Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Арабаевдин атын алган окуу жайда

"Жусуп Абдрахмановго баатыр наамын берүү бүгүнкү күндүн талабы!"
Бул маселени Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн республикалык илимий-практикалык конференциянын бир катар катышуучулары көтөрүп чыгышты.
Конференциянын катышуучулары өз кезеги менен сөз алышып, Ж. Абрахмановдун күндөлүгүнө дагы токтолуп, азыркы жаш муун, керек болсо мамлекет башында отурган билермандар күндөлүктү окуп чыгуулары керек экендиктери айтылды. Бирок, залда отурган Касым Жунушбаев аттуу карыя: "Китепти окугула деп сунуштап турганыңар жакшы, бирок, китепти окуш үчүн аны колго алуу керек го. А китепканаларда, китеп дүкөндөрдө бул китепти табууга мүмкүн болбосо, кайдан алып окушат?" деген талылуу суроону койду. Карыянын айтылган сын кеби отургандар тарабынан колдоого алынып, Ж. Абдрахмановдун күндөлүгү китеп болуп кайрадан басылып чыгарылуу сунушу өкмөткө жибериле турган резолюцияга камтылды.
20-кылымдын акырындагы кыргыз элинин кыл учундагы тагдырына, келечегине өз салымын, жанын, канын аянбастан салган Жусуп Абдрахмановдун 110 жылдыгын алгачкылардан болуп белгилеп жаткан И. Арабаев атындагы КМУнун ректоратына, анын ичинде ушул иштин демилгечиси, аталган университеттин илимий иштер боюнча проректору Эмиль Каниметовго конференциянын катышуучулары тарабынан терең ыраазычылыктар билдирилди.
Бул иш-чарага Кыргызстанга аты таанымал илимпоздор, коомдук ишмерлер, журналисттер, Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү, окуу жайдын жаш окумуштуулары жана башкалар катышты.

P.S. Аталган университет ар тараптуу коомдук иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүп келаткандары жалпыга маалым. Алсак, буга чейин "Манас кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы", 2010-жылдын 7-апрелинде шейит кеткендерге арналган "Жаштар кыргыз элинин тиреги, таянычы", "Келечек жаштардын колунда" деп аталган бир канча илимий конференциялар иш жүзүнө ашырылып келди. Бул иш-чаралар жаштарды туура жолго, эл-жерди сүйүүгө, сактоого жана эл үчүн ак кызмат өтөөгө багытталып, өз ичине жаштарды патриоттуулукка тарбиялоого максатталган. Мына ушул саналган иш-чаралардын дагы бир маанилүүсү, жакында эле Жусуп Абдрахмановдун 110 жылдыгына арналган республикалык илимий-практикалык конференцияны атоого болот.
Азима АКУНОВА,
И. Арабаев атындагы КМУнун
басма сөз катчысы
(Сүрөттөр Эсенаман Үсөновдуку)




Мактанба
мамлекетим
Чолоосу тийбеген чоңдорго
Тарыхты карап көргүлөчү Америка эли экс - президенти Франклин Рузвельтти, Франция экс-президенти Шарль де Гольду, Түрк эли Мустафа Кемелди, Индия эли Махадма Гандини ооздорунан түшүрбөй туу тутушат экен . Бизде болсо быйыл Жусуп Абдрахмановдун 110 жылдыгы. Ал туурасында жогоркулардын бирөө да үн катышпайт, ооз ачпайт бул улуу инсан жөнүндө. Ж.Абдрахмановдун жасаган иши, билими өз элинин урматтоосу жогорудагы мен айткан инсандар менен эле барабар, керек болсо алардан да артык. Ф.Рузвельд, де Голь, Мустафа Кемел өз ажалдары менен өлүшсө, кайран Жусуп толуп турганда 37 кырчындай жашында өз элинин тагдырына оттой жанып күйүп, ошол элине көргөн көргөн камкордугу үчүн Сталиндин желдеттеринин огунан өлгөн. Бир эле өзү өлбөстөн бир тууган иниси Токо Абдрахманов да ошондой октон жан берген. Токо да Жусуптун шакирттеринин бири катары Кыргыз мамлекетин түптөөнүн башатында жүргөн. Биз бүгүн Жусуптун эмгегин баалабай, анын өрнөгүн улабай туруп, эч нерсе жасай албайбыз. Саясатчы сөрөйлөргө айтаарым бул - Жусуптун баскан жолу, өрнөгү, анын "элим" деген сөзү алдыңарда балбылдаган чырак болуп турса аны көрбөй турасыңар. Күздөгү президенттик шайлоого эмитен эле жулкунуп жатасыңар. 1933-жылы ачкачылыкта кыргызды сактап калган Жусуп Абдрахмановду оозго албай туруп президенттик кызматтын балакетин аласыңарбы? Бул күйгөндөн чыккан ачуу сөз. Бирок чындык.
Сардар Бекболотов
Сокулук району




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??