Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Эркин пикир

Ашировго чара көрчүлөр барбы?
Мамлекетибиз өнүкпөй-өспөй, чайпалып-чайналып жатканын түрдүү негиздерге шылтоолойбуз. Бардар турмушту демократиядан, реформадан, Конституциядан издейбиз. Бирок, баары акыры келип эле кадр маселесине такаларына азыркыга чейин анча маани бербей келебиз. Маселен, мамлекетти соко менен колго алып, ортодо дүйнөлүк согушту жеңип, аягы космоско учурган Сталин деле: "бардыгын кадр чечет" деген экен. Анын сыңары, өлкөбүздө эң алды кадр маселеси жолго коюлмайын, эч кайда жылбашыбыз айдан ачык экендиги акыркы мезгилде өзгөчө көзгө тартылды. Чындыгында эле кадр тандоодо кетирилген кемчиликтен, алешемдиктен улам, өкмөт жетекчилери чынын айтыш керек, кыйналууда. Дегенибиз, далай азап-тозок менен куралган коалициялык өкмөттүн абройун кетирген "кадрлар" бардыгы эми ачыкка чыга баштады. Алыс барбайлы, жаңы жетекчи келгенден бери Салык кызматынын ичи шакардай кайнап атыр. Жердешчилик, тууганчылык, трайбализм, регионализм айтор баары аралашкан ызы-чууга малынып... Качан кетирет экен деп жүрөгү түшкөн эле адамдар экен эй.
Салык кызматынын башына келген Б.Аширов төрт ай бололек жатып, бир канча кызматкерди куугунтукка алыптыр, бир тобун кетириптир. Кызыгы, куугунтукка кабылгандар жалаң "крышасы" жоктор экен. Башкаларга каардуу болгону менен өзгө өздөй мамиле кыларын да эшиттик. Март айында Т.Кутанов деген досун жардамчы кылып апкелип, анысы жумушка чыкпай, баш аягы 50 миң сомдой айлык-сыйлык алып чалкалап жатыр дейт. Өндүрүү жана көзөмөлдөө кызматынын жетекчисин кетирүү максатында "отпускеге" айдап, анын ордуна "свой" адамы А.Мамыров дегенди апкелген экен, салык топтоону эки айда 63 млн. сомго түшүрүп жибериптир. Аширов отпускеден келген жетекчини кетирүүнүн айласын такыр таппай, акыры башкармылыкты экиге бөлүп тынганы узун сабак кеп болууда. Бөлгөндүгүнүн жөнү бар экен, Мамыровго кафе, сауна, дүкөн, базар, соода түйүндөрү жана патент саткан бөлүгүн карматыптыр. Демек, 63 млн. сом жөн жерден жоголбоптур да? Эки достун коррупциялык "схеманы" дал ушунда жаткандыр. Болбосо штаттык структураны эмнеге өзгөртөт десеңиз. Дагы бир кызыгы, Б.Ашировдун мурдагы кесиптештери, эсеп-палатасындагы аудиторлору 13-майдагы жыйында "Аширов соттоло турган киши" дешиптир. Бул эмнени каңкуулайт?
Ириде мамлекеттин капчыгын толтуруп, өлкөнүн бюджетин кампайткан эки булактын бири болгон Салык кызматы саясаттын очогуна айланса, эртеңибиз эмне болот? Айрым жетекчиликтерде, министрликтерде өкүм сүргөн "өз короосунан кочкор салуу" интригасынын арыгын чаап, тууганын, жердешин, досун апкелүү аракеттерин салык кызматы көтөрө алабы (?) кокуй. Жөнү жок, жумурткадан кыр чыгарып, мыкты кызматкерлерди куугунтуктоонун арты жаман нерсе менен, кейиштүү тагдыр менен бүтүп жүрбөсүн? Айтор, аталган кызматтагы азыркы башаламандык коалициялык өкмөткө жакшы жыйынтык бербестигин, Б.Аширов турганда жык-жыйма толгон интрига токтобостугун, тескерисинче барган сайын ирип-чиририн жетекчилерге кулак кагыш кылып коелу деген эле ой. Азыр чара көрбөсө, эртең баары кеч болуп калса не болот десең...

Эшимбек Эргешов




  ТОКТОМ

Узартылсын...
2011 - жылдын 13- майы, №213
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 424 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 14-апрелиндеги № 295-V "1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы
№ 424 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтү төмөнкүдөй узартылсын:
- 60 жашка чейинки курактагыларга 2011-жылдын 31-декабрына чейин;
- 60 жаштагы жана андан жогорку курактагыларга мөөнөтсүз.";
- 2-пунктта:
экинчи абзацтагы "2010-жылдын 31-декабрына чейин" деген сөздөр жана цифралар алып салынсын;
үчүнчү абзац күчүн жоготту деп табылсын;
төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- жарактуулук мөөнөтү ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык узартылган, Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту 2012-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынан тышкары жактарга чыгуу үчүн жараксыз, буга Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуулук мөөнөтү аяктай элек паспорттору кирбейт.";
- 3-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункттагы "2010" деген цифралар "2011" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулушу, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.".
2. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр
А. Атамбаев

(КРнын премьер-министри А.Атамбаевдин улуттук байлыктын алкагындагы дагы бир токтому туурасында 7-бетте)










кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??