Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Бүгүнкү кыйналган элимди карап туруп

Эгер Жусуп болгондо…
Көрүп, угуп жатабыз, азыркы бийликтегилер, мандат алыш үчүн президенттик такка жетиш үчүн дагы ушундай себептер менен бир тобу океандын ары жагына, бери жагы Европанын билермандарына, Орусиянын олуяларына, Казакстанга жүгүнүп барып же ал жактан келген эмиссарларына көз каранды болуп отурушат.

Кезинде Москва, Кремилге түздөн-түз баш ийип турса да Жусуп Абдрахманов жол талашып тизгин бербей келген экен. Тарых барактарына сүңгүп көрсөк, 1924-жылы Кара-кыргыз автономиялуу областы түзүлгөндө И.Сталиндин көрсөтмөсү менен областык партиялык уюштуруу бюросунун төрагалыгына В.И.Каменский, орун басарлыгына Ж.Абдрахманов дайындалат. Бул кезде В.И.Лениндин көзү өтүп кеткен кез эле. Ошол гениалдуу адам өлбөй турганда (В.Ленин) Жусуптун өзүн партиялык уюмдун башына дайындап коюшу да да мүмкүн болчу. Себеби, Жусуп бул кызматка чейин өзүнүн саясий көз карашы, ишмердүүлүгү, уюштуруучулук таланты менен азыркы Борбордук Азия мамлекеттерин бириктирип турган Түркестан Борбордук аткаруу комитетинин жооптуу катчысы болуп дайындалган. Кара-кыргыз областтык партиялык комитетинин жетекчиси В.Каменскийге Ж.Абдрахманов эч качан ишене берген эмес экен. Чынында сырттан жетекчи болуп келген адам элдин менталитетин, үрп-адат, каада-салтын, жер шартын, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн дагы ушундай маселелерди кайдан билмекчи. Бул Борбордук - Москванын чоң жаңылыштыгы болгон. Натыйжада, баардык маселени талкуулоодо, чечүүдө, зор карама-каршылыктар болуп, В.Каменский менен Ж.Абдрахмановдун ортосунда күрөш жүрөт. Мындай эрегишүү Москвага жетет. 1925-жылдын март айында өткөн биринчи партиялык Конференцияда Ж.Абдрахманов партиянын бюро мүчөлүгүнө киргизилбейт. Башка жооптуу кызматка да дайындалбайт. Сыягы борбор саясатында Каменский менен Абдрахманов дагы чатактын тереңдеп кетпес үчүн жасаган чарасы болсо керек. Себеби, ушундан көп узабай Жусуп Ташкентке чакырылып РК(б) БКнын Орто Азия бюросуна, 5 айдан кийин Москвага РК(б) БКнын Бюросунда инструктордун кызматына дайындалат. Мына ушул жагдайды, Жусуп Абдрахмановдун Москвага, партиянын Борбордук комитеттине чакырылышын, ал жерде иштешин айрым тарыхчылар Жусуптун ал жакта Москвада таанышы болгонбу? Ал ким болгон? - деп архивдик материалдарды аңтарышып, али күнгө чейин жооп таппай келишет. Тарыхчылардын бул нукура кыргызчылдык көз караштагы иликтөөсү күлкү келээрлик. 1919-жылы комсомолдордун 3-съездинде эле Жусуп В.Ленин менен маектешип жатса, анын үзөнгүлөштөрү көзүнө илинбей коймокпу. Мисалы, ошо съездде Жусуптун жердеши М.Фрунзе да катышканын тарых тактап турат. Бул бир жагдай.
Лениндин көзүнүн тирүү кезинде Падышалык Россиянын, кийин СССРдин курамына кирген элдердин кадрларын өстүрүү эң маанилүү маселе болуп эсептелген. Бул улуттук кадрлар маселеси табийгый зарылдыктан келип чыккан маселе болгон. "Абийирдүү жигитке ажалдуу кийик жолугат" дегендей Жусуптун Москвада иштеп калышы кыргыз элинин келечектеги тарыхынын чечилишине зор түрткү болгон. Себеби, Ж.Абдрахмановдун катышуусу менен Борбордук аткаруу комитетинин жыйынында Кыргыз автономиялуу областтын Кыргыз автономиялуу республика деп кайра түзүү маселеси каралган. Маселенин демилгечиси албетте, Ж.Абдрахманов болгон. Болгондо да ал ошол жыйында Ала-Тоодон Арал деңизине чейин эбегейсиз аймакты кыргыз -каракалпак элинин жери, ошондуктан бул аймак "Кыргыз каракалпак автономиялуу республика" деп аталышы керек" деп өтө масштабдуу маселени көтөргөн. Мындай эрдикке бир гана Жусуп бара алмак. Ал кезде союздук деңгээлде маселе көтөрүүчү кыргыз жок болгон.Кыргыздын көрүнүктүү саясий ишмери Абдыкерим Сыдыков болгон, бирок мындан бир аз илгери 1922-жылдын март айында Ж.Абдрахмановду кошуп алып Түркестан республикасынын курамына тоолуу Кыргыз областын түзүү демилгеси менен иш жасап келген Абдыкерим Сыдыков Сталиндин каарына калып, саясий чөйрөдөн сүрүлүп калган кез эле. Жусуп Абдыкерим Сыдыковдой бийликке сынып берген эмес. 1926-жыл. Ж.Абдрахмановдун өзүнүн жерине, элине көргөн аракети текке кетпеди. Ала-Тоодон Арал деңизине чейин болбосо да РСФСРдин курамында Кыргыз автономиялуу республикасы болуп түзүлдү. СССРдин коммунистик партиясынын Борбордук комитети 1927-жылы Жусупту Кыргызстан автономиялык республикасынын эл комиссарлар Советинин төрагасы кылып кайра Ала-Тоого жиберет. Ошол кезде Борбордук комитетинин биринчи катчысы Москвадан жиберилген Н.Узюков эле. Жусуптун болоттой бекем кайраты, эрки, эрдиги, кеменгердиги ушул кездерде "жарк" этип даана көрүндү. Ал Москванын дайындалган адамдарына жүгүнүп бербеди. Бүт бийликти бир өзүнө бириктирип баардык орчундуу маселелерди өзү чечти. Ошол кезде жаш мамлекеттин тагдыры өтө таттаал эле. Калктын дээрлик 90%ы кат сабатсыз. Түштүк жергесинде Англиянын тымызын Совет бийлигине каршы тукурган басмачылардын диверсиялык иштери өлкөнүн тынчын алып турган кез. Бийлик органдарында А.Сыдыковчулар менен Н.Узюков түзгөн дыйкандарга террордук мамиле жасашкан "Кошчу" союзу деп аталган Бабаханов, Кудайкуловчулардын тымызын кармашы, бай-манаптардын жаңы бийликке баш ийбей моюн толгоосу сыятуу терс көрүнүштөрдүн баардыгы жаш Жусуптун эбегейсиз түйшүгү болгон.
"Турмуш албууттанган деңиз. Турмуш учу-кыйыры жок азап! Бул чындык" деп жазган экен, өзүнүн эскерүүсүндө кеменгер Жусуп. Турмушка анын бул баасы ошол кездеги кыйын кезең жөнүндө айтыптыр сынууну, чөгөлөөнү билбеген Жусуп.
Бул турмушта, саясатта мүдүрүлүп көрбөгөн Жусуптун мүлдө кыргызга сабак болчу, эскерүүлөрүн окуп отурсак анын бир гана Ленинге таазим эткенин баамдайбыз. Бул туурасында Жусуптун баа жеткис күндөлүгү күбө: "Областтык комитеттин бюросунун жыйыны болду. Мага карата Шубриков какшык айтты. (В.Шубриков 1927-1929-жж. партиянын биринчи катчысы болгон авт.)
Мен дагы жемимди жедиргим келбеди. Ошондо мен эл комиссарлар советин таркатып, Абдрахмановдун кызматтан бошотууну, бюджетти түзүүнү Обкомдун аппаратына тапшырууну, эл комиссарлар советине айтылган приказдын үтүр - чекитине чейин "жан-дили" менен аткара турган адамдардан коюуну талап кылдым. Урюпин чегинип, акыры аягында жалгыз калдым. (Урюпин Ф. 1927-1927жж. КАССРнин финансы эл комиссары авт.) "Ак-ниет" кошоматчылардын кадыры өсүүдө. Мындан партия менен революция кандай утушка ээ болот?
17.10.1928-ж.
Вагондун терезесинен орула элек эгин талаасын көрдүм. Жаратылыш да бизге жардам берип жатабы деп ойлойм. Өлкө түшүмдү мол алды, бирок эгинсиз калды. Себеби, өнөр-жай товарлары жок. Өлкө укмуштуудай чоң чарба кризисинин алдында турат. Бул абалдан кантип чыгуу керек? Эч ким билбейт. Кай жагына караба чоңдор, жолбашчылар, бирок туура багыт берген бирөө да жок. Эгер Ильич болгонунда…
05.09.1928-ж.
Жогоруда Жусуп: "Эгер Ильич болгондо…" деп кейиштүү жазганындай мен да азыр ал сыяктуу ушул азыр кыргыз өзүнүн "жексурларына", чет элдиктерге мусаапыр болуп турганда эгер Жусуп болгондо… деп кейип отурам.

