Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Так Талаш

Улуттун уулу кайдасың…?

Аз сандуу калк болсок дагы эндүүлүгүбүз, элдүүлүгүбүз менен дүйнөгө таанымал артыкчылыктарыбыз арбын. Ушул күндөргө чейин ооздон-ооздорго айтылып сакталып келген "Манас" трилогиясына жеткен бир да чыгарма дүйнө элдеринде жок. "Курама курап журт кылдым" деген эпостогу айтылыш, биздин мамлекеттүүлүгүбүздүн түптөлүшүнөн кабар берет.
Айкөл Манас атабыздын фонунда баатырлары баштап, кыйындыктан сактап келген жайыбыз бар. Тагдырдын эчен кыйчалыш жолунда чайпалдык төгүлбөдүк, чачылдык - бөлүнбөдүк. "Кыргыз" - деген аттын колдоочусу бийик белем, утурлай келген улам кийинки муундарына эл тагдырын тектей алган, мамлекетин бектей алган кожодой уулдарын берип келди.
Биздин менталдык өзгөчө-лүгүбүз ушунда экен. Сөзгө баш ийген, сөзгө багынган эл экенбиз. Бир гана айтылган таамай сөз бүткүл журтту жууруп бириктирип, ал эми бир эле ачуу айтылган сын эрдин эрине өлүмгө тете болгон. Тартиби да, сыры, сыны, таалими, руху, духу, улуулугу да ушул уламанын ичинде катылгандай.. Баатырды кылычы менен эмес, сөзү менен таанышкан. Улукту байлыгы менен эмес баскан жолу менен айрышкан.
Арийне бүгүнкү учур башка. Дүйнөлүк цивилизациянын удулунда кем калышпай дегдеңдеп кетип баратабыз. Башкаруу системасын, деги эле бүтүндөй системаны өзгөртөбүз деп эгемендүүлүгүбүздүн кыска тарыхында 8 жолу Конституция жамаган элбиз (Конституциялык реформа жагынан дүйнөнүн бир да калкы бизге тең келбейт). Эки падышаны эсин оодарып мамлекеттен кууп чыктык (бул жагынан да астыдабыз). Ошондой болсо да эмнегедир өнүгүү жагына келгенде дүйнө элдеринин арткы тизмесине түшүп турганыбыз гана өкүнүчтүү.
Ошентсе да добулбас дайыма кагылуу. Кыргызстанда бош жүргөн жанды кездештирбейсиң. Жумушсуздук кадырэсе жок. Калктын 60%дан ашыгы саясый-бизнесте. (бул бизнес бизде гана бар). Желегин желбиретип Ала-Тоо аянтына акүн-үкүн дегиче биз гана топтоло алабыз. Короочуну коргоо комитети, Алтыбайды актоо кыймылы, Бегишбайды бекемдөө биримдиги сыяктуу "завод-фабрикаларыбыз" шакылдап иште.
Аттиң, дебеске айла жок. Мындай көрүнүштүн өзү, күлкү. Уучу куру болбогон улуу эл, эмнеге мынчалык майдаландык деген суроо турат. Ырасында эле бизди бир ураандын астында бириктире алган бир мыктыбыз жокпу? Ал эми болсо кайда, ким ал?

Ахматбек Келдибеков
Артыкчылыгы…
… Башкаруу системасында арбын жыл иштеп, ийги тажрыйба топтогондугу. Маңдайын жарган, жылдызы жанган келебети кенен. Ошондон уламбы кандай гана чөйрөдө болбосун барктуу ордун бачым табат. Табиятынан лидерлик касиет жандай түшкөндүгү баамдалат. Жаңы кырдаалдарды өзүнүн пайдасына буруу жөндөмү арбын. Реформатор десе деле ашыкча кетпейт. Ошого эле айкаш иштемчилдиги сезилет. Көктүгү көзүнөн, күжүрмөндүүлүгү сөзүнөн байкалып турат. Чөйрөсү кенен, чалгыны жөндүү элендиги баамдалат. Умтулганын алып жыккан, атаандашын чалып жыкканга да маш. Адетте, саясат, саясатчыныкы эмес, саясат жасай алгандыкы менен өлчөнөөрүү бар. Ахмат мырзанын артыкчылыгы саясат жасай алгандыгы менен көрүнөт. Ал сапарда ар качан олжолуу келгендиги дайын. Ош коогалаңындагы оомал-төкмөлдө басаңдап бараткан баркын оодарып алгандыгы төгүн эместир. Кандай-андай деген менен керт башты, ыйык өмүрдү сайуу менен беделге умтулуу ар бир эле жарандын колунан келе бербейт. Ал үчүн тубаса жүрөктүү, катаал, кайраттуу болуш турган иш. Анан калса улуттук кызыкчылыкты урматтоо менен көрүлгөн аракетти сыйлабай койбоско болбойт. Бул ишин "Бали!" дебеске айла жок.
Ошондой эле учурдагы кызматы, аткарып жаткан милдети вазипалуу. Калыстыкты карманып, айрым убакта катаал жерден жол таап, кыйчалыштан өңүтүү өткөөл чаап коллега - депутаттарга үлгү болуп жаткандыгын баалоого болот.

