О, табышмак футбол дүйнө!

Месси менен Роналду мелдеши
Испания чемпионатында ат салышкан Лионель Месси менен Криштиану Роналду Примьеранын гана эмес, дүйнөлүк футболдун көркүн чыгарып келет. Эки чыгаан футболчунун ар бир ийгилиги күйөрманды суктантып, жаңы чек, жаңы рекорддорго жол ачууда.
Роналдунун "Реалы" испан Король Кубогун ээлесе, Мессинин "Барселонасы" Испания чемпиону аталды. Роналду испан Примьерасында кылмерген катары таанылса, Месси Европа Чемпиондор лигасында көч баштап келет.
"Алтын топтун" ээлери, дүйнөнүн эң чыгаан эки оюнчусу жеткен чектерге чогуу көз жүгүтөлү.


Мюллерди кууган Месси
"Барселонанын" аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси немис Герд Мюллер менен француз Жан-Пьер Папендин рекордун кайталады. Месси эми УЕФАнын Чемпиондор лигасында үч жыл катары менен кылмерген деп таанылганы турат.
Жарым финалда "Реалдын" дарбазасына эки топ салган чабуулчу быйылкы көрсөткүчүн жалпысынан 11 голго жеткирди. Эгер финалда "Манчестер Юнайтедге" топ салса, Рууд ван Нистелройдун көрсөткүчүн кайталашы мүмкүн. Голландык жаркын талант мындан сегиз жыл мурда 12 голдун ээси аталган.
Европа чемпиондор Кубогундагы абсалюттук рекорд "Миландын" Жозе Алтафини деген футболчусуна таандык. Ал 1962/63-жылдардагы сезондо торго 14 топ түшүргөн экен.
Европанын эң башкы турниринде мерген аталуу, албетте, ар кимдин бактысына туш келе бербейт. Бул бийик чекке Герд Мюллер жана Жан-Пьер Папен экөө гана үч жыл катары менен үзгүлтүксүз жете алган.
Голландык Рууд ван Нистельрой менен португалдык Эйсебио дагы Европада үч жолу озуп чыгышкан, бирок алардын үчүнчү ийгилиги катарынан эмес, арадан жыл өткөрө жаралган.
Европанын кылмергендери жөнүндө сөз болгондо кайрадан Герд Мюллердин ысымына кайрылабыз. Анткени "Бавариянын" чабуулчусу Европада үч жыл катар кылмерген аталып, арадан бир жыл өткөрө баш байгеге 4-ирет (!) ээ болгон. Бали, баракелде!
Месси Европанын үч жолку кылмергени аталышы эч кимди күмөн туудурбай калды. Бул чекке 4-ирет жетиш үчүн эмки сезондо Мюллердин соңунан куугунду улайт.




Роналдунун
"Реалдагы" рекорддору
Англиянын "Манчестер Юнайтед" командасында жылдызы жарык жанган Криштиану Роналду Испаниянын "Реалына" өткөндөн бери жүрүшүн басаңдатпай, күчөтө берди. Сезондун соңу ченде "Хетафенин" дарбазасына үч гол салып, катарынан эки рекорд жараткан.
Аты санжырага айланаган мажар Ференц Пушкаш өз учурунда "Реал" үчүн бир сезондо 47 топ салса, португалдык Роналду андан озуп, жалпысынан 49 гол киргизген эле.
Роналдунун алты оюнда үчтөн топ салып, бир сезондо алты хет-трик жаратканы да Примьеранын рекорду болуп саналат.
Испания чемпионаты бүтөөрүнө эки тур калса дагы, Роналду анын үстүбүздөгү жылдагы эң мыкты кылмергени деп таанылышы толук ыктымал болчу. Анткени Примьерада буга чейинки 36 голдун ээси өзүнүн негизги атаандашы, "Барселонанын" чабуулчусу Лионель Мессиден 5 топ алдыда келаткан.
Жалпы испан чемпионатынын тарыхында дулдулдар аз болбогон. "Атлетиктин" чабуулчусу Тельмо Сарра жана "Реалдан" Уго Санчес өз учурунда 38ден гол салууга жетишкен экен.
Криштиану Роналду бул "түбөлүк рекордго" жетүү үчүн алдыдагы эки оюнда эки гол киргизүүгө тийиш эле. Португалдык кылмергенди ийгилик коштосо, Сарра менен Санческе жетиши же алардан озуп чыгышы толук мүмкүн болчу.
Мына эми, Роналду "Вильярреалдын" дарбазасына кош топ салып, Санчес менен Сарренин рекордун кайталап, бир сезондо 38 (!) гол киргизди! Абыройлуу Marca газетасынын эсебине караганда португалдык чабуулчу испан чемпионатында 39 топтун ээси деп таанылууга тийиш. Анткени анын 3-турда таамай тепкен тобу Пепенин далысына тийип, коргоочунун эсебине автогол катары жазылып калган.
Ал эми Криштиану бир сезондо киргизген топтордун жалпы саны 51ге (!) жетти! Бул адам таң каларлык көрсөткүч Испанияда эч качан жана эч кимге буйруган эмес!
Роналдунун "Реалдагы" рекорддорун санай берсек, огеле кызык жагдайлар байкалат. Маселен, октябрдагы төрт оюнда катары менен 10 топту торго түшүргөн. Үч таймашта экиден топ салып турса, "Расингдин" дарбазасын төрт ирет таамай кароолго алган. Буга чейинки "төрт оюнда 9 топ" делинген көрсөткүч дүйнөлүк согуш алдында жаралган өңдөнбөйбү.
Канткен күндө да, Роналдуга чындап суктанган күйөрмандар аз эмес. Маселен, айтылуу боксчу Майк Тайсон өткөн жумада ага ыраазылык иретинде булгаары мээлейин салып жиберген.





