Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Так талашта

"Кадыры болбой кан болбойт"
Бир жылдан ашуун убакыттан бери мамлекеттин саясатын сапырып жаткан Алмаз аганы канча сындабайлы, коомчулук колдоосундагы лидерлердин бири экени талашсыз. Азырынча расмий түрдө жар салбаганы менен, алдыдагы президенттик жарышта экинин бири катары талашка түшөрү анык боло баштады. Бабанов менен тандемге барып, кокус Куловду колтугуна кысса, Кремлдин асмандан издегенин жерден таап беришет деген сүрөөнчүлөрү арбын. Жарышта жеңчү шансы начар деп айтууга да болбойт. Административдик күч колунда. Ал эми акча жагынан Бабанов, Турсунбеков, Салымбеков сындуулар өксүтпөйт да...


Темир Сариев
"Ак шумкардын" башчысы Темир Сариев да акырын басып, аз сүйлөгөнү менен, алдыдагы аламанга кызуу даярданууда. "Сүткө оозун күйгүзгөн, айранды үйлөп ичет" дегендей, Темикең бул шайлоодо өткөн парламенттик шайлоодой болуп штабына өкмөт акырынан "жем жеп" чоңойгон медиа пиармендер менен боркокчондордун, эне тили эмес, расмий тилде сүйлөгөн "акылдууларды" толтуруп албаса, өткөндөгүдөй тоонун ары жагында эмес, бери жагынан көрүнөөрүнө ишенгендер аз эмес. Экинчи турда экинин бири болбой калса да бул сапар Темикең сөзсүз оюн ичинде болууга көздөгөнү күч.


Мыктыбек Абдылдаев
Аламанга аттанат делгендердин арасында Мыктыбек Абдылдаевдин ысымы да айтыла калууда. Ооба, бул киши түз жүргөндүгү менен башкалардан айырмаланганы бар. Жакындан билгендер арак ичпегенин, тамеки чекпегенин айтышат. Мыкең алдыдагы ат жарышта Россиянын көзүнө илинчүлөрдүн бири болушу да ыктымал. Анткени, орус туугандардын карачечекей күйө баласы эмеспи. А күйөө баланы Путин тургай пайгамбар сыйлаган...


Адахан Мадумаров
Ак үй короосунан тышкары жүргөндөрдөн Адахан Мадумаров менен Элмурза Сатыбалдиевдер хан тактысы үчүн күрөштө бир кемеде болууга кол беришиптир. Алардын жеңилин жерден оорун колдон алып сүрөөгө Мирослав Ниязов, Рашид Тагаев өңдүү генералдар, өлкөбүздүн тунгуч премьер-министри маркум Насиридин Исановдун жакын санаалаштары, о.э. өлкөнүн түндүгүнөн да А.Мадумаровду ачык да, жабык да колдой турган таасирдүү күчтөр бар экени айтылууда. Айтмакчы, "Alamankg.org" сайтындагы сурамжылоодо Адахан али да алдыда баратат…
Кечээ жакында белгилүү чекист, өткөн парламенттик шайлоодо өз сапаттары менен көпчүлүктүн колдоосуна татыган, Артур Медетбеков башында турган Кыргызстан элдик демократиялык партиясы (НДПК) А.Мадумаров жетектеген "Бүтүн Кыргызстанга" бирикти.


Кубатбек Байболов
Кыргызcтандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев өкмөттүн кезектеги жыйынында Кыргызстандын экс-башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Кубатбек Байболовдун биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановго каршы дооматтарынын эч биринин фактысы далилденбегенин, Жогорку Кеңештин депутаттарынан түзүлгөн комиссия өз ишин жыйынтыктаганын билдирип, премьер-министр башкы прокурордун мурунку милдетин аткаруучусу Байболовдун жалган дооматтары үчүн мыйзам чегинде жоопкерчилик тартышы керектигин айтты.
Ал эми Кубатбек Байболов комиссиянын жыйынтыгы шашылыш чыгарылды дегенге араң жарап: "Бүткүл мамлекеттик мүмкүнчүлүктөрдү мобилизациялоо жолу менен мени жок кылуунун саясаты жүрүп жатат. " деди. Кечээ "Азаттык" радиосу аркылуу президенттике аттанганын расмий билдирди.


Султанов, Тюлеев тандеми
Мындан он күн мурун түштүк тараптан келген "Кырк кыз" коомдук уюмунун өкүлдөрү күзүндө күтүлүп жаткан президенттик шайлоодо Нариман Тюлеевдун Марат Султанов менен тандемге келишип, чоң аламанда бирге ат салышуусун, мунун өзү түндүк-түштүк "оорусун" түбөлүк өчүрсүн деген тилектерин маалымат жыйынында билдирген соң, коомчулукта аталган эки инсан жөнүндө кептер арбый баштады. Саясий серепчилердин көз карашында Султанов - Тюлеев тандеми президенттик үчүн болгон жарышта эң күчтүү делген талапкерлерден болуп, марада бул тандем экинин бири болуп келээри жөнүндө эмитеден эле айтыла баштады.


Камчыбек Ташиев
Июнь окуясынан кийин жылдызы жанып, элге башы таанылган Камчыбек Ташиев болсо, ала жаздагы жүрүштөрү менен азыркы учурда өлкөдөгү салмагы сайдын ташындай саясатчылардын бирине айланып туру. Канткен менен өзгөчө түштүк электоратында чоң колдоого ээ. Ушу тапта президенттик шайлоонун арыгын чаап, эл кыдырып, Москвадан да ишарат күтүүдө. Эгер океңдер "добро" дей турган болсо, Камчыкең дүрүлдөгөн мүнөзү менен далайга сүзүп барчыдай. Бир тоскоолу, түштүктөгү өзбек ашыналар эмнегедир Ташиев менен Мадумаровго далысын салып атышкан имиш. Орус жердештерибиз деле аталган эки азаматка эмес, Москва тараптан кандай "сигнал" түшсө, добушун ошолорго берчүдөй.


"Айгай-пресс"





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??