Өткөн тарыхты билбесең, жаңыны жарата албайсың

Жусуп - Азиянын өчпөс
жылдызы
Урматтуу "Айгай-пресстин" азаматтары, силердин гезитиңердин ар бир санында, улуттун чыныгы лидери, бүгүнкү эгемендүү өлкөбүздүн негизги түптөөчүсү Жусуп Абдрахманов жөнүндө тынбай берип жаткан эмгегиңерди кош колдоп колдойм.
"Аккан арыктан суу агат", акыры, бүгүнкү кыйналып, чарпылып жаткан өлкөбүздө да Жусуптун жолун жолдогон, эли-жери үчүн жанын аябаган азаматыбыз туу көтөрүп чыгаар. Ал эми мен өз макаламда баатыр Жусуптун, кеменгер Жусуптун күндөлүктөрүндө жазылган ойлорунан улам жаралган пикиримди жазгым келди.


1928-жылдын жайында поезд менен Москвадан Ташкентке келип түшкөн Жусуп: "Азиянын түнү кандай керемет. Азияда гана жашоо керек" деп жазат өзүнүн баа жеткис күндөлүгүндө. Өзү суктанган Азиянын ак-нурлуу асманында балбылдап турган Жусуп Абдрахмановдун болгону Караколдогу башталгыч орус мектепти бүткөнү менен, андан аркы билимди кайдан алган? Өзү жаш туруп чексиз дүйнө, коомдун сырларын кайдан билген? Мындан миң жыл мурда өткөн акылмандар да жер кезип Сирия, Египет, Кабул жана башка жерлерге барып, ал жердеги китептерди окушуп көзү ачылып, көөдөндөрү толуп, анан илимдин, коомдун табияттарын ачышкан экен.
Тубаса акылман Жусуп дагы өзүнүн мүмкүнчүлүгүн арттырыш үчүн бош убактыларында китеп бетинен көз албаптыр. Буга далил, анын өзүнүн жазган күндөлүктөрүндөгү саптар. Оболу, Жусуптун өткөн 20-жылдардагы Москвадагы адабий чөйрөсү жөнүндө азын-оолак сөз болсун. Москвада 1920-жылдары дүйнөлүк поэзияда өзүнчө жаңы рифма киргизип, ошол рифмадагы ырлар менен кедейлердин бийлигин даңктап, сүткөр падыша бийлигин чычаладай куйкалаган акын В.Маяковскийдин жан досу, акын, адабиятчы Кушнер деген болгон. Кушнер болсо залкар акындар В.Хлебников, Б.Пастернак, Ч.Асеевдер менен бир чөйрөдө болушкан. 1920-1922-жылдары Борис Кушнер Лениндин соратниги Н.Бухарин жетектеген "Правда" газетасында иштеген. Жусуп алоолоп күйүп-жанып турган кезде өзүнүн махабаты Мария Натансон аркылуу таанышып китепке, классикалык искусствого болгон кызыгуусу артат. Москванын сүрөт музейлеринде, чоң театрдын сахнасынан операларды, балеттерди көрөт. Ала-Тоолук кыргыз Жусуп үчүн бул жаңы дүйнө эле. Улуттун кеменгери Ж.Абдрахмановдун 1928-жылы жазган күндөлүктөрүн карап көрөлү.
"1928-жылы 20-август - Серафимовичтин "Темирсолин" окуй баштадым. Көтөрүлгөн элдин баатырдыгынын үлгүсү. Бул китепти мага М. белекке берген. Өз элимдин кожуху боло алаар бекенмин?"
"1928-жыл 23-вагуст. Шолой-Алейхумдун Далдалчылар (Комивояжору) романын окууга кириштим. Кыйла кызык, бирок жөөтөрдүн кадимки жөөттүк жөнү менен жазылган китеп экен."
"1928-жыл. 1-октябрь. Ван Центендин "Бактылуу күндөрүн", Спридоновичтин "Жандармдын жазгандары", Мережковскийдин "Антихрист" трилогиясынын биринчи бөлүмүн окуп чыктым."
"1928-жыл. 3-октябрь. Түнкүсүн уйкум жайсыз болду. Эртең эмне болот? деген санаа оюмдан кетпей койду. М.Горькийдин "Макор Чудра", "Тунгуч сүйүү" аттуу аңгемелерин зорго окудум. Эгерде буларды мурда окугам болсом, анда аңгемелердин каармандары даана "акмактар" демекмин. Мен эми бекем, жан-дилден сүйүү эмне экенин өз тажрыйбамдан билем. Горький өзү жөнүндө эмес, Заббар жөнүндө эмес, мен жөнүндө жазгандай. Жазганда да менин ахвалымды жан-дүйнөмдү билип туруп жазгандай туюлду. Бир гана айырмасы мен үчүн канчалык оор болбосун Заббардын жасагандарын эч качан жасай албайт элем."
