Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

  Май жыттанган "жыргал"

Бензин менен авиакеросин
Өткөн 2010 - жылы нефти өндүрүү боюнча араб өлкөлөрүн артка таштап, дүйнөдө биринчи орунга чыккан Россия ушул тапта нефтиге өздөрү зар боло баштады. Россия өкмөтү бул муктаждыкты келип чыккан проблемарды жөнгө салуу үчүн эки апта мурун катуу киришкен. Бирок майнап чыга элек. Нефтинин баасы Россиянын өзүндө күндөн күнгө өсүүдө. Маселен, орточо актандуу (А-93) бензиндин баасы Санк-Петербургда 24 рубль (бизче 36 сомдун тегереги) ал эми Камчаткада 38 рублди чапчыды, мындай көрүнүштү Россиялык эксперттер салык саясатынын начар реформалоонун жана ички рынокто жеке менчик компанияларга көңүл бөлүнбөй, атаандаштыкты түзө албай, бийлик мамлекеттик "Роснефть" , "Газпром нефть" компанияларына ашыкча ишеним арткандыгынан деп баалашууда. Мындайда, Кыргызстандын бийлиги бул багытта чара көрбөсө, өлкө экономикалык социалдык коллапска дуушар болот.
Айтмакчы, мындан төрт-беш жыл мурун Казакстандын нефти заттары Кыргызтанга сатылып, Россиянын нефти компанияларына атаандаштыкты түзүп турчу. Кийинки кездерде Кыргызстандын рыногун "Газпром нефть" монополияга айлантып алган. Кызыгы, эми Ганси авиабазасына нефть продукциясын ташуучу Кыргызстандык шылуундар кыйналган өлкөсүндө (бийлик чөйрөсүнүн адамдары) даана олигархка айлана турганы бышык болуп барат. Себеби, кымбат товардан ошончо киреше түшөт. Эскерте кетсек, жылына АКШнын Ганси авиабазасы 500миң тонна авиа керосин керектешет. Мынча көлөмдөгү авиакеросинди ташып үстөгү менен сатуу… Калькулятор керек окшойт, ээ…

Ногойбай Султанов




  Кайыш

Өмүркулов "кетсин!"
7-апрелдин урматы менен Бишкек шаарынын мэрлиги энчисине илинген И.Өмүркуловго болгон элдин нааразычылыгы улам калыңдоодо. Атургай, жүздөгөн жарандадын чыдамы чегинен ашып, алды аянтка чейин сүрүлүүдө. "Ата Түрк" паркынын айланасында жашаган тургундар маалымат жыйын өткөрүп, парктын айланасында элиттик үйлөрдү куруу, жаш балдардын ат чабыш-спорттук мектебине жасалган кысымды токтотулуп, Өмүркуловдун отставкага кетүүсүн талап кылды.
(Ал жерде эл ырыскысынан байыган кайсы бир көпөстөрдүн үйү түшүп, курчап алганча балдардын ат минип көңүлдөрү көтөрүлүп жүргөндөрү артык-ред. ) Ал эми Арча-Бешик конушундагылар мыйзамсыз жер тилкелери сатылгандыгын ачык айтышып, шаар мэри кызматтан кетишин талап кылып, Акүйдүн алдында бир айга чукул убакыттан бери турушат. Аларды угуп койгон Ак үйдөгү "совесттердин" бирөө жок. "Жашасын феодализм" деп жазсак таарынышканычы…
P.S. Баса, 26-майда Жогорку Кеңеште И.Өмүркуловдун иш аракеттери жөнүндө талкуу күтүлүүдө.
Күлчоро Кабылов




  Күн бүркүм

ИИМде "каман күркүрөйт"
Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин атына карата бир катар дооматтар айтылып, жердешчиликти көркүнө чыгарып жатканы ММКларды селдей каптады. Ушуга байланыштуу депутаттык комиссия түзүлүп, аны текшерүүгө киришкени турган маалы. "Республика" фракциясынын депутаты Тынчтыкбек Шайназаров ИИМдин ичиндеги жетекчиликтерди жалаң таластыктар ээлегенин жар салса, "Ата-Журттан" М.Султанов, "Ата-Мекенден" Т.Мадылбековдор арыз-армандар өтө көбөйгөнүн фактылар менен билдирди. Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков болсо, бийликтин бийик серелериндеги жердешчиликтин тамырын кыркууга чакырды.
Редакцияга ИИМ жетекчиси З.Рысалиевдин мыйзамсыз иштери туурасында, криминалдар менен "супхат" кылгандыгы, тыңшоочу аппараты жоготкондугу, брондолгон жиптердеги "түнкү көпөлөктөр" менен болгон шапар ж.б. боюнча жоон топ материялдар түштү. Алар боюнча сөз кийинкиде болсун.




