Окурман ой айтат

Карышкыр, түлкү, чөө сымал, саясаттын айдыңында кимдер жүрбөйт…
… Өлкөдө мамлекеттик иштерди алып барган жана аткарган, ошондой эле жалпы кыргыз эли үчүн кызмат кылган түзүмдөр булар, үстүртөн бирөөнүн кийлигишүүсү жок эле жергиликтүү өзүнүн ишин өзү алып барып жана ошол жергиликтүү айыл-шаарлардын элинин гана кызматын аткарган айылдык жана шаардык өкмөттөр жана ошондой эле жалпы кыргыз мамлекетинин ишин алып барган жана жалпы кыргыз элинин кызматын аткарган кыргыз өкмөтү гана болуусу керек деп эсептейм.
Айылдын, шаардын өкмөт башчылары акимге, губернаторго, президентке жана Жогорку Кеңешке көз каранды болбой, өзү жашаган айылдын жана шаардын элине гана көз каранды болушу керек. Ошондо гана алар өзүлөрүнүн эли үчүн таза, так жана жакшы кызмат кылып беришет. Ал үчүн алар эч кандай президенттин же болбосо Жогорку Кеңештин дайындоосу жок эле айылдын жана шаардын элинин гана шайлоосунан өтүүлөрү тийиш.
Анткени, эгерде аларды президент же болбосо Жогорку Кеңеш дайындаса, же болбосо жергиликтүү кеңештер дайындаса же шайласа анда алар ошолорго көз каранды болушуп, ошолордун айткандарын гана аткарууга мажбур болуу менен, өзүлөрүнүн айылдарынын жана шаар тургундарына текебер, көңүл кош мамиле жасап калышат. Бул өз кезегинде айыл жана шаар өкмөт башчыларынын үстүнөн болгон айыл жана шаар калкынын көзөмөлүн жок кылууга алып келүү менен кошо, алардын айыл жана шаар калкынын алдында болгон жоопкерчилигин дагы жоготот. Ал эми ушундай терс көрүнүштөр кезегинде айыл жана шаарлардын казынасынан, мүлкүн жана байлыктарын эсепсиз сарп кылууга, уурдоого, талап-тоноого жана малекеттик кызматтарда паракорчулуктун, кошоматчылыктын, таанышчылыктын, тууганчылыктын жана уруучулуктун күчөшүнө жана ошонун натыйжасында ар бир адамдын укуктарынын бузулушуна алып келет.
Көз карандысыз өлкө болгон 20 жылдан ашуун мезгилден бери Кыргызстанда чындык, тендик, эркиндик, калыстык жана адам укуктарын баалоо деген түшүнүк жөнөкөй карапайым, кедей-кембагал, ишенчээк элди алдоо үчүн гана айтылган сөздөр болуп калды. Саясат деген сасык иш, "заманың карышкыр болсо", өзүң дагы карышкыр бол, кошоматтанбасаң оокат кыла албайсың, элдик, мамлекеттик акча-каражатты, мүлктү, байлыктарды уурдабасаң, талап-тонобосоң бай болуп жакшы жашай албайсың деген сыяктуу көз караштар өмүр сүрүп келе жатат. Бул чындык. Ушундай адамдык сапаттарга ылайык келбеген жат терс көз караштар Кыргызстанда ар кандай деңгээлдеги мамлекеттик кызматтардын кызматчыларынын мээлерине сиңип калган. Мамлекеттик кызматчылардын ушундай тескери жаман сапаттары кээ бир карапайым адамдардын арасына дагы жайылып кеткен. Себеби, биз өйдөкүлөргө түздөнөбүз да. Ушул көрүнүштүн өзү ар кандай деңгээлдеги жогорку мамлекеттик кызматчылардын жүргүзгөн ушундай терс ишмердүүлүктөрүнүн натыйжасында, алардын элдин эсебинен бай болуусуна, ал эми жалпы карапайым калктын көпчүлүгүнүн жакырланышына алып келди. Бирок, заман карышкыр эмес, саясат сасык иш эмес, заманды айбан кылган, саясатты сасыткы кылган ошол эле өзүлөрүн жалпы карапайым элден өйдө коюп акылдуу көрүнгөн "карышкыр", "түлкү" жана "чөө" сымал жырткыч "айбан" адамдар. Ошондуктан, Кыргызстанда 20 жылдан ашуун мезгилден бери ар кандай деңгээлдеги мамлекеттик жогорку кызматчылар үчүн жана алардын партиялары үчүн гана кызмат кылып келген Конституциялык түзүлүштү жоюп, анын ордуна ар кандай деңгээлдеги мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдардын үстүнөн жалпы карапайым эл өзү көзөмөл жүргүзгөн жана тескей ала турган Конституциялык түзүлүштү түзүшүбүз керек.
