Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Жаңы
"Кокон ордо"
Редакциядан:
Эркин гезит болгон соң биз "бул", же "тигил" деп бөлүүнү эп көрбөдүк. Ошол үчүн рубрикабыздын аты "Эркин пикир". Эгерде аталган рубрикадагы макалаларга "андай эмес, мындай" дегендер болсо, алардын пикирине да гезит бетинен орун берүүгө даярбыз. Эскерте кетчү нерсе, аталган рубрикада айтылган же айтылчу ойлор гезиттин көз карашын билдирбейт. Ошол үчүн эркин пикир.

Тээ 19-кылымдын ортосунда Кокон деп аталган мамлекеттин ордосунда бийликтеги үч жаат бири-бирин тыңсынып, кырды-бычак болуп, ыңгайы келе калса бири-бирин думуктуруп же бычак сайып өлтүрүшүп Ханга жакын, таасирдүү адамдын орду үчүн жакын эле адамын душман тутуп, кан төгүшүп турушкан. Кокон ордосунда негизинен үч жаат күрөшкөн. Бир жааты, бул жергиликтүү, отурукташып дыйканчылык, соода сатык, базар менен күн көргөн өзбектер менен тажиктер болсо, экинчи жааты кыргыз, өзбек улуттарынын ичине сиңишип кетишкен ичкилик уруулары болгон. Ал эми үчүнчү жаат - бул жетилик мал менен оокат кылышкан эл болгон. Коконго тиешелүү ушул үч жааттын саясий түзүлүшү артта калган феодалдык түзүлүш болгон. Кокон хандын ордосуна чейин жергиликтүү элди колунда бар байлар башкарып, тескеп, төбөсүнө камчы үйрүп турган. Кокон ордосунда башкы так үчүн ата бала ортосунда айыгышкан күрөш да жүрүп келген. Буга мисал, Кудаярдын тагын ээлеп алыш үчүн анын баласы Насирдин бек 1865-жылы орустарга өтө качышы мисал. Хандыктын өзүнүн ички эрежелери Ислам дининин шариятына баш ийген. Бирок, ордо адамдары шариятта тыюу салынган иштерди жасап келишкен. Мисалы, бей-күнөө адамдарды кыйноо, алардын канын төгүү, шарап ичип шапар тебишип, наша тартышып, бир эмес бир нече никеде болушса да төшөк кумарынан рахат алышып дегендей. Иш жүзүндө шариятты алар карапайым калкты эзүү, жазалоо үчүн гана колдонушкан…
Азыркы биздин "Ордодо" да мыйзам чыгарышканы менен, аны өз ыңгайы үчүн, ыңгайы келбесе оппоненттерин коркутуу, акча өндүрүү үчүн колдонушуп жаткандай. Азыркы "кокончулар" билльярдкана, сауналардан күнү-түнү чыгышпайт. Жандагандары жаш кыздар. Жашыруун көп никелүү. Кадимки өткөн Кокон хандыгында карапайым адамдардан жан башына битир, садага, мал башына, алтын, күмүш буюмдарына зекет чогултуп, ошол чогулган акчанын эсебинен аскер күтүлүп, ордо адамдары жергиликтүү, датка, бектер кожо сопулар кармалып турган. Азыркы учурда ошол сыяктуу эле бийлик тарабынан эл жерге, малга, шаар эли автоунаага салык төлөп жаңы "Кокон ордону" - мамлекеттик бийлик деген "монстрды" кармагандай кеп.
Жогоруда айтылгандай 19-кылымдын Кокон ордосунда башкы тактын тегерегинде таасирдүү күч болуш үчүн үч жаат болуп тынымсыз күрөш жүргөн сыяктуу, азыркы 21-кылымдын "Кокон ордосунда" да бийлик үчүн күрөштүн үч тобу бар. Алар батышчыл, түндүк жана түштүк топтору. Бул топтор жасалма түрдө биригишип, мамлекеттик бийлик бутактарында турушкан менен, өткөн жылы башкы такты алдырып жибергенине ич күйдүүлүктөрү өтө күчтүү. Үшкүрүктөрүнөн от чыгат. Алдыдагы башкы так үчүн күрөштө артында бел болуп берчү 800 миң өзбектен (өткөн жылкы