Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Окурман ой

Кенжебек Алдаяр, комузчу:
"Жаңырсын,
Кыргызстан обондору!"
- Эгемендүү өлкө болгондон бери биздин мамлекетте маданиятка ойдогудай көңүл бурулбай, өгөйлөнүп келет. Бул тармактын жетекчилигине маданиятты түзүктөп түшүнбөгөн, дурустап билбеген же өйдө жактагылар боло берет сыңарында кол шилтеген өз адамдар ээлеп келатат. Менин күйгөнүм СССР учурунан бери кыргыздарга карата терс түшүнүк пайда болду. Кыргыздар жалкоо, айтканын аткарбайт, маңыроо деген пикирлер басмырлап алды. Мындай нерселер кыргыз жаштарын көңүл коштукка, улутун сыйлабагандыкка аргасыз кылууда. Бул кайдыгерлик маданиятын, каада-салтын, эне тилин, жан дүйнөсүн унуткандан пайда болду. Маданиятыбыздын өлгөндүгүнүн дагы бир белгиси, бизде баары эле саясатчы, министр, депутат же рекет болгусу келет. Маданиятты көтөрөлү, түшүнүк өйдөлөсүн, улуу элдигибизге баралы деген эч ким жок. Болсо да чаңы чыкпайт. Биз кыргыздар сөз баккан, сөздү кастарлаган, улууну сыйлаган эл элек. Ал касиеттерибиз азайып кетти. Сунушум, КТРден элдик ырларды, күүлөрдү, кыргыздын энциклопедиясы болгон "Манасты" улам бериш керек. Балким, ошондо мамлекетибиз өнүгүү жолуна түшүп, кызматка жүгүргөн, элдин бейпилдигин бузган акмактардын аң-сезими, ар -намысы ойгоноор?..
Кыргыздын көкүрөгүндөгү таза сезиминде улутчул деген түшүнүк бүгүнкү чоңдор чочуп жаткан мокочо эмес. Же Украинанын (салага тоюп алып ойлогон акылынан чыккан) "фашизимди" жеңген жалпы улуу жеңишке каршы чыккан айбанчылык эмес. Кыргызда улутчул болуу бул - тазалык. Намыскөйлүк, кең-пейилдик, айкөлдүк эң негизгиси Мекенин сүйүү.





  Түркүн маселелер, түрдүү көйгөйлөр…

Аалы Молдоканов, Мамлекеттик тил комиссиясынын жарнама
жана котормо бөлүмүнүн башчысы:
"Таджиктер "тактап" жатат"
- Жакында кыргыз эли, кыргыз журтчулугу дагы бир жагымсыз окуянын күбөсү болду. Кыз алышып-беришип келген туугандарыбыз, далай кылымдардан бери канатташ жашаган коңшубуз, тажик боордошторубуз кыргыздар кадимтен байырлаган конуштардагы тарыхый жер аттарын өзгөрттү.
Кыргыз бийлиги тажиктердин өзүмбилемдигине да үн катканга жарабай, жалдырап отурганыбыз, байкуштугубуздун белгиси. Дүйнөлүк державалардын кызыкчылыгынан улам Тажик өлкөсүнүн курамында калган Сары-Кол (Памир), Жерге-Тал (Каратегин), Шартуз сындуу жерлерде жашаган кандаштарыбыз бар. Кыргыздар жашап, байыртан бери байырлап, жер, суу аттарын кыргызча атап келген. Мени абдан капалантканы, тажик туугандарыбыз ыгы жок эгемендикти баштап, жер, суу аталыштарын тажикчеге которгону болду. Бул түркөйлүк, караңгылык, эларалык салтты бузуу эмей эмне. Бир эле мисал, бир жарым миллиардга жакын кытай деле салтты сактап, тарыхты сыйлап, башка элдердин аталышындагы бир да жерди өзгөрткөн эмес. Азыркы Кыргызстандын ичинде деле фарсы тилинен кирген жер аталыштары бар. Баткенде эле 18 кыштак турат. Аларды кыргызчалай баштасак, тарыхка чоң доо кетирген болобуз. Ынтымакта, биргеликте, чогуу, коңшу турган элдер, мындай акылсыздыкка барбашыбыз керек. Ал эми биздин орусча аталыштагы айыл кыштактарына тарыхый атын берели дегенибиз башка нерсе. Падышалык Орусия бизге 150 жыл мурда ыркыбыздын бузулгандыгынан пайдаланып, басып кирген, коллония кылышкан. Анан кыргыз айылдарына туташ дээрлик Сары-Өзөн Чүйдүн аймагы, кыргыз бермети Ысыккөлдө орус аттарын коюп алышкан. Биз болсо (мамлекеттик тил комиссиясы) тарыхый атын кайтаралы деп жатабыз. Дээрлик көпчүлүгүнүн кыргызча аттары бар. Тилекке каршы, кайсы маселеде болбосун, өлкө билермандары чабалдыгын көрсөтүүдө.




