Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Түй, жүрөккө!

Тагдырдын тамырсыздык илдетинен калкала,
Ар адамда өз энесинен башка да,
Болуу керек кудуреттүү төрт эне,
Жөлөп тураар, тиреп тураар аркада.

Ал төрт эне:
Туулган жери - түп казыгы айдыңы,
Эне тили - сатылбоочу байлыгы,
Карт тарыхы,каада-салты, тиреги,
Кагып турган көөдөнүндө жүрөгү!
Төрт энеге дилин жалгай албаган,
Пенделердин башы кайда калбаган,
Төрт энени коргобогон элдердин,
Бак жылдызы эч качан да жанбаган.
(Мухтар Шаханов)




  Календардын барагынан

Жүрөккө жасалган жол
1959-жылы, ушул күнү, 19-майда Орто Азия жана Казакстан элдеринин тарыхында эң алгач болуп доктор Иса Ахунбаев Шаршенбек Мырзабеков деген кыргыз жигитинин жүрөгүнө операция жасаган. Кезинде ушул ачылыштан кийин кыргыз медицинасынын атак-даңкын СССР эмес, тоо койнундагы кичинекей республиканын ушундай күчтүү медицинасы бар экени чет өлкөлүктөрдү да таңданткан экен…




  Түнкү чырак

"Өткөндү билбей туруп, келечекке жол салуу мүмкүн эмес"
(Алфабий)

"Билгендер үчүн убакыттын бош өткөнү жаман"
(В.Гете)

"Атанын акыбеттүү өмүрү балдарынын иштери менен жүрүш-турушунда уланат"
(кыргыз эл макалы)

Чыккынчылык качан болсо тырмактагы мык сыңары сыздатып гана турат.
(Артур Миллер)

"Там где, кончается дипломатия, начинается война"
(Поливиос
Димитракопулос)




  Ностальгия ордуна

"Осторожно, дети!"
Ушул күнү 19-майда СССРдин ар бир мектебинде барабандар кагылып, сурнайлар үнүн созуп кызыл жагоочондор кыдырата тизилээр эле. Мекенди сүйүүгө, аны коргоо үчүн ар дайым даяр болууга ант берээр элек. Баатыр пионерлер Павлик Морозов, Кычан Жакыповдордун эрдигине түздөлүп, патриотизмге сугарылаар элек. Азырчы?
Бир чети Советтик доордо өлкөнү сүйүү, аны көздүн карегиндей коргоо, Мекендин патриоту болуу улуу сыймык милдет эле. Советтик системанын эң жакшы жери, карапайым эл бүгүнкү капитализмдей кыйналган эмес. Лениндин теңдиги чындап бар болчу.
Ал мезгилдин жеңилдигин ушундан көр, атабыз же энебиз 12 эле сомго алып берген жолдомосу (путевка) менен Ысыккөлдүн жээгинде (биз пионерлер) дээрлик 24 күн бою, төрт маал тамак ичип, күнгө какталып, көлгө түшүп эс алып кайтаар элек. Ошондо, жайында көлгө баратканда "Осторожно, дети!" деген жазуусу бар автобусттар биринин артынан бири чууруп, ал автобусттардын ичинде эртең мектепке эмне кийип барам деген бүгүнкү капитализмдин баео дүйнөнү чыйрыктырган түйшүгү эмес, балалыктын шаңдуу күлкүсү чыккан бакубат өлкөнүн бактылуу балдары бара жатышаар эле…

Нурдин Асанов




  Бир собол

Батыш менен чыгыштын
ортосундагы Кыргызстан
кайсы системада жашап
жатат? Өзүнүкүбү же
өңгөнүкү мененби?

Байас Турал, Жазуучулар
союзунун төрагасы:
- Биз жашаган система Батыштан келди. Батышта бүгүн эл бузулуп жатат. А биз элди бузуп жаткан системаны үлгү кылып алдык. Маселен, ошол батыш коомунда аялына аялы, эркегине эркеги үйлөнүп жатат. Бул табияттын мыйзамына каршы жашоо. А, табияттын мыйзамы - Кудайдын мыйзамы. Батыш азыр Кудайдын мыйзамына каршы жашап жатат. Демек, булар эртеби, кечпи жок болот. Ырас, Европадан ала турган көп нерсе бар. Мисалы, аларды илим-билим, техникалык ойлоп табуулар көтөрдү. Өнүгүүнүн арты менен жалпы Европа маданиятын түзүп, турмуш-тиричилигин жакшыртты. Бирок, адамдарды, улутту тарбиялоодо артка кетип, бузулган коомду түзүп отурат.








кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??