"Айгайдын" архивинен

Тюлеев түптөп, анын кызыл лентасын Иса Өмүркулов кесип жүрөт...
Бишкек - бейиштин төрү делген Кыргыз мамлекетинин борбору. Кезинде борборубуз өзүнүн жашыл жаратылышы боюнча ал кездеги СССРдин ичинен Киевден кийинки орунда турганы айтылат. Таза, таптаза шаар болчу. Бала кезде айылдан борборго барабыз дегенде даярданганыбызды айтпа. Эски көйнөк болсо да эки жеңине чейин үтүктөп, жуунуп-тазаланып дегендей, анан аттанаар элек. Ал эми бир - ностальгия…

Эгемендик жылдарында баш калааны кимдер гана башкарбады. Бир күн отурган мэрлер да болду. Бирок, саясат-паясатыңды ары таштап, калыстыгын айтсак шаар Нариман Тюлеевдин учурунда өзгөрүүлөргө тушукканын көкүрөгүндө акыйкаты бар адам жок дебес. Эгер ал дале мэр бойдон турганда дагы канчалаган долбоорлор ишке ашмак. Бүгүнкү кыргыз саясатынын "мыйзамы" андайга карабайт экен. Колунан келеби, келбейби "өз короосунан кочкор салмай" азыр баардык жерде эрежеге айланып, эзип жаткан кез. Азыркы мэр Иса Өмүркулов келген бир жыл аралыкта эмне иштер бүттү. Ал "бүтүрдүм" деген иштердин бир тобу Н.Тюлеевдин кезинде башталганын көпчүлүк билбестир. Мындайча айтканда азыр Тюлеев түптөп, анын кызыл лентасын Иса Өмүркулов кесип жүрөт. Салыштыруу иретинде карап көрөлү. Мисалы, 2008-жылдын августунан 2009-жылдын октябрына чейинки жасалган иштерге эле көңүл буруп көрсөк:
Биринчиси, 2009-жылдын жылдык бюджети, 4 миллиард 336 миллион сомду чапчыган. Мындай динамикалык өсүш акыркы учурда борбордо болгон эмес.
Социалдык сферада: "Учкун", "Арча Бешик", "Ак Бата", "Орок", "Кара Жыгач" конуштарында жаңы мектептер ишке киргизилди. "Касым", "Ак Босого" конуштарына бала бакчалар курулду. "Жеңиш", "Арча Бешик", "Тынчтык", "Рухий мурас" конуштарында медициналык амбулаториялар курула баштаган. 2008-2009-жылдары жылуулук сезонунда (кышкы мезгилде) көмүр баасын 2600 сомдон жогору чыгарган жок. Бул баа өлкөдөгү кара алтынга болгон эң төмөнкү баа болгон. 100 тоннадан ашык көмүр шаар тургундарына ушундай төмөн баада берилген. Шаар бюджетинен 12 миллион 570 миң сом чыгымдалып, 5 миң 174 үй-бүлөөгө бекер таратылган. Борбордогу 33 мектеп, мектепке чейинки 24 имарат, 19 саламаттыкты сактоо, 10 маданий жай, шаар бюджетинин эсебинен капиталдык ремонттон өткөн. Бул деген бир кило мыгың бир топ акча турган бүгүнкү күндө оңой каражат эмес.
Шаар тазалыгы үчүн да бир топ иштер бүткөрүлгөн. Ал үчүн 19 таштанды тазалоочу техника, 1300 таштанды челектери сатылып алынган. "Менин сүйүктүү шаарым" деген девиз менен далай акциялар өтүп, жашылдандыруу иштери үчүн да бир топ эмгектер жумшалган. Бир эле гүл боюнча алсак 2010-жылдын башында 2 миллионго жакын гүл көчөттөрү атайы идиштерге отургузулган. Азыр алар кайда, бир кудайдын өзү билет. "Ата-Түрк" паркы, борбордук парк калыбына келтирилип, Ахунбаев көчөсүндө жаңы "Сүйүү паркы" курулду. 15ден ашык эбак "жашоосу" токтогон фонтандар кайрадан оңдолуп ишке кирди. Мэриянын имаратынын алдындагы (кийин лентасын жаңы мэр кескен) фонтан да Тюлеевдин убагында түптөлгөн.
Бишкек мэриясынын күчү менен "Тунгуч", "Жал" кичирайондорунда 2 көп кабаттуу үй эксплуатацияга берилген. Караңгы каптап калган шаардын борбордук көчөлөрүн жарык менен толук камсыз болгон. Андан тышкары шаардын чет жактарындагы 50 объектиге, 19 көчөгө, 5,6,7,8,9,10-кичирайондорго көчө жарыктары жаңырылмак. Шаар тургундарын ташуу үчүн дагы атайы автопарк ачылып, (БПАТП) 223 миллион сомго 200 автобус сатылып келинген, Кытай грантына берилген 153 автобусту кошпогондо. (Андан тышкары ар бир троллейбустун баасы 148 миң 260 АКШ долларын түзгөн. 21 троллейбус Белоруссиядан сатылып алынган. )
Ибраимов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин, Кулатов көчөсүнөн Совет көчөсүнө чейин, Элебаевден Горькийге, Абайдан, Ахунбаев, Медеровго, Л.Толстойдон Ибраимов, Панфилов көчөлөрүнө чейин, Раззаков көчөсүнөн Бөкөнбаев, Чуйков көчөлөрү, Логвиненкодон Толстой, Бөкөнбаев, Абдрахманов көчөлөрү Манас проспектисине чейин жолдор капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. Тыналиев көчөсүнөн Байтик баатыр көчөлөрүн кездештирчү Түштүк магистралы башталган.
Андан тышкары жаңы конуштар болгон Калыс-Ордо, Достук, Тынчтык, Ак-Өргө, Ак-Ордо, Кара-Жыгач, Дордой конуштарынын көчөлөрүн асфальтташтыруу долбоору башталган. Жалпы суммасы 215 555 580 сом түзгөн бул долбоордун далайын Бишкек мэриясы өз мойнуна алган. Андан тышкары электр тармагы боюнча канчалаган иштер аткарылды. Бул Тюлеевдин акыркы бир жыл аралыгында жасалган иштери. Дагы канчалаган долбоорлор ишке ашмак...
... Бирок, кандай болгон күндө да Нариман Тюлеев Бишкек шаарынын эң мыкты жетекчилеринин бири катары шаардыктардын эле эмес, бүтүн Республиканын эсинде калды. Бул эч ким талаша алгыс далил.

Күлчоро Кабылов,
Бишкек шаары