Азыркы кезде колдонулуп жаткан партиялык тизме боюнча түзүлгөн парламенттик система дагы кыргыз элине эч кандай жакшы жыйынтык алып келбейт окшойт. Анткени, жогорку деңгээлдеги мамлекеттик түзүмдөрдү кыскартпай туруп, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жаатына чыныгы эркиндик бербей туруп, административдик-территориалдык бөлүнүү жагын, сот, прокуратура, милиция, улуттук коопсуздук кызмат, куралдуу күчтөр, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт, энергетика, байланыш, кен-байлыктарды өндүрүү жана кайра иштетүү тармактарында жана башка дагы системаларда реформа жүргүзбөй туруп, жөн эле мамлекетти башкаруу жаатындагы маанилүү ыйгарым укуктарды президенттен алып партияларга берип коюу эч кандай жакшы натыйжа бербейт. Мурун президенттер үй-бүлөөлөрүн, туугандарын, жакындарын ар кандай мамлекеттик жогорку кызматтарга коюп, мамлекеттик маанилүү көп киреше алып келип турган тармактарды көзөмөлдөп келишсе, ал эми азыр болсо партиялар өзүлөрүнүн партиялаштарын, жакындарын ар кандай жогорку мамлекеттик кызматтарга коюшуп, мамлекеттик маанилүү көп киреше алып келе турган тармактарды бөлүштүрүп алышып, көзөмөлдөп калышты. Бул жерде көрүнүп тургандай мамлекеттик иштерди аткаруу жаатындагы система эч бир өзгөргөн жок. Болгону, кээ бир мамлекетти башкаруу жаатындагы маанилүү ыйгарым укуктар, кыскартып айтканда бийлик, партиялардан турган парламенттке өтүп кеткен. Болгон өзгөрүү же болбосо өткөрүлгөн "реформа" ушул гана. Ошондуктан, мамлекеттик системаны, мамлекеттик түзүлүштү түбүнөн баштап өзгөртүшүбүз керек. Ошондо гана биз Кыргызстанда реформа жүрдү деп айтсак болот. Эч нерсеге жооп бербеген президенттик түзүм алып барган иштерди, жалпы эл тарабынан шайлаган кыргыз өлкөсүнүн өкмөт башчысы деле өзүнүн чакан өкмөтү менен аткара алат. Ал эми мыйзам чыгаруу иши үчүн, карылардын пенсияларынын жана майыптардын, көп балалуу үй-бүлөөлөрдүн пособиелеринин деңгээли аябай эле кичине болуп кыйналышып жаткан мезгилде, үйлөрү, автоунаалары, жардамчылары, төрагасы сакчылары менен, жүздөгөн адамдардан турган аппараты жалпы кыргыз элинин эсебинен каржыланган, бир айлык эмгек акыларынын деңгээли 25-30 миң сомду түзүп, 120 депутаттан турган килейген Жогорку Кеңеш эмес, жалпы кыргыз эли тарабынан шайланып, такай мыйзам чыгаруу иши менен гана алек болуп, мыйзам чыгаруу кеңеши жетиштүү болот эле деп эсептейм. Конституциялык мыйзамдарга туура келбеген иштерди жылына 2-3 жолу гана караган, ошол эле убакта президенттердин мыйзамсыз иштерин Баш мыйзамга ылайыкташтырып берип турган Конституциялык сот түзүмүнүн ордуна, жалпы эл тарабынан шайланган Жогорку Сот Конституцияга тиешелүү иштерди деле караса болот. Коопсуздук кеңешинин өзүнчө түзүм болуусунун кереги жок деп ойлойм. Анткени, өлкөдө ички жана тышкы коопсуздукту сактап туруу үчүн улуттук коопсуздук кызматы, ички иштер кызматы жана кыргыз куралдуу күчтөрү бар. Алардын жетекчилери коопсуздук маселелери боюнча маалыматтарды күн сайын кыргыз өлкөсүнүн өкмөт башчысына берип туруулары тийиш. Ал эми өкмөт башчы өз кезегинде, керек болгон учурда, ар кандай иш-чараларды көрүп, үч айда бир жолу чогулуп турчу Кыргыз Элдик Курултайдын мүчөлөрүнө маалымат жообун берип турат. Областтык жана райондук администрациялар жалпы элдин акча-каражатынын бир тобун сарпташып, бирок ошол эле убакта мамлекетке пайдасы тийбеген кайтарымы аз, маалыматты алып кайра берип туруу болгон ортомчулук иштерди гана аткарып калышты.