Кемчилдиги…
Алган тажрыйбасы, айлана чөйрөдөн топтогон; көрөгөчтөн көргөн, билегечтен жыйган көрөңгөсү гана көзгө урунат. Билим денгээлинде, новатордук багыт алууда аксагандыгы байкалат, спикерлик кызматында жөө тапандык, чечендик жасаганы менен, бул кызмат орун улуулугу бар, жылуулугу жоктой сезим калтырып Ахмат мырзага ал орунду ыйгаргысы келбей тургандар четтен чыгат. Анткени, ушул кезге чейин, ушул кызматты аркалагандардын караанында, алардын деңгээлинде Келдибеков чаңга "көмүлүп" тургандыгы төгүн эмес. Биринчиден лидерлик дикциясы жетишсиз. Тили чоңдуктанбы, калдырап бараткан арабадай, авазы угумсуз. Анан калса кыргыз лексиконунда жаңылык киргизип "жатайлы", "чечейли", "турайлы" сыяктуу говорлук өзгөчөлүктөрү жагымсыз угулат. Кыргыз сөздүгүндө мындай сөздүк айкалыштар болгон эмес, болбойт дагы, муну биле жүргөнү абзел. Ал эми өзбек элинен агып келген кубултмалар, кыргыз элине сиңбейт. Тек гана жүрөктү айлантат. Спикерлик кызмат - орун экинин бири болуп жаткандыктан коомчулук ал креслодон тактыктын, тазалыктын, билимдүүлүктүн үлгүсүн көргүсү келишет.
Ар качан жеке гана кызыкчылыктын нугун чабуу жогорку жетекчиге бедел алып келбейт. Ал эми Ахмат мырзада ташы ооп турган тараптарга ойной берүүчүлүк дайыма байкалат. Спикерлик интрига уюштуруучу кызмат эмес, ал калыстыктын орду. Аталган жагдайларда балким, өксүттөрүн толтурса Ахмат мырза алыска чабулчу күлүктүн караанындай сезилип жаткандыгы бар.




  Акылбек Жапаров

Артыкчылыгы…
…депутат, министр, вице-премьер-министр болуу ар кимдин тагдырына эле берилген эмес. Арийне, андай даражаларга жетиш үчүн жөндөм, шык, албетте, билим, акыл талап кылынаары бышык. Тайсалдабай айтканда дал ушул артыкчылыктар Акылбек мырзада арбыныраак кездешет. Экономикалык ой чабыты кенен. Ошого ылайык чечендиги да жетиштүү. Коомду кыймылдатуучу күчтөр аз. Ошол эсепте Жапаровдун орду калыңыраак экендиги төгүн эмес. Ар качан жаңы идеялар, жаңы мазмундагы ойлор менен чыгып тургандыгы бул мырзанын өз билимин көтөрүүнүн үстүнөн ар дайым иштеп тургандыгын көрсөтөт. Бул сапат бардык саясатчыларда жетиштүү эмес.
Аналитикалык ой жүгүртүүсү сергек. Саясатта кургак популист эмес. Аргументтүү фактыларга таянып иш алып баруусу артыгыраак. Чиновниктик куру кекирейүүчүлүккө алдырбайт. Коомдогу бардык күчтөр менен тил табыша алгандыгы тубаса дипломаттыгын данистеп турат. Инттелеги жетиштүү. Таза, тыкан боюна карай билиши да арбын жылдык жетекчилик касиеттин жугумдуу жагы. Демек, жакшыны, жамандан, караны, актан бөлүп алуу артыкчылыгы арбын.

Кемчилдиги…
…аярлап баскан тактыгы, өтө эле сактыгы. Кызмат десе кызарган тоонун башына чейин барат, баарын унутка таштап. Бир беткей бийликчил. Акылбек мырза Акаев менен да иштешкен, тилин таба алган, жакшылыгын жакшы эле көргөн. Коом өзгөрөөр замат кокусунан эле "кызыл революционер" болуп чыгып, Бакиев менен да тил табыша чыгышы жогорудагы ойлорубузду тастыктайт. Демек, кызмат, бийлик үчүн ар кандай учурда Акылбек ар кайсы жүрүштөрдү өз пайдасына ойноп кетет деген түшүнүктөр арбын. Ошол эле учурда берген убадасын убагында шар аткарбай, эртеңден - эртеңге чое бермейи бар.
Ошондой болсо да "билимдүү жан өзүн таанытат" деген кептин калети жоктур. Учурда, айрыкча, бюджет маселесин бекитүүдөгү аракеттери алгылыктуу. Өткөндүн тактарынан тазаланып, өткөөл мезгилинде өзүн али да көрсөтүп алуу мүмкүнчүлүктөрү мол экенин жашыра албаспыс. Арийне, Акылбектин алгалоочу сааттары алдыда. Калың элге күлүктүгү ошондо көрүнчүдөй…

Сереп салган, Салмоор Сынтаев
P.S. так талаш рубрикасынын
кийинки кезегинде
Ф.Кулов менен А.Мадумаров
жөнүндө болмокчу




кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"









??.??