Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  тарых таразасында

Жусуп Абдрахманов - бул кыргыз эли үчүн ардактап-аздектей турган, сыймыктана турган инсан
Жусуп Абдрахманов - бул кыргыз эли үчүн ардактап-аздектей турган, сыймыктана турган, өз эли-журту үчүн абдан кырдаалдуу учурда ат көтөргүс эмгек кылып кеткен улуу инсан. Тарых үчүн ал - дүйнөдөгү эң күчтүү эки державанын бири болгон Совет мамлекетин курууга жана түбүн түптөөгө өз салымын кошкон адамдардын бири.
Азыркы учурда, өз алдынча эл аралык байланыштардын субъектиси болуп, ал биринчи өкмөт башчысы катары түбү түптөлүп жаткан мамлекетибиз үчүн Жусуп Абдрахмановдун 110 жылдык юбилейин белгилөө символикалуу көрүнүш. Бул юбилейди кыргыз элинин бир кылым ичинде басып өткөн тарыхынын соңу катары бааласак болот.
Азыр айтканга оңой болгон, Совет бийлигинин кубаттуу колдоосунда батыш цивилизациясынын орус улуту өздөштүргөн жемиш-үзүрлөрүн үйрөнүү, жалпы коомдук жана руханий жактан сапаттык жаңылануу процесстеринин башатында, кыргыз элинин тагдырына түздөн-түз тиешеси бар өзгөрүүлөрдү уюштуруп багыттоодо Жусуп Абдрахмановдун баа жеткис эмгеги бар. Анын азыркы мамлекеттин түбүн түптөп, кыргыз элин жаңы деңгээлге көтөрө турган нук салып кеткен иш-аракети, катаал тагдыры жөнүндө көп нерселер айтылды, жазылып жатат.
Кыргызстанда ХХ кылымдын башынан баштап курула баштаган өнөр жай ишканалары, транспорт, гидро-энергетикалык курулуштар, уюштуруу, мамлекеттик-территориялык иштердин бардыгы ушул Ж.Абдрахмановдун ысымы жана аракети менен тыгыз байланыштуу экени азыркы замандын көз карашы менен караганда да даана көрүнүп турат.

Тарых менен тагдырдын белеги
1916-жылдагы алааматка туш келип бардык туугандарынан ажыраган, граждандык согуш менен революциянын жалынынан ат чабым алдыга суурулуп чыккан, "дүйнөдөгү эң байкуш элим" деген сүйүүсү өзүмдүк жыргалчылыктан жогору болгон бул адам жана анын өмүрү - биз үчүн азыр да, келечектеги муундардын алдында да үлгү кылып көрсөтө турган, сыймыктанып бетке кармай турган тарых менен тагдырдын белеги.
Жусуп Абдрахмановго байланыштуу жазылган көптөгөн материалдардын арасында аны интеллекти абдан бийик, өз заманынын аябагандай маданияттуу адамдарынын бири катары караган пикирлер кездешет. Совет бийлигинин өнүгүү багыттарын ошол кезде эле акылы жетип түшүнгөн ар тарабы келишкен инсан катары сүрөттөлөт.
Бул адаттагыдай көзү өткөн адамды сүрмө топко кошулуп көбүрүп-жапырып мактап койчу көрүнүш эмес.
Чынында эле, кырылып-сүрүлгөн, куугунда, ачкалыкта бозоруп-тозоргон элдин арасынан өз элинин кызыкчылыгын таптакыр белгисиз жаңы замандын шарттарында коргой биле турган намыстуу, илим-билимдүү көрөгөч адамдын чыгышы мүмкүнбү деген суроолор туулат.
Анын жазып калтырган күндөлүгү, эмгектери, каттары саясий иштери азыр да көпчүлүктүн көңүлүн буруп, Ж.Абдрахмановдун чынында эле өз заманынан далай алдыда турган инсан болгонунан кабар берет. Европанын же Россиянын чоң шаарларынан атайын илимий деңгээли, билими, дээринде бар жөндөмдүүлүгү ошол жактан билим алып келгендерден кем түшпөй, ашса ашып түшүп, көп нерсенин алдын алып көрүүгө, дүйнөлүк маданият менен саясаттын борбору болууга аракети бар Россиянын борбордук шаарларындагы адабий-интеллектуалдык чөйрөлөрдөгү мен деген көптөгөн адамдар менен байланышта болууга мүмкүнчүлүк берген.
Анын советтик поэзиянын жылдыздарынын бири болгон В.Маяковскийдин досу жана ушул сыяктуу адамдардын чөйрөсүндө болуп алардын өмүрүндө өзүнчө из калтырганы биз үчүн али белгисиз. Бирок, ушул сыяктуу маалыматтар менен бирге анын баардык жазып калтырган эмгектерин, саясий ишмердүүлүгүн анализдөө Ж.Абдрахмановдун чынында эле өзгөчө инсан болгондугу жөнүндө, өз элине чыныгы жол башчы болууга жөндөмү жана мүмкүнчүлүгү зор экендигинен, дагы көп нерсесинин алдында тургандыгынан кабар берет. 1919-жылы Түркстан бюросунун РКСМинин президиумунун мүчөсү болгондон тарта 1935-жылы партиядан чыгарылып, Самара шаарындагы айыл чарба башкаруу бөлүмүндө орунбасар болуп турганга чейинки саясий ишмердүүлүгү Ж.Абдрахмановду Борбордук Азиянын модернизациялоодо негизги роль ойногон, коомдук жана саясий процесстердин маңызын түшүнүп элдин кызыкчылыгын көздөгөн бирден бир саясатчылардын катарында кароого мүмкүнчүлүк берет. Бирок анын эң негизги азыр көзгө түшүп турган баа жеткис эмгеги бул - кыргыз элинин, Кыргызстандын мамлекет катары тагдыры менен байланыштуу.

