Ысыктагы чыйрыгуу

...Измдер
Социализм, капитализм, авторитаризм...
Бир кезде дүйнөнү титиреткен СССР деген улуу державанын кумдай урашы, күнкорлукта турмуш кечирген ондогон улуттардын өз алдынча мамлекет түптөшүн шарттады. Жүздөгөн, миңдеген жылдар бою кан төгүп, өз түндүгүн көтөрө албаган элдерге салыштыра караганда мындай саамалык үч уктаса түшкө кирбеген белектей болгону менен, мамлекет деген түшүнүккө аң-сезими жетикпеген жетекчилер аны кор кылаарын карт турмуш өзү далилдеп берүүдө. Дегенибиз, ошол системанын урашы колонияда турган бир канча улуттардын эгемендүү мамлекетин эле пайда кылбастан, "өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илген" үй-бүлөлөрдү, өздөрүн бир өлкөнүн Кудайындай сезген падышаларды, чеңгелинен кан тамган диктаторлорду жаратты. Алардын көпчүлүгү алдан-күчтөн тайганына карабастан, азыркыга чейин жылуу-жумшак, майлуу-сүттүү "креслону" кыялбай, ордун талашкан өнөктөштөрүнүн "көзүн" тазалоо менен бийлик кумарына канбай келишсе, айрымдары карачечекей уулдарын же жакын адамдарын мураскор кылганга жетишишти. Мындай башкарууга баш көтөрбөй, үн катпай жашаса боло берерин алыскы жана жакынкы элдер дурус көргөзcө, катаал режимге, бир үй-бүлөнүн өкүмүнө, тебелеп-тепсегенине кыргыздар чыдабастыгын дүйнө жүзүнө эки жолу далилдеди. Тилекке каршы, аны бийлик билермандары түшүнбөй, элдин жеңишин улам уурдашууда.
Карапайым эл үчүн эки үй-бүлөлүк кланды бийликтен кулатуу оңойго турган жок. Ондогон жигиттерибиздин өмүрү чымындай учуп, жер кучактап, жүздөгөн улутташтарыбыз оор жаракаттар менен майып болуп, канчалаган үй-бүлөө жакынын жоготсо, ондогон өспүрүмдөр жетим калды. Катар-катар келген каардуу калабалар кан төгүүлөр менен коштолуп, былтыркы жыл өлкөбүздү оор кайгыга чылап кетти. Жарааттар бүгүнкүгө дейре айыкпай, кайран кыргыз ачуусун сабырдуулугу менен гана басып отурат. Биз, боордошторубузга кайрат айткандан башкага жарабай, жүлүнүбүз зыркырап турган кез. Албетте, бул боюнча айтылып, жазылып жатыр. Кыскасы, социализмдин таттуусун көргөн элибиз, авторитаризмдин ачуусун түзүк эле татты.

Сепаратизм, экстремизм, парламентаризм...
Өткөн окуялар унутула баштаганы менен, мекендештерибиздин көкүрөгүндө турган жараат айыга элек. Жек көрүү сезим менен "аталага" айланып бараткан бийликке нааразы болуп турушат. Ооба, авторитаризмдин азабынан кутулууда төгүлгөн канга караганда сепаратисттердин жеке амбицияларынын негизинде уюштурулган Түштүктөгү тополоң он эсе ашып түштү. Жүздөгөн мекендештердин өмүрү мыкаачылык менен кыйылып, миңдеген жарандарыбыз майып болушту. Болбогон жерден эки элдин ортосуна көлөкө түшүп калды. Ошол күндөр алыстап, жашоо эми гана өз нугуна түшө баштаган кезде эки улуттун ортосунда кайрадан от тутантууну каалагандар бар экендиги айгинелениши, жарандарыбызды сар санаага салып, өкүнүчкө батырбай койбоду. Кимдир бирөөлөр тарабынан "Чөөлөрдүн сааты" деген китептин тасмасы менен интернет аркылуу таркатылышы бир топ бүлүк салгандай. Ал тасма ээлери кыргыз элине өзбек этносундагыларды гана эмес, башка улуттарды да каршы коюу максатында тартылганы ачык көрүнүп турат. Бирок, бийликтеги "агалар" баягыдай эле көңүл сыртында калтырганы өкүнүчтүү. Өзбек тектүү жарандар кордук көргөнүн улам кайталап, алардын санынан бери ачыкка чыгарып, элди дүрбөлөңгө түшүргөн "эжеке-агалар" да чет өлкөдөн "жем жеп," арабызда "былгытканын" токтотподу. Албетте, бузукулардын тилине кирип, кечээ кан төккөн эки улут азыр уруштун чыгышына кызыкдар эмес. Аларга тынч жашоо гана керек. Муну чет өлкөгө куулган сепаратистер да, Европа акчасы менен курсагын кампайткан "эжекелер" да тереңирээк ойлонушса дээр элек. Кара курсак кайсы жерде болсо да тоет эмеспи...