согуштан кийин) колдоо табышаарына сабыркап турушат. Түндүк топторунда болсо "кеменгерлери" көп. Бирок, бири-бирине душман. Улуусу кичүүсүнө, эси жогу эстүүсүнө жол бошотуп берейин деген ниеттери жок. "Манастан Чубак кем бекен" деген тейде. Батышчыл топтордун ичи деле "майкөл, сүт көл" эмес. Булар да экиге бөлүнүшүп, биринин абийирин экинчиси төгүп жатышат. Кантсе да батышчыл күчтөрдүн тактыга чыгууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Себеби, аларда алыстан келүүчү арбын акча көп. Так талашуу мезгилинде акчага "жалданма аскер" топтошу мүмкүн. Дагы бир артыкчылыгы, азыр башкы тактыда батыш өкүлү турат. Демек, кийинкилерге да Батыш азыркы тактынын ээсин аларга буруп берет. Баш тарта албайт, ханыша. Кыргызстандагы "жаңы Кокон ордосун" түзүшкөн сырткы күчтөр анын урап калышына жан-үрөп киришээри турган иш. Белгилей кетүүчү нерсе, "жаңы Кокон ордонун" түзүп жатканда ошол сырткы - батыш күчтөр бүгүнкү бийликтеги мушташтардын жаралышына, улуттун биримдигине доо кетүүчү кырдаалдар келип чыгаарына "кынаптап" койгон. Алар үчүн ордодо жаңжалдар чыгып туруу өтө пайдалуу. Бирок, 18-19-кылымда Кокон хандыгы Бухара, Хива хандыктарына көз карандысыз өз алдынча мамлекет болгон. Азыркы "Кокон ордосу" чет өлкөлөрдүн көзүнүн карасы менен тең айланып турушат. Кокондун биринчи Элөөчүсү Алимхандан Кудаяр Ханга чейин негизги мыйзам шариятын көп эрежелерин бузушканы менен, эл көзүнчө бузушкан эмес, жашыруун бузушкан. Азыркы Кокондун "даткалары", "бектери" болсо элди түкүрүп ойнобой көз-көрүнө бузушууда. Кокон ханы Кудаярдын тушунда жибек, жез коло, коргошун темир, өндүрүшкөн. Азыркы хандыкта эч нерсе өндүрүлбөйт. 19-кылымдын Кокон хандыгы улуу кол башчы, мамлекеттик ишмер Аксак Темирдин 14 жылда курдурган Самарханддагы аземдүү имараттары, Индостан, Афганистан, Ирандан алып келген асылзат буюм байлыктар чаң жугузулбай күнү бүгүнкүгө чейин сакталып келсе, азыркы "Кокон хандыгында" адамзаттагы теңдешсиз улуу эпос "Манас", "Кытай жериндеги кыргыздардыкы" делип, дүйнөлүк уюмдун каттоосунан өттү.
19-кылымда Кокон ханы Кудаяр өлкөдөгү ички күчтөрдүн кысымына туруштук бере албай, эки жолу Бухарага качса да, ордодогу жылма бектер, даткалар сымаптай "кылт" этишип жаңы Ханга өтүп кетип турушкан.
Жаңы "Кокон ордодон" элдин толкунуна туруштук бере алышпай Акаев Москвага, Бакиев Минскиге качышканы менен, булардын жан-жөөкөрлөрү кайрадан ордодо кала беришти.
Андагы Кокон ордо чыгарган күмүш акчанын 10 тыйынына 5 соолук кой келген экен, ошол мезгилде. Азыркы "Кокон ордонун" 6 миң сомуна 1 соолук кой сатып аласың.
19-кылымдагы Кокон хандыгында өлкөдөн сыртка эл тентиген эмес. 21-кылымдын "хандыгынын" оордугуна чыдай албай жарым миллиондон ашык эл сыртка тентишти.
Ошентип, эки мезгилдин Ордосунун айырмасын, артыкчылыгын өзүңөр баамдасаңар болот. Кокон хандыгын падышалык орустун замбиректеринин снаряды жок кылып, өзүнө бириктирген. Азыркы жаңы "Кокон ордону" батыштын же Кытайдын жылма саясаты жок кылып жүрбөсүн? Ошол үчүн ага жол бербей турган чараларды бүгүн көрбөсөк, эртең кыйла аксап, өтө эле аксап калышыбыз мүмкүн...

