракетибизди тарттырып алууну көздөштү.
Өз күнөөсүн жаап-жашыруу үчүн А.Оторбаева өзү тарабынан түрткү болуп даярдалган чыр-чатакка коомчулуктун көңүлүн бөлүп жатат. Улуттук "Асаба" партиясын жаманатты кылышууда. Улутчулдук маанайды бандиттик жүрүшкө теңешип, ар кимге (өзгөчө укук коргоочу уюмдарга) датын айтуу менен алек. Алардын мындай аракеттеринин натыйжасында "кыргыз улутчулдары башка улуттардын өкүлдөрүн сабап жатышат", - деген жалган ушактар Жогорку Кеңештин депутаттарынын да оозунан угулуп жатат.
Болгону бир гана маалымат тараткан уюмдун кылган иши азыркы учурда ушинтип улут аралык мамилелерди курчутуп, эл арасында кабатыр маанайды жаратууда.
Мындай маалымат терроруна каршы тураар күч Кыргызстанда барбы?
Салмоорбек Дыйканов,
Улуттук кайра жаралуу
"Асаба" партиясынын төрагасы




  Батмаек

Каралар акты кайрадан жеңди,
Мурдагы заман кайрылып келди.
Урмат Акунов жаш болсо да саясат айдыңында дайын дареги белгилүү болуп калган жигит. Ар качан адилеттик тарабында курч сөзү менен карапайым калктын кызыкчылыгында тикелей туруп келген жагы бар. Бул саам редакциябызга "Дегеле чындык кайда?" - деп, калың жерди катуу муштап келген экен. Акырын табын кайттырып, төмөндөгүлөрдү айттырып алдык. Эмесе ошол такиликке назар буруп көрсөк.


- Урмат, "чындык" эле "чындык" - деп чыркырайсың. Андай нерсени мурда көрдүң беле, кездештиң беле, андай нерсе болду беле бизде?
- Мен Нарындыкмын. Биздин ата-бабалар жөнүндө күлкү, тамаша катарында бир акыяны айтып келишет. Бир Теңир-Тоолуктан көлдү билесиңби - десе, билем дейт. Параходду көрдүң беле десе (аны балыктын чоңу деп ойлогон го) көрмөк тургай жегем - дептир. Бул дал ушундай суроо болуп турат.
Ошентсе да мен чындыкка эки ирет маңдайлашып көргөнүм бар. Мен эмес бүткүл кыргыз эли аны кыйла жылдар кыйналып издешти. Укугун уурдатып, жалпы менчигин уурдатып, элдик нарк-насил, асыл баалуулуктарын жулдуруп, зулум, зомбу, өзүмчүл падышаларга тушуккан эл аларга каршы күрөшкө чыкты. Акыры бири-биринен ашып түшүшпөгөн эки падышаны кууп чыгышты. Мунун өзү чындык. Каранын үстүнөн актыктын жеңиши чындык болот экен. Мен ушундай эки ачуу чындыкты көрдүм. Андан соң андай асылдыкты кайрадан жоготуп алып кездеше албай жүрөм.
- Ошол эки падышаны кууп чыкканга дем-күч болгон, элдик күрөштүн башында турушкан элдик мыктылар, башкача айтканда оппозиция бүгүн бийликке келди. Элдин көксөгөнү, ой тилеги ушул эмес беле. Андай болсо бул көрүнүштүн өзү да чындык да…
- Ырас, жалпы журттун ой максаты тунук болчу. Кийинки келген бийлик мурункудай болбосо экен. Алар ууру чыкпаса экен. Мурдагылардын жолоюна түшпөй, элдик мүлктү чачпай, тонобой адил болуп беришсе экен деген ой тилеги менен колдошкон. Бирок, натыйжа аны көрсөтпөй жатпайбы. Тескерисинче алар революциянын шарттарын орундатышып, калк камында экенин кадик далилдей алышса, адил башкарууну, жалпы элдик мүнөздөгү эркин көрсөтүшсө "чындык", "чындык" боюнча калмак.
Революциянын башында жүргөн бир мыктыбыз "притча" - деп (өмүр бою эле "притча" айтып келетат) Акүйгө киргендин баары эле ажыдаар болуп кетет экен - деп, мурдагы бийликти сындаганы бар. Эми өздөрү ажыдаар болуп алышты. Актыкты кайрадан кара күч эңшерип кетти. Ошентип чындык аргасыз "өлдү".
- А бирок, кандай бийлик келсе дагы калкка жагып кеткенин көрбөдүк. Системалык өзгөрүү дедик, аны курдук. Балким парламенттик башкаруу өз жемишин берээр. Анын мезгилин күтпөй ачууга алдырган жокпузбу?
- Арийне, системалык өзгөрүүгө өткөнүбүз жаман эмес. Бирок, ал азырынча тек гана кыйкырык болуп жаткандай. Байкап көргүлө, башкаруу дале болсо баштагыдай эле. Бир айырмачылык мурда бийлик бир үй-бүлөөнүн кызматында болсо, азыр аны партиялар бөлүштүрүп алышкан. Анан калса бийлик бутактарынын ыйгарым укуктары так, даана бөлүштүрүлгөн эмес. Тагыраак айтканда ким кайсы чөйрөгө таасир эте алаары дегендей жана жоопкерчилиги жок. Президенттин башы баштагыдай эле бардык жерден кылтыят. Жем бөлүшө албаган аарылардай кайсы жерден акча өндүрүү байкалса, бийликтин бардык бутактары ошол жерде. Майлуураак кресло үчүн бири-бирин аеосуз шыбагандан кайра тартышпайт. Бийлик бутактарынын өз ара ынтымагы байкалбайт. Мындай шартта өлкөнүн жалпы кызыкчылыгын көздөө болушу дегеле мүмкүн эмес.
(Уландысы 8-бетте)