Экинчиси, авторитаризмдин күнү бүттү дегенибиз менен, жети баштуу "желмогуздар" жоголбосо парламенттик системаң деле алар үчүн "кармушка" болуп калары чындык турбайбы. Аман турсак булардын далай "былыктарын" көрөт окшойбуз. Ал эми айрым лидерлердин куулушу менен сепаратизмден кутулдукпу деген суроо туулат. Ага жооп берчү бийликтин кеби бул. Эсиңиздерге сааларыбыз, алардын куйруктары, идеянын аткаруучулары биздин арабызда эле жүрөт. Эми алар экстремизм аркылуу таасирин күчөтүшү ыктымал боло баштады. Маселен, былтыр Ош шаарындагы мечиттин имамынын үйүндөгү атышууну, Спорт ордосундагы жардыруу, үч милициянын өлүмү жана Бишкектин четиндеги окуя жөн жерден болгон жок. Булардын учугу куулган бийликте жана өзбек лидерлерине барып такалат. "Саясатта түбөлүк достук жок, түбөлүк кызыкчылык бар" дегендей, биздин өлкөдөн куулгандар Ислам радикалдары менен бирикпешине ким кепилдик бере алат?

Радикализм, исламизм, терорризм...
Кайталынып жаткан "...измдердин" түбү сөзсүз бийлик талашууга, башка элди башкарып алууга барып такалат. Маселен, өлкөдөгү мыйзамдуу жана мыйзамсыз медреселерде билим алган жаштардын көрөңгөсү, аң-сезими бир негизге көгөндөлүп каларын, диний фанатка айланып, улут уңгусунан ажырарын исламист деген башкаруучулар да моюндап отурат. Мисалы, ислам дини канына сиңген өзбек элинин президенти диний адамдар менен алыска жылбастыгын союз ыдыраган кезде эле сезип, динди катуу тутунган адамдарды кырып, кууп-сүрүп жоготконун бардыгыбыз билебиз. Ошол кезде Ооганстанга качкан өзбектердин исламчыл топтору И.Каримов жүздөгөн молдолордун өмүрүн кыйгандыгы жөнүндө күнөөлөп, "ИДУ", "Хизб-ут-Тахрир" ж.б. уюмдарды түзүшкөнү маалым. Ошо күндөн бери карай өзбек лидери медресе, мечиттердин санын кыскартып, чет өлкөдө диний билим алууга катуу тыюу салган. Бул нерсе азыр жемишин берип, учурда Өзбекстан террорризмге баш оорутпай отурат.
