Улут үчүн күйгөнүбүз күнөөбү?

"Айлавю" же Шералинин чокою
(Уландысы. Башы 3-бетте)
Эң өкүнүчтүүсү, кыргыз улутуна кыянат жасалган саясаттын өрчүп баратканы болууда. Салижан агабыз (Жигитов) "кыргыз бийликке жеткиче кыргыз, бийликке жеткенден кийин улутун унутат" деп айтканы кашкаюуда. Агай далай жылдык тажрыйбасынан улам айткан окшобойбу. Чындыгында эле чекеден улутбезер экендигибизди көргөзүүдөбүз. Кыргыздар курсак кампайганда эле улутту унутат турбайбы. Муну бийликке жеткен адамдардын наадан, улутка каршы жасалган саясатынан улам айтууга аргасыз болуп жатабыз. Же биздин саясий элитага кыргыздын терисин жамынган, уруусун өзгөртүп алган жалаң кулдар чогулуп алганбы (?) деген ойго келесиң. Эгер андай болбосо, кыргыздар өз жеринде кул болбой, улуттун саясаты жок дегенде эми жүрбөйт беле. Кырчындай жигиттер кыргыз үчүн өлүшпөдү беле?
Алгачкы ажо Кыргызстанды "общий дом" кылды. Экинчиси, бийликке бөтөндөрдү топтоп, улутка каршы бир топ нерселерди жасаганын көрдүк. Атургай, улуу бабабыздын баяны "Манас" эпосун кытайларга жулдурбадыкпы. Тилекке каршы, бийликке секирип, кайра оппозицияга ооп, элдин көзүн будамайлап, улутчул, мекенчил көрүнүп жүргөн эрендердин деңгээли чакталуу экенин бир жылдык мөөнөт тастыктады. Бийлиги колуна кирбей, мына кулайт, ана кулайт болуп, сымаптай кылтылдап турганына карабастан элге, улутка карата "зөөкүрлүгүн" күчөтүүдө. Эгер Бакиев бийлигиндей болуп алардын бийлиги бир өңүттө бекемделсе буларың соо адам койбойт го… Кыргыздар буларга бийликти алып бергенден башка эмнесинен жазды экен? Дегенибиз, мөөнөтүнүн бүтүшүнө саналуу айлар калганын эске алып, өз абийири, кадыр-баркы менен кетүүнү ойлобогон Роза айым, урду-кетти сөздөрү, ойлонулбаган жүрүштөрү менен күн өткөн сайын элге жек көрүнүүдө. Мүмкүн кеч боло электе ойлонор. Бөлөктөрдүн, бөтөндөрдүн тапшырмасын аткаруу туура эместигин түшүнөр.
Улут демекчи, жакында Р.Отунбаева Коомдук телерадио корпорациясынын "Кабарлар" радиосуна курган маегинде: "Эми ошону карап көрсөңүз абдан капа болосуз да. Биздин ошол гезиттерде улутчулдук чегинен ашып кетип жатат. Мына ушундай обу жок "жөөттөр" деген антисемиттик маанидеги сөздөр огороддогу чырмооктой эле "өсүп" кетиптир. Мунун бардыгына жоопкерчилик деген бар" дегенден кийин, Башкы прокурордун орун басары Рыскулбек Бактыбаев айрым кыргыз тилдүү гезиттердеги ашынган улутчулдук жана антисемиттик чакырыктар боюнча маалымат түшкөнүн, учурда бул боюнча териштирүү башталганын билдирди. Жалаң жөөттөр менен иштеген Бакиев да мындай иттикке барган эмес. Жөөт дегени үчүн кыргыздарды опузалоодон айбыккан.
Роза Исаковна акылыңызга келсеңиз деп турубуз. Кечээ Бакиевге каршы элди тукурууда, анын бийлигин кулатууда эмнелерди гана айткан жок элеңер. Жөөт деген сөздөрдү журналисттердин кулагына силер сиңирбедиңер беле? Ошондо жаныңыздагы "соратниктериңизге", үзөңгүлөштөрүңүзгө жөөт дебегиле дебейт белеңиз? Же эшек ылайдан өткөн соң болдубу? Эгер унутуп калган болсоңуз, эсиңизге салып коелу. Ошол маалда жөөт, бөтөндөр деген "досторуңуз" азыр Сиздин колтугуңузда отурат. Анча болду Прокуратура ишти алгач ошолордон баштасын.
Азимбек Бекназаров: "Азыркы Бакиевдин саясаты кыргыздын менталитетине да, каада-салт, нарк-насилине да туура келбейт. Бул - жөөтчүлдүк саясат. Дегеним, Максимдин айланасында отурган Масаулов, Надель, Елисеев, Малеваная, Гуревич ж.б. кыргыздарды башкарып жатышат. Булар кимдер?.. Кыргыздар ойлоноор мезгил жетти". ("Назар" 23-февраль 2010-жыл).
