Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Алоо, көчө сатылат?
И.Өмүркулов. 99 жаран. Жер талаш
Күндүн жылышы менен Ак үйдү айланчыктагандардын саны көбөйдү. Албетте, марыгандар эмес, заманасы тарыгандар. Карааны калың топ Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунун тургундары экендигин аташат. Алар конушту жара бөлгөн борбордук көчөнү шаардын мэри Иса Өмүркулов башында туруп, 99 жаранга жер участогу катарында бөлүп жибергендигин билдиришет. Ар бир участок 10, 12 миң доллардан сатылды деп, жер муштагандары бар.
Аттиң, бардык ыйыктыктарды сатып бүтүп, эми көчөнү сатып калдыкпы? Эртеңдерден Чүй проспекти, Манас, Жибек-Жолу көчөлөрүн соодаласак, асман менен айланып учуп калабызбы деген ой кетет. Бул жагдайда толук материалды гезитибиздин эмки санынан окуйсуздар.




  А - уу, калайык!!!

Куйручуктун тою өтөт
Жайкы саратандын так ортосунда айдын нуру сүт болуп турганда, келберсиген көл сулуусу кең Соң-Көлдө чукугандай сөз тапкан, күпүлдөтүп Манас айткан, жаактууга жай бербеген чечен Куйручуктун 145 жылдык маарекеси өтмөк болду.
Калың саяк дүпүрөп эртең, 29 - апрелде Бишкекте марафон өткөзүп, куржун толтурганы жатышат. Байгеге чабылуучу күлүктөрдүн баш байгеси азыртадан эле белгилүү болуп, ага ЖИП автоунаасы коюлмай болду дейт. Дагы бир нече байгелерге автоунаа коюла тургандай. Саяпкерлер, чабандестер эмитеден аргымактарын суутуп, терин алып камынышып жаткан кез экен. Маараке Соң-Көлдүн кадимки чүрөгү Акмөөрдүн киринген жеринде, күнгөй жээгинде өтүп, кыдырата боз үй тигилип, конокторго багылан козунун эти тартылып, кызгылт кымыз сунулат. Куйручуктун жолун улап келе жаткан куудулдар өз өнөрлөрүн көрсөтөт. Айтор, бул тойго барган да, барбаган да арманда калышат дейт уюштуруучулар.
Ногойбай Султанов




  А-аа.. Б-ы-ы…

Экстер эмне дейт?
"Май айында К.Бакиевди анын тарапкерлери Кыргызстанга алып келет экен", "ал Ош аэропортуна конот экен" деген сыяктуу "экен" имиштер эл оозунда айтыла баштады. Кечээ жакында болсо К.Бакиев бүгүнкү бийликтегилерди "они разрушители" деп атады. Минскиден берген ал маеги айрым сайттарда али да илинип турат.
Ал эми жакында дагы бир экс-президент А.Акаев Москвадан берген маегинде 2010-жылдын Оштогу июнь окуясына Бакиев жана анын туугандарынын (М.Жаныш Бакиевдин) тиешеси бар деген маанидеги пикирин айтты.
Кызыгы, азыр эки экс-президент Кыргызстандагы окуяларга эки башка пикирдеги маалыматтарды ат тезегин кургатпай билдире баштады. Бул неден кабар берет? Баса айтмакчы, май айы ортолоп Бермет Акаеванын да Кыргызстанга келиши күтүлүүдө…




  Билермандар билдирет

Күйүүчү майлар кымбаттайт...
Гезитибиздин мурунку сандарында Кремль биздин бийликтен жүз бурганы туурасында жазганбыз. Анда океңдер Камбарата 1ди курууну белгисиз мөөнөткө жылдырганын, бизге бере турган миллиондордон баштартканын, карызын кечпей турганын жана күйүүчү майларга болгон бажы төлөмүн кайра киргизерин билдирген элек. Ал айтылгандар бир чекеден ырастала баштады. Кулов Макөөдөн келери менен депутат А.Жапаров карыз, ГЭСтер боюнча сүйлөшүүлөр президенттик шайлоодон соң уланаарын жар салса, кечээ нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Жумакадыр Акенеев Кыргызстанда дизелдик майдын баасы көтөрүлөрүн "балп" эттирди. Демек, чөптүн башы жөн жерден кыймылдабаптыр да, эй!




  Ой, тобоо!

Ахматбек Келдибеков
"БШК шайлоонун жыйынтыгын 2 ай кармады. Чет жактагы шайлоо комиссиялардын жыйынтыктарын өзүм билемдикке салып, кээ бир участкалардын жыйынтыктарын жокко чыгарды. Мындай кадамдар "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын шайлоодогу добушун кыскартыш үчүн болду. Тактап айтканда, 280 миң адамдын добушун жокко чыгарды" деди, А.Келдибеков. Мунусу менен спикер кимдин короосуна таш ыргытып же кимге "услуга" жасады экен?

Алмазбек Атамбаев
"Казакстан эгемендик алгандан кийин бир шаар курду. Биздики болсо баарын уурдашты. А түгүл топуракты да сата баштапбыз. Бир эле Кумтөр 235 тонна алтын казды. Анын суммасы 10 млрд доллар дегендик. Жер Үйдөгү 100 тонна алтыны бар кенди 300 сомго же 7 долларга сатышкан экен. Ошондуктан, эл чыдабай ынкылаптарды кылды. Бирок, кечээки эле эл деп кыйкырып жүргөндөр бүгүн 87 баланын өлүмүн унутуп калышты. Кудайга шүгүр дегенди айтпай калдык" деди өкмөт башчысы Атамбаев, Нарын эли менен болгон жолугушууда. Кумтөр менен Жер Үй жөнүндөгүсүнө чала була ооба, ошондой дейли бирок, кийинки сөздөрүн кимдер жөнүндө айтканын түшүнбөдүк. Акыркы революциянын башында өзү туруп, азыр да бийликтин эки тизгин бир чылбырын кармап турат. Анда эмне өзүнө өзү айтып жатабы, ал сынды?