Ат көтөргүс кызмат
Белгилүү болгондой 1927-жылы Жусуп Абдрахмановдун тагдырына советтик кыргыз өкмөтүнүн башчысы болуу бактысы туш келип, жаңы уюштурулган Кыргыз АССР эл Комиссарлар Кеңешинин төрагалыгына дайындалган. Бул кызматта кийинкиге башат болуп багыт берип турган эң жооптуу жылдарда (6 жыл) иштеп беттегенин бербеген мүнөз менен тагдырдын берген бир мүмкүнчүлүгүн болуп көрбөгөндөй жоопкерчилик менен пайдаланып өз эли үчүн да, коммунисттик идеалар менен совет мамлекети үчүн да биз азыр гана түшүнүп, азыр гана баалай баштаган ат көтөргүс кызмат кылып кеткен.
Азыр 1990-жылдарда өз алдынча мамлекет болуп бөлүнүп, көптөгөн элдердин тагдыры өзгөрүлүп жаткан мезгилде даана көрүнүп турат - советтик Орто Азиянын 30-жылдарда улуттук-территориялык мамлекет болуп түзүлүшүнө, чек аралардын чектелишине ушул аймакта жашаган элдердин арасынан чыгып, россиялык, москвалык саясий элитага таасири бар, аларга маалымат жеткирип-алып турган, орус тилинде илим-билим алууга үлгүргөн адамдардын таасири тийип, көп нерсе ошолордун аракети менен чечилген. Мындай адамдар Кыргызстанда абдан аз эле. Ушундай адамдардын катарында, чечүүчү мезгилге туш келип, азыркы Кыргызстандын мамлекет катары түбүн түптөп кеткен бирден бир адам катары бир Ж.Абдрахмановду атоого болот.
Анын 30-жылдары кыргыздын аттуу-баштуу болот деген адамдары бири-бирине жалаа жаап, уруучулук сезимден баш көтөрө албай турган кезде Кыргыз Совнаркомунун председатели болуп туруп И.Сталинге жазган каты Ж.Абдрахмановдун элинин келечеги үчүн болгон күрөшүнүн документалдуу бир белгиси.
Аз өмүрүндө өз эли үчүн көп нерсе кылып кеткен Жусуп Абдрахмановдун тагдыры биз үчүн абдан чоң сабак болууга тийиш. Анын өмүрү - элдин, журттун тагдыры, ал күндөлүгүндө жазгандай үй-бүлөлүк жыргалчылыкка кайыл болуп эли үчүн күйө билип кызмат кылган адамдарга байланыштуу болоорун, мындай адамдар өз эли үчүн көздүн карегиндей керек экендигинен кабар берип турат. Биздин азыр тарыхтын түпкүрүнөн карап, тагдыры трагедиялуу Жусуп Абдрахмановго улуу инсан катары баа берип жатышыбыздын да негизги себеби ушул.

Чоң сабак болуучу өмүр
2011-жылы ХХ кылымдын улут кеменгери - Ж.Абдрахмановдун 110 жылдык юбилейлик жылы өзгөчө бир таасирлүү жагдай менен башталды. Өкмөттүк эмес газета журналдар, айрыкча "Айгай-пресс" гезити кеменгердин 110 жылдыгынан улам демилге көтөрүп, алгылыктуу иштерин жүргүзүп жатат. Дагы бир орчундуу окуя 12-март күнү Чолпон-Ата шаарында А.Мадумаров баш болгон "Бүтүн Кыргызстан" партиясы жыйын өткөрүп Ж.Абдрахмановдун аскердик формачан эстелигин ачышты.
Учурдун мезгилине ылайык Кыргыз Өкмөтүн карап отурбай коомдук уюмдар, басма сөз өкүлдөрү демилге көтөрүп жатышы бул эгемен Кыргыз Республикасынын демократиялык жолго түшүшүнүн бир белгиси. Ушул иштердин негизинде Жусуп Абдрахмановдун тарыхый иштерин эске алып Кыргыз Өкмөтүнөн суранаар элек, Бишкек шаарына ал кишинин эстелигин орнотуп, КР Президентине караштуу Башкаруу академиясынын атын ыйгарып, республикалык деңгээлде илимий-практикалык конференциялар, борбордо чоң жыйындар өткөрүлсө, жаңы муун үчүн келечекте Ж.Абдрахмановдой адамдардын өмүрү чоң сабак болоор эле.

Жангороз Каниметов,
педагогика илимдеринин доктору, коомдук ишмер





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"




а ­е¦Є.НҐй«