Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Харкиива Рахми, массажист:

"Остеохандроз кылымдын оорусу"
Укалоо (массаж) - көпчүлүгүбүз элес албаганыбыз менен, ден соолукка болгон вазийпасы өтө эле жогору. Ушундан улам анын канчалык пайдалуу экендигин жана кандай ооруларды дарылоого оң натыйжасын берээрин билүү максатында атайы дасыккан адиске кайрылдык.

- Остеохандроз эмне болгон оору? Мындан кантип кутулууга болот? көпчүлүгү укалоо аркылуу дарыланса болот дешет...
- Бул - кылымдын оорусу деп айтсак болот. Муну менен бир жерде отуруп иштеген адамдар көп ооруйт. Маселен, айдоочулар, бир жерден жылбай жазуу жазган жана компьютер менен иштеген адамдар. Кыймыл болбогондуктан далыга туздар уюп, башты оорута баштайт. Мээге кеткен кан тамырлар ичкерип, кан басымы көтөрүлөт. Кишини алсыратып, керек болсо приступка чейин алып келет. Бул оорунун алдын алуу үчүн бир жылда эки жолу туура массаж алуу зарыл. Учурда кыргызстандыктардын дээрлик 80%ы остеохандроз менен ооруйт.
- Алдын алуу же аны даарылаш үчүн массаш алуу эле жетиштүүбү?
- Эң алды туура массаж жасаган адамды табуу керек. Туура массаж жасалганда гана ооруну айыктырса, алдын алса болот. Билбегендер остеохандрозду айыктыра албайт же артыктан тыртык кылып омуртканы жылдырып жибериши мүмкүн. Ошондуктан, көрүнгөн эле жерден массаж жасатуу туура эмес. Өзүбүз үчүн болсо да массажчынын кесиби жөнүндө билимин, анан канча жылдык тажрыйбасы бар экенин билүү керек. Мен башкаларды сындай албайм, ал ар биринин өз иши. Бирок, дагы айтаар элем, массаж алууну каалагандар сөзсүз анын тажрыйбасын, билимин суроосу абзел.
- Сиздин канча жылдык тажрыйбаңыз бар?
- Мен 1989-жылдан бери иштеп келе жатам.
- Оорунун кайсы бир мезгилдерде өөрчүгөн учурлары болобу?
- Жаз жана күз мезгилдеринде баардык илдет күчүнө кирет. Эгерде өзүңө карап, массаж алып жүргөн болсоң муну сезбейсиң.
Баса, остеохандроз демекчи, көпчүлүк бул ооруну эсепке албай, массаж кылдырбайт. Анын жыйынтыгында көптөгөн оорулар да өрчүп кетиши мүмкүн. Менин айтаарым, "Биринчи байлык ден соолук" дегенди дайым эстей жүрсөк.
- Сиз массаждын канча түрүн жасай аласыз?
- Мен онго жакын түрүн билем. Омурткаларды түздөгөн, ичине, белине, буту-колго, аялдардын келбетин, денесинин кооз сакталышын камсыздаган ж.б.
- Айтсаңыз, Сизге аялдар көп кайрылабы же эркектерби?
- Мага баары бирдей эле келишет. Бирок, негизинен аялдар басымдуулук кылат.
Бермет Картайганова

Эгер массаж алууга кызыккандар болсо Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан "Кыргыз алтын" мекемесинин ичиндеги Харкиива Рахми Юбуровнага кайрылса болот. Баасы башкаларга караганда арзан. Андагы баалар калктын кайсы катмарын болсо да канааттандырат.





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??