Жолдошбек Токоев

Редакциядан:
XX кылымдагы улуттун лидериЖусуп Адрахманов жана анын эл үчүн жасаган өчкүс эмгеги жөнүндө 10-11-беттерде




  Ак, чүч!

Эжекенин
эки сөзүнөн
Үстүбүздөгү жылдын 5-майында, улуттук Филармонияда, Баш мыйзамдын кабыл алынган күндү белгилөө салтанатында президент Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын билдирген.
Р.Отунбаева: "Турмуш жана практика көрсөткөндөй, Баш мыйзамда айрым так эместиктер бар. Ошон үчүн тиешелүү толуктоолорду киргизиш керек. Баш мыйзам мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ким аныкташы керек экендиги так көрсөтүлгөн эмес" деп ошол сөзүндө.
"Элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдиги президент аркылуу болот" деп жазылган. Бирок, Баш мыйзамда ким Конституциянын, адам укугунун жана эркиндигинин кепили боло тургандыгы даана көрсөтүлбөй калыптыр. Ошондой эле парламенттик коалициянын келишимин түзүүнүн жана кол коюунун шарттары аныкталган эмес" дегенин да кошумчалаган.
Он күн өтүп өтпөй, 16-май күнү президенттин видео блогунан Р.Отунбаева Баш мыйзамга 20 жыл бою өзгөртүү киргизилбеши керектигин билдирди.
Р.Отунбаева: "Мен Конституция иштеши үчүн, ага өзгөртүүлөр киргизилбеши үчүн бекем тура тургандыгымды белгилеп койгум келет. "Бийликке келсек, Конституцияны өзгөртөбүз" деген саясий күчтөр бар экендигин билебиз. Бирок, алар терең жаңылышат деп ойлойм. Бизде жаңы Конституциянын негизинде шайланган парламент бар жана ал өз укуктарын коргой алат" деди.
РИОну он күндөн кийин бирөө кысым көрсөтүп айттырдыбы, айтор, көпчүлүк түшүнбөй калды, хан дагы эки сүйлөйбү деп… Бирок бул ириет кандай Конституция керек экенин, эл өзү чечкени калды окшойт…




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??