"1928-жыл. 28-октябрь. Кечээ "Демонду" окуп бүттүм. Эң сонун чыгарма экен. Чыгарманын окуясы үрөй учурат. Адам баласынын бейтаалайлыгына ченем жок тура. Жол ката жолдоштор карта ойноп жатышат. Мен болсом китеп окуп, тап жылдырбай такымдап алган таалайы тайкы тагдырым жөнүндө ойлонуп келем…"
… Жусуп өзүнүн тубаса акылмандыгын китеп бетине сүңгүп кирип, болгондо да классикалык адабияттарды окуп, акыл бөксөсүн ошол көркөм дөөлөттөр менен ашыра толуктаган. Анан да кеменгер В.Маяковскийдин көзүнүн тирүүсүндө (1927-жылга чейин) үй-бүлөөсү менен жакшы мамиледе болушканын тарых далилдеп турат. Кайран Жусуп бир эле көркөм чыгарма искусство менен жан-дос болбостон философия, саясий адабият менен да кеңири тааныш болгон. Бул көз карашты далилдеш үчүн дагы эле анын көөнөрбөс күндөлүктөрүнөн мисал келтирели.
"1928-жыл. 3-ноябрь. Таң эртеден тартып Лениндин (Хll том. 2-бөлүм) "О нарушении единства, прикрываемом криками о единстве" деген макаласын окудум. Макала ошол жылдардагы Троцкийге багытталганы менен, мени аябай кызыктырып салды. Окуп жатып Лениндин ажарын ачык көрөсүң. Душман менен "өмүр-өлүм" деп салгылашып жатканда да ал душманынын туура жоболорун баса белгилеп кетүүнү Эстен чыгарган эмес экен. Азыр ушундайбы? Жок. Партиянын азыркы жол башчыларында Лениндик акылмандык, көрөгөчтүк, даанышмандык тургай, бери эле болгондо душмандар менен күрөштө лениндик саясий адилеттүүлүк жетишпейт. Азыркы жол башчылардын бул кемчилиги партиялык ички ыргылжыңдыктардын бирден-бир булагы болуп жатат."
"1928-жыл. 12-декабрь. Адамдар өздөрү: "Жашоонун күтүлбөгөн окуяларын жеңип атабыз" деп ойлошот. Ал эми мен болсом, тескерисинче: "Күрөш-жеңиш эмес, ашыкча жашаган бир күн кубаныч эмес."
Күрөш үчүн жашоо кызык, бирок ал кубаныч эмес. Ал өтө оор азаптуу машакат. Мен жазгандарымды кайра баштан окуп чыкканымда, жазган нерселеримде негедир карама-каршылыктар туюлат. Мейли, ошондой болсун. Мен эч коркпойм. Коркпогон себебим - учурунда Гегель: "Карама-каршылыктар алга сүрөйт" деп айтса керек эле…"
Бул алтындан кымбат ойлорду жазганда Жусуп болгону 27 гана жашта болгон. Өзүңүздөр баамдагандай ал ошол курагында эле Лениндин эмгектерин, Маркстин материалисттик диалектикасын, немецтик классикалык философиясынын негиз салуучусу улуу Гегелдин философиясын өздөштүрүп, анын маңызы менен таанышып, түшүнүк ага боор берип койгон экен. Кыргызда миң жылда бир жаралчу улуу инсан Жусуп эгер саясатка, бийликке аралашып, улуттун кеменгери болбосо залкар жазуучу, ойчул-философ болоору анын терең ойлору далилдеп турат. Менин түшүнүгүмдө Жусуп Абдрахмановдун өмүрү даанышмандыктын, кеменгердиктин, өмүрүн сайып элге кызмат кылуунун туу чокусу!

Муратбек Касымкулов,
Билим берүүнүн ардагери.
Токмок шаары

...Балким, Жусуп Абдрахманов болбогондо ушундай эгемендүү өлкө аталат белек. Балким ошол кезде ал өз көмөчүнө гана күл тартканда Кыргызстандын түндүгү Казакстандын, түштүгү Өзбекстандын автономдуу республикасы болуп жашап жатмак беле. Быйыл Ж.Абдрахмановдун 110 жылдыгы. Өкүнүчтүүсү, ушундай улуу инсаныбыз жөнүндө азыркы жетекчилердин, идеология, эгемендик деп ооз көптүргөн өйдөкүлөрдүн бирөөсүнүн оозунан ушул улуу кеменгер жөнүндө айтылбай келет. Өкүнүчтүү, өтө өкүнүчтүү...
Кенжебек Арыкбаев