Алмазбек Атамбаев: "Кыргызстанды бүгүн ким башкарып жатат? Кыргыз эместер башкарууда. Кыргызстан үчүн күйбөгөндөр, Кыргызстанды комок катары көргөндөр башкарып жатат. Көрүп-билип атабыз, ЦАРИИнин активдерин башкарган "MGN Groupтун" башкы директору Гуревич эл аралык аферист болуп чыкты. Артында турган Каганер, Елисеев, Бакиевдер кыргыздардын душмандары". ("Ачык Саясат" 16-март, 2010-жыл).
Улутка каршы, кыргызга каршы саясат жасалууда деп кыйкырып, кыргыз үчүн жанын берчидөй көрүнүп, элдин аң-сезимин ээлеп, ишенимине кирип, улутту туу туткан жигиттерди снайпердин огуна салып бергендер бүгүн айтканын аткарып жатабы?
Р.Отунбаева: "Арашандан алыс эмес жерде Чыкем жатат. Анын биздин арабыздан кеткенине бир жыл болуп калды. Ал кишиге эстелик тургузуу жөнүндө бийликтин ою да, аракети да жок болууда. Бишкектин көчөлөрүнө Чыкемдин аты коюлбады. Анткени, азыркы бийлик Айтматовду ойлобойт, маданиятты түшүнбөйт". (БЭКтин Арашандагы курултайында сүйлөгөн сөзү), (1-май, 2009-жыл. "Айгай").
Р.Отунбаева: "Бирок, ошол эле убакта эмне себептен "Манас" аэропорту аркылуу өтүп жаткан канча миллиондогон салык, күйүүчү майдын реэкспортунун акысы ачык-айкын болбойт, элге угузулбайт? Кеп миң-миң деген учактардын жүрүшүндө болуп жатпайбы. Бир эле 2008-жылы "Манас" аркылуу 89 миң аскер ташылган. Келечекте 150 миңге чейин жете турган НАТО аскерлери, сансыз материалдык товарлар биздин жаңы логисттик борбор аркылуу өтөт. Бул канча тонна керосинди талап кылат?! Өткөн заманда Акаевдин уулу, азыр Бакиевдин үй-бүлөсү аскер базанын күйүүчү май бизнесине тике тиешелүү экенин эч ким тана албайт. Кайсы көлөмдө, канча салык бюджетке түшөт- бул кыргыз элин, жалаң эле бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгын баккан булак эмес да". ("Айгай" 3-июль 2009-жыл).
Тээ байыркы доордон бери кыргыздар мекендеп, 19-кылымда орус империясынын саясаты менен Тажик Республикасына карап калган Жерге-Тал районундагы миңдеген жылдар мурун коюлган кыргызча тарыхый жер аттарын өзгөртүп салганына кыргыздын президенти катары, жалпы кыргыздын башында турган энеси катары чара көргөнгө, жок дегенде үн катканга жараган жоксуз. Айла жоктон айтабыз да. Болбосо, орус журналисти Александр Рогаткинге жооп бергениңизден эле, улутка, кыргызга кандай "күйүп-бышып" жатканыңызды байкап, түңүлсөк болмок. Сиз үчүн биздин тарыхый жер аталыштарыбызга караганда, кечээ келген орустардын аты ыйык турбайбы? Же орустун катардагы журналисти Александр Рогаткин "эмнеге орусча аталган жерлер Петровка, Ивановкаларды, Михайловкаларды кыргызча аттар менен алмаштырасыңар?" деген суроосуна, "Жок, жок, биздин котороюн деген оюбуз жок. Керек болсо андай демилге көтөргөн мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Ибраимовду жумуштан алып салдык" деп, чок баскандай чочуп, актанбайт элеңиз да. Кайсы негизде кыргыздар жер-суулардын аттарын башкалардан сураш керек? Же орус журналисттеринен уруксат сурап калган күн келдиби? Аттиң, десе мындай кейпибиз менен кайда барар экенбиз? Байкуш элдин эле шору экен го…
(уландысы бар)

Зулпукаар САПАНОВ

Редакциядан: Кечээ жакында өлкө президенти Р.Отунбаева Ысык-Көлгө барып, быйылкы туристтик сезондун ачылуу аземинде көл жээгиндеги жарнактардын англис тилинде жазылуусун сунуштады.
Ал эми бир кезде, "Улуттук биримдик" аттуу улуттук партиясынын башчысы Эмилбек Каптагаевдин оозунан Ж.Абдрахманов, К.Тыныстанов, А.Орозбеков сыяктуу улуту үчүн күйгөн лидерлер байма-бай айтылып келээр эле. Керек болсо улут жөнүндөгү сөздөр эң көп ушул Эмил мырзанын оозунан чыкчу. Бүгүнчү?
Гезитибиздин келээрки санында ушул жана башка көч башындагы адамдардын кечээ башка, бүгүн бөлөк иштери жөнүндө кеп кылмакчыбыз.