  Дейт десе эле…

"Ийне сая албаган оймок тандайт"
"Кылаарга жумушу жок куурай сындырбайт" - демекчи, акыркы кезде эриккен депутаттар, зериккен жөн эле адамдар, мамлекеттик желекти алмаштырабыз, алмаштырбайбыз деген теманы "мода" кылып алышты. Өлкө туусу кызыл түс болгон үчүн коррупция гүлдөп жатабы? Эмне, тууну алмаштырсак эле "Кой үстүнө торгой жумурткалап" май көл, сүт көл болуп, өлкөгө адилет орноп калат бекен? Желек же туу, байрак дегендер эмне? Ал эмнени билдирет? Батыш менен чыгыш элдеринде, тереңирээк айтканда туу байыркы жоокерчилик, баскынчылык заманда тигил же бул согуштун, жоокердик кошундардын бири-бири менен тааныбай кокусунан каршылашып, согушуп кетпес үчүн айырмачылык белгиси катары колдонулган. Кийин желектер өлкөнүн белгиси катары колдонула баштаган. Туу же желек кайсы учурда адамдын жан-дүйнөсүнө таасир берет? Мисалы, ошол бир өлкө зор жеңишке жеткенде, ошондо ал кандай гана түстө болбосун, анын эстетикалык касиети кандай гана жасалгалоо касиетине ээ болбосун ал шаңдуу көрүнөт. Мындай учурда анын түсү эч бир мааниге, касиетке ээ эмес. Ушул эле азыркы кызыл түстөгү желек 7-апрель күнү азаматтардын колунан түшпөй желбиреп турбадыбы. Ошол желбиреген кызыл желек диктатордук бийликти кулатуунун, эрдиктин символу болбодубу. Ал окуяны, кызыл желекти эч ким тарыхтан сыза албайт. Эми туунун шаңы жөнүндө "Манастан" бир мисал. Сагымбай манасчы кыргыз колу чоң казатка бара жатканында Аккула аттуу атты ушунчалык элестүү да, таасирдүү да сүрөттөгөнү бар:
Кайыптан бүткөн жаныбар,
Маңдайында багы бар.
Соорусунда беш сала,
Камбар ата тагы бар,
Кол алдында жүргөндө,
Баш туучалык шаңы бар!
Бул саптардын эң таасирдүү сөзү - шаң! Аккуланын жалынын түсү боз болсо да айдаарым желге сапырылып, колдун башкы туусу сыяктуу шаң берип жатканы сезимтал адамдардын көзүнө элестетип, толкундатаары бышык. Демек, желектин түсү боз болсо да шаң берет. Кокус бийлик оң жолго түшүп, эртең элдин турмушун оңдоп кетсе ушул эле кызыл түс желек көзгө шаңдуу, таасирдүү көрүнө түшөт. Себеби, желек калктын психологиясына сөзсүз таасирин тийгизет. Эл ийне минип мүңкүрөп турса желегибиз алтындан бууланып жасалса да ал эч бир таасир бере албайт. Тескерисинче элдин итиркейин келтирип, кыжырдантат. Бул да психологиялык фактыларга байланыштуу. Мамлекеттик желек жөнүндө талкууга катышкандардын жоругу "Ийне сая албаган оймок тандайт" дегендей эле кеп.

(уландысы 7-бетте)




  Мэр пикир

Мелисбек Мырзакматов,
Ош шаарынын мэрии:
"Өз элимди сүйөрүмдү мен эч кимден жашырбайм. Бирок, менин өз элимди сүйүүм башка
улуттарды душман саноо
дегендикке жатпайт"

Отчеттун авторлору Фергана өрөөнүнүн, анын ичинде Кыргызстандын түштүгүнүн этникалык жана конфессиялык өзгөчөлүктөрүн, анда жашаган көп улуттуу калктар ортосундагы мамиленин тарыхын жана учурдагы өнүгүшүн жеткиликтүү билбестиги көрүнүп турат. Маселен, отчеттун "Саясый контекст" аттуу бөлүмүнүн 79-пунктунда "Түштүк Кыргызстандын калкынын көпчүлүгүн абалтан өзбектер түзүп келген" деп жазылып турат. Мындай калпыс факт Эл аралык комиссиянын ишине карата башка улуттардын ишенимин кетирип, кыжырын келтирет. Муну мен Комиссиянын эч качан чындыкка дал келбеген, улуттар аралык мамиленин курчушуна багытталган жеке бүтүмү деп түшүнөм.
Эл аралык комиссия отчеттогу мага арналган бөлүмдүн 389-пунктунда "Улутчул саясатчы катары Мырзакматов өз элин сүйөрүн, анын татыктуу жашоосу үчүн колдон келген бардык нерсени жасоого даяр экендигин ачык айтты" деп жазган. Мунун эмнеси аларга жакпайт, мен түшүнбөйм. Ооба, комиссия мүчөлөрү менен жолукканда мен бул тууралуу ачык айткам. Андан танбайм. Өз элимди сүйөрүмдү мен эч кимден жашырбайм. Бирок менин өз элимди сүйүүм башка улуттарды душман саноо дегендикке жатпайт.
Жалпыбызды өкүнткөн дагы бир нерсе, Эл аралык комиссия отчеттун "Сунуштар" бөлүмүнүн 402, 403, 404, 408, 409-пункттарында Кыргыз Республикасын "Республика Кыргызстан" деп атоону, өзбек тилине муниципалдык жана аймактык деңгээлде атайын статус берүүнү, мамлекеттик радио-телеберүүлөрдөн өзбекче берүүлөрдү уюштурууну, өзбек тилиндеги университет, мектептерди ачууну, коопсуздук күчтөрүнө өзбектерди тартууну Өкмөткө сунуштаптыр. Учурунда өзбек диаспорасынын лидерлери койгон бул талаптар, тилекке каршы, бара-бара улуттук сепаратизмди күчөтүп жибергени белгилүү. Дал ушул талаптар 1990-жылы жана былтыр июнда Оштогу каргашага себеп болгон. Бир диаспоранын таламын талашкан бул талаптардын Эл аралык комиссия тарабынан күн тартибине кайрадан коюлушу улуттар аралык ынтымакты эч качан бекемдебейт. Тескерисинче, ыдыратат. Биз улут аралык араздашууга алып келген кандуу калабадан туура жыйынтык чыгармайынча ордолуу Ошто түбөлүк тынчтык орното албайбыз.

(Уландысы 6-бетте)






кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«