Дрогбанын үйүн өрттөштү
Саясаттын спортко аралашканы куруп кетсин! Дүйнөлүк жылдыздардын бири Дидье Дрогба дагы футболго жат саясый оюндардан жабыр тартууда.
Басма сөз кабарлагандай, "Челсинин" борбордук чабуулчусу Д.Дрогба туулуп-өскөн Гибероуав деген айылга согушчандар өрт коюшкан. Атасынын үйүн жер менен жексен кылышкан. Баш паанексиз калган адамдарды ООНдун өкүлдөрү чиркөөгө жайгаштырган. Дрогбанын өзүнүн Абиджан шаарындагы үйүнө дагы кол салгандар бар имиш.
Март айында Дидье журт бузарларга ачык кайрылып, куралды таштап, кандуу согушту токтотууну өтүнгөн экен. Бете уруусунан чыккан футболчунун бул кайрылуусу өлкөдөгү бийликти басып алган Аласан Уаттарга ынабаган шекилдүү.
Кот-д-Ивуарда (Пил сөөгүнүн Жээги) төрөлгөн Дидье беш жашында Францияга кетсе да, киндик каны тамган мекени менен эч качан байланышын үзгөн эмес. Кемелине келип, баралына толгондо Кот-д-Ивуардын намысын коргоп, курама командасынын дүйнөлүк чемпионатка катышуусуна чоң салым кошкон.
Быйыл Африка калктарынын 2012-жылкы Кубогуна тандап алуу таймаштары дагы өтө курч өтүүдө. Кот-д-Ивуар командасы соңку оюнда Бенинди өз талаасында 2:1 эсебинде утуп алган. Бул таймашта "пилдердин" намысын коргогон Дидье Дрогба көзгө толуп, эки голдун тең ээси аталган.
Ал эми Дидьенин Лондондун "Челсисинде" көрсөткөн өнөрү көпчүлүккө текши маалым. "Алтын топ", "Алтын бутса" сындуу дүйнөлүк сыйлыктарга талапкер болгон. Алты жылдан бери арыбаган аргымак быйыл гана күүсүнөн жана түшкөндөй болсо да, Премьер лигада 13 топ киргизди.
Дрогба өз өлкөсүндөгү абал жөнүндө ашыкча сөз айтпай, футболдун тегерегинде гана кеп козгоп жүрөт. Бирок, анын "Челсидеги" шакирти С.Калу өз ата-энесин Пил сөөгүнүн Жээгинен чыгарып кеткенин, абал өтө эле кооптуу экенин билдирди.
Бала кезде жанды жеген малярия дартың козголуп, тууган жер деп тамырың сыздап турса, футболдо топ жаруу кыйын, албетте! Бирок, футболду 11 эмес, жалгыз адам ойносо, ушу кара калтар Дрогбага тең келер чабуулчу чыгар беле дүйнөдө!