Мисалы, Райондук администрация районго тиешелүү ар бир өкмөттөрүнөн, айыл өкмөттө "баланча гектар жерге баланча буудай, картөшкө, кызылча, пахта жана башкалар айдалды, жыйналды, баланча миң баш малыбыз бар" деп берген маалыматтарды кошуп жана жыйынтыктап туруп областтык администрацияга жөнөтөт. Областтык администрация болсо өз кезегинде ошол эле маалыматтарды кошуп жана жыйынтыктап туруп Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө, ал маалыматтарды берип турат. Мурунку кеңеш доорундагыдай дыйкандарды үрөөн, айыл-чарба техникалары жана тетиктери менен, ал эми малчыларга болсо сарай куруп берип жана жем-чөп менен камсыз кылып берип турушпайт. Азыркы убакта Кыргызстанда дыйкандар, малчылар, жумушчулар, соодагерлер, мекеме-ишканалар ушул сыяктуу иштердин баардыгын тең өзүлөрүнүн акча-каражатына өзүлөрү аткарышат. Ушул сыяктуу маалыматтарды айыл жана шаар өкмөттөрү кыргыз өкмөтүнө эч кандай ортомчусу жок эле өзүлөрү түз эле берип турушса деле болот. Андыктан, жалпы кыргыз элинин миллирддаган сом болгон акча-каражатын, мүлкүн ортодон жөн эле сарп кылып турушкан бул түзүмдөрдүн кыргыз элине дагы, кыргыз мамлекетине дагы кереги жок деп ойлойм.
Ал эми кыргыз өлкөсүнүн башчысынын, жогорку сотунун, башкы прокурорунун жана мыйзам чыгаруу кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы кыргыз эли тарабынан шайланышы, алардын бири-бирине болгон көз карандуулуктан ажыратып, кыргыз мамлекети жана кыргыз эли үчүн гана кызмат кылууларына алып келет.
Жерди, сууну, тоону, токойду жана жайыттарды чет өлкөлүктөргө убактылуу колдонууга мурунку кыргыз өкмөттөрү тарабынан берилген келишимдердин мөөнөттөрү бүткөндөн кийин, ушуга окшогон келишимдер экинчи эч качан узартылбашы жана түзүлбөшү тийиш. Кыргыздардын жерлери, суулары, тоолору, кен-байлыктары, ата-бабаларыбыз коргоп, сактап, жеткирип өткөрүп бергенден кийин, азыркы кыргыздар биз дагы мамлекеттик жогорку кызматтардагы ар кандай шумпайларга ишенбей кыргыз жерин, эч кандай кошуна дагы жана чет жактагы өлкөлөргө дагы саттырбай, тарттырбай, убактылуу колдонууга дагы бердирбей, керек болсо курал кармаганга жараган акыркы кыргыз калмайынча салгылашып бизден кийинки кыргыздарга өткөрүп беришибиз керек. Кыргыз мамлекетинин ички жана тышкы саясатынын жогоруда көрсөтүлгөндөй багытта жүрүшү, кыргыз өкмөтүнүн жер-жерлерде иштелчүү жана чечилчүү маселелерге алагды болбой, өзүнүн негизги иши жана милдети болгон:
- кен-байлыктарды казуу жана кайра иштетүү;
- отун, суу жана энергетика өнүктүрүү, иштетүү жана элге жеткизүү;
- жалпы мамлекеттик жолдорду салуу, оңдоо;
- чек-араларды бекемдөө, чек-ара жана кыргыз куралдуу күчтөрүнүн санын көбөйтүү, алардын кубаттуулугун арттыруу;
- чет өлкөлөр менен маданий жана экономикалык мамилелерди чыңдоо;
- өлкөдө бирдиктүү акча жана салык саясатын түзүү жана жүргүзүү;
- элдин өзүн-өзү күбөлөндүрүүчү документтер менен камсыз кылып туруу;
- бажы ишин алып баруу;
- кылмыш-жаза мөөнөтүн өтүүчү жайларды оңдоо, тейлөө, аларды кайтаруу жана башка кыргыз өкмөтүнө гана тиешелүү иштер менен алектенүүгө түрткү болот.
Жергиликтүү жана кыргыз өкмөттөрүнүн ушундай бири-биринин ишине кийлигишпөө саясатынын негизинде келип, акыр аягында алардын ар бирине гана тиешелүү милдеттерин жалпы элдин жана мамлекеттин кызыкчылыктары үчүн аябагандай эффективдүү аткарууга алып келет.


Бакыт Нарынбаев,
Бишкек шаары,
Ахунбаев көчөсү, үй №175