Токо Мамбетов




Король чоңбу же ондукпу?
Өткөн улуу Ата-Мекендик согуштун учурунда - 1942-жылы генерал-лейтенант, дивизиянын командачысы А.А.Власов деген бүт дивизиясын фашисттик Германия тарапка чыккычылык менен өткөзүп кеткен. Чыккынчы генерал ойлосо керек: "акыры түбү Германия жеңет, фашизмге кул болбой, а көрөкчө ошол тарапка өткөнүбүз ыңгайлуу" деп. Тарыхтагы бул окуя "Власовчулар" деп аталат. Ошол сыңары парламенттеги "Ар-Намыс" фракциясынын генералы Токон Мамытов баштаган 10 депутат командачысы генерал Феликс Куловду таштап, бийлик коалициясына өтө качты.
"Власовчуларды" Адольф Гитлердин өзү колдогон. Ал эми биздеги "ар-намысчыл" 10 депутатты "ата-журтчул" А.Келдибеков, өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Д.Нарынбаев колдоп чыкты.
Негизинде "ар-намысчыл" 10 депутат өзүнчө фракция түзө албайт. Кызыгы, бул депутаттар Конституциянын 70-беренесинин 3-пунктуна жана 73-берененин 1-пунктуна таянган билдирүү жасашкан эле. Бул билдирүү ак чүпөрөктү кара жип менен жамагандай эле кеп болуп калды окшойт. Баш мыйзамдын Жогорку Кеңеш жөнүндөгү беренелеринде бир фракциянын депутаттары экинчи фракцияга өтүүгө жол берилет деген бир да сөз жок.
Анан калса, "Ар-Намыс" фракциясы жыл башында өздөрүн Конституциянын 70-беренесине ылайык оппозициялык фракция деп жарыялашкан.
Советтик армия 1945-жылы фашисттик Германияны капутиляция кылганда "власовчулар" колго түшүшүп, атылганы атылып, көбү узак мөөнөткө түрмөдө отурушкан. Анан калса, "ар-намысчыл" 10 депутаттын бул жоругу: "Өзүмдүн эрим менен эле жашайм, бирок башка адам менен көңүлдөшмүн" деген сойку аялдын жоругундай эле болуп калган жокпу, түгөттүкү.
Ошол 10 депутат: "Биз өлкөдөгү стабилдүүлүктү, мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо үчүн ушундай кадамдарга баруудабыз" дегени күлкү жаратпай койбойт экен. Эмне, ушул 10 депутат кыргыз элин, кыргыз мамлекетинин түркүгү бекен.
Эң кызыгы, эки жума илгери "Ата-Журт" фракциясынын 19 депутаты: "Коалициядан чыгууга даярбыз деп билдиришти эле. Кокус ошол 19 депутат коалициядан чыгып кетсе, кызык ошондо болот.
Дайырбек Мүсүркулов




  Алма жөнүндөгү жаңы

"жомок"
Азыркы учурдагы саясий кармаш кээде жең ичинен, кээде ачыктан-ачык, бетме-бет, кудум аренадагы боксерлордун таймашындай жүрүп атканы эч кимге деле сыр болбой калды окшойт. Байболов менен Бабановдун баткак аралаш "бок" менен "атышканы", Байболов менен Отунбаеванын эрөөлү… Акырында Байболовдун Генпрокурордун ээринен жылмышып түшкөнү, Бабановдун "ыктыярдуу" кызматтан четтетилгени. Албетте, бул ачык күрөш. Ошол эле мезгилде Текебаев менен Куловдун оюндары, Атамбаевди премьерликтен оодаруу үчүн жүрүп аткан "соодагерчилик" жана "чайкоочулук" - бул жең ичиндеги "көлөңкө" театрдын жүрүштөрү эмеспи?
Бирок, "анык демократпыз", "оппозицияга чымын чаккандай зыян кылбайбыз", ал гана эмес Конституцияга киргизип, сын пикирин айткандарга даңгыр жол ачабыз деген убадалар "покко" жарабай кала берет окшойт, дале болсо. Ооздорун бирөө тырмагансып, ал үчүн Манастын антын кайталап, "төбөсү ачык көр урсун" деп карганып, касам ичип ийишкендерин кантесиң.
Миң дегенибиз менен "Алма дарагынан алыс түшпөйт" деген баары бир акыйкат кеп окшойт, иттики. Анткенибиз, Байболовдун четин кылтыйткан бир аргументине Президент апчебиз катуу нааразы болуп жаткан имиш. Кеп мааниси-Манас Кыргыз-Түрк университетинин колтойгон бир капталын "меники" деп талашып аткан ханышанын кара чечекей эжесинде дешет. Эки юридикалык тараптын чарбалык талашын жамы журтка шардана кылып, огеле көп упай топтогон Кубат аке Байболов экен да, чындык үчүн ак жерден чыркырай турган университеттин ректору С.Кайыпов болот имиш. "Неге талашат бизден, миллиондогон долларларды түрктөрдүн бюджетинен алып, бизге бербейби да, эжекеме алты жүз киши баткан ашкананы, анын актовый залын, дагы Алайдын талааасындай склад-кампасын "хоп, майли" деп эле берип койбойбу деп апчебиз абдан каарданып жатат дешет. Муну эки мамлекеттин макулдугу менен беш жылга шайланган Кайыповду кантип ордунан жылдырабыз деп баш катырып отурган Ак үй аткаминерлери айтышты.
Айтор, Акаевдин чапкан жолунан, Бакиевдин баскан изинен жаңы жетекчилер баары бир тайбайт окшойт. Тандайбыз деп отуруп, таз кейпибизди кайра кийдикпи бейм. Ошол үчүн токсонго жакын жигитибиз ойрон болуп, эки шаарыбыз талкаланып, кыргыз менен өзбек кызыл кыргын болуп кырылышты беле, катүгүн?

Табылды Эсенбаев





кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??