  Каардуу замандан

"Прошу поставит на обсуждение…"
Дорогой тов. СТАЛИН! Положение Киргизской Республики, ненормальность которого признается почти всеми Союзными и РСФСР-овскими органами, планирующими и практически руководящими народно-хозяйственным строительством Союза и РСФСР, положение, дальнейшее сохранение которого привело бы только к отставанию в темпах хозяйственного строительства этой республики, положение, когда интересы хозяйственного и культурного строительства и роста республики были поставлены под прямой удар, в свое время вынудили меня поставить перед ЦК ВПК (б), в Вашем лице, вопрос о необходимости преобразования Киргизской Автономной Республики в Союзную Республику. К сожалению, вопрос до сих пор не только не разрешен, но даже не мог добиться Вашего приема по данному вопросу, для того, чтобы подробнее изложить мотивы в пользу такого преобразования. Это обстоятельство и то, что дальнейшее сохранение существующего положения только тормозит хозяйственный и культурный рост республики, ставит ее в худшие условия по сравнению со всеми республиками Союза в период величайших напряженных работ по социалистическому строительству страны, вынуждают меня вторично поставить перед ЦК вопрос о необходимости ускорения решение вопроса о преобразовании Киргизии в Союзную Республику. Задержка в решении этого вопроса равносильна тому, что при составлении генплана народного хозяйственного строительства Союза и при дальнейшем практическом проведении в жизнь пятилетнего плана социалистического строительства мы будем находиться в положении беспризорника, а это означает, что мы и в дальнейшем будем отставать в темпе хозяйственного и культурного роста, в результате, во-первых, недооценки наших возможностей и потребностей со стороны правительственных организаций РСФСР, вследствие незнания ими конкретных народнохозяйственных специфически среднеазиатского порядка, стоящих перед нашей республикой как неотделимой частью единого среднеазиатского экономического района и, во-вторых, невозможности планового и практического руководства со стороны Союзных органов нашим хозяйственно-культурным строительством по формально конституционным соображениям. Что мое утверждение о тяжелом положении республики и невозможности дальнейшего оставления ее в таком положении не является голословным, а основано на фактах, находит себе подтверждение в прилагаемых при этом заключениях, данных Госпланом, НКТоргом и ВСНХ СССР Совнаркому Союза, а также проектом постановления СНК Союза - "О взаимоотношениях Киргизской АССР, с ведомствами и организациями Союза ССР" - вносимом правительством РСФСР.
Возможные соображения против преобразования КирАССР в Союзную республику, основанные на том, что и другие автономные республики могут потребовать преобразования их тоже в Союзные Республики, считаю неосновательными, во-первых, по тому, что ни одна из них не находиться в таком положении, как Киргизия и, во-вторых, потому, что ни в одной из них нет такого преобладающего большинства основной национальности, как в Киргизии.
Наконец, о внешне политическом значении преобразования Киргизии в Союзную Республику. Киргизия не только граничит с Западным Китаем на протяжении свыше 800 километров, но она граничит с таким Западного Китая, который может стать плацдармом английского империализма для наступления на Советскую Среднюю Азию. Я имею в виду Кашгаро-Уч-Турфанскую провинцию Китая, населенную главным образом уйгурами и киргизам, куда английский империализм пробирается, по недавнему сообщению "Правды", через Тибет, чтобы превратить эту провинцию в свой плацдарм для наступления на Советский Союз…
Преобразование Киргизии в Союзную республику было бы лучшей агитацией среди народов, населяющих эту провинцию Китая, против захватнического плана английского империализма и, несомненно, укрепило бы их симпатию к Советской власти. Ускорение решения этого вопроса практически необходимо еще и потому, что в данное время в союзных органах проходит рассмотрение контрольных цифр по народнохозяйственному строительству на будущий год, и нет уверенности, что интересы Киргизской республики не будет ущемлены, если она останется в нынешнем ее положении.
Поэтому очень прошу Вас поставить этот вопрос на обсуждение Полит. Бюро ЦК и ускорить его решение.
С ком. прив.Пр. СНК.
КирАССР
Ж. Абдрахманов




Кеменгер демекчи...
Идеологияга, саясатка "кул" болгон кыргыз тарыхы XX кылымда абдан эле "жүдөдү", баатырларынан дээрлик "тазаланып" калды. Кыргыз тарыхы баарыдан мурун баатырлардын тарыхы эмеспи. Кыргызстан азаттыкка аттанган эркин малекетинин тагдыры нагыз тарыхын калыбына келтирип кайра жаратуусуна жараша болоору да талашсыз чындык экендигин эрте түшүнсөк болот эле…
Философия илимдеринин доктору, социологиянын профессору Кусеин Исаев