  Түркүн тагдыр рубрикасынан

Кечээги ырчы, бүгүнкү дааватчы…
- Мухтар мырза, учурда эмне менен шугулдануудасыз?
- Чыгармачылык менен четөлкөлөрдү кыдырып жүрөм.
- Концерт коюппу?
- Жок. Концертти таштаганбыз. Төрт жылдан бери жакындай элекмин. Убагында ырчыбыз, жылдызбыз дечүбүз да. Азыр андай нерсе жок.
- Кээ бирөө чыгармачылык көрөңгөсү түгөнгөндө алыстайт экен, Сизде мындай болгон жокпу?
- Тескерисинче, меники көбөйгөндө таштадым. Жаш балдарды топтоп, эки, үч топ түзүлүп, ырларым эми көркүнө чыгарда четтедим.
- Аныңыз динге берилгендигиңизден улам болгон жокпу?
- Дин көп нерсени түшүндүрөт экен. Кандай жашашыңды түшүндүрөт турбайбы. Ырчынын ахвалы Кудайдын мыйзамына каршы келип калат экен. Ырчылык кесипти аркалоо, аны колдонуу мусулман адамга туура келбей калат. Өзгөчө бүгүнкү күндөгү ырчылык жакшы эмес.
- Кантип?..
- Намаз убагында элди чогултасың. Кудайды улуктай турган кезде "мага кол чаппайсыңарбы" деш туура эмес. Бул айткандарымды эми жүрөккө жетмейинче пенделер түшүнүшпөйт.
- Демек, сиз мурун "шайтандын" жолунда жүргөн экенсиз да?
- Жок. Ал кезде ырдап жүргөнүмө кайра сүйүнөм. Ал эми Алла-Таала өзүнүн билген жолу менен өзүнө жакындатат экен. Балким, мен үчүн ошол керек болгон окшойт. Элге таанылганыма, жакшы жолго үндөгөнүмө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
- Өзүңүз жакшы жолго түшүп, бирок ырчылыкты аркалаган шакирттериңизди "жаман жолго" салганыңыз логикага туура келбей калып жатпайбы? Ырчылыктан алыстагыла, туура эмес экен дегендей айтасызбы?
- Антип айтпайм. Ал эми динди кабыл алыш үчүн инсандын жүрөгү ошого даяр болуш керек.
- Жүрөгүн ачканга себепчи болбойсузбу? Дегеним, дин жолуна чакырган сооп да…
- Аракет кылып, чакырып, дааватка алпарып жатам. Шак эле "астафурулла" ырчылык болбойт десем, алар качып кетет. Баягысын айта берет, жолобойлу дешет. Ынтымагымды көрсөтүп, тууганчылыгымды арттырып, анан өзүм жүргөн жолду көрсөтөм. Өзүбүздүн методдор менен күрөшөбүз.
- Дин жагына жакындаган адам катары айтсаңыз, кээ бир молдокелер улутубуздун музыкалык аспаптарын шайтанга байланыштырышат. Маселен, комузду черткен болбойт дешет го…
- Дин деген абдан жакшы нерсе. Баскан, турган, жүргөн, жаткан деги бардык маселеңе туура жол берет. Анан тигил айтты, бул айтты эмес, ушул маселени пайгамбарыбыз не деди болду экен деп, карасак туура болот. Анткени, пайгамбарыбыз бардыгын так айтып, төшөккө жатканга чейинки тартипти көрсөтүп кеткен. Пайгамбарыбыз ырчылык боюнча минткен: "биз аларды токтот эле токтот деп тыюу сала бербейбиз, бирок биз ырчылардан эмеспиз" деген. Мен ыр күнөө болору үчүн таштаган жокмун. Ырчылыктагы адамдын жүрөгү бузуларын билип таштадым. Ушундан улам, биз ооз комуз, чоор же комуз күнөөлүү деп эч качан айтпайбыз. Бирок, комузду пайдаланып, шарыятка туура келбеген нерселерди кылыш зыян.
- Кантип туура келбеген нерсени кылсын?
- Мисалы "келгиле концерт берем, айланыйын кыргыздар келгиле" деп кечинде чакырып, комузду пайдаланып, үч саат алаксытып жатат. Ал учурда эки адам жолугуп арак ичип коюшу мүмкүн. Бирөө кызыгып отуруп, намазын калтырып коет. Бирөө кийими ачыгырак кызды көрүп, көңүлү бузулуп калат. Мына ушулардын бардыгына себепчи болуп калат. Ушуларды изиделдеш чындыкка алпарат. Эгер мен комуз күнөлүү десем болбой калат.
- Динде "сөзүңдү укпаса аялыңды ур" дейт, буга кандай карайсыз?
- "Ур" деген тура калып эле өпкөгө коюу эмес. Албетте, такыр укпай калганда уруксат берилет. Пайгамбарыбыз айтат: "колдонсоңор болот" дейт. Бирок, пайгамбарыбыз аялын урган эмес.
- Сиз жеңебиздин "шайтанын" кактыңыз беле?
- Мен динге келгенге чейин чокчоңдоп, эркек боло койчумун. Азыр сөз менен эле, жүрүш-туруш менен эле тарбиялайбыз. Биз ушундайбыз да, өзүң динде эмессиң, бирок ислам дининде аялды урат деп угуп, шак эле жаакка тартабыз.
- Азыркы тандаган жолуңуз?
- Мен мурда адамдын көңүлүн беш мүнөт көтөрөйүн деп ырдаган болсом, азыр бу дүйнө акыретте инсан бактылуу болушу үчүн күрөштү жүргүзүүдөбүз. Учурда бийлик, байлык, атак-даңк бактылуулук берет деп чуркап жүрүшөт. Эртеден кечке чейин ойлогондору ушул. Бирок, ал бактылуулук бербейт, берген да эмес. Бактылуулукту инсанга Алла-Тааланын жолундагы адамга гана берет экен. Биз азыр ушул жаатта иштеп жатабыз.
- Бактылуу болуш үчүн эмне кылышыбыз керек?
- Бактылуу болуштун башында дин турат. Динде жашабаган инсан эч качан бактылуу боло албайт. Дин молдочулук эмес, кантип жашоонун тартиби дейт. Динсиз адам бактылуу болот деген сөз да, Алла-Тааладан убадасы дагы жок.

Бермет Картайганова







кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«