Экинчиси, динди бекем кармагандардын катарына коңшу тажиктерди кошсок болот. Бул өлкөдө расмий түрдө "Ислам кайра жаралуу" деген партия да түзүлгөн. Алты жылга созулган атуулдук согуштун бир тарабындагы оппозиция лидери Абдулла Нури да динчил адамдардын бири болгонун жакшы билесиздер. Дегенибиз, жүз миңдеген адамдардын өмүрүн кыйган согушту тутантууга диний багыттын түз тиешеси бардыгы талашсыз. Ал согушта 100 миңден ашуун адам өмүрү кыйылды. Исламчылардын көбөйүшү өлкө тынчтыгын бузаарын түшүнгөн Э.Рахмон былтыр Иран, Пакистан, Египет өлкөлөрүндө диний таалим-тарбия алып жаткан миңдеген жаш "молдокелерди" чакыртып алды. Тажикстандын дин иштери боюнча комитетинин жетекчиси А.Холиковдун билдиришинче, чет өлкөдө окуган 2388 баланын 1873үн өз мекенине кайтарышкан. Көрүп турганыңыздай буга моюн толгогон үй-бүлөлөр да болуптур. Аларга учурда кылмыш ишин козгоп, эки жылга эркинен ажыратканы же 35 миң сомониден айып салганы турат. Мындан сырткары, паранжа жамынгандар көбөйгөндүгүнө тынчсызданып, 18 жашка толо элек балдардын мечитке баруусуна тыюу салган мыйзам долбоорун кабылдаганы жатат. Тажик лидери Батыш жана Америкага балдарды көбүрөөк окууга жиберерин да баса белгиледи.
Чындыгында эле 1990-жылдардан тарта Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Тажикстан менен Кыргызстандагы жаштар сырт өлкөлөрдөн каалагандай диний билим алууга толук мүмкүнчүлүк берилиптир. Анын пайдасынан зыяны көп болорун Тажикстан бийлиги жон териси менен сезип, алдын алууга киришкен маалы. Кыргызстан болсо эч нерсе болбогондой таризде былкылдай элек. Өлкөнүн сыртын айтпаганда ичинде эле ондогон медреселерде, жүздөгөн арабдар кыргыз балдарына эмнени окутуп жатканы белгисиз бойдон калууда. Ошол эле маалда сакалын өстүрүп, этек кийгендердин саны күн санап арбып баратат. Калп айткан менен болобу, миң жолу жаап-жашырганыбыз менен согуш, жардыруу, жанкечтилик, терроризм, экстремизм деген сөздөр жалаң ислам өлкөлөрүндө өрчүгөнүн эч кайда ката албайбыз. Ооба, ага ислам радикалдарынын күнөөсү чоң. Бирок, аларды тизгиндөөнүн, жок кылуунун ордуна, колдоого алып, аларды өрчүтүп, күчтөнтүп отурган исламчылар болуп жатпайбы. Жыйынтыгында миллиондогон карапайым мусулмандар жаманатты болушууда. Эгерде жалпы мусулман журту ага бөгөт коюунун жолун бүгүн издебесе, өз өмүрүн өзү кыйган жанкечтилерди жасаган инкубаторду эч ким токтото алчудай эмес. Биз кыргыздар, жөн гана алардын курмандыгы болуп калышыбыз ыктымал.
Мындан сырткары, Исламдын ичинде бөлүнүү-жарылуу күчүнө кирди. Иракта сүннү менен шийиттер бирин - бири өлтүрүүдө. Пакистанда сүннүлөрдүн бир катар диний жайларына кол салынып, ондогон адамдар набыт болгондугуна байланыштуу көп күндүк жүрүштөрдү жасады. Бул да жакшы жөрөлгөлөрдөн эместигин моюндап, туура жыйынтык чыгарганыбыз оң болоор, замандаштар. Негизинде, Кыргызстандагы олку-солку кырдаалдан пайдаланган экстремисттик диний уюмдардан оолак болгонубуз туурадыр. Учурда Оштогу улуттук кагылыштан пайдаланган карөзгөйлөр жаш балдар менен аялдарды кучагына тартып, аларды Пакистан, Ооганстан сыяктуу террорчуларды даярдоочу лагерлерге жиберип жатканы айтылып жатыр. "Дааватчы" деген жарнакка жамынган далай жанкечтилер кыргыз жаштарын жолдон чыгарып жатканын да катууга болбой барат. Жакында болгон жардыруулардын ээси башкалар эмес, кыпкыргыздар болгонун көрбөдүкпү. Деги, улутубузду экстремисттик уюмдардан алыстатууну ойлогон бирөө барбы? Же көзүм көрбөсө, ...бөрү жесин деп отура берелиби?..

Зулпукаар САПАНОВ