  Жаңы заманда

Молдокени ким сабады?
Былтыркы ажылык сапарын уюштуруу ишинде, айрым жетекчилер коррупцияга кокодон батканы тууралуу коомчулукта кызуу кеп болгонун билебиз. Аягы ың-жың толгон ызы-чууга малынып, анын учугу тээ Акүйдөгү Президенттин тегерегиндеги агалардын балдарына чейин жетип былгыганы айтылган. Ошол маалда бийликтегилер чок баскандай секирип, дин тутунган адамдар куру доомат артты дешип, аны айткан молдокени сотко берген жайы бар.
Албетте, чуркураган чуу жөн калбады, Дин иштери боюнча комиссиянын мурдагы орун басары Канат Мурзахалиловго кылмыш иши козголуп, талашты дыкат иликтөө максатында парламенттик комиссия түзүлгөн. Кыңыр иштерди териштирүүгө кирген парламенттик комиссиянын 4-февралындагы жабык жыйында күтүүсүздөн жыландын башы кылтыйып чыккан. Миллиондогон долларлар кымтылган ажылык сапардагы жолдомолор сатылган мезгилде дин комиссиясында орун басарлык кызматты аркалаган К.Мурзахалилов: "Ажылыкты уюштуруудагы иштерге президенттик администрация башчысы Эмил Каптагаевдин уулу Кубаныч Каптагаевдин катышы бар" деп, чырмалышкан түйүндү коомчулукка таштады. Дал ошондон тарта аны балээ басып, коркутуу-үркүтүүлөр башталат. Парламенттик комиссия анын коопсуздугун камсыздоо токтомун токуйт. Бирок, тартип коргоо органдары тарабынан көзөмөлгө алынганына карабастан, 12-апрелдеги депутаттык комиссиянын кеңейтилген жыйынында ал куржундун оозун ачып маалымат бергени турган Мурзахалилов Канатты белгисиз адамдар катуу сабап кетти. Кимдер тарабынан болгону азырынча аныктала элек. Биздин оюзбузча, Садыркулов, Павлюктун өлтүрүлүшү, Сыргак Абдылдаевдин сабалышы, бир кезде "биз бийликке келсек эч качан мындайлар болбойт" деп касам ичкен Каптагаевдин да көк челек болуп токмоктолушу кимдер тарабынан болгону коомчулукка белгилүү болсо да, бети ачылбай кала берген. Мурзахалиловдун сабалышы так ошондой жагдайдын жаңылар тарабынан кайталанышы эмеспи? Оорукананын анестезология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы Динара Турдушеванын аныктамасына көз чаптырсак, Мурзахалиловдун мээсине доо кеткени, буттарында көптөгөн көк-ала издер жана шишиктер болгону, ооруканага келип түшкөндо оң бутунун тизесиндеги оорудан араң басып жүргөндүгү көрсөтүлгөн.
Учурда, ишти иликтеген эл өкүлдөрүн бир маселе таң калтырыууда. Эмнеге экени белгисиз, кылмыш иши Дин иштери боюнча комисиясынын жетекчисине эмес, орун басарына козголгон? Документте, мекемелер аралык комиссия түзүлгөндө анын жетекчиси Амангелди Муралиев номур биринчи протоколу менен "бардык жоопкерчилик Дин иштери боюнча комиссиянын жетекчиси Болот Абдрахмановго жүктөлсүн" деп жазган. Мекемелер аралык комиссиянын алдындагы жумушчу топтун башчысы болуп дайындалган Болот Абдрахманов өзүнүн буйругунда бардык жоопкерчиликти "мен өзүмө калтырам" деп, кол койгон. Анан эле "кызматынан кыянаттык менен пайдаланды" деген берене менен К.Мурзахалиловго иш козголгону түшүнүксүз...
Анысы ал болсун, бирок, Мурзахалиловдун ур-токмокко алынышы, олуттуу маалыматтарды бергендиги үчүн ажылык боюнча тергөө жана иликтөө иштери акырына чыкканга чейин Канатбек Мурзахалиловдун коопсуздугун камсыздоо боюнча күч органдарын милдеттендирүү токтомун тооптпогон, ушундай "эрдик" жасаган ким болду экен десең. Эсиңиздерге салсак, жогоруда белгиленген 4-февралдагы депутаттык комиссиянын жабык жыйында ажылыкты уюштурууга катышкан айрым адамдар 5 миллионго жакын доллардын тегерегиндеги пайда көргөнү белгилүү болгон. Эгер эл шайлаган депутаттар адилеттүүлүктөн тайбаса, эл-жеринин келечегин ойлосо, өз кызыкчылыгынан мамлекеттин кызыкчылыгын бийик койсо, ким ак, ким кара экени билинер, миллиондорду сол чөнтөккө солоп, бейкүнөө жарандарды көк-ала койдой сабагандардын бети ачылар... Анте алышпаса Бакиев доорун сындап не кылышат, эй